Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-июлу № 454
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Арипов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Арипов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 454 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Арипов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Баткен облусунун статусу жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, сунушталып жаткан долбоорго төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды билдирет.
1. Мыйзамдын долбооруна финансылык-экономикалык эсептөөлөр, илимий жана башка адистештирилген экспертизалардын (укуктук, финансылык-экономикалык ж.б.) актылары, статистикалык маалыматтар кабыл алына турган актынын мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, юридикалык жана башка натыйжаларынын болжолу, ошондой эле долбоордун жоболорун негиздөө үчүн керектүү башка маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Аталган талап "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренеси менен белгиленген.
2. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, преамбулага ченемдик көрсөтмөлөрдү киргизүүгө жол берилбестигин эске алып, Мыйзамдын долбоорунун ченемдик укуктук актынын жөнгө салуучу предметин аныктаган преамбуласын өзүнчө берене түрүндө жазууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын, статусун жана функцияларын аныктоо каралган.
Ал эми "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинде Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын так тизмеси, ошондой эле статусу аныкталган.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин жогоруда көрсөтүлгөн бөлүгүнүн жоболорун кайра кароону сунуштайбыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүндө Баткен облусунун чек ара аймактарынын статусуна ээ болгон калктуу пункттарынын жашоочулары коммуналдык кызматтарга төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн 50 пайызга бошотулат деп белгилөө сунушталууда.
"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, мамлекет Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын калктуу конуштарында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик кепилдиктерди, компенсацияларды жана жеңилдиктерди белгилөө аркылуу социалдык колдоо көрсөтөт. Компенсациялардын өлчөмү жана аларды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Администрациялык аймактык түзүлүштөрдүн бюджеттеринин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (жумуш берүүчүлөрдүн) каражаттарынын эсебинен кошумча кепилдиктер жана компенсациялар берилиши мүмкүн.
Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин жогоруда көрсөтүлгөн бөлүгүнүн жоболорун алып салууну сунуштайбыз.
Ушундай эле сын-пикирлер Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнө тиешелүү.
Муну менен бирге, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жоболор Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жана "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнгө салуучу предмет экенин белгилейбиз.
Буга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 2 жана 3-беренесинин жогоруда көрсөтүлгөн бөлүктөрүнүн жоболорун кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Мындан сырткары, 3-берененин 4-бөлүгүнүн мааниси берененин аталышына туура келбейт, буга байланыштуу аны каралып жаткан долбоордун 2-беренесине которуу керек.
Негиздеме-маалымкатта "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун кабыл алынышы республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылбайт деп көрсөтүлгөн. Бирок Мыйзам долбоорунда Баткен облусунун аймагында иштеген кызматкерлердин базалык маянасына 50 пайызга үстөк төлөм кошулат, тургундары коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү боюнча төлөмдөрдөн 50 пайызга бошотулат деп айтылып жатат. Мындан сырткары Баткен облусунун аймагында коммерциялык иш жүргүзгөн юридикалык жактарга жер салыгына жана пайда салыгына салык жеңилдиктери берилээри аныкталган.
Быйылкы жылы пландалган мугалимдердин маянасын жогорулатууну эсепке албаганда муниципалдык кызматкерлерге жана билим берүү кызматкерлеринин базалык маянасына 50 пайыздык кошумча төлөмдөргө орто эсеп менен алганда кошумча 352,0 млн. сом талап кылынат.
Аталган Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1 жана 4-пункттары боюнча "Баткен облусунун аймагында ишти жүзөгө ашыруучу саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин базалык маянасына 50 пайыздык үстөк төлөм кошулат, ал эми саламаттык сактоо мекемелеринде стационардык дарыланууну алып жаткан областтын тургундары кошо төлөөдөн 50 пайызга бошотулат.".
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде өзүнүн ишин Баткен облусунун аймагында жүргүзүүчү юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк катышуусу бар юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын тийиштүү аймагында катталгандан кийинки алгачкы 5 жылда пайда салыгынан бошотуу боюнча жеңилдиктерди берүү сунушталууда.
Белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга ушул Кодексте каралгандан башка учурларда сатыктык укук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдерди киргизүүгө тыюу салынат.
Мындан сырткары, аталган Мыйзамдын долбоорунун ишке кириши бюджетке кошумча жүктү жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келет. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлгөн бюджеттин чыгымдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, айылдык жана шаардык кеңештер бекиткен бюджеттерде каралган өлчөмдүн чегинен ашпоого тийиш. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш.
2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында, салык тутумунун киреше потенциалын жогорулатуу саясатынын айрым багыты болуп, азыркы учурдагы салык преференцияларын оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу ошондой эле салык төлөмдөрүнөн качуу мүмкүнчүлүктөрүн жоюу аныкталган.
Ошону менен бирге эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, мыйзам деп - белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт эсептелээрин жана сунушталган Мыйзамдын долбоорунун кайталама мүнөзүн эске алып, Баткен облусунун укуктук макам маселеси ченемдик укуктук акт болгон Мыйзам түрүндө жөнгө салынышы максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Сунушталган Мыйзамдын долбоору жалпысынан тыкыр редакциялык жана стилистикалык оңдоолорго муктаж экендигин белгилейбиз.
Муну менен бирге, каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунун айрым ченемдери ишкер субъекттердин ишин жөнгө салууга багытталганын белгилейбиз. Буга байланыштуу, каралып жаткан Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген методикага ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоого алынууга тийиш.
4. Сунушталган Мыйзамдын долбоору боюнча жалпысынан, финансылык-экономикалык аспектилери, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин кирешелерин кайра бөлүштүрүү. Мыйзамдын кабыл алынышы менен республикалык бюджеттин жоготуулары канча болоорун терең чагылдыра албагандыгын көңүлгө алууну сурайбыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.