Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-июлу № 451
Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануу шарттарын жакшыртуу жөнүндө
Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана реабилитациялык топтордогу окуучуларды социалдык жактан коргоону күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
7 | Орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуган жетим балдар үчүн; | 50 |
| Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана реабилитациялык топтордогу окуучулары үчүн; | 110 |
| Жайкы ден соолукту чыңдоочу, эс алуу мезгилинде Ош шаарындагы "Барчын" санаторий-профилакторийинде жана Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы № 85 кесиптик лицейинин базасында башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана башка социалдык жактан аялуу категориялардагы окуучулары үчүн. | 200 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигине республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |