Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 414
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.-А.Кочкарова тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 414 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин долбооруна КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.-А.Кочкарова тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин долбоорун карап, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
1. Долбоордун 2-беренесинин (3)-абзацына ылайык "жарандык иштер" түшүнүгү өз ичине жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде каралуучу кызыкдар жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо боюнча иштерди, анын ичинде экономикалык иштерди камтыйт.
Ошону менен бирге андан ары долбоордун тексти боюнча "жарандык иштер" термини менен бирге же өзүнчө колдонулган "экономикалык иштер" термини пайдаланыларын эске алууну сунуштайбыз.
2. Долбоордун 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык иштерди кассациялык тартипте кароо соттук коллегиялардын беш судьядан турган соттук курамы тарабынан ишке ашырылат. Ушундай эле жоболор долбоордун 374-беренесинде берилген.
Ошол эле убакта долбоордун 17-беренесинин 3-бөлүгүндө жарандык жана экономикалык иштер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда кассациялык тартипте курамында үч судья болгон соттук коллегия тарабынан карала тургандыгы белгиленген.
Ушуга байланыштуу долбоордун аталган беренелеринде карама-каршылыктардын бар экендигин белгилейбиз, ошондой эле кассациялык тартипте курамында беш судья болгон иштерди кароо судьялардын штаттык санын көбөйтүүгө жана ага ылайык республикалык бюджеттен кошумча каржылоого алып келерин билдиребиз.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык бюджетти аткаруу процессиндеги эсептелген бюджеттин чыгымдары Жогорку Кеңеш, айыл жана шаар кеңештери тарабынан бекитилген бюджеттерде каралган алардын чектүү өлчөмүнөн ашпоосу керек. Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашырылышы мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келе турган ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булактары аныкталганга чейин кабыл алынууга тийиш эмес.
Мындан тышкары, 2013-жылдагы статистикалык маалыматтарга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиялары тарабынан каралган иштердин саны төмөнкүлөрдү түздү:
- жазык иштери - 1832;
- жарандык иштер - 2021;
- административдик жана экономикалык иштер - 875.
Баяндалганды эске алуу менен, ошондой эле жарандык иштерди тез жана өз убагында кароо максатында иштерди кассациялык тартипте кароочу соттук коллегиялардын курамынын санын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пикири боюнча үч судьядан аныктоо максатка ылайыктуу.
3. Сот актылары ишке, алар билген тилге которууга катышкан жактарга тапшырыларын караган долбоордун 12-беренесинин 3-бөлүгү ушул эле берененин 1-бөлүгүнө шайкеш келбейт, ага ылайык жарандык иштер боюнча сот өндүрүшү мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, аталган берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацынын ченемдерин сунушталган долбоордун 8-главасында чагылдырууну сунуштайбыз.
4. 13-берене боюнча:
Долбоордун бул беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык соттун ачык жыйынындагы ишке катышкан же каалаган таламдаш жактар жазуу жүзүндө же аудио жазуу каражаттарынын жардамы менен соттук териштирүүнүн жүрүшүн жазып алууга укуктуу. Соттун жыйынын киного жана сүрөткө тартууга, видеого тартып жана аудиого жазып алууга, түз радио жана телекөрсөтүүгө соттун уруксаты менен жол берилет.
Ошентип, долбоордун 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүнүн жоболору сот жыйынын аудио жазуу каражаттарынын жардамы менен жазып алууну ишке ашырууга жол берет.
Долбоордун аталган беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн жоболору сот процессин соттун уруксаты болгондо гана жазып алуу мүмкүнчүлүгүнө жол берет.
Мындан тышкары, долбоордун 164-беренесинин 4-бөлүгүндө соттук териштирүүнүн жүрүшүндө кино жана сүрөткө тартууга, видеого жазууга, радио жана телекөрсөтүү аркылуу түз алып берүүгө сот ишине катышкан адамдардын пикирин эске алуу менен соттун уруксаты боюнча жол берилери белгиленген.
Ушуга байланыштуу долбоордун жогоруда аталган беренелеринде түрдүү түшүнүктөрдүн бар экендигин белгилейбиз, алар долбоордун ченемдерин иш жүзүнө ашырган учурда талаш кырдаалдарды жаратышы мүмкүн.
Ошондой эле долбоордун аталган беренелеринде судья сот процессин жазууга жол берилгендиги же жол берилбегендиги жөнүндө чечим кабыл алууда негиздене турган критерийлер жок.
Мындан тышкары, долбоордун 13-беренесинин 7-бөлүгүндөгү карама-каршылыктарды жоюу зарыл. Атап айтканда, бул бөлүктүн ченемдери жабык сот жыйынында каралган иштер боюнча соттук чечимдин резолюциялык бөлүгүн элге ачык жарыялоо үчүн тараптардын макулдугу керек. Ушуга байланыштуу аталган 7-бөлүктүн биринчи сүйлөмүнө киргизилген жана соттун чечими бардык учурларда көпчүлүктүн алдында жарыяланарын белгилөөчү ченем түшүнбөөчүлүктү алып келет.
5. 15-берене боюнча:
Долбоордун аталган беренесинин 4-бөлүгүндө эгерде каалаган сот инстанциясында ишти кароодо сот колдонууга тийиш болгон мыйзам же башка ченемдик укуктук акт Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген адамдын укуктары менен эркиндиктерине шек келтирсе жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келсе, анда ал иш боюнча өндүрүштү токтотууга жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына бул актыны конституциялык эмес деп таануу жөнүндө талабы менен кайрылууга милдеттүү экенин белгилөө сунушталат. Сот Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимин алгандан кийин иш боюнча өндүрүш кайра улантылат.
Муну менен катар, долбоордун бул беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык соттун Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларды колдонууга укугу жок экени каралган, ага байланыштуу долбоордун 15-беренесинин 4-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин жоболорун эске алуу менен долбоордун жогоруда аталган беренесинин 5-бөлүгүндөгү "эл аралык келишимге" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
6. Долбоордун 20-беренесинин 2-бөлүгүндө биринчи же апелляциялык, кассациялык инстанцияда ишти кароого катышкан судья ушул эле ишти ушундай эле инстанцияда кайрадан кароого катыша албастыгы белгиленет.
Долбоордун аталган беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ишти кассациялык тартипте кароого катышуусу анын бул ишти ошол эле тартипте кайрадан кароого катышуусуна тоскоол болбойт.
Аталган карама-каршылыктардын болушун эске алуу менен долбоордун 20-беренесин жеткире иштеп чыгуу зарыл.
7. Долбоордун 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бул Кодекстин 19-беренесинде аталган баш тартуу үчүн негиздер экспертке, адиске, котормочуга, сот жыйынынын катчысына карата да колдонулат.
Мында, долбоордун 19-беренесинин 1-бөлүгү баш тартуунун негиздерине ошондой эле бул иштин мурдагы каралышында прокурор, эксперт, адис, котормочу, сот жыйынынын өкүлү, катчысы катары катышууларын да киргизет.
Ошону менен бирге долбоордун 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эксперттин, адистин, тилмечтин, сот жыйынынын катчысынын ушул эле иштин мурдагы каралышында тиешелүү түрдө эксперт, адис, тилмеч жана сот жыйынынын катчысы катары катышуусу алардан баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелбейт.
Ушуга байланыштуу ички карама-каршылыктарга жол бербөө үчүн долбоордун 21-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "19-беренесинде көрсөтүлгөн" деген сөздөрдү "19-берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Прокурордун баш тартуусу үчүн негиздерди аныктоочу ушуга окшош сунуштар долбоордун 21-беренесинин 3-бөлүгүндө да берилген.
8. Долбоордун 25-беренеси жарандык иштердин сотко караштуулук маселелерин аныктайт, ага ылайык соттор конституциялык жана административдик сот өндүрүшүнө тиешелүү иштерден тышкары жарандык сот өндүрүшү тартибинде бардык иштерди карашат.
Сунушталган берененин мазмуну жарандык иштердин караштуулук маселесинин маанисин ачпайт. Мында конституциялык жана жарандык сот өндүрүшү дагы соттор тарабынан ишке ашырыларын белгилеп кетүү керек.
Мындан сырткары, бул беренеде жарандык сот өндүрүшү тартибинде соттор тарабынан кандай иштер карала тургандыгын чагылдыруу зарыл.
9. Долбоордун 27-беренесин "бейтарап соттун" деген сөздөрдөн кийин "же эл аралык арбитраждын" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
10. 29-берене боюнча:
Долбоордун бул беренесинин 1-бөлүгүн "доо талаптары" деген сөздөрдөн кийин "эгерде талаптарды бөлүү мүмкүн эмес болсо" деген сөздөр менен, "райондор аралык сотто" деген сөздөрдөн кийин "шайлоо талаш-тартыштары менен байланышкан иштерден башка" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Мындан сырткары, долбоордун аталган беренесинин 3-бөлүгү аталган берененин 2-бөлүгүндө камтылгандыктан, аны алып салууну сунуштайбыз.
11. Долбоордун 30-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык юридикалык жакка карата доо юридикалык жактын жайгашкан жери же анын мүлкү турган жери боюнча коюлушу мүмкүн.
Ошол эле убакта аталган берененин 3-бөлүгү юридикалык жакка карата доо юридикалык жактын жайгашкан жери боюнча гана коюлган учурду белгилейт. Атап айтканда, бул уюштуруучунун (катышуучунун, акционердин) доо койгон учуру.
Ушуга байланыштуу жана Кодекстин ченемдеринин туура эмес колдонулушун болтурбоо үчүн долбоордун 30-беренесинин 2-бөлүгү "коюлат" деген сөздөн кийин ", ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын.
12. 34-берене боюнча:
Долбоордун 2-беренеси жана 4-главасы "аймактык сотко караштуулук" терминин аныктабагандыктан, долбоордун 34-беренесинин биринчи абзацындагы "аймактык" деген сөздү алып салууну же болбосо аймактыкка кирген жана өзгөртүлүшү мүмкүн болгон (мисалы "Тараптар ушул Кодекстин 30-беренесинде белгиленген сотко караштуулукту өз ара макулдашуу боюнча өзгөртө алышат.") сотко караштуулукту аныктоочу Кодекстин беренелерине шилтемени ушул абзацта берүүнү сунуштайбыз.
Мындан сырткары, долбоордун 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык карама-каршы доо, талаш-тартыштын предметине өз алдынча талап койгон үчүнчү жактын доосу анын кайсы сотко караштуулугуна карабастан, алгачкы доо каралган жердеги сотто коюларын эске алуу менен, долбоордун 34-беренесинин экинчи абзацында Кодекстин жогоруда аталган беренесинин 2-бөлүгүнө шилтеме берүүнү сунуштайбыз.
13. Долбоордун 47-беренесин жаңы жоболор менен толуктоону сунуштайбыз, аларга ылайык иш боюнча чыккан тарапты анын укук улантуучусу менен алмаштырган учурда сот ага даттанууга боло турган жүйөлүү аныктама чыгарууга милдеттүү.
14. 48-берене боюнча:
Долбоордун бул беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык прокурор башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо үчүн арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Прокурор бул бөлүктү прокуратура органдарынын компетенциясына ылайык мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоодо сотко кайрылууга укуктуу экендигин караган жоболор менен толуктоо керек.
Жогоруда аталган берененин 2-бөлүгүндөгү ички түрдүү түшүнүктөрдү жоюуну сунуштайбыз.
Атап айтканда, аталган бөлүктүн биринчи сүйлөмүнө ылайык жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо боюнча арыз прокурор тарабынан ошол кызыкдар жактын өтүнүчү боюнча гана, эгер ошол жак өзү жүйөөлүү себептер менен сотко кайрыла албаса коюлат. Мында жүйөлүү себептерге аракетке жөндөмсүздүк да кирет.
Ошол эле учурда аталган бөлүктүн экинчи сүйлөмү аракетке жөндөмсүз адамдын таламдарын коргоо боюнча арыз прокурор тарабынан кызыкдар жактын өтүнүчүнүн бар-жоктугуна карабастан коюларын белгилейт.
Ошондой эле долбоордун аталган беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүн "иш боюнча өндүрүштү токтотот" деген сөздөн кийин ", эгерде бул аракеттер мыйзамдарга карама-каршы келбесе же башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Мындай толуктоо коррупциялык укук бузуулардын алдын алуунун факторлорунун бири болуп саналат.
Долбоордун прокурордун кызматтык турак жайдан чыгаруу жөнүндө иштер боюнча процесске катышуусун караган 48-беренесинин 4-бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде прокурордун адамдарды турак жайдан чыгаруу жөнүндө токтом чыгаруу укуктарына карата ченемдердин камтылбагандыгын белгилейбиз. Мында Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 48-беренесине ылайык турак жайдан адамды аны менен чогуу жашаган адамдар менен бирге чыгаруу соттун чечимине ылайык ишке ашырылат.
Долбоордун 48-беренесинин 4-бөлүгүн прокурор Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган баланы асырап алуу иштери боюнча процесске катышууга укуктуу экендигин көрсөткөн ченемдер менен толуктоону сунуштайбыз. Сунушталган толуктоолор Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин жоболорунан келип чыгат.
15. Долбоордун 53-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык эгерде сот жүйөсүз деп тапкан себептер боюнча адис соттун чакыруусуна барбаса, консультация жана түшүндүрмө берүүдөн баш тартса же качса же техникалык жардам көрсөтпөсө, анда ага элүү эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө айып салынышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, конкреттүү укук бузуулар үчүн айып салуу маселеси белгилүү укук бузуулар үчүн жоопкерчилик маселелерин жөнгө салуучу, тийиштүү ченемдик укуктук актыларда бекитилиши керек.
Мындан тышкары, бул жоболор потенциалдуу коррупциялык болуп саналат, анткени белгиленген ченемди колдонуучу субъектке өзүнүн кароосу боюнча так, мыйзам түрүндө бекитилген критерийлерди жетекчиликке албастан, өлчөмү бирден элүү эсептик көрсөткүчкө чейин боло турган айыпты салууга алып келиши мүмкүн. Ушундан улам, айыптардын өлчөмүн белгилөөдө конкреттүү, белгиленген сумманы аныктоону сунуштайбыз.
Ошондой эле "сот жүйөсүз деп тапкан себептер" туюндурмасын так эмес деп эсептейбиз жана сотко жүйөсүз себептерди өз алдынча аныктоо укугун берет, бул дискрециялык ыйгарым укук болуп саналат.
Ушундай эле айыптарга тиешелүү эскертүүлөр долбоордун 66-беренесинин 3-бөлүгү, 165-беренесинин 3-бөлүгү, 168-беренесинин 3-бөлүгү, 173-беренесинин 7-бөлүгү, 174-беренесинин 2-бөлүгү, 230-беренесинин 2-бөлүгү боюнча да берилет.
Баяндалгандарды эске алуу менен сунушталган долбоордон айып салуу маселесин алып салууну сунуштайбыз.
16. 62-берене боюнча:
Долбоордун бул беренеси соттогу өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын тариздөө менен байланышкан маселелерди жөнгө салат. Мында, сунушталган беренеде соттордо прокурордун катышуусуна тиешелүү жоболор жок. Атап айтканда, бул берененин мазмунуна негизденип, прокурорлор сот процесстерине катышуу укугуна ишеним кат бериши керек.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу долбоордун 62-беренени төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз: "Прокурордун ыйгарым укуктары анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ менен ырасталат.".
Ошондой эле адвокаттын ыйгарым укуктары адвокаттык ишти аткаруу укугуна лицензия менен күбөлөндүрүлө тургандыгын белгилөө зарыл.
17. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын сот тутумунда арбитраждык соттордун жок экендигине байланыштуу долбоордун 70-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "(арбитраждык)" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, аталган бөлүктүн сунушталган редакциясы бул долбоордун 65-беренесинин 1-бөлүгүнө каршы келет.
18. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин жоболорун көңүлгө алуу менен долбоордун 80-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте ратификацияланган" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
19. 102-берене боюнча:
Долбоордун бул беренесинин 2-бөлүгүнүн 10 жана 11-пункттарына ылайык, эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, сотко берилген чет элдик соттордун чечимдерин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздан, ошондой эле чет элдик соттордун чечимдерин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө соттун аныктамасына апелляциялык жана кассациялык даттануудан мамлекеттик алым алынбайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда аталган беренесине ылайык Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана ага ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын ченемдеринен артыкча боло албайт.
Мындан тышкары, долбоордун бул беренеси боюнча сотко доону же арызды берүүдө сотко кайрылуу үчүн мамлекеттик алымды төлөөнү киргизүү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз. Ошондуктан, долбоордун аталган беренесин сот иши бүткөндөн кийин тиешелүү алымдарды түздөн-түз төлөө мүмкүнчүлүгү боюнча жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Ошондой эле долбоордун аталган беренесинин 3-бөлүгүндөгү "наркынын" деген сөздү "суммасын" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
20. 110-берене боюнча:
Долбоордун бул беренеси менен күбөлөрдүн, эксперттердин, адистердин жана тилмечтердин чыгымдарын төлөп берүү маселесин бекитүү сунушталат жана аталган жактарга алардын сотко келишине байланыштуу жол кире жана турак жайды жалдоо боюнча чыгымдарынын орду толтурулат, ошондой эле суткалык акы төлөнөт.
Алсак, долбоордун бул беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык сыйакынын өлчөмү ишке катышкан жактардын пикирин эске алуу менен, эксперттердин жана адистердин макулдугу боюнча сот тарабынан аныкталат.
Бирок мүмкүн болуучу коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө үчүн жогоруда аталган адамдардын ишине төлөөнүн белгиленген суммасын аныктоо максатка ылайыктуу болот деп ойлойбуз.
Мындан тышкары, долбоордун аталган беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тилмечтердин эмгегине акы төлөө жана сотко келишине байланыштуу алар тарткан чыгымдарды төлөө тилмечти өз кызыкчылыгы үчүн чакырткан процесстин катышуучусунун же бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Мындай учурда тилмечтердин эмгек акысын бюджеттен төлөөнүн учурларын так чектөө керек.
Ошондой эле долбоордун 110-беренесинин 4-бөлүгүндө сунушталган механизмге ылайык күбөлөргө сыйакынын өлчөмүн белгилөөгө мүмкүн эмес.
Баяндалгандарды эске алуу менен долбоордун 110-беренесин кайрадан кароону сунуштайбыз.
21. Долбоордун доо арызына тиркелүүчү документтердин тизмегин белгилөөчү 138-беренени төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толуктоону сунуштайбыз:
"6) өндүрүлүп алынуучу же талашылган сумманын эсеби;
7) талашты сотко чейинки жөнгө салууну сактоону ырастаган документ.".
22. Долбоордун 140-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктун ", жазык сот өндүрүшү менен жөнгө салынган иштин материалдарынан келип чыккан талаптарды кошпогондо" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Бул сунуштар жазык сот өндүрүшүнүн алкагында белгиленген адамдарды жана жагдайларды кошумча далилдөө зарылдыгын алып салууга, ошондой эле жазык сот өндүрүшү тартибинде каралган материалдардан келип чыккан доолор боюнча доо арызынын мөөнөтү өткөндүгү үчүн соттун доо арызды кабыл алуусунан баш тартуу мүмкүндүгүн алып салууга багытталган.
23. Долбоордун 141-беренеси доо арызын кайра кайтаруунун негиздерин белгилейт. Алсак, белгиленген берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, эгерде арыз башка доогер тарабынан берилсе, сот доо арызды кайра кайтарат.
Ошону менен бирге талаптагыдай эмес доогерди аныктоо маселеси сот процессинин жүрүшүндө белгиленет, ушуга байланыштуу долбоордун 141-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун алып салуу керек.
24. Долбоордун 156-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту жоопкерди же анын өкүлүн судья белгилеген мөөнөттө доого карата жазуу жүзүндөгү пикирин берүүгө милдеттендирет, анын көчүрмөсүн доогерге жиберет.
Белгилей кетсек, аталган долбоордун 14-беренеси менен соттук териштирүүнүн тикелей жана оозеки жүргүзүлүшүнүн принциптери бекитилет. Далилдөө милдети тараптарга жүктөлгөндүктөн, жоопкер сот процессинин өзүндө, ошондой эле анын даярдык баскычынын жүрүшүндө анын тууралыгынын жана доонун жетишсиздигинин далилин берип же доону оозеки моюнга ала алат.
Мындан тышкары, долбоордун 156-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, жоопкердин доого жазуу жүзүндөгү пикирин бербөөсү ишти андагы болгон далилдер боюнча кароого тоскоолдук кылбайт. Ошентип, бул беренеде доого пикир бербөө мүмкүнчүлүгү каралган. Ушуга байланыштуу долбоордун 156-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун сот тарабынан жоопкерге доого пикирин берүү сунуштала тургандыгын караган редакцияда баяндоону сунуштайбыз.
25. Долбоордун 157-беренесин 4-пункттан кийин төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толуктоону сунуштайбыз:
"ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган учурларда ишти териштирүүнүн убактысы жана орду жөнүндө прокурорго кабарлайт;".
Сунушталган толуктоолор прокуратура органдарынын түздөн-түз практикалык ишинен келип чыгат. Алсак, иштердин айрым категорияларын кароодо прокурордун катышуусу милдеттүү экендигине карабастан, соттор айрым учурларда мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарын козгоону эске албастан, прокурорлорду мындай иштерди кароо жөнүндө кабарлашпайт.
26. Долбоордун 202-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толуктоо зарыл:
"2. Чечимдин жүйөлүү бөлүгүн жазуу жүзүндө даярдоо беш күндөн ашпаган мөөнөткө калтырылышы мүмкүн. Чечимдин резолюциялык бөлүгү судья тарабынан жазуу жүзүндө түзүлөт жана териштирүү аяктаган ошол жыйында жарыяланат.".
Аталган толуктоолор чечимдин долбоорун толук көлөмдө даярдоо зарылчылыгынын себептери боюнча сот жыйынынын мөөнөттөрүн жылдырууга жол бербөөгө мүмкүндүк берет.
27. Долбоордун 215-беренеси менен соттордун чечимдеринин мыйзамдуу күчүнө кирүү маселелерин жөнгө салуу сунушталат. Мында долбоордун бул беренесинде кассациялык инстанциянын сотунун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кирүүсүнө карата жоболор жок экендигин белгилөө зарыл.
28. Долбоордун 220-беренесинин 6-пунктуна ылайык ишке катышкан адамдардын арызы боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча сот мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ченемдик укуктук актыларды чечмелөө боюнча расмий суроо-талап жиберилген учурларда иш боюнча өндүрүштү токтото турат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Конституцияны кошпогондо, ченемдик укуктук актыны же анын түзүмдүк элементин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) аталган Мыйзамдын 5-беренеси менен аныкталган мыйзам чыгаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт. Баяндалганды эске алуу менен долбоордун 220-беренесинин жогоруда аталган редакциясын тийиштүү мыйзам чыгаруу органдарынын дарегине ченемдик укуктук актыларды чечмелөө боюнча тийиштүү суроо-талап жиберүү жаатында жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Ушундай эле эскертүү долбоордун 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча берилет.
29. Долбоордун 228-беренеси менен аныктама чыгаруунун тартиби аныкталат. Алсак, аталган берененин 5-бөлүгүнө ылайык соттун аныктамасына ушул Кодексте белгиленген тартипте жеке даттануу (талап) берилиши мүмкүн.
Ошондой эле долбоордо жеке даттануу берилиши мүмкүн болгон конкреттүү учурлар белгиленгендиктен, долбоордун 228-беренесинин 5-бөлүгүндөгү "белгиленген тартипте" деген сөздөрдү "белгиленген тартипте жана учурларда" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
30. Долбоордун 230-беренеси боюнча, ага ылайык сот отурумунда мыйзамдын бузулган учурлары аныкталганда сот жеке аныктама чыгарууга укуктуу, бул сунушталган ченем сотко өзүнүн кароосу боюнча жеке аныктама чыгаруу укугун берет. Муну менен катар, мындай ченемдер мүмкүн болуучу коррупциялык көрүнүштөргө алып келиши ыктымал.
Белгиленгендерди эске алуу менен сот отурумунда мыйзам бузулган учурлар аныкталганда соттун жеке аныктама чыгаруу милдетин белгилөө максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Ушундай эле эскертүүлөр сунушталган долбоордун 358-1, 385-беренелеринде берилет.
31. Долбоордун 240-беренесинин 2-бөлүгүн сырттан чечим чыгарууга даттануу укугуна доочу жана жоопкерден башка тиешелүү чечим менен кызыкчылыктары жана укуктары козголгон башка жактар да ээ болушу мүмкүн деген жоболор менен толуктоону сунуштайбыз.
32. 258-берене боюнча:
Бул берененин 2-бөлүгү "шайлоо комиссияларындагы алардын өкүлдөрү жана байкоочулар" деген сөздөрдөн кийин ", депутаттар же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы кызмат ордуна талапкерлерди көрсөткөн фракциялар, ошондой эле бул кызмат ордуна талапкерлер" деген сөздөр менен толукталсын.
258-берененин 3-бөлүгүнө ылайык участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери сотто жогору турган шайлоо комиссиялары тиешелүү даттанууларды карагандан кийин гана даттанылат.
Шайлоо кампанияларынын убагында пайда болгон актуалдуулукту жана коомдук резонансты эске алып, аймактык жана участкалык шайлоо кампанияларынын мүчөлөрүнүн начар даярдыгын, маселени ыкчам чечүү зарылдыгын, аны туура чечүү практикада жарандардын жапырт нааразычылыгы менен коштолгон шайлоо процессинин катышуучуларына бул аракеттерди сотто түздөн-түз талашуу укугун калтыруу зарыл.
33. Каралып жаткан долбоордун 29, 30, 31-главаларын алып салууну сунуштайбыз, анткени баланы асырап алуу, камкордукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөө, ошондой эле ата-эненин көзөмөлүсүз калган балдарды интернат мекемелерине жиберүү маселелери Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси менен жөнгө салынган.
Мында аталган Кодексте ченемдер киргизилген, аларга ылайык жогоруда аталган маселелерди ишке ашырууда тиешелүү документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
34. 303-берене боюнча:
Аталган берененин 1 жана 2-бөлүктөрүн алардын мазмуну окшош болгондуктан, бириктирүүнү сунуштайбыз.
Мындан тышкары долбоордун бул беренесине ылайык жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү арызды кароо балдарды коргоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлүнүн катышуусу менен каралат.
Ушуга байланыштуу жаранды аракетке жөндөмдүү же жөндөмсүз деп таанууда камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо зарыл экендигин белгилейбиз. Алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 27-беренесине ылайык камкорчунун милдеттери балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө жүктөлөт.
35. Долбоордун 312-беренесиндеги "үч жыл" деген сөздөрдү "он беш жыл" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз, ушуга байланыштуу кыймылсыз мүлктүн менчик ээси каза болгон учурда укук улантуучулар же мураскорлор күтүлбөгөн жагдайлар боюнча бул мүлк жөнүндө билбей да калышы мүмкүн.
36. III бөлүмдүн жоболору менен мыйзамдуу күчүнө кире элек биринчи инстанциядагы соттордун актыларын кайра кароо боюнча өндүрүштүн тартиби жөнгө салынган, бул бөлүмдүн аталышындагы "кирген жана" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
37. Долбоордун 344-беренесинин 1-бөлүгү менен даттанууну берген жакка апелляциялык даттанууну (талапты) кайра кайтаруунун негиздери белгиленет. Бул тизмекти эгерде ишти апелляциялык өндүрүшкө кабыл алганга чейин даттанууну же талапты берген адамдан даттанууну же талапты кайра кайтаруу жөнүндө арыз келип түшсө, апелляциялык даттануу кайра кайтарыла тургандыгын караган негиздеме менен толуктоону сунуштайбыз.
38. 353-берене боюнча:
Бул берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же бир бөлүгүн жокко чыгарууга же өзгөртүүгө жана жаңы чечим чыгарууга";
Мындан тышкары, аталган берененин 4-пунктуна ылайык апелляциялык инстанциядагы сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти соттун ошол же башка курамда жаңыдан кароосуна жөнөтүүгө укуктуу.
Муну менен катар долбоордун 20-беренесине ишти жаңыдан кароо соттун башка курамында ишке ашырылышы керектигин караган жоболор киргизилген.
Ушундай эле эскертүүлөр долбоордун 378-беренесинин 2-бөлүгү боюнча да берилген.
39. Долбоордун 360-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жеке даттануу (талап) даттанылуучу аныктама жөнүндө тарапка белгилүү болгон күндөн баштап он күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
Сунушталган жоболор соттук териштирүүнүн создугушуна, ошондой эле тараптардын өз укуктарын кыянаттык менен пайдалануусуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан соттун тиешелүү аныктамаларына жеке даттануунун так мөөнөтүн аныктоону сунуштайбыз.
40. Долбоордун 362-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жеке даттануу (талап) боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы ал чыгарылган учурдан баштап мыйзамдуу күчүнө кирет жана кассация тартибинде даттанылбайт, буга иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктамалар кирбейт.
Ошол эле учурда долбоордун аталган беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык маңызы боюнча апелляциялык даттанууга (талапка) уруксат бербеген апелляциялык инстанциядагы сот чыгарган аныктамага ушул Кодексте каралган тартипте кассациялык даттануу берилүүгө тийиш.
Ошентип, долбоордун 362-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнүн ортосунда карама-каршылыктар бар.
Мында, долбоордун аталган беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жоболор тийиштүү адамдардын соттук коргоого болгон укуктарын басмырлай тургандыгын белгилеп кетүү маанилүү. Кассациялык сот өндүрүшү тартибинде кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө, кароосуз калтыруу, кайра кайтаруу жөнүндө аныктамалар даттанылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн болгон аныктамалардын тобун кайра кароо зарылчылыгы тууралуу белгилейбиз.
Ушундай эле эскертүү долбоордун 364-беренесинин 3-бөлүгү жана 370-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пункту боюнча берилет.
41. Долбоордун 364-беренесинин 1-бөлүгүндө биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун күчүнө кирген актылары кассациялык тартипте кайра каралышы мүмкүн экендиги белгиленген.
Муну менен катар долбоордун бул беренесинин 2-бөлүгү биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген, апелляциялык тартипте даттанылбаган актылары кассациялык тартипте кайра каралбай турганын белгилейт.
Мындан тышкары, бул жоболор биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн экенин караган долбоордун 260-беренесинин 6-бөлүгүнө карата жана мыйзамдуу күчүнө кирбеген биринчи инстанциядагы соттордун актыларын апелляциялык тартипте кароону белгилеген долбоордун 338-беренесинин 1-бөлүгүнө коллизияларды жаратат.
Ушуга байланыштуу долбоордун 364-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
42. 365-берене боюнча:
Долбоордун бул беренеси кассациялык даттанууну (талапты) берүүгө укуктуу адамдардын тобун белгилейт. Аталган адамдардын тизмесин алардын укуктары жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктары бузулган учурларда кассациялык даттануу берүүгө укуктуу адамдар менен толуктоону сунуштайбыз.
Мындан тышкары, долбоордун аталган беренесинин 2-бөлүгүнүн мазмунуна негизденип, эгерде прокурор ишке катышпаса, кассациялык даттануу берүү укугунан ажыратылат.
Муну менен катар долбоордун 365-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"2. Ишке катышкан же жогору турган прокурор, прокурордун катышуусу менен каралган иштер боюнча, ошондой эле сот тарабынан мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды бузган чечимдер кабыл алынган учурларда сунуштама берүүгө укуктуу.".
43. Долбоордун 366-беренесинин 1-бөлүгү кассациялык даттануу (талап), эгерде мыйзамда башка каралбаса, апелляциялык инстанциядагы сот актысы чыгарылган күндөн баштап алты айдын ичинде берилиши мүмкүн деп белгилөөнү сунуштайт.
Бул мөөнөт Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна соттордун чечимине даттануу берүүнүн колдонуудагы мөөнөтүнө карата кыскартылган болуп саналат. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тиешелүү даттанууларды караган жана акыркы чечимдерди кабыл алган акыркы инстанция болуп саналат. Ошондуктан кассациялык даттануу (талап) берүүнүн мөөнөтүн бир жылга чейин көбөйтүүнү максатка ылайыктуу деп болжолдойбуз.
44. Долбоордун 367-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту боюнча толук эмес көлөмдө сот актысына даттанган учурда мурда каралбаган башка бөлүгүндө соттук актынын даттануу мүмкүндүгүнө карата маселе түшүнүксүз бойдон калууда.
45. Долбоордун 371-беренесинин 5-бөлүгүн соттук актыларга даттануу укугу бузулгандыктан, алып салууну сунуштайбыз.
46. Долбоордун 377-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"377-берене. Ишти кароонун чектери
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык тартипте ишти караган учурда иштеги материалдар боюнча даттануунун же талаптын далилдеринин чектеринде биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун укук ченемдеринин туура колдонулушун текшерет.
2. Мыйзамдуулуктун таламдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту даттануунун, талаптын чегинен тышкары чыга алат.".
47. Долбоордун 378-беренесине ылайык кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттануу боюнча ишти карап чыгуу менен биринчи жана/же апелляциялык инстанциядагы соттун актыларын толугу менен же анын бөлүгүн жокко чыгарууга жана эгерде процесстик укуктун ченемдерин колдонууда ишти туура эмес чечүүгө алып келген каталар кетирилсе, ишти жаңыдан кароого жиберүүгө укуктуу.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кайра кароого жиберүү жана жокко чыгаруу укугуна процессуалдык бузуулар болгондо гана ээ болбостон, ошондой эле сот тарабынан материалдык укуктардын ченемдери бузулганда да ээ болушу керек.
Биринчи жана экинчи инстанциясында соттордун сот актыларын кароо менен Кыргыз Республикасынын Жогорку соту эгерде жергиликтүү соттордун укук ченемдерин бузгандыгы белгиленсе жана иштин бардык иш жүзүндөгү жагдайлары изилденбесе, жаңы далилдерге баа бере албайт жана ишти объективдүү карай албайт, демек, кассациялык инстанция материалдык иш чегинде формалдуу көрсөтүүгө, төмөнкү турган соттордун кабыл алынган чечимдеринин негизинде сот актыларын чыгарууга мажбур болот.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту иштин жагдайы изилденбегендиктен, эгерде процессуалдык ченемдер бузулса, жокко чыгара албайт жана кайра кароого жөнөтө албайт, ал чыгарылган соттук актынын негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу жөнүндө туура жыйынтык чыгарууга жол бербейт.
Акыркы жылдарда соттук тажрыйба көрсөткөндөй, көзөмөл инстанциясы биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун укук ченемдери туура колдонулбагандыгына байланыштуу, ошондой эле иштин бардык жагдайлары изилденбей калгандыктан, көптөгөн сандагы соттук каталарын тапты жана таап жатат, бул сот адилеттигине жатпаган чечимдерди чыгарууга алып келет.
Ушуга байланыштуу сунушталган редакция боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ыйгарым укуктарын чектөөлөр сот актысынын акыркысы деген сыяктуу түшүнүккө шек жаратат.
Баяндалгандарды эске алып, долбоордун 378-беренесинин 5-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"5) биринчи жана/же апелляциялык инстанциядагы соттун актыларын толугу менен же анын бөлүгүн жокко чыгарууга жана эгерде материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин колдонууда, ишти туура эмес чечүүгө алып келген каталар кетирилсе, ошондой эле иштин бардык иш жүзүндөгү жагдайлары изилденбеген учурда ишти жаңыдан кароого жиберүүгө.".
48. Сот процессин жүргүзүү регламентин, соттордун ишинин көптүгүн, иштердин татаал категорияларынын бар экендигин эске алып, долбоордун 382-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"2. Кассациялык инстанциянын токтому дароо чыгарылат жана жарыя кылынат. Өтө татаал иштер боюнча токтомдун жүйөлүү бөлүгүн түзүү он күндүк мөөнөткө чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Ишти кароого катышкан судьялардын бардыгы кол койгон токтомдун резолюциялык бөлүгү ошол эле жыйында жарыяланат.".
49. Долбоордун 387-беренесинде жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиздерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун конкреттүү иш боюнча соттун чечим кабыл алуусуна негиз болгон укуктун ченемдерин колдонуу практикасы жөнүндө токтомун чагылдыруу сунушталат.
Бул ченемди эгер тиешелүү токтомдо мыйзамдуу күчүнө кирген соттун актыларын ушул жагдайга байланыштуу кайра кароо мүмкүнчүлүгү көрсөтүлгөн болсо, жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароо үчүн негиз катары кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомуна ылайык жоболор менен толуктоону сунуштайбыз. Эгерде бул үчүн башка тоскоолдуктар болбосо, чечмелөөдө укуктук ченемдердин негизинде кабыл алынган, тиешелүү токтомдо камтылган чечмелөөгө дал келбеген, иш жүзүндөгү окшош жагдайлары бар соттун мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылары кайра каралуусу мүмкүн.
Мында башка тоскоолдуктар катары, атап айтканда, мөөнөттөрдүн өтүп кетүүсүн, коомдук-укуктук жоопкерчиликке тартылган адамдын абалын начарлатууга жол бербөөнү, кассациялык инстанциядагы сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн түшүнүү керек. Пленумдун токтомунда аталган эскертменин аракеттери жайылтылган сот актыларынын чөйрөсү аныкталуусу мүмкүн.
50. Кодекстин долбоорунун 389-беренесине ылайык жаңы ачылган жагдайлар жана жаңы жагдайлар боюнча соттун актысын кайра карап чыгуу жөнүндө арыз же сунуштоо ишке катышкан жактар тарабынан биринчи инстанция боюнча ишти караган сотко, кайра кароо үчүн негиз катары кызмат өтөгөн жагдайлар белгиленген күндөн баштап үч айдын ичинде, бирок соттун актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап беш жылдан кечиктирбестен берилет.
Процесстин тараптарына белгисиз болгон жагдайлар узагыраак убакыттын ичинде ачылышы мүмкүн болгондуктан, убакытты чектөөнү алып салууну максатка ылайык келет деп ойлойбуз.
Мында сот тарабынан иш каралган учурда прокуратуранын өкүлү катышкан же катышпагандыгына карабастан, эгер сот тарабынан мамлекеттин же коомдун кызыкчылыктарын бузган чечим кабыл алынган учурда, прокурорго жаңы ачылган жагдайлар боюнча же жаңы жагдайлар боюнча соттук актыны кайра кароо жөнүндө сунуштоо укугун берүүнү сунуштайбыз.
51. Долбоордун 389-беренесинен кийин көрсөтүлгөн 381-1-беренесин маанилик жана ченемдик жүктөмгө ээ болбогондуктан, алып салууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, долбоордун мамлекеттик тилинде берилбеген 381-1, 386-1-беренелери расмий тилиндеги текстинде каралгандыгына көңүлдү бурабыз.
52. 403-берене боюнча:
Долбоордун бул беренесинин 2-бөлүгүнүн эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин иммунитети жөнүндөгү ченемдер менен толуктоону сунуштайбыз.
Ошондой эле долбоордун аталган беренесинин 3-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"3. Кыргыз Республикасында ишин жүзөгө ашырган чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле алардын кызматкерлеринин иммунитети эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык аныкталат.".
53. Жалпылаштырылган конкреттүү эмес формулалар укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдү пайда кылууга шарт түзгөндүктөн, тиешелүү субъектке тигил же бул жагдайды өзүнүн кароосу боюнча чечмелөө боюнча кеңири, дискрециялуу ыйгарым укуктарды бергендиктен, долбоордун төмөндөгү формулировкаларын жана беренелерин алып салууну же кайра кароону сунуштайбыз. Атап айтканда:
1) 10-берененин 2-бөлүгүндөгү "туура колдонуу" деген сөздөр;
2) 13-берененин 2-бөлүгүндөгү "соттун уруксаты менен жол берилет" деген сөздөр, аталган берененин 3-бөлүгүндөгү "туура каралышына" деген сөздөр;
3) 14-берененин 2-бөлүгүндөгү "зарыл болгон учурларда" деген сөздөр, бул берененин 3-бөлүгүндөгү "кайра башынан" деген формулировка;
4) 15-берененин 6-бөлүгүндөгү "адилеттүүлүктүн" жана "акыл эстүүлүктүн" деген формулировкалар;
5) 19-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "күмөн туудурган башка жагдайлар" деген сөздөр;
6) 22-берененин 3-бөлүгүндөгү "негизсиз" деген сөз;
7) 35-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "башка себептерден улам" деген формулировка;
8) 67-берененин 3-бөлүгүндөгү "зарыл болгон учурда" деген формулировка;
9) 76-берененин 1-бөлүгүндөгү "ички ишеними боюнча" деген формулировка;
10) 77-берененин 3-бөлүгүндөгү "күмөн санаса" деген сөздөр;
11) 80-берененин 2-бөлүгүндөгү "башка зарыл учурларда" деген сөздөр;
12) 82-берененин 3-бөлүгүндөгү "эреже катары" деген сөз;
13) 93-берененин 4-бөлүгүн;
14) 114-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү "системалуу түрдө" жана "акылга сыярлык өлчөмдө" деген сөздөр;
15) 115-берененин 1-бөлүгүндөгү "акылга сыярлык өлчөмдө" деген сөздөр;
16) 127-берененин 1-бөлүгүндөгү "сот жүйөлүү деп тапкан" деген формулировка;
17) 128-берененин 2-бөлүгүндөгү "жетиштүү убактысы" деген сөздөр;
18) 148-берененин 2-бөлүгүндөгү "зарыл учурларда", "башка чараларды көрө алам", "мүмкүн" деген сөздөр;
19) 173-берененин 3 жана 4-бөлүгүндөгү "эгер алардын келбей калышынын себеби жүйөлүү экендиги жөнүндө тыянакка келсе" жана "сот алардын келбей калышынын себебин жүйөлүү эмес деп тапса" деген формулировкалар;
20) 176-беренедеги "өз ылайыгына жараша" жана "зарыл учурларда" деген сөздөр;
21) 183-берененин 4-бөлүгүндөгү "зарылчылык болгон учурда" деген сөздөр;
22) 185-берененин 2-бөлүгүндөгү "зарыл болгон өзгөчө учурларда" жана "мүмкүн" деген сөздөр;
23) 187-беренедеги, 189-берененин 1-бөлүгүндөгү, 192-берененин 3-бөлүгүндөгү "зарыл болгон учурда" деген сөздөр;
24) 194-берененин 1-бөлүгүндөгү "так эмес же толук эмес болгон учурда" деген сөздөр;
25) 280-берененин 3-бөлүгүндөгү "башка документтерди да талап кылууга укуктуу" деген сөздөр;
26) 283-берененин 5-бөлүгүндөгү "анын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе" деген формулировка;
27) 302-берененин 1 жана 2-бөлүгүндөгү "жетиштүү негиз" жана "өзгөчө учурларда" деген формулировкалар;
28) 309-берененин 2-бөлүгүндөгү "жетиштүү негиздер" деген сөздөр;
29) 370-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы жана 379-берененин 1-бөлүгүндөгү "туура эмес колдонуу", "олуттуу бузуу" деген сөздөр.
54. Редакциялык каталарды жоюу жана маанилик мазмунун жеткире иштеп чыгуу максатында төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
1) долбоордун бардык тексти боюнча:
- ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү жана сандагы "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "бала асырап алгандар" деген сөздү алып салуу керек, анткени асырап алынган бала биологиялык баланын укуктарына тең келет. Мындан тышкары, бала асырап алуунун сыры мыйзам менен корголот;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) долбоордун 1-беренесинин 1-бөлүгүндөгү расмий тилинде "жарандык" деген сөздөрдөн кийин "иштер" деген сөз менен, "конституциялык Мыйзамы" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен толукталсын;
3) долбоордун 3-беренесинин 2-бөлүгү "кароону" деген сөздөн кийин "жана" деген сөз менен толукталсын, "реалдуу" деген сөз алып салынсын;
4) долбоордун 4-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "мыйзам тарабынан белгиленген" деген сөздөр "ушул Кодекс менен белгиленген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) долбоордун 11-беренеси "кызыкдар адамдардын" деген сөздөрдөн кийин "жана ушул Кодексте аталган башка адамдардын" деген сөздөр менен толукталсын;
6) долбоордун 18-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "Отурумда" деген сөз алынып салынсын;
7) долбоордун 22-беренесинин 1-бөлүгүндө Кодекстин беренелерине шилтемелерди тактоо зарыл. Мында судьянын баш тартуусу үчүн негиздер долбоордун 19, 20-беренелери, эксперт, адис, тилмеч жана сот жыйынынын катчысы үчүн долбоордун 19 жана 21-беренелеринин 1-бөлүгү, прокурор үчүн долбоордун 19-беренесинин 1-бөлүгү менен аныкталарына көңүл буруу керек;
8) долбоордун 23-беренесинин 7-бөлүгүндөгү "каралган иш боюнча соттун чечимине апелляциялык даттануу менен" деген сөздөр "каралган иш боюнча чечимге апелляциялык (кассациялык) даттануу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык ченемдик укуктук акттын түзүмдүк элементтери болуп бөлүктөр, бөлүмдөр, бөлүмчөлөр, главалар, параграфтар, беренелер, беренелердин бөлүктөрү, пункттар, пунктчалар жана абзацтар эсептелет.
Беренелер араб цифралары менен белгиленет жана укуктун айрым ченемдерин камтыган бөлүктөрдөн турат.
Беренелердин бөлүктөрү чекит коюлган араб цифралары менен белгиленет жана пункттарга бөлүнөт, алар тегерек жабуучу кашаа коюлган араб цифралары менен белгиленет.
Пункттар пунктчаларга бөлүнөт, алар тегерек жабуучу кашаа коюлган алфавиттин кичине тамгалары менен белгиленет.
Баяндалгандардын негизинде:
Долбоордун 35-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "пунктчаларында" деген сөз "пункттарында" деген сөз менен, "пункттун" деген сөз "бөлүктүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
долбоордун 113-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "пунктунда" деген сөз "бөлүгүндө" деген сөз менен алмаштырылсын.
Ошондой эле ченемдик укуктук акттын бөлүмдөрүн, главаларын, беренелерин номерлештирүү туура болушу зарыл, ушуга байланыштуу долбоордун беренелерин номерлештирүүнү тактоо зарыл;
10) долбоордун 37-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "башка" деген сөз алып салынсын;
11) 59-беренеде "57" деген цифралар "60" деген цифралар менен алмаштырылсын, анткени сотто өкүл боло албаган адамдар Кодекстин 60-беренесинде аныкталган;
12) "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин көңүлгө алуу менен долбоордун 60-беренесинин 4-пунктундагы жана 62-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "адвокатура жөнүндөгү мыйзамдарда", "адвокаттык иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) долбоордун 74-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө" деген сөздөр "далилдерди камсыздоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) долбоордун расмий тилдеги текстиндеги 78-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "дед, бабка", "деда, бабки" деген сөздөр "дедушка, бабушка", "дедушки, бабушки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 82-берененин 1-бөлүгү "ушул тараптын кызыкчылыктарына каршы багытталган деп болжолдонуп" деген сөздөрдөн мурда "эгер ушундай бар деп ишенимдүү такталса" деген сөздөр менен толукталсын;
16) долбоордун 108-беренесинин 1-бөлүгүндө Кодекстин беренелерине шилтемелерди тактоо зарыл.
Ошентип, аталган бөлүктүн 2-пунктунда төлөнгөн мамлекеттик алым бул Кодекстин 139-беренесинин 2-пунктчасында каралган негиздер боюнча арызды кабыл алууда баш тарткан учурда толугу менен же жарым-жартылай кайра кайтарылат.
Ошону менен бирге 139-берене эки бөлүктү (2-пунктчаны камтыбайт) камтыйт жана доо арызын кабыл алуу маселелерин жөнгө салат. Доо арызын кабыл алуудан баш тарткан учурда Кодекстин 140-беренеси менен жөнгө салынат.
Мындай шайкеш келбестиктер долбоордун 108-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3, 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн шилтемелерде да бар;
17) 152-берененин 1-бөлүгү "же соттун же судьянын демилгеси боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
18) долбоордун 159-беренесиндеги "убактысы" деген сөз алып салынсын;
19) баш тартуулар үчүн негиздер, аларды чечүүнүн тартиби, ошондой эле кесепеттер ушул беренелер менен аныкталгандыктан, 170-берененин 2-бөлүгүндөгү 18-23-беренелерге шилтеме 19-24-беренелерге шилтеме менен алмаштырылсын;
20) 226-берененин 5-пункту "сотко" деген сөздөн кийин "экинчи жолу" деген сөз менен толукталсын;
21) 301-берененин 2-бөлүгүндөгү "мындай" деген сөз алып салынсын;
22) 342-берене "апелляциялык инстанциядагы сот" деген сөздөр менен толукталсын;
23) 346-берене боюнча:
- 1-бөлүктүн биринчи сүйлөмүндөгү "иш сотто каралып" деген сөз алып салынсын;
- 3-бөлүктөгү "кассациялык" деген сөз "апелляциялык" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Даттануудан же сунуштамадан баш тартуу сот тарабынан кабыл алынат, эгер бул ишке катышкан адамдардын мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын, эркиндиктерин жана укуктарын бузбаса.";
24) 349-берененин 12-бөлүгүндөгү "193" деген цифралар "198" деген цифралар менен алмаштырылсын, анткени соттук жарыш сөздү өткөрүүнүн тартиби Кодекстин 198-беренесинде регламенттелген;
25) 356-берене боюнча:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"сот тарабынан ишке катышууга тартылбаган адамдардын укуктары жана милдеттери жөнүндө чечим кабыл алынса";
- 2-бөлүктө "процесстик бузуулар" деген сөздөр "укуктун ченемин бузуулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) долбоордун 404-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "дипломатиялык тартипте" деген сөздөр "дипломатиялык каналдар боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
55. Ошондой эле долбоорду төмөнкүдөй жоболор менен толуктоону сунуштайбыз:
1) жаңы ачылган жагдайлар боюнча арыздын формасына жана мазмунуна, арыздын көчүрмөсүн жана ага тиркелген документтерди ишке катышкан бардык жактарга жиберүү жөнүндө далил киргизилген документтердин тиркелген тизмесине, жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызды кайтаруунун негизине карата;
2) бейтарап соттордун жана эл аралык коммерциялык арбитраждардын чечимдерине даттануу тууралуу иштер боюнча өндүрүштү жөнгө салган, Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган главаны киргизүү.
Акыркы мезгилде эл аралык инвестициялык келишимдердин жана макулдашуулардын, ошондой эле алардан келип чыгуучу, бейтарап соттордо же эл аралык коммерциялык арбитражда чечилүүгө тийиш болгон талаштардын саны көбөйгөндүктөн, учурда Кыргыз Республикасында бейтарап соттордун жана эл аралык коммерциялык арбитраждын чечимдерине даттануу маселесин жөнгө салуу зарылдыгы келип чыкты. Мыйзам ченемдеринде бейтарап соттордун жана эл аралык коммерциялык арбитраждын чечимдерине даттануунун ыкмасы жок болгондуктан, алардын даттанууга мүмкүн эместигин пайда кылууда.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган эл аралык коммерциялык арбитраждын жана бейтарап соттордун чечимдерине даттануунун мүмкүн эместиги Кыргыз Республикасынын, ошондой эле соттук териштирүүнүн катышуучуларынын кызыкчылыктарын андан ары бузууга алып келерин белгилеп кетүү зарыл. Мында белгиленген соттордун чечимдери Кыргыз Республикасынын коомдук укуктарын түздөн-түз буза турган болсо да, даттанууга мүмкүн эместигин белгилеп кетүү керек;
3) аткаруу документтери боюнча өндүрүп алууну чегерүү мүмкүн болбогон мүлктүн түрлөрүнүн тизмегин аныктоочу жоболор менен.
Аталган тизмек учурда сот аткаруучуларынын ыйгарым укуктарын аныктаган "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
Ошону менен бирге аткаруу барактарын бекитүү жөнүндө чечим сот тарабынан чыгарылат. Жарандык иштер боюнча соттордун укук колдонуу практикасында негизги ченемдик укуктук акт болуп Жарандык процесстик кодекс эсептеле тургандыгын эске алуу менен жогоруда белгиленген тизмекти бул долбоордо чагылдырууну сунуштайбыз.
56. Ошондой эле бул долбоорду кабыл алуунун алкагында негиздеме-маалымкатка ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарандарга укуктук маалымат берүү (роликтер жана инфографика) жана постерлерди даярдоо боюнча чыгымдарды каржылоо боюнча бюджет 495,9 миң сом өлчөмүндө сунушталат.
Бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоо боюнча чыгымдарга каражаттарды бөлүп берүү көйгөй жаратат. Ушуга байланыштуу, жогоруда аталган чыгымдарды тиешелүү бюджеттик жылга каралган каражаттардын алкагында ишке ашырууну же башка альтернативдүү булактардын эсебинен финансылык каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн кароону максатка ылайык келет деп эсептейбиз.
57. Жарандык процесстик кодекстин жаңы редакциясында жарандык жана экономикалык иштерди гана кароо каралган. Административдик сот өндүрүшүнүн маселелери Административдик-процесстик кодексте жазылган. Ушуга байланыштуу укук колдонуу практикасында мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн бул долбоорлор бир мезгилде күчүнө кирүүсү керек экендигин белгилей кетүү маанилүү.
Мындан тышкары, бул долбоор кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын базасын коллизиялардын жоктугу боюнча карап чыгуу зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.