Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-июлу № 450
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 601 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундардын аскер кызматчыларына талаа акчаларынын нормаларын белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик кошуундардын жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын контракттык кызматтагы аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө маселелерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 601 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундардын аскер кызматчыларына талаа акчаларынын нормаларын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө";
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларына күжүрмөн даярдыктан өтүү боюнча милдеттерди иштеп чыгуу үчүн алардын окуу борборлорунда, лагерлерде, полигондордо, запас аэродромдордо, кошуундар, аскердик бөлүктөр жана мекемелер туруктуу жайгашкан пункттан сырткары машыгууларда жана маневрларда болгон мезгилдери үчүн талаа акчаларын төлөө белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында - Кыргыз Республикасынын аймагында командировкада болгондо суткалык чыгымдардын белгиленген ченеминен 60 пайыз өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары - Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары командировкада болгондо суткалык чыгымдардын белгиленген ченеминен 15 пайыз өлчөмүндө, эгерде Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп эсептелген эл аралык келишимдерде талаа акчаларын төлөөнүн тартиби жана көлөмдөрү каралбаса.
Талаа акчаларын төлөп берүү министрликтерге жана ведомстволорго жыл сайын каралуучу каражаттардын чегинде 1.1.0.0. "Эмгек акы" чыгымдары беренесинин эсебинен жүргүзүлсүн.";
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Тиркелген Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускама бекитилсин.".
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундардын аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:
- Нускаманын аталышы төмөнкүчө баяндалсын:
"Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускама.";
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "1. Ушул Нускама контракттык кызматтын аскер кызматчыларына (мындан ары - аскер кызматчылары) талаа акчаларын төлөө тартибин жана шарттарын аныктайт.";
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын чек арасынан сырткары болгон учурда талаа акчаларын эсептөөдө окуу борборуна, лагерге, полигонго, запастык аэродромго, маневрларга же машыгууларга барууда чек арадан өткөн күн жана аскердик бөлүктүн туруктуу жайгашкан жерине кайтып келаткандагы чек арадан өткөн күн бир сутка болуп эсептелет.";
- 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |