Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-июлу № 459
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз. Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 28-февралы, № 17) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
- алтынчы абзацтагы "Өкмөт" деген сөз алып салынсын, "жергиликтүү өз алдынча башкаруу" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын;
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"тендер - жеке өнөктү тандоо процесси;";
- онунчу абзац "иштелип чыгуучу" деген сөздөрдөн кийин "жана тендердик документтерде чагылдырылуучу," деген сөздөр менен толукталсын;
- он бешинчи абзацтагы "түзүлгөн" деген сөз "аныкталган" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жыйырманчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"тендердик документтер - жеке өнөктү тандап алуунун мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыккан критерийлери;";
- жыйырма биринчи абзацтагы "же мындай юридикалык жактардын бирикмеси" деген сөздөр алып салынсын;
- он экинчи жана он тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 3-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 8-берененин жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 9-беренеде:
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик өнөктөр демилгелеген МЖӨ долбоорлорун баалоо жана бекитүү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- МЖӨ долбоорлорун илгерилетүүдө жана коштоодо мамлекеттик өнөктөргө көмөк көрсөтүү;";
5. 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы
Өкмөт тарабынан аныкталган, тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясына тендердик документтерди бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү кирет.".
6. 12-беренеде:
- 3-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "банк" деген сөз "кредиттик" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пункттар менен толукталсын:
"8) финансылык жактан кудуреттүүлүгүн камсыз кылуу максатында МЖӨ долбоорунун минималдык кирешелүүлүгүнө кепилдик берүү;
9) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылуучу каражаттар боюнча валютанын алмашуу курстарынын жана/же пайыздык ставкалардын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнө карата кепилдиктерди берүү.".
7. 15-20-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. МЖӨ долбоорунун стадиялары
1. МЖӨ долбоорлорунун стадиялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) МЖӨ долбоорлорун издөө жана демилгелөө;
2) МЖӨ долбоорун даярдоо;
3) жеке өнөктү тандоо;
4) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу.
16-берене. МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө
1. МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө МЖӨ өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык программаларын, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, тармактарды өнүктүрүү программаларын, айрым аймактык бирдиктерди өнүктүрүүнүн башка программаларын жана пландарын эске алуу менен мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. МЖӨ долбоорун демилгелөө процесси өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- тандалып алынган инфратүзүм объектине МЖӨнү колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемесин, долбоорго карата минималдык талаптарды, мамлекеттик финансылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоону жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн түрлөрүн жана шарттарын, ошондой эле МЖӨ чөйрөсүндөгү тийиштүү ченемдик укуктук актыларда каралган башка документтерди камтыган потенциалдуу долбоорду алдын-ала баалоонун мамлекеттик өнөк тарабынан даярдалышын;
- демилгеленген МЖӨ долбоору мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп бергендигинин негиздемесин.
3. Демилгеленген МЖӨ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
МЖӨ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден кийин, мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун даярдоо стадиясына өтөт.
17-берене. МЖӨ долбоорун даярдоо
1. Долбоорду даярдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт.
1) МЖӨ долбооруна карата талаптарды аныктоону жана аны ишке ашырууда финансылык, социалдык, экономикалык натыйжаларды жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоону;
2) тендерди өткөрүү эрежелерин, тандоо критерийлерин, тендердик документтерди даярдоону, анын ичинде болжолдонуучу натыйжаларды жана каржылоо механизмдерин баяндоону. МЖӨ долбоорун даярдоо стадиясында тендердик документтердин пакети тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Тендердик документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бааларды, төлөмдөрдү, тарифтерди, лицензияларды жана уруксаттарды кошо камтыган МЖӨ долбоору жөнүндө маалыматты, ошондой эле мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилүүчү зарыл болгон атайын талаптарды;
- мамлекеттик финансылык жана/же экономикалык колдоо жөнүндө толук маалыматты;
- тендерди өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин;
- жеке өнөктү баалоо жана тандоо критерийлерин;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун;
- мамлекеттик жана жеке өнөктүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүүнүн шарттарын жана тартибин;
- мамлекеттик өнөк тарабынан кошумчалап бекитилүүчү башка маалыматтарды;
3) мамлекеттик өнөк тарабынан тендердик комиссияны түзүүнү. Тендердик комиссия МЖӨнүн ар бир долбоору боюнча түзүлөт. Тендердик комиссиянын курамы мамлекеттик өнөк тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так жана беш адамдан кем болбоого тийиш. Тендердик комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, тиешелүү инфратүзүмдүк объект боюнча тажрыйбасы жана билими бар адис, экономика жана финансы жаатындагы адис, юриспруденция жаатындагы адис, МЖӨ долбоору түздөн-түз таасирин тийгизүүчү жергиликтүү жамааттын өкүлү кирет.
Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү квалификациялык талаптар коюлушу мүмкүн. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн каралып жаткан долбоорго карата кызыкчылыктарынын кагылышы болбошу керек.
Тендердик комиссияны түзүү, бекитүү, иш тартиби жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
2. МЖӨ долбоорун даярдоо көз карандысыз консультанттарды тартуу укугуна ээ болгон мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. МЖӨ долбоорун стратегиялык объекттерде ишке ашырууда, мамлекеттик өнөк Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө мыйзамды жетекчиликке алат.
4. Ушул беренеде белгиленген бардык керектүү жол-жоболор аяктагандан кийин, мамлекеттик өнөк жеке өнөктү тандоо стадиясына өтөт.
18-берене. Жеке өнөктү тандоо жана тендерди өткөрүү
1. Жеке өнөктү тандоо тендерди өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт. Тендер үч стадиядан турат:
1) баштапкы тандоо;
2) жеңүүчүнү тандоо;
3) МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү.
2. Баштапкы тандоо стадиясында тендердик комиссия жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында баштапкы тандоого катышууга чакырууну жарыялайт. Чакыруунун тексти тендердин катышуучуларына тендерге катышуу жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн өзүнүн финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо мүмкүндүгүн берүүчү-баштапкы тандоонун талаптарын камтышы керек. Чакыруунун тексти мамлекеттик, расмий тилдерде жана зарыл болгондо, мамлекеттик өнөктүн чечими боюнча чет тилдерде жарыяланат. Тендердик комиссия чакыруу жарыяланган күндөн тартып, тендерди өткөрүүнүн эрежелеринин жана тендердик документтердин ачык жеткиликтүү болушун камсыз кылат. Баштапкы тандоого катышууга арыздарды жыйноо тендерге катышууга чакыруу жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин тендердик комиссия баштапкы тандоого катышуучу тендердин ар бир катышуучусунун квалификациясын 15 календардык күндүн ичинде баалайт. Баалоону өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча тендердик комиссия баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендердин жеңүүчүсүн тандоого катышууга чакыруу жиберет. Баштапкы тандоодон өткөн катышуучулардын саны экиден кем болбошу керек. Андай болбосо тендер болгон жок деп таанылууга тийиш.
Баштапкы тандоо стадиясында алынган маалыматты эске алуу менен тендердик документтерди жана МЖӨ долбооруна карата минималдык талаптарды кайрадан карап чыгууга уруксат берилет.
3. Жеңүүчүнү тандоо стадиясында тендердик комиссия баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендердик документтерди берет.
Тендердик комиссия МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун мамлекеттик өнөк үчүн айрыкча ылайыктуу жолун талкуулоо жана тандоо үчүн баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу. Ушул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тендердик комиссия тендердин катышуучуларынын бири экинчисин басмырлашына жана артыкчылыктарды алышына жол бербөө максатында баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучуларынын бардыгы үчүн бирдей шарттарды камсыздоого тийиш.
Өзгөртүлгөн тендердик документ ал тендердик комиссия тарабынан бекитилгенден кийин гана, баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышууларынын бардыгына маалымдалышы керек. Тендердик документтердеги бардык өзгөртүүлөр тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүгө тийиш.
Баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучулары өздөрүнүн тендердик сунуштарын МЖӨ долбоорунун татаалдыгын эске алуу менен, тендердик комиссия белгилеген мөөнөттө бериши керек. Тендердик сунуштарды берүү мөөнөтү тендердин жеңүүчүсүн тандоого катышууга чакырууну алган учурдан тартып 30 календардык күндөн кем болушу мүмкүн эмес.
Тендердик комиссия тендердин катышуучуларынын тендердик сунуштарын баалоону тендердик документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, бирок акыркы сунуш келип түшкөн күндөн тартып 60 календардык күндөн кечиктирбестен жүргүзөт. Тендердик сунуштар эки этапта бааланат:
- биринчи этап тендерге катышуучулардын тендердик сунуштарынын долбоорго карата коюлуучу минималдык талаптарга шайкештиги бааланат. Көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келбеген тендердик сунуштар четке кагылат;
- экинчи этапта тендердик сунуштар тендердик документтерде белгиленген социалдык жана финансылык-экономикалык критерийлерге шайкештигине бааланышы керек.
Тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун негизги жоболоруна ылайык, тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин 5 иш күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына ачык жарыялайт.
Тендерден утулуп калган катышуучулар жазуу жүзүндөгү арыз берүү жолу менен алардын тендердик сунуштарынан баш тартуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө талап кылууга укуктуу, Мамлекеттик өнөк жеке өнөктүн талабы боюнча баш тартуунун себептери жөнүндө ага 3 иш күндүн ичинде маалымдоого тийиш.
Тендердин катышуучуларынын тендердик комиссияга берген бардык документтери жана маалыматтары жашырын болуп саналат. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды башка жактарга, анын ичинде тендердин башка катышуучуларына берүүгө же ушул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды тендер өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган сунуштарды баалоодон башка максаттарда пайдаланууга тыюу салынат.
Тендердик документтерди даярдоонун тартиби ушул Мыйзам жана МЖӨ чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
4. МЖӨ жөнүндө макулдашуу тендердин жеңүүчүсү жөнүндө кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялангандан тартып 60 календардык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде түзүлүүгө тийиш.
Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, МЖӨ долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык мекеме менен келишимди тариздөөнү бүткөрүү үчүн жеке өнөккө тендердин жеңүүчүсү жөнүндө кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялангандан тартып 120 календардык күндөн кем эмес мөөнөт берилүүгө тийиш.
Эгерде ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралган мөөнөт аяктаганча тендердин жеңүүчүсү МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол койбосо, тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга жана тендердин жыйынтыгы боюнча кийинки орунду ээлеген жеке өнөктү тендердин жеңүүчүсү деп дайындоого укуктуу.
Тендердик комиссия тарабынан тендердин жеңүүчүсү жарыяланган учурда мамлекеттик өнөк МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүүдөн бир жактуу тартипте баш тартууга укуксуз, ал эми тендердик комиссия арыз берүүчү тапшырган маалыматтын туура эместиги документтүү ырасталгандан башка учурларда өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгын жокко чыгарууга укуксуз.
19-берене. МЖӨ долбоорунун мониторинги жана ишке ашырылышын баалоо
1. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылуучу МЖӨ долбоорунун мониторингин жана баалоону камтыйт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган да МЖӨ долбооруна мониторинг жана ишке ашырылышына баалоо жүргүзүшөт.
2. Жеке өнөк же долбоордун компаниясы ар жыл сайын, өтүп жаткан жылдын 1-майынан кечиктирбестен мамлекеттик өнөккө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органга МЖӨ долбоорунун аткарылышы жөнүндө отчётту жана мурунку жыл үчүн финансылык отчётту берип турууга милдеттүү. Эгерде МЖӨ долбоорунун аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчёт долбоордун компаниясы тарабынан берилсе, ал жеке өнөк тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш. Ар жылдык финансылык отчёт көз каранды эмес аудитор тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш.
3. Мониторингдин жана баалоонун тартиби ушул Мыйзам, МЖӨ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынат.
20-берене. МЖӨ долбоорун жеке өнөк тарабынан демилгелөө
1. Жеке өнөктөр МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушу менен мамлекеттик өнөккө кайрылууга укуктуу. Сунушка тандалып алынган долбоорго карата МЖӨнү колдонуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттары, сарптоолордун жана салымдардын болжолдуу суммасы жөнүндө маалымат тиркелиши керек. Аталган документтерге кошумчалап жеке өнөк демилгеленүүчү МЖӨ долбооруна тийиштүү башка документтерди да берүүгө укуктуу.
Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө жеке өнөктүн сунушу тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органды кабарлайт.
2. Эгерде мамлекеттик өнөк ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык ушул мезгилдин ичинде кошумча маалыматты сурабаса мындай сунушту 30 календарлык күндүн ичинде кабыл алууга же болбосо четке кагууга милдеттүү.
3. Мамлекеттик өнөк кошумча маалыматты бир жолу суроого укуктуу. Мындай суроо себептерин түшүндүрүү менен коштолуусу керек. Жеке өнөк суралган маалыматты суроо-талапты алган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде берүүгө милдеттүү. Мамлекеттик өнөк тарабынан кошумча маалыматтар суралган учурда, кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечимди кабыл алуу мөөнөтү жеке өнөктөн кошумча маалымат алынгандан кийин 30 календардык күндү түзөт. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жеке өнөктөн кошумча маалымат берилбеген учурда сунушту кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечим кошумча маалыматты берүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде чыгарылат.
4. Сунуш четке кагылган учурда мамлекеттик өнөк себептерди негиздөө менен бул тууралуу жеке өнөктү кабарлоо менен бирге эле жеке өнөк тарткан чыгымдардын ордун толтурбастан, ал мурда берген документтердин түп нускаларынын жана көчүрмөлөрүнүн баарын жеке өнөккө кайра берүүгө тийиш.
5. Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө жеке өнөктүн сунушуна макул болгон учурда, МЖӨ долбоору ушул Мыйзамда каралган тартипте андан ары жылдырылууга тийиш.
6. Эгерде жеке өнөктөрдүн бири дагы тендерди утпаса же тендер өткөрүлгөн болуп саналбаса, жеке өнөк тарткан чыгымдардын баары орду толтурулууга тийиш эмес.
7. Эгерде мамлекеттик өнөк менен жеке өнөк башкача макулдашпаса, тендердик документтерди даярдоо үчүн зарыл болгондордон тышкары, МЖӨ долбоорун демилгелеген жеке өнөк мамлекеттик өнөккө берген бардык документтер жана маалыматтар купуя болуп саналат жана МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө жеке өнөктүн сунушун баалоо максатында гана пайдаланылууга тийиш.
8. 22-берененин он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Макулдашуунун башка жоболору
МЖӨ долбоору боюнча каржылоону алуу үчүн мамлекеттик өнөк финансылык мекемелер менен түз макулдашуу түзүү укугуна ээ.
Ушул Мыйзамдын 22-беренесинде айтылган милдеттүү жоболорго кошумчалап, МЖӨ жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду камтышы мүмкүн.".
10. 24-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
11. 27-берененин бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
12. 29-берененин 3-бөлүгүндөгү "кабарлоо менен жүргүзүлөт." деген сөздөр "кабарлоосуз жүргүзүлбөйт." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 30-берененин 3-бөлүгүндөгү "мүмкүн." деген сөз "мүмкүн эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. 32-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|