Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-июлу № 457
Доха шаарында 2014-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, ''Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Доха шаарында 2014-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Катар тарапка маалымдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган Меморандумду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 457 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Доха шаары, 2014-жылдын 8-декабры
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Катар Мамлекетинин Өкмөтү;
эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөнү ошондой эле эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыктарынын негизинде туризм тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн колдоону жана өнүктүрүүнү каалашып,
туризм экономиканын негизи жана мамлекеттер ортосундагы мамилени чыңдоонун жана өз ара түшүнүүнүн бир жолу экендигин түшүнүшүп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Кызматташуу жана колдоо атмосферасы үчүн шарттар
Тараптар эки өлкөнүн өз ара пайдасы үчүн туризм тармагында узак мөөнөттүү кызматташууга ыңгайлуу шарттарды түзүшөт.
2-берене. Кызматташуу чөйрөлөрү
Тараптар туризмди өнүктүрүү жана пландоо максатында, эки мамлекеттин мыйзамдарына, жоболоруна, эрежелерине жана белгиленген жол-жоболоруна ылайык төмөнкү чөйрөлөрдө кызматташат:
а) пландаштыруу жана өнүктүрүү:
Тараптар эки өлкөнүн ортосунда тажрыйба, публикацияларды, маалыматтарды жана статистиканы алмашат;
б) маркетинг жана жарнама:
Тараптар бул чөйрөдө программаларды, пропаганданы жана жарнамалык материалдарды, публикацияларды, фильмдерди алмашуу, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өздөрүнүн туристтик товарларынын жарнамасы жана маркетинги, эки өлкөнүн жарандарын жана тургундарын эс алууга жана саякаттарга чакыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы туристтик визиттер үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана туризмдин эксперттерин чакыруу жолу менен кызматташат;
в) туризмдин жеке секторлорунун ортосундагы кызматташуу:
Тараптар эки өлкөдө тең туристтик секторлордун, туроператорлордун жана турагенттиктердин, ошондой эле башка туристтик фирмалардын жана жеке сектордун бюросунун ортосундагы тыгыз кызматташтыкты колдошот;
г) туристтик инвестициялар:
Тараптар мамлекеттик жана жеке сектордогу туризмге инвестициялардын тартылышын колдошот.
Тараптардын кызыкчылыгында туризм тармагындагы долбоорлордун иштелип чыгышына жана ишке ашышына өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
3-берене. Финансылык чыгымдар
Бул Меморандумду аткарууга байланышкан финансылык чыгымдар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жабылууга тийиш.
4-берене. Биргелешкен комитет
Ушул Меморандумдун жоболорун жана максаттарын ишке ашырууга багытталган чараларды аткаруу үчүн Тараптар биргелешкен комитет түзүшөт. Аталган комитет өзүнүн отурумдарын зарылдыгына жараша өткөрөт. Биргелешкен комитеттин отурумдарын Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашат.
5-берене. Координациялоо
Тараптар өз позицияларын эл аралык деңгээлде, атап айтканда отурумдарда, конференцияларда жана эл аралык адистешкен туристтик уюмдардын форумдарында макулдашат.
6-берене. Башка макулдашуулар
Бул Меморандум Тараптардын ортосундагы, ошондой эле Тараптардын үчүнчү жактар менен күчүнө кирген башка макулдашууларына жана меморандумдарына таасирин тийгизбейт.
7-берене. Талаштарды жөнгө салуу
Ушул Меморандумдун аткарылышына байланышкан баардык талаштар же кайчы пикирлер Тараптардын ортосунда түз сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечилет, эгер антүүгө мүмкүн болбосо, жөнгө салуу дипломатиялык каналдар аркылуу ишке ашырылат.
8-берене. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү
Бул Меморандум Тараптардын ортосунда жазуу жүзүндө ноталарды алмашуу менен өзгөртүлүшү мүмкүн. Мындай өзгөртүү бул Меморандумду даярдоодо колдонулган жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет. Бардык өзгөртүүлөр ошондой оңдоо киргизилгенге чейин ушул Меморандумда көрсөтүлгөн же андан келип чыгуучу укуктарды жана милдеттенмелерди кысымга албастан ишке ашырылууга тийиш.
9-берене. Күчүнө кирүү
Бул Меморандум ар бир Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Меморандумдун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аяктагандыгын ырастаган жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл колдонулат жана эгерде, Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө кеминде алты ай мурда кат жүзүндө билдирүү жибербесе, ушул эле мөөнөткө/мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартылат.
Бул Меморандумдун мөөнөтү бүтсө же колдонуу токтотулса Меморандум күчүндө кезинде аягына чыкпаган милдеттенмелер сөзсүз аткарылууга тийиш.
Ушуну ырасташ үчүн тийиштүү Өкмөттөрдөн ыйгарым укуктуулар бул Меморандумга кол коюшту.
Доха шаарында 2014-жылдын 8-декабрында ар, бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү. Тексттерди чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда, Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Катар Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |