Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 461 «Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу» токтому
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 5-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2015-жылдын 7-июлу № 461
Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартиби бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Т.А. Сариев |