Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-июлу № 458
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлешкен мамлекеттик кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому ушул токтомдун тиркемесине ылайык 2-1-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
"2-1-тиркеме
Атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлешкен мамлекеттик кызматчылардын кызматтык маяналарына ЭСЕЛИК КОЭФФИЦИЕНТТЕР
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселик коэффициент |
1 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору |