Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2015-жылдын 15-июлу № 1
Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда абадагы кыймылды тейлөө жана аба мейкиндигин колдонуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда абадагы кыймылды тейлөө жана аба мейкиндигин колдонуу тартибин белгилөө максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда абадагы кыймылды тейлөө жана аба мейкиндигин колдонуу тартиби жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын жана катчылыгынын башчылары 36717 аскер бөлүгүнүн командири менен биргеликте:
ушул буйрук катталгандан кийин үч күн аралыгында:
- “Эркин Тоо” газетасына буйрукту расмий жарыялоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин веб-сайтына жайгаштыруу боюнча чараларды көрсүн;
расмий жарыялангандан кийин бир жумушчу күндүн аралыгында буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүргүчтө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жиберсин;
буйрук күчүнө киргенден кийин бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберсин.
3. Буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Респуьликасынын Коргоо министри |
А.А. Кудайбердиев |
Кыргыз Республикасынын
Коргоо министринин
2015-жылдын 15-07 № 1
буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда абадагы кыймылды тейлөө жана аба мейкиндигин колдонуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
НУСКАМА
1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда абадагы кыймылды тейлөө жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуу тартиби белгилейт. Кыргыз Республикасынын коопсуздугунун кызыкчылыгында, Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда, абадагы кыймылды тейлөө жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуу тартибин, аба кемелеринин учуу коопсуздугун камсыздоону ушул Нускамада жазылган атайын жол-жоболорго ылайык, аскердик авиациянын абадагы кыймылды уюштуруу (мындан ары – АКУ) органы жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда жана өнүккөндө аскердик жана жарандык АКУ органдарынын абадагы кыймылды тейлөө чектери жана чөйрөлөрү белгиленет. Жарандык авиациянын АКУ органы абадагы кыймылды тейлөөнү жүзөгө ашырууда аба коридорлорунун (трассалардын), абадагы кыймылды тейлөө маршруттарынын чегинде, жарандык аэродромдордун районунда, АКУ аскердик органы – Кыргыз Республикасынын бүткүл аба мейкиндигинде бул иш-чараларды жүзөгө ашырат.
3. Бул Нускаманын максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдардын жана окуялардын келип чыгуусуна жана өнүгүүсүнө аба чек арасын бузуу, аба мейкиндигин колдонуу тартибин бузуу, авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүү, аба кыймылын тейлөөнү бузууга байланышкан күтүлбөгөн жагдай учурлары, согуш аракеттери, машыгуулар, ракета учуруу, ок атуулар, жардыруу иштери, электромагниттик жана башка нурлануунун түрлөрү, учуу көрүнүшүн начарлаткан атмосферага башка заттарды чыгаруу кирет.
4. Бул Нускамада колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
Мамлекеттик авиациянын аскердик органы – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирүүчү, аскердик (мамлекеттик) авиациянын учууларынын коопсуздугун камсыздоого, Кыргыз Республикасынын чек арасын сактоого жана аба мейкиндигин коргоого багытталган аскердик (мамлекеттик) авиациянын ишин жөнгө салуучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрү (мындан ары – КР КК АККК).
Абадагы кыймылды уюштуруунун башкы борбору (мындан ары - АКУ ББ, эгерде текст боюнча башка каралбаса) – аба мейкиндигин түздөн-түз уюштурууну, ведомстволор аралык пландаштырууну жана координациялоону, ошондой эле абадагы кыймылды тейлөөнү камсыздоочу ыкчам орган.
Тыюу салынган чөлкөм – чегинде аба кемелеринин учуусуна тыюу салынган мамлекттин аймагынын үстүндөгү же сууларынын үстүндөгү белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндиги.
Учууларды чектөөчү чөлкөм – аба кемелеринин учууларына аныкталган шартта чектөө киргизилген мамлекеттин аймагынын үстүндөгү же сууларынын үстүндөгү белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндиги.
Аскердик авиациянын абадагы кыймылды (АКУ) уюштуруучу органдары – КР АКУ ББ аскер секторунун кезметчи сменасын, аскердик авиациянын башкаруу пунктун (өзгөчө жана согуш абалынын чөлкөмдөрүндө, полигондо, учуу чөлкөмдөрүндө, тоо аянттарында), аскердик аэродромдун районунда командалык-диспетчердик пунктту түшүндүргөн жалпы термин.
Коркунучтуу чөлкөм – убакыттын белгилүү бир мезгилдеринде аба кемелеринин учуулары үчүн коркунуч туудурган иш болушу мүмкүн болгон белгилүү өлчөмдөгү аба мейкиндиги.
Асман чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн (АЧКК) таануу чөлкөмү (АДИС, англис тилинде – ADIZ) – белгилүү өлчөмдөгү аба мейкиндигинин атайын белгиленген бөлүгү, анын чегинде аба кемесин атайын таануу жол-жоболорун же абадагы кыймылды тейлөөгө байланыштуу аткарылып жаткандарга кошумча кабар берүүнү аткарышы керек.
NОТАМ (англис тилинде) – электр каражаттары менен жиберилүүчү жана учууларды аткаруу менен байланышкан персонал үчүн өз убагында эскертүү маанилүү болгон кандай болбосун аэронавигациялык жабдыктарды колдонууга киргизүү, абалы же өзгөрүүлөрү тууралуу маалыматты, тейлөө жана тартиби же коркунуч жөнүндөгү маалыматты камтыган кабарлоо.
5. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы берүүчү абадагы кыймылды тейлөөгө атайын уруксатты албастан Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуу менен байланышкан же учуулардын коопсуздугуна жана абадагы кыймылга коркунуч туудурган кандай болбосун иштин түрүнө жана ушул Нускамада белгиленген тартиптерди бузуга тыюу салынат.
6. Бул Нускама жетекчиликке алуу, иши Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуу менен байланышкан же учуулардын коопсуздугуна жана аба мейкиндигиндеги абадагы кыймылга коркунуч туудурган бардык аба мейкиндигин колдонуучулардын аткаруусу үчүн милдеттүү.
7. Ушул Нускаманын талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган аба мейкиндигин колдонуучулардын жоопкерчилигине алып келет.
2. Кыргыз Республикасынын абадагы кыймылын пландоону,
тейлөөнү жана контролдоону уюштуруу органдары
8. Эл аралык аба трассаларында жана ички аба каттамдарында, жарандык аэродромдордун райондорунда абадагы кыймылды түздөн-түз пландоону, тейлөөнү жана башкарууну жарандык авиациянын АКУ органы жүзөгө ашырат.
9. Эл аралык аба трассаларынан жана ички аба линияларынан тышкаркы, ошондой эле аскердик аэродромдордун райондорунда, аскердик авиация үчүн белгиленген же учуулардын өзгөчө режими менен атайын чөлкөмдөрдө абадагы кыймылды түздөн-түз пландоону, тейлөөнү жана башкарууну аскердик авиациянын АКУ органы жүзөгө ашырат.
10. Чектөөчү чөлкөмдөрдө жана тыюу салынган чөлкөмдөрдө, аба трассаларынан жана ички аба линияларынан тышкаркы маршруттарда бардык ведомстволордун аба кемелеринин учуусун түздөн-түз башкарууну, абадагы кыймылды башкарууну аскердик авиациянын АКУ органы жүзөгө ашырат, ал эми айрым учурларда (радио техникалык камсыздоо каражаттары жана параметр боюнча байланыш каражаттары АКУ туруктуу камсыздалбаганда) аскердик АКУ органы менен өз ара макулдашуу боюнча, көмөкчү башкаруу пункту катары бөлүнгөн жарандык АКУ органы жүзөгө ашырат.
11. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин координациялоону жана абадагы кыймылды түздөн-түз ведомстволор аралык пландоону, ошондой эле абадагы кыймылды тейлөөнү жүзөгө ашыруучу башкы ыйгарым укуктуу орган болуп – АКУ ББ эсептелет.
12. КР АКУ ББ түзүмү Аскердик сектордон жана Жарандык сектордон турат.
13. Аскердик сектор Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына баш ийет (мындан ары - КР КК ГШ, эгерде текст боюнча башка каралбаса), Жарандык сектор – жарандык авиация органынын жетекчисине (мындан ары – ЖАО, эгерде текст боюнча башка каралбаса) баш ийет.
14. Аскердик жана жарандык секторлордун башчыларынын, АКУ ББ ушул секторлорунун кезметчи сменаларынын башчыларынын аба мейкиндигин колдонуу жана абадагы кыймылды уюштуруу маселелери боюнча көрсөтмөлөрү абадагы кыймылды тейлөө жана башкаруу боюнча бардык органдардын, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуучулардын ведомстволорго таандыктыгына карабастан алардын ыйгарым укуктарынын алкагында аткаруусу үчүн милдеттүү болуп эсептелинет.
15. Адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө, мамлекеттин стратегиялык маанидеги объекттеринин коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларда бул эрежелердин талаптарынан чегинүүгө жол берилет.
16. КР АКУ ББ аскердик сектору – Кыргыз Республикасынын аба трассаларынан, АКТ маршруттарынан жана ички аба линияларынан тышкары, ошондой эле аба трассалары жана ички аба линиялары боюнча жарандык авиациянын АКУ органы менен макулдашып Кыргыз Республикасынын бардык аба мейкиндигин колдонууну мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат.
КР АКУ ББ жарандык сектору – эл аралык аба трассаларында, ички аба линияларында жана жарандык аэродромдордун аба мейкиндигин колдонууну мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат.
3. Аба мейкиндигинин түзүмү
§ 1. Аба мейкиндигинин түзүмү
17. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин түзүмү төмөнкү элементтердин жыйындысын билдирет:
- аба кыймылын тейлөө райондору (АКТ райондору);
- аэродромдордун жана аэротүйүндөрдүн райондору;
- эл аралык аба трассалары (мындан ары – ЭАТ);
- чек ара тилкесиндеги аба мейкиндиги;
- тыюу салынган чөлкөм, учууларды чектөөчүү чөлкөм, коркунучтуу чөлкөм;
- ички аба линиялары (мындан ары - ИАЛ);
- ЭАТ жана ИАЛ түз багыттары;
- ЭАТ жана ИАЛ кирүү (чыгуу) коридорлору;
- аба кемелеринин учуу маршруттары жана атайын чөлкөмдөрү;
- полигондордун, жардыруу иштери жана мөндүргө каршы атуулардын райондору;
§ 2. Абадагы кыймылды тейлөө райондору
18. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндиги абадагы кыймылды тейлөө райондоруна бөлүнөт.
Абадагы кыймылды тейлөө райондорунун чек араларын жарандык авиациянын АКУ органы аскердик авиациянын АКУ органы менен макулдашуу боюнча иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы бекитет.
19. Абадагы кыймылды тейлөө райондорунун тизмеги, алардын чек араларын сүрөттөө менен аэронавигациялык маалымат документтеринде жарыяланат.
§ 3. Тыюу салынган чөлкөмдөр, учууларды чектөөчү чөлкөмдөр, коркунучтуу чөлкөмдөр жана аба мейкиндигин колдонууну чектөө
20. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонууга чектөөлөрдү иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү тартиби ушул Нускамага 1-тиркемеде көрсөтүлдү.
21. Тыюу салынган чөлкөмдөр, Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен макулдашуу боюнча КР КК ГШ тарабынан белгиленет.
22. Тыюу салынган чөлкөмдөрдө, коркунучтуу чөлкөмдөрдө, чектөө киргизилген чөлкөмдөрдө ишти жүргүзүү мезгилинде алардагы аба мейкиндигин колдонууга төмөнкүлөрдөн тышкары тыюу салынат:
- бузуучу-аба кемелерин колго түшүрүү үчүн учуулардан жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ыкчам тапшырмаларды аткаруудан;
- издөө-куткаруу жана көчүрүү иштерин аткаруу максатындагы учуулардан;
- адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген табигый кырсыктарда, кыйроолордо, аварияларда, авариялык кырдаалдарда жана башка өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүү боюнча учуулар.
Калган бардык учурларда ишке тыюу салынган, чектелген же коркунучтуу чөлкөмдөрдө аба мейкиндигин колдонууга, бул чөлкөмдөр кимдин кызыкчылыгы үчүн белгиленген болсо, ошол ведомстволорго жана мекемелерге гана уруксат берилет.
23. Бул чөлкөмдөрдө аба мейкиндигин колдонууга уруксатты АКУ ББ аскердик сектору бардык кызыкдар болгон ведомстволор жана мекемелер менен учууларды аткаруунун шарттарын макулдашкандан кийин берет.
§ 4. Полигондордун, мөндүргө каршы атуулардын жана жардыруу иштеринин райондору.
24. Аба мейкиндигин коопсуз колдонууну камсыздоо үчүн, Куралдуу Күчтөрдүн авиациясы ракеталарды учурууну, бомба таштоону, жардыруу иштерин, мөндүргө каршы атууларды, электромагниттик жана башка нурланууларды жүргүзгөндө тийиштүү райондор белгиленет.
Бул райондордун чек аралары жана аба кемелеринин учууларынын минималдуу коопсуз бийиктиктери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жарандык авиациясынын органына сунушталат.
25. Полигондордун райондорунун, жардыруу иштеринин райондорунун, мөндүргө каршы атуулардын райондорунун чек аралары снаряддардын, ракеталардын учуусунун бийиктигин, максималдуу горизонталдык алыстыгын жана алардын чачырандыларынын чачыроо радиусун эске алуу менен аныкталат. Мындан тышкары аймактардын чек аралары мүмкүн болушунча, аэродромдордун учуу айлампасынын схемасынан жана аба трассаларынын жана ички аба линияларынын чек арасынан 10 км кем эмес алыстыкта болушун эске алуу зарыл.
4. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуу тартиби
§ 1. Аба мейкиндигин колдонууга пландар
26. Аба мейкиндигин колдонуу, аба мейкиндигин колдонууга байланышпаган, бирок учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү (лазердик, электромагниттик нурлануу, жигердүү, жигерсиз радиоэлектрондук кедергилер) иштер берилген пландарга (табыштамаларга) жана ырааттамаларга ылайык жүргүзүлөт.
27. Пландарды берүү жана учуулардын, аба мейкиндигин колдонууга байланышкан башка иштин түрлөрүнө ырааттамаларды көрсөтүү тартиби ушул Нускамага № 2 тиркемеде көрсөтүлгөн.
28. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ички иштер министрлигинин, мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин авиациясы тарабынан аба мейкиндигин табыштамаларсыз колдонууга төмөнкү учурларда уруксат берилет:
- абадан кол салуунун мизин кайтарууда жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын бузууларды токтотуу боюнча аракеттерди аткарууда;
- бузуучу-аба кемесин же контролдук аба буталарын колго түшүрүүдө жана коштоп жүрүүдө;
- мамлекеттин кызыкчылыгын жана анын чек араларын коргоо жана кайтаруу үчүн тартылган ок атуучу куралды жана күжүрмөн техниканы колдонууда;
- адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген табигый кырсыктарда жана башка өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүүдө;
- издөө-куткаруу жана көчүрүү иштерин өткөрүүдө;
- шашылыш ыкчам (пландалбаган) тапшырмаларды аткарууда.
§ 2. Аба мейкиндигин колдонууга уруксат берүү
29. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонууга, АКУ ББ аба мейкиндигин колдонууга уруксат алгандан кийин гана жол берилет.
Аба мейкиндигин колдонууга суроо-талап жана уруксат берүүнүн тартиби ушул Нускамага № 3 тиркемеде көрсөтүлгөн.
30. Ушул Нускаманын 28-пункттунда көрсөтүлгөн учурларда, аба мейкиндигин колдонууга уруксатты министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери аныктаган кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча Генералдык штабдын чечиминин негизинде АКУ ББ аскердик сектору токтоосуз берет.
§ 3. Чек ара тилкесиндеги аба мейкиндигин колдонуу
31. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде мамлекеттик чек арасын бойлой чек ара чөлкөмү жана чек ара тилкеси белгиленет (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек аралык режимди белгилөө жөнүндө жобонун негизинде).
32. Чек ара тилкесиндеги аба мейкиндигин колдонууга байланышкан иштин бардык түрлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо боюнча тапшырманы аткаруучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тиешелүү органдарын кабарландыруу менен АКУ ББ аскердик секторунун уруксаты менен аткарылат.
33. Чек ара тилкесиндеги аба мейкиндигин колдонууга ушул Нускаманын 28- пунктунда көрсөтүлгөн учурларда жол берилет, ошондой эле:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүү менен аба кемелеринин санкцияланган эл аралык учууларын аткарууда;
- КР КК АККК бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгын контролдоо, радиолокациялык каражаттарды, радио техникалык каражаттарды жана учууларды камсыздоо тутумдарын айланып учуу үчүн, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын планы боюнча аскерлердин күжүрмөн даярдыгын текшерүү жана өркүндөтүү максатында Куралдуу Күчтөрдүн авиациясынын аба кемелеринин учууларын аткарууда;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо боюнча тапшырманы аткаруучу Мамлекеттик чек ара кызматынын авиациясынын учууларын аткарууда;
- белгиленген маршрутта авиациялык жумуштарды, жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жеткирүү максатында аба кемелеринин учууларын аткарууда.
34. Ушул Нускаманын 33-пунктунда көрсөтүлгөн ишке КР КК ГШ уруксаты менен жол берилет жана АКУ ББ аскердик сектору тарабынан камсыздалат.
35. Учуу планын көрсөтпөстөн, аба мейкиндигин колдонууга уруксаты жок жана аба кемесинин экипажынын аба кыймылын тейлөө органдары менен эки тараптуу радио байланыш жок чек ара тилкесинде аба кемесинин учууларын аткарууга тыюу салынат.
36. Аба кемелеринин экипаждары, АКУ органдары, абадагы кыймылды башкаруучу аскердик пункттар милдеттүү түрдө АКУ ББ аскердик секторуна чек ара тилкесиндеги аянтчаларда аба кемелеринин болуусу жөнүндө аба кемесинин турган жерин көрсөтүү менен маалымдоого милдеттүү.
5. Эл аралык учуулар
37. Чет элдик аба кемелерин аба трассаларынан тышкары аткарылуучу же эл аралык учуулар үчүн ачык эмес аэродромдорго бир жолку учууларына атайын уруксаттарды Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана жарандык авиация органдарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги берет.
Учууларына суроо-талаптар жана алардын негиздемеси чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн келип түшкөн чет элдик аба кемелерине Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуусуна баш тартуу учурлары жөнүндө, АКУ ББ мындай өкүлчүлүктөрдү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу билдирет.
38. Чет элдик аба кемелеринин учуулары Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде эл аралык аба трассаларынан тышкары, аба жолдору жөнүндө макулдашууларда каралбаган маршруттар боюнча жүргүзүлгөн учурда, ошондой эле эл аралык учуулар үчүн ачык эмес ички аэродромдорго учууларда, көрсөтүлгөн аба кемесинин бортунда лидировщик (Кыргыз Республикасынын авиациялык ведомстволорунун биринин учкучтар курамынын адамы) болушу керек.
6. Кыргыз Республикасынын малекеттик чек арасын кесип өтүү
39. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын, эл аралык учууларды аткарган аба кемелеринин кесип өтүүсү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын учуп өтүүчү аба коридорлору жана эл аралык аба трассалары аркылуу жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын аба кемелеринин кесип өтүүсүнө керектүү маалыматтар жана учуу тартиби аэронавигациялык документтерде жарыяланат.
40. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын эл аралык учууларды аткарган аба кемелеринин белгиленген аба коридорлорунан тышкары кесип өтүүсүнө, КР КК ГШ атайын уруксаты боюнча гана жол берилет.
41. Кырсыкка учураган аба жана суу кемелеринин жүргүнчүлөрүн жана экипаждарын издөө жана жардам көрсөтүү максатында, ошондой эле табигый кырсыктарда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын чет элдик аба кемелеринин кесип өтүүсүнө уруксатты КР КК АККК бөлүкчөлөрүн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо боюнча тапшырманы аткаруучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын органдарын кабарландыруу менен АКУ ББ берет.
42. Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттин абадагы кыймылды тейлөө органдарынын ортосунда жердеги түз байланыш каналы болгондо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө уруксатты, аба кемелеринин экипажы алар түздөн-түз башкаруусунда болгон аба кыймылын тейлөө органынан алышат.
43. Аба кемесинин экипажы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө, Кыргыз Республикасынын тийиштүү аба кыймылын тейлөө органдарынан аба мейкиндигине кирүүгө уруксат суроого милдеттүү.
Бул учурда экипаж өзүнүн чакыруучу атын (рейстин номерин), турган жерин, учуу эшелонун (бийиктигин), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө эсептик убакытты, зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонууга берилген уруксат номерин көрсөтөт.
44. Эгер аба кемеси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өткөндөн кийин учуусун уланта албай калса, кайра Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан учуп өтүү, ошол эле аба трассасы (коридору, багыты) аркылуу аба кыймылын тейлөө органынын уруксаты менен аткарылат.
Кыргыз Республикасынын абадагы кыймылды тейлөө органы, аба кемесине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайра кесип өтүүгө уруксат берүү менен токтосуз АКУ ББ аскердик секторуна жана чектеш мамлекеттин абадагы кыймылды тейлөө органдарына билдирет.
45. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын аба кемелеринин радио байланышсыз кесип өтүүсүнө, учуу убагында радио байланыш бузулуп, бирок экипаж Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө уруксатты учуу убагында, ушул окуя болгонго чейин алган учурдан тышкары тыюу салынат.
46. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгиленген эрежелерди бузуп кесип өткөн (кесип өтүүчү) аба кемелери жана башка учуучу аппараттар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын бузуучу-аба кемеси деп табылат жана бул учуучу аппараттарга карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын аба мейкиндигин кайтарууга тартылган КР КК АККК бөлүкчөлөрү таануу жана коштоо чараларын көрөт. Аскер авиациясынын аба кыймылын тейлөө органы бузуу себептерин билүүгө жана кийинки аракеттерге көрсөтмө берүү максатында, бузуучу-аба кемесинин экипажы менен байланышууга чараларды көрөт.
47. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча тапшырманы аткаруучу Мамлекеттик чек ара кызматынын курал-жарагы жана күжүрмөн техникалары, бузуучу-аба кемесине карата колдонууга ачык эскертүү берилгенден кийин, экипаж радио буйруктарды жана көрмө ишарат белгилерин алууда, аларды аткаруудан баш тартса жана мамлекеттин эгемендигин бузууга, абадагы кыймылдын коопсуздугуна жана элдердин өмүрүнө коркунуч келтирүүгө алып келген аракеттерди улантса колдонулат.
48. Эгерде аба кемеси бардык белгилер менен жарандык аба кемеси деп таанылса, анда аны жок кылууга курал колдонулбайт.
7. Калктуу конуштардын, мамлекеттик коруктардын үстүндө учууларды
көрсөтүүдө жана үндүн ылдамдыгынан жогорку ылдамдыкта учууларда аба мейкиндигин колдонуу
49. Авиациялык жумуштарды аткарууда, парашют менен секирүүдө, байланма аэростаттарды көтөрүүдө, дирижаблдардын, дельтапландардын жана парапландардын калктуу конуштардын үстүнөн учуусу, аба мейкиндигин колдонуучуларда Кыргыз Республикасынын Абадагы кыймылды уюштуруунун башкы борборунун уруксаты болгондо аткарылат.
50. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын кургактык же суу аймактарынын үстүндөгү аба мейкиндигин 28-пунктта көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, учуу эшелонунан 60 (1850м) төмөн анык бийиктикте, Кыргыз Республикасынын коруктарынын жетекчилиги же курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча орган менен макулдашупастан колдонууга тыюу салынат.
51. Аба кемелеринин үндүн ылдамдыгынан жогорку ылдамдыкта учуусунда аба мейкиндигин 370 (11300м) учуу эшелонунда жана андан жогору, андан төмөн – атайын чөлкөмдөрдө колдонууга уруксат берилет.
52. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча орган жаңы түзүлгөн коруктар жөнүндөгү керектүү маалыматтарды КР КК ГШ жана ЖАО берип турат.
8. Полигондордун, жардыруу иштеринин, мөндүргө
каршы атуу райондорунун аба мейкиндигин колдонуу
53. Полигондор райондорунун аба мейкиндигин колдонуу, аба кемесинин учуусунун коопсуздугун камсыздоо үчүн АКУ аскердик органынын уруксаты менен жүзөгө ашырылат.
54. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасына жакын мөндүргө каршы атуу райондорунун аба мейкиндигин колдонуу, тийиштүү өкмөттөр аралык макулдашуулардын негизинде иштелип чыккан, Мөндүргө каршы атуунун көрсөтүлгөн райондорунда учууларды аткаруу боюнча нускамага ылайык жүзөгө ашырылат.
55. Авиациялык полигондордо ок атуу, ракета учуруу, десант таштоо тартиби Кыргыз Республикасынын Генералдык штабы бекиткен Авиациялык полигондордо учууларды аткаруу боюнча нускамада белгиленет.
56. КР АКУ ББ жана кызыктар уюмдар менен алдын ала макулдашылган, полигондордун, жардыруу иштеринин, мөндүргө каршы атуулардын райондорунун чек аралары, иштин бул түрлөрүн ишке ашырууда колдонулуучу максималдуу бийиктиктер, аталган ишти башкаруу пункттарынын жайгашуусу, ошонжой эле аба мейкиндигин коопсуз колдонууну камсыздоо үчүн башка маалыматтар көрсөтүлгөн карта макулдашууга жана бекитүүгө сунушталат.
57. Аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун камсыздоо максатында, абадагы кыймылды тейлөөнүн тийиштүү органы менен полигондорду, жардыруу иштерин жана мөндүргө каршы атууну башкаруу пункттарынын ортосунда эки тараптуу ыкчам байланыш уюштурулушу керек. Ушундай телефон, радиотелефон, телеграф байланыштарын уюштуруу үчүн жооптуу болуп аба мейкиндигин колдонуучулар эсептелет, алардын кызыкчылыгында райондор белгиленет.
58. Ракеталарды учурууга, ок атууга, жардыруу иштерин, гидрометеорологиялык процесстерге активдүү таасир этүү жумуштарын жүргүзүүгө, ж.б. жооптуу кызмат адамдары алар үчүн белгиленген райондордо аба мейкиндигине көрүнө же радиолокациялык байкоолорду уюштурат. Көрсөтүлгөн райондордо аба кемелери байкалган учурда аткарылып жаткан иш токтотулат.
59. Учкучу жок учуучу аппараттарды (мындан ары – УЖУА) учурууда аба мейкиндигин колдонуу КР КК ГШдан Кыргыз Республикасынын ЖАО жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен макулдашылган атайын уруксат алгандан кийин жүргүзүлөт.
10. Аба мейкиндигин колдонуу тартибин жана
учуулардын режимин сактоону контролдоо
60. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуу тартибин жана учуулардын режимин сактоону контролдоону Кыргыз Республикасынын абадагы кыймылды тейлөө органдары жана АККК бөлүкчөлөрү жүзөгө ашырат.
61. Кыргыз Республикасынын абадагы кыймылды тейлөө органдары аба мейкиндигин колдонуу тартибин жана учуулардын режимин контролдоону пландаштыруу, координациялоо жана абадагы кыймылды түздөн-түз башкаруу процесстеринде учуулардын режимин сактоону контролдоону жүзөгө ашырат.
КР КК АККК командачылыгы аба мейкиндигин колдонуу тартибин сактоону контролдоону аба кемелерин радиолокациялык таануу процесстеринде жүзөгө ашырат. Радиолокациялык таануу аба кемелерин учуу убагында таануунун негизги ыкмасы болуп эсептелет, аба кыймылын башкаруу органдарынын маалыматтары бул максаттар үчүн кошумча маалымат катары гана колдонулат.
КР КК АККК төмөнкүлөр жүктөлөт:
- чек ара тилкесинде аба кемелеринин учуусуна КР КК АККК бөлүктөрүнүн кезметчи каражаттарынын радиолокациялык контролу;
- бардык аба кемелеринин кыймылын радиолокациялык контролдоо жана АКУ ББ аскердик секторуна радиолокациялык өткөрүүлөрдүн маалыматтарын берүү;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын бузууну алдын алууга жана жарандык авиациянын ишине санкцияланбаган кийлигишүүгө жол бербөөгө керектүү чараларды көрүү;
- ушул Нускамада каралган сигналдарды берүү менен абадагы жагдайды тактоо үчүн аба кемелеринин учууларын убактылуу токтотуу, бузууларды токтотуу үчүн конууга аргасыз кылууга чейинки тийиштүү чараларды көрүү.
62. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кемелеринин контролдук бута катары учуусу радиолокациялык таануу кодун өчүрүү менен жүзөгө ашырылат.
63. КР КК АККК бөлүктөрү таанылбаган буталарды байкаганда, байкалган бута контролдук бута болушуна бышыктоо жоопкерчилиги машыгууларды (текшерүүлөрдү) өткөргөн жетекчилерге жүктөлөт.
64. КР КК АККК командалык пункттары абадагы кыймылды контролдоону жана тиешелүү уюштуруу жана абадагы кыймылды тейлөө борборлоруна аба кемелери жана башка төмөнкү материалдык объекттер жөнүндө маалыматтарды берүүнү камсыздайт:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын бузуучу же кесүүгө коркунуч келтирген;
- Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде таанылбаган аба кемелери жана башка материалдык объекттер;
- аба мейкиндигин колдонуу тартибин бузуучу;
- “Кырсык” сигналын берүүчү;
- литер “А” учууларын аткаруучу;
- контролдук буталар катары учууларды аткаруучу;
- издөө-куткаруу жумуштары үчүн учууларды аткаруучу
65. Авариялык абалда тургандыгы белгилүү болгон же болжолдонгон аба кемесине мыйзамсыз кийлигишүү актыларын кошуу менен жардам көрсөтүлөт жана конкреттүү жагдайга байланыштуу башка аба кемелерине салыштырмалуу артыкчылык берилет.
Аба кемеси авариялык абалда экендигин билдирүү үчүн, маалыматтарды берүү линиясынын жабдыгы жана экинчи обзордуу радиолокатордун (ЭОРЛ) кабыл алып жооп бергичи менен жабдылган аба кемеси, бул жабдыкты төмөндөгүдөй колдонот:
- А режиминде 7700 кодун,
- А режиминде 7500 кодун, мыйзамсыз кийлигишүү объекти болгондугун конкреттүү билдирүү үчүн.
- А режиминде 7600 кодун – радио байланышты жоготкондо.
66. Контролдук бута катары учууларды аткарган аба кемелери аба мейкиндигинде болгондо, абадагы жагдайды тактоо “Стрела” сигналы белгиленет. Бул сигнал боюнча бардык аба кемелери радиолокациялык таануу системасындагы кодду күйгүзөт.
“Стрела” сигналын берүү укугу КР КК АККК борбордук командалык пунктунун ыкчам кезметчисине жана машыгуулардын жетекчисине берилет.
67. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде таанылбаган аба буталары пайда болгондо, өзгөчө учурларда бузуучу-аба кемелери менен күрөшүү үчүн тартылган жана издөө-куткаруу кызматынын тапшырмасы боюнча учкан аба кемелеринен тышкары, бардык абада болгон аба кемелерин тезинен кондурууну же бул аймактан чыгарууну талап кылган “Ковер” сигналы берилет.
“Ковер” сигналын берүү укугу АКУ ББ аскердик сектору аркылуу берүү КР КК АККК командачысына берилет.
68. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуу тартибин бузууларга төмөнкүлөр кирет:
1) суроо-талапсыз, ырааттамадан (графиктен) тышкары, эрте же суроо-талаптын мөөнөтү бүткөндө аткарылуучу, ушул Нускаманын 30-пунктунда көрсөтүлгөн иш;
2) Тиешелүү АКБ органынын уруксатысыз аба мейкиндигин колдонуу;
3) Мамлекеттик радиолокациялык таануу системасынын суроо-талабына жооп бербей аба кемесинин учушу, төмөнкү аба кемелеринен тышкары:
- мамлекеттик радиолокациялык таануу аппаратурасы каралбаган;
- чет мамлекеттердин аэродромдорунан, ошондой эле экипаждын командиринин доклады боюнча аппаратураларды оңдоого мүмкүн болбогон барууга кыйын болгон аймактарда жайгашкан аэродромдордон (конуу аянттарынан) мамлекеттик радиолокациялык таануунун бузук аппаратурасы менен учуп чыккан;
- контролдук буталар катары учууларды аткарган;
- КР КК АККК бөлүктөрүнүн же абадагы кыймылды тейлөө органдарынын радиотехникалык каражаттары менен таанылган, мамлекеттик радиолокациялык таануу жабдыгы учуу убагында бузулган (чек ара тилкесинде учууна аткарып жаткан аба кемелеринен башкасы).;
4) Аба кемелеринин саны табыштамада көрсөтүлгөндөн көп болгон топтун учушу;
5) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын учуп өтүү тартибин сактабоо;
6) Чек ара тилкесинин аба мейкиндигин колдонуу тартибин сактабоо.
7) Белгиленген убактылуу, жергиликтүү режимдерди жана кыска убакытка чектөөлөрдү сактабоо;
8) Аба кемелеринин тыюу салынган, чектөө киргизилген же коркунучтуу чөлкөмдөрдү атайын уруксаты жок учуп өтүүсү;
9) Аба кемесинин пландаштырылбаган (табыштама берилбеген) аэродромго конуусу, аргасыз конуу же пландалбаган запастык аэродромдорго кетүү учурларынан башкасы;
10) Аба кемелеринин учуу режимин сактабоосу:
- тигинен, түзүнөн, капталынан эшелондоо эрежесин бузуу;
- абадагы кыймылды башкаруу органдарынын уруксатысыз, аба трассаларынын жана ички аба линияларынын чек араларынан тышкары четтөө, учуу коопсуздугуна жана элдердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү учурларынан тышкары;
11) Абадагы кыймылды тейлөөнүн ыйгарым укуктуу органы берген аба мейкиндигин колдонуу боюнча шарттарды аткарбоо.
69. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуу тартибин бузууга жол берген аба кемеси, бузуучу-аба кемеси болуп таанылат. Тиешелүү уруксаты жана санкцияланган негиздери жок аба кемесинин аба мейкиндигин бузуусуна Куралдуу Күчтөрдүн кезметчи күчтөрүнүн жана каражаттарынын жооп кайтаруусу үчүн “Режим” сигналы берилет.
“Режим” сигналын берүү укугу АКУ ББ аскердик секторуна берилет, алар аба кемеси түздөн-түз башкаруусунда болгон тиешелүү абадагы кыймылды тейлөө органына, башкаруу пунктуна бузуунун убактысын, жерин жана мүнөзүн көрсөтүү менен режимди белгилөө жөнүндө тезинен билдирүүгө милдеттүү.
Бузуучу-аба кемеси түздөн-түз башкаруусунда болгон абадагы кыймылды тейлөө органдары жана башкаруу пункттары тезинен АКУ ББ аскердик секторуна билдирет.
АКУ ББ КР КК АККК БКП ыкчам кезметчисине жана КР КК БШ ыкчам кезметчисине бузууларды билдирет.
70. Абадагы кыймылды башкаруу органдары тарабынан берилген командаларды бузуучу-аба кемеси аткарбаган учурда, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын чечими менен конууга аргасыз кылуучу каражаттар колдонулат. Аба мейкиндигинде жарандык аба кемелерин колго түшүрүү “Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери “КРАЭ-2 “Учуу эрежелери”, “Жарандык аба кемелерин колго түшүрүү” (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 токтому менен бекитилген) 2-тиркемесине ылайык аткарылат.
71. Чек ара тилкесинде учууда белгиленген аба трассасынан, ички аба линиясынан же маршруттун огунан аргасыз четтөө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан анын аймакгынын тереңдигине аткарылат.
Учуу коопсуздугуна, элдердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген учурларда жол берилиши мүмкүн.
72. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учууларды аткарган бузуучу-аба кемесин кондуруу жөнүндө чечимди КР КК ГШ кабыл алат.
73. Конгондон жана бузуу себептерин иликтегенден кийин, бузуучу-аба кемесинин учууну улантуусуна АКУ ББ аскердик сектору жарандык авиация органы менен макулдашуу боюнча уруксат берет.
74. Учуу убагында мамлекеттик радиолокациялык таануу системасы бузулган, таанылган аба кемелерине дайындалган аэродромго жеткенче учууну улантууга уруксат берилет.
75. Кыргыз Республикасынын абадагы кыймылды тейлөө борборлору, ай сайын аба мейкиндигин колдонуунун тартибин жана эрежелерин бузуу боюнча маалыматтарды АКУ ББ жана жарандык авиация органына берет.
76. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуу тартиби бузулган ар бир учурда териштирүү жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын
Коргоо министрлигинин
2015-жылдын 15-07 № 1
буйругу менен бекитилген
(20-п.) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда абадагы кыймылды тейлөө жана аба мейкиндигин колдонуу тартиби жөнүндө нускамага
1-тиркеме
Аба мейкиндигин колдонууга чектөөлөрдү иштеп чыгуу
жана колдонууга киргизүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Аба мейкиндигин колдонууну атайын уюштуруу аталган райондо аскердик авиациянын АКУ органы тарабынан убактылуу, жергиликтүү режимди же кыска убакытка чектөөлөрдү киргизүү жолу менен ишмердикке тыюу салууну же чектөөнү түшүндүрөт.
2. Убактылуу режимди КР ВС КР эки суткага чейин Кыргыз Республикасынын аба кыймылын тейлөө органдарынын учуу маалыматтары менен чектелген аба мейкиндигинде белгилейт, зарыл учурларда аба мейкиндигин колдонуу ишмердигине тыюу салуу же аба трассаларында жана жарандык авиациянын аэродромдорунун аймагында чектөө киргизүү менен төмөнкү учурларда:
- литер “А” аба кемелеринин учуусу;
- издөө-куткаруу иштерин өткөрүүдө, аба кемелеринин (топтордун) учууларынын тигинен жана узунунан келген тегиздиктеги манёврлорунда, машыгуулар өткөрүлүп жаткан аймактарда, аба парадында жана жаңы авиациялык техниканы көрсөтүүдө жана башка учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү ишмердикте (жарык, радио, электромагниттик нурлануулар);
- авиациялык техниканы) жана ракеталарды сыноо (изилдөө) үчүн учуулар, рекорд коюу үчүн учуулар, АККК каражаттарынын күжүрмөн даярдыгын текшерүү үчүн, атайын келишимдерди (эл аралык) камсыздоо үчүн учуулар, аэростаттардын учууларында.
3. Жергиликтүү режимдерди КР КК ГШ эки суткага чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы менен чектелген аба мейкиндигине белгилейт. Жергиликтүү режми эл аралык трассаларга жана биринчи категориядагы ички аба линияларына, эл аралык статусу бар аэродромдордун аймагына жайылтылбайт.
4. Кыска убакытка чектөөлөр АКУ ББ аскердик секторунун башчысы тарабынан аба мейкиндигин колдонуунун суткалык планын координациялоо жана камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын бардык аба трассаларында, анын ичинде эл аралык жана башка аэропорттордун аймагында эки саатка чейин белгиленет.
5. Белгиленген убактылуу режимдердин, жергиликтүү режимдердин жана кыска убакытка чектөөлөрдүн сакталышын контролдоону, аба мейкиндигин колдонуучуларга аларды жеткирген абадагы кыймылды пландаштыруу жана уюштуруу органдары жүзөгө ашырат.
6. Убактылуу (жергиликтүү) режимдерди камсыздоого даярдык жөнүндө, тиешелүү жоопкерчилик райондорунун учуулардын жетекчилери баш ийүү тартибине ылайык АКУ ББ аскердик секторуна аларды колдонууга киргизгенге чейин 3 сааттан кеч эмес билдирет.
7. Аба мейкиндигин колдонууга байланышкан, камсыздоо үчүн режимдер белгиленген ишмердикти тиешелүү органдардан аларды камсыздоого даярдыгы жөнүндө тастыктоо алмайынча баштоого тыюу салынат.
2. Убактылуу жана жергиликтүү режимдерди белгилөөгө
сунуштамаларды даярдоо тартиби
8. Литер “А” аба кемелеринин учууларын камсыздоого убактылуу режимдерди белгилөө үчүн сунуштамада аба мейкиндиги төмөнкүдөй бөлүнөт:
а) Радиолокациялык контроль бар болгондо:
- Кыргыз Республикасынын аба трассаларынын жантыгынан учуу участокторунда, I категориядагы ички аба линияларында жана андан тышкаркы маршруттарда бир учуу эшелону маршруттун огунан эки тарапка тең 25 км чейин кеңдиктеги тилкеде жана аба кемесинин ар бир учуп өтүү участогунда 10 минут учуп өткөнгө чейин жана 10 минут учуп өткөндөн кийин;
- бийиктикке көтөрүлүү жана төмөндөө участокторунда - тигинен тегиздикте: эшелондон (учуу бийиктигинен) аэродромдун коридоруна (районго) кирүү бийиктигине чейин төмөндөөдө минус (600м) 2000 фут, ал эми бийиктикке көтөрүлүүдө – аэродромдун коридорунан (райондон) чыгуу бийиктигинен учуу эшелонуна (бийиктигинен минус (600) 2000 фут;
- районго кирүү (чыгуу) коридорлорунда, коридордун огунун эки тарабына 10 км боюнча жана аба кемеси менен коридордун участогун учуп өткөнгө чейин жана учуп өткөндөн кийин 10 минут;
тигинен тегиздикте:
- коридорго кирүү бийиктигинен төмөндөөдө плюс (600 м) 2000 фут жана коридордон чыгуу бийиктигине чейин минус (600 м) 2000 фут;
- коридорго чыгуу бийиктигинен минус (600 м) 2000 фут жана коридордон чыгуу бийиктигине чейин плюс (600 м) 2000 фут;
- конууга кирүү багыттарынын ыкымында жана учкандан кийин багыттын огунун эки тарабына 10 км жана аба кемеси ушул багытт учуп өткөнгө чейин жана учуп өткөндөн кийин, тигинен тегиздикте – коридордон чыгуу (кирүү) бийиктигинен плюс (600 м) 2000 фут жана нөлгө чейин.
б) радиолокациялык контроль жок болгондо:
- көрсөтүлгөн учуу эшелондорунда багыттын огунун эки тарабынан 50 км жана анын участокторунда аба кемесинин учуп өтүшүнө 15 минут калганда жана 15 минут учуп өткөндөн кийин;
в) көрүнөө учуу эрежелери боюнча төмөнкү учуу баскычынан төмөн бийиктикте учууну аткарууда тигинен тегиздикте пландаштырылган бийиктиктен 1000 фут (300 м), ал эми жантыгынан тегиздикте багыттын огунун эки тарабынан 10 км жана анын участокторунда аба кемесинин учуп өтүшүнө 10 минут калганда жана 10 минут учуп өткөндөн кийин;
г) кээ бир учурларда ЖАО сунушу менен литер “А” аба кемесинин учуусун камсыздоо үчүн эки тосмо жана экөөнүн ортосунда жайгашкан бир коштоочу учуу эшелон бөлүнөт.
9. Убактылуу режим, жергиликтүү режим жана кыска убакытка чектөөлөр төмөнкүдөй белгиленет:
- кызыкчылыгы үчүн тиешелүү чектөөлөр киргизилген аба мейкиндигин колдонуучулардын ишмердигинен тышкары, аба мейкиндигин колдонууга байланышкан ишмердикке толук тыюу салуу менен;
- аба мейкиндигин колдонууга байланышкан ишмердикке жарым-жартылай тыюу салуу менен, анда башка аба мейкиндигин колдонуучулардын ишмердигине белгиленген шарттарда уруксат берилет.
10. Убактылуу режим, жергиликтүү режим жана кыска убакытка чектөөлөр колдонулган райондордун чек аралары башка аба мейкиндигин колдонуучулардын аба мейкиндигин колдонуусуна минималдуу мүмкүн болгон чектөөлөрдө белгиленет.
11. Убактылуу режим, жергиликтүү режим жана кыска убакытка чектөөлөр колдонулган райондордун чек араларын аныктоодо, аба кемелеринин экипаждары учууларды аткарууда жол берген максималдуу четтөөлөр же эшелондоо эрежелерин эске алуу менен материалдык объекттердин эсептелген учуу траекторясынан мүмкүн болгон максималдуу четтөөлөрү эске алынышы керек.
12. Убактылуу режимдерди белгилөөгө сунуштамаларды, жарандык авиация органы менен милдеттүү түрдө алдын ала макулдашуу менен аба мейкиндигин колдонуучулар иштеп чыгат.
13. Убактылуу режим, жергиликтүү режим жана кыска убакытка чектөөлөр “Ч” убактысы боюнча белгиленбейт.
14. Аба мейкиндигин колдонууга байланышкан ишмердикке жарым-жартылай тыюу салуу менен убактылуу режим белгиленген райондордо, аба кемелеринин учуусу үчүн төмөнкүлөр бөлүнүп берилет:
- аба трассаларында экиден чектеш эшелондор, ар бир диапазондордон: учуу эшелонунан 270-400 (8250-12200 м);
- эл аралык аба трассаларында диапазондо эки чектеш милдеттүү түрдө эки жуп чектеш эшелондор: учуу эшелону 300-400 (9150 – 12200 м).
15. Аба кемелеринин регулярдуу эл аралык учуулар аткарылган аэродромдордун райондорунда убактылуу режимди белгилөөдө, радиусу 50 км болгон аба мейкиндиги бөлүнөт, ал регулярдуу эл аралык учууларды аткарган аэродромдорго кирүүчү аба трассалары боюнча учуулар үчүн убактылуу режим колдонулган райондо бөлүнгөн жогорку эшелондун бийиктигинде тигинен жана аба трассаларына кирүүдө (чыгууда) бийиктик алуу (төмөндөтүү) үчүн участоктун мүмкүнчүлүгү боюнча чектелет.
16. Регулярдуу эл аралык учууларды аткарган жарандык аэродромдордун райондоур аркылуу 100 (3050 м) эшелондон 50 км радиуста жана абадагы кыймылдын коопсуздугун сактоо максатында андан төмөн аба кемелеринин учуулары өзгөчө учурларда аткарылат жана төмөнкүдөй камсыздалат:
а) аба кемелерин кабыл алууга жана чыгарууга толук тыюу салуу менен, ушул мезгилге белгиленген ырааттама боюнча рейстер кыйла аз келген мезгилде жакшы болот;
б) төмөнкү учурларда аба кемелерин кабыл алууга жана чыгарууга бат-бат чектөөлөр менен:
- учуулар биргелешип жайгашкан аэродромдордон же бир аэродромдун түйүнүнө кирүүчү аэродромдордон жүргүзүлөт жана аэродромдун (аэротүйүн) районунда учууларды жүргүзүү боюнча нускамада аныкталган схемаларга ылайык аткарылат, мында белгиленген режимдер боюнча аба кемелеринин учууларына артыкчылык берилет;
- бул райондо күжүрмөн авиациянын учуп өтүү шарттарын АКУ ББ аскердик сектору өз убагында иштеп чыгат.
17. Күжүрмөн авиациянын учуулары радиусу 30 км келген аэродромдордун району аркылуу учуп өтүүсү 110 (3350 м) эшелондордо жана андан жогору, бул аэропорттордо аба кемелерин кабыл алууга жана чыгарууга тыюу салуусуз камсыздалат. Бул учурларда учуу маршрутунун участогу, убакыты жана эшелону, режимди белгилөөгө сунуштамада көрсөтүлөт.
18. Эл аралык аэропорттордун райондору аркылуу, 50 км жана 100 (3050 м) төмөн радиуста күжүрмөн авиациянын учуп өтүүсү бул аэродромдордун учуу жана конуу курстарын кеспей өтүү менен аткарылат.
19. Аба кемелеринин маршруту (анын ичинде контролдук буталар) боюнча учууларды камсыздоо үчүн убактылуу режимди, жергиликтүү режимди жана кыска убакытка чектөөлөрдү белгилөөдө төмөнкү чекте аба мейкиндиги бөлүнөт:
а) жантыгынан:
- аз жана өтө аз бийиктиктерде – 10 км чейин кеңдикте (маршруттун огунан эки тарабына 5 км);
- орточо бийиктиктерде – 20 км чейин кеңдикте (маршруттун огунан эки тарабына 10 км);
- стратосферада, чоң бийиктиктерде, ачык деңиздин үстүндө радиолокациялык көрүнүштөн сырткары жээк чегинде – 40 км чейин кеңдикте (багыттын огунан эки тарабына 20 км).
б) тигинен:
- коюлган тапшырмаларды аткаруу, учуу бийиктигин сактоодо аба кемелеринин ченемдик четтөөлөрүн эске алуу менен учуу тартибинин түзүлүшүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн керектүү эшелондордун минималдуу саны.
Чоң аба мейкиндигин бөлүү зарылчылыгы режимди белгилөөгө сунуштамада негизделет.
20. Колго түшүрүүчү-учактарга абадагы кезметти чөлкөмдөрүн жана контролдук буталарды колго түшүрүү ыкымдарын эске алуу менен жантыгынан жана тигинен тегиздиктерде режим колдонулган райондордун чек аралары белгиленет. Бийиктик алуу үчүн бөлүнгөн райондордо учууларга, кайтууга жана конууга төмөндөөгө режим белгиленбейт. Мында учуулардын коопсуздугун истребитель - колго түшүрүүчүлөрдү түздөн-түз башкарууну жүзөгө ашырган командалык пункт камсыздайт.
21. Авиациялык бөлүктөрдүн командалык пункттары контролдук буталарды колго түшүрүү үчүн истребитель-колго түшүрүүчүнү көтөрүүдө, АКУ ББ аскердик секторуна учуу курсун билдирет жана буталарды колго түшүрүү үчүн ыкымды аткарууга бийиктик диапазондорун жана районун тактайт. АКУ райондук борборлору белгиленген режимдерге ылайык эшелондорду бөлөт жана колго түшүрүү райондорундагы абадагы абалдын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берет.
22. Жалгыз аба кемелеринин жана тобунун учуу маршрутундагы убактылуу режимдерди, жергиликтүү режимдерди жана кыска убакытка чектөөлөрдү колдонуу башталган жана аяктаган убакыт жана узактыгы аба трассаларынан жана ички аба линияларынан алыстоону эске алуу менен маршруттун ар бир участогу үчүн аныкталат.
23. Жигердүү жана жигерсиз тоскоолдуктарды коюу маршруттарынын району жана участоктору, аба кемелеринин аба трассасында, ички аба линияларда жана аэродромдордун райондорунда учууларынын коопсуздугун камсыздоону эске алуу менен тандалат.
Убактылуу режимдерге сунуштамалардын текстинде, ушул сунуштамаларга карта-тиркемелерде, ошондой эле учууларга суроо-талаптардын “кошумча маалымат” бөлүгүндө маршруттардын чөлкөмдөрү же участоктору, аларга тиешелүү убакыт, тоскоолдуктарды тийгизүүгө мүмкүн болгон (сантиметрлик, дециметрлик, метрлик) радиолокациялык каражаттарга жигердүү, жигерсиз же айкалышкан тоскоолдуктарды коюу толкундарынын бийиктиктери жана диапазондору өзүнчө көрсөтүлөт.
Радиолокациялык каражаттарга тоскоолдуктарды түзүү боюнча маалыматтар, убактылуу режимдин маалыматтары менен бирге белгиленген тартипте АКУ жарандык борборлоруна тийиштүү бөлүгү жеткирилет.
24. Учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларда, КР АКУ ББ аскердик сектору тоскоолдуктарды коюуну токтотууга же тоскоолдуктарды коюучу учактын бортуна команда берүү менен чара колдонууга милдеттүү.
25. Убактылуу режимди, жергиликтүү режимди, кыска убакытка чектөөлөрдү белгилөөнү талап кылган аба мейкиндигин колдонуу боюнча ишмердикти дайыма жүзөгө ашырууда туруктуу номер берилген чөлкөмдөр белгилениши мүмкүн. Мындай чөлкөмдөргө убактылуу режимди, жергиликтүү режимди жана кыска убакытка чектөөлөрдү белгилөөгө сунуштамада чөлкөмдүн номери, убакыты жана учууларга тыюу салынган бийиктиктердин диапазону көрсөтүлөт.
26. Убактылуу режимди, жергиликтүү режимди жана кыска убакытка чектөөлөрдү киргизүүгө сунуштамада, аба мейкиндигин колдонууга байланышкан ишмердиктин мүнөзүнө жараша төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) өткөрүү күнү (эки күндөн көп эмес жана эки резервдик күн), өткөрүлчү иш- чаранын мүнөзү (машыгуулар, сыноолор, ракета учуруу);
б) убактылуу режим колдонулган районду белгилөөдө:
- багыт алуучу калктуу пункттарды жана башка географиялык чекиттерди көрсөтүп, географиялык координаталарды сапаттоо менен, убактылуу режим колдонулган райондордун чек аралары;
- режимди колдонуу башталган жана аяктаган убакыт (бүткүл дүйнөлүк координацияланган убакыт менен);
- аба трассалары боюнча жана жарандык авиациянын аэродромдорунун райондорунда аба кемелеринин учуулары үчүн бөлүнгөн эшелондор;
- жарандык авиациянын аэродромдорунун райондорундагы чектөөлөр;
- машыгууларды өткөрүүдө өзгөчө учурларда учуулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн резервдик эшелон;
в) учуулардын маршруттарын белгилөөдө:
- аба кемелеринин убактылуу режим же жергиликтүү режим менен камсыздалуучу учуу маршруттарынын участоктору;
- аба кемелеринин саны жана тиби;
- чектөөлөрдүн тилкесинин кеңдиги;
- ар бир маршрут үчүн бөлүнүүчү эшелондор;
- маршрут участокторунда режимди же 10 минутадан көп эмес учуу тартибинин тереңдигине ээ болгон жалгыз же тобу менен аба кемелеринин кыймыл графигин колдонуу башталган жана аяктаган убакыт;
- көтөрүлүү жана төмөндөө чектери;
- радиолокациялык таануунун өчүрүлгөн системасы менен учуу маршрутунун участоктору;
- радио жана радиолокациялык каражаттарга тоскоолдуктарды түзүү участоктору;
- учуу тартибинин тереңдиги минуталарда (учуу тобунун алдында 30 минуталык же андан көп интервалда бара жаткан аба ырайын чалгындоочусу болсо, берилген суроо-талаптарга ылайык АКУ органдары тарабынан убактылуу режимди белгилебестен камсыздашы мүмкүн, бирок сунуштамада көрсөтүлөт);
- учуу тартибинде майда эшелондоо;
г) тыюу салынган чөлкөмдөрдү кесип өтүүгө уруксат берүү;
д) тоскоолдуктун таасирине кабылган, абадагы кыймылды башкаруучу радиолокациялык станциянын тиби;
е) бул режим жеткирилбеген органдар;
ж) режим жайылтылбаган аба кемелери жана аэродромдор;
з) машыгуулардын (иш-чаралардын) жетекчисинин кызмат орду, аты-жөнү жана аны менен байланышуу тартиби;
и) режимге сунуштама иштеп чыккан кызмат адамынын аты жөнү жана телефон номери.
27. Машыгууларды (иш-чараларды) камсыздоого байланышкан убактылуу (жергиликтүү) режимдерди белгилөө үчүн, өткөрүү учурунда аба кемелеринин (топторунун) бир убакта бир нече аэродромдордон учуусу пландаштырылса, бир нече маршруттарда учуулары же белгиленген аймакта тигинен жана жантыгынан тегиздикте ыкым менен аткарылса, сунуштамага ушул Тиркеменин 26-пунктунун “б” жана “в” пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар жана башка режимдерди белгилөөгө жана коюлган тапшырманы туура түшүнүп аткарууга көрсөтүлгөн маалыматтар киргизилген карталар тиркелет.
3. Убактылуу режимдерди жергиликтүү режимдерди жана кыска убакытка чектөөлөрдү белгилөөгө сунуштамаларды берүү тартиби
28. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, министрликтердин жана ведомстволордун ишмердиги менен байланышкан убактылуу режимдерди жана жергиликтүү режимдерди белгилөөгө сунуштамалар АКУ ББ жарандык секторуна ЖАО аркылуу берилет.
29. Ар түрдүү министрликтердин жана ведомстволордун бир нече ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын катышуусунда иш-чараларды өткөрүүдө, убактылуу режимге сунуштама иш-чараларды өткөрүү милдети жүктөлгөн орган тарабынан берилет.
30. АКУ бир райондук борборунда убактылуу режимдерди белгилөөгө сунуштама, ошол аймакта жайгашкан аба кыймылын уюштуруу боюнча аймактык борбору менен макулдашкандан кийин ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан берилет.
31. Жергиликтүү режимдерди белгилөөгө сунуштама АКУ ББ аскердик секторуна берилет.
32. Кыска убакытка чектөөлөрдү белгилөөгө сунуштама аба мейкиндигин колдонуу менен байланышкан ишмердикке суроо-талап болуп эсептелет.
33. Литер “А” аба кемелерин камсыздоо үчүн убактылуу режимдерди белгилөөгө сунуштама (кыймылдын графиги), улуттук авиа ташуучулардын өзгөчө учууларын уюштуруу кызматтары тарабынан, АКУ ББ жарандык сектору аркылуу АКУ ББ аскердик секторуна берилет.
34. АКУ ББ аскердик секторуна убактылуу режимдерди белгилөөгө сунуштама почта аркылуу, телеграммалар менен, төмөнкүдөй келип түшүүнү камсыздаган мөөнөттөрдө берилет:
а) КР КК ГШ планын негизинде аба мейкиндигин колдонууга байланышкан ишмердикти камсыздоо үчүн – режимдин колдонууга киришине чейин жети суткада;
б) өзгөчө учурларда ишмердикти камсыздоо үчүн КР КК АККК командачылыгынын көрсөтмөсү менен – режим колдонууга киргенге чейин эки күн калганда;
в) литер “А” аба кемелеринин учууларын камсыздоо үчүн – убактылуу режим колдонууга киргенге чейин жыйырма төрт саат калганда;
г) жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүүдө учууларды камсыздоо үчүн – режим колдонууга киргенге чейин үч саат калганда;
д) ушул пунктта көрсөтүлбөгөн башка ишмердиктерди камсыздоо үчүн – режим колдонууга киргенге чейин беш сутка калганда.
35. Жергиликтүү режимдерди белгилөөгө сунуштама АКУ ББ аскердик секторуна телеграммалар же почта аркылуу, режим колдонууга киргенге чейин эки суткадан кем эмес алардын келип түшүүсү камсыздалган мөөнөттө берилет.
36. Өзгөчө учурларда убактылуу режим, жергиликтүү режим жана кыска убакытка чектөөлөр, издөө-куткаруу иш-чараларына, табигый кырсыктарда жардам көрсөтүү үчүн аба кемелеринин учууларына, литер “А” аба кемелеринин учуусуна, аэростаттардын учушу менен байланышкан учурларда, режимге алдын-ала сунуштама бербестен АКУ ББ аскердик сектору тарабынан белгилениши мүмкүн. Бул учурларда иш- чараларды уюштуруучу жетекчилер, АКУ ББ аскердик сектору менен учуулардын аймагын, коопсуздугун камсыздоо үчүн шарттарын макулдашат. Бул убакта чектөөлөр АКУ ББ аскердик секторунун кезметчи сменасынын командасы менен киргизилип, жазуу түрүндө тастыкталат.
37. Өзгөчө учурларда КР КК ГШ тескемеси менен күжүрмөн даярдыкты капысынан текшерүүдө, күтүлбөгөн текшерүүгө жетишүү үчүн кыска убакытка чектөөлөр учууларга табыштамаларды бербестен белгилениши мүмкүн. Бул учурда чектөөлөрдү белгилөө үчүн керектүү маалыматтар, АКУ райондук борборлоруна жеткирилет. КР КК ГШ күжүрмөн даярдыкты күтүлбөгөн текшерүү чөлкөмүндө, убактылуу режимдерди белгилегенден кийин гана өткөрөт.
38. Бир эле учурларда иш-чараларды режимдер менен камсыздоо үчүн, эки же андан көп, жери жана убакыты дал келген сунуштамалар келсе, АКУ ББ аскердик секторунун смена башчысы, Кыргыз Республикасынын Аба кодекси менен белгиленген Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуудагы артыкчылыктарга ылайык жылдырууга укуктуу.
АКУ ББ иш-чараларды жылдыруу боюнча кабыл алынган чечимди, сунуштама берген штабдарга же ведомстволорго билдирет.
39. АКУ ББ режмдерди белгилөө үчүн, ушул Тиркеменин 35 жана 36-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч келип түшкөн сунуштамалар, ушул Эрежелердин талаптарына төп келбесе каралбайт жана режимдер белгиленбейт.
4. Убактылуу режим, жергиликтүү режим жана кыска убакытка
чектөөлөрдү иштеп чыгуу тартиби, жеткирүү жана алуу
40. Убактылуу режимдер АКУ ББ аскердик сектору АКУ ББ жарандык сектору менен бирге иштеп чыгат. Убактылуу режимдердин долбоорун иштеп чыгуу процессинде, АКУ ББ жарандык сектору аба трассалары, ички аба линиялары, жарандык авиациянын аэродромдорунун райондору үчүн бөлүнгөн аба мейкиндигин колдонуу тартиби жөнүндө сунуштарды даярдайт жана бул сунуштарды АКУ ББ аскердик секторуна берет.
41. АКУ ББ аскердик сектору бекиткен убактылуу же жергиликтүү режимдер АКУ ББ жарандык секторуна, КР КК АККК борбордук командалык пунктуна, иш-чараларды уюштуруучу аба мейкиндигин колдонуучуларга жеткирилет.
42. АКУ ББ аскердик сектору бекитилген убактылуу режимдин, жергиликтүү режимдин негизинде, аба мейкиндигин колдонууга тыюуларды жана чектөөлөрдү АКУ органдарынын жоопкерчиликтүү чөлкөмүнүн учуу маалыматтар аймактарында аныктайт.
43. АКУ ББ жарандык сектору аба трассасынын, ички аба линияларынын участокторунда, аэродромдордун жана авиациялык жумуштарды аткаруу аймагында тыюу салуу, аба трассаларына түздөлүш маршруттарын, айланып өтүү маршруттарын, кошумча учуу эшелондорун (бийиктик) бөлүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана жана бул сунуштарды аскердик секторго берет.
44. Убактылуу режимдердин, жергиликтүү режимдердин райондорун төмөнкү коопсуз эшелондун төмөнкү чек арасынан төмөн бийиктикте белгилөө учурларында, АКУ ББ аскердик сектору мындай райондордо аба мейкиндигин колдонууга суроо-талаптарды алгандан кийин, 600 фут (200 м) бийикке чейин райондордо авиациялык жумуштарды аткаруу мүмкүнчүлүгүн аныктайт.
45. АКУ ББ аскердик сектору Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонууга убактылуу, жергиликтүү режимдер жана кыска убакытка чектөөлөр боюнча тыюуларды АКУ ББ жарандык секторуна, авиациялык бөлүктөрдүн командалык пунктуна жана чектеш мамлекеттердин АКУ ББ аскердик секторлоруна жеткирет.
46. АКУ ББ жарандык сектору жана аэронавигациялык маалымат кызматы NOTAM каражаты же башка белгиленген маалымат менен аба мейкиндигин колдонуучуларга жана АКТ органдарына тыюуларды жана чектөөлөрдү жеткирет.
47. Аба мейкиндигин колдонууга коопсуздукту камсыздоо максатында, АКУ ББ аскердик сектору убактылуу жана жергиликтүү режимдердин долбоорлоруна убакыт, жери жана бийиктиги боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Ал жөнүндө сунуштама жиберген аба мейкиндигин колдонуучулар кабарланат.
48. Жарандык авиациянын аэродромдорунда аба кемелерин кабыл алууга жана чыгарууга тыюу салуу менен убактылуу режимди жылдыруу эки сааттан кем эмес убакытта аткарылат. Бул убакыт учуулардын төмөнкү ургаалдуулугунда же учуулар жок болгондо АКУ ББ жарандык сектору, аэродромдун учуулар жетекчисин менен макулдашып гана кыскартылышы мүмкүн.
49. Убактылуу режим, жергиликтүү режим жана кыска убакытка чектөөлөр АКУ ББ аскердик сектору тарабынан алынат. Алар белгиленген убакыт бүткөнгө чейин өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жетекчилеринин маалыматы менен алыныш мүмкүн.
50. Убактылуу же жергиликтүү режимдерди белгилөө пландаштырылган иш- чараларды өткөрүү мүмкүн болбогондо, сунуштама берүүчүлөр тезинен АКУ ББ аскердик секторуна аларды алуу же башка убакытка жылдыруу жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын
Коргоо министрлигинин
2015-жылдын 15-07 № 1
буйругу менен бекитилген
(27-п.) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда абадагы кыймылды тейлөө жана аба мейкиндигин колдонуу тартиби жөнүндө нускамага
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин
колдонууга алдын ала уруксат берүү
1. Жалпы дайындалыштагы авиациянын учууларына жана башка туруктуу эмес учууларга алдын-ала уруксат алууга алдын-ала суроо-талаптарга жана кабарлоолорго тиешелүү талаптар Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык маалыматтар топтомунда жарыяланат.
2. Алдын-ала уруксат берүү – уруксат алууга суроо-талап же кабарлоо, рейс дипломатиялык мүнөзгө ээ болгон учурлардан тышкары белгиленген тартипте берилет.
3. Аба мейкиндигин колдонууга байланышкан ишмердиктин баардык түрлөрүнө суроо-талаптар АКУ ББ берилет, алар кызыктар болгон ведомстволор (КР КК ГШ, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Жарандык авиация агенттиги) менен аларды макулдашууну аткарат.
4. Чет мамлекеттердин мамлекеттик авиациясынын аба кемелеринин эл аралык учууларына суроо-талап, учканга чейин 8 жумушчу күн калганда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу АКУ ББ берилет.
5. Алдын-ала уруксат алууга суроо-талапта төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
a) эксплуатанттын аталышы;
б) аба кемесинин тиби жана анын каттоо белгилери;
в) ушул аэропортко келүү жана учуп кетүү датасы, убакыты;
г) жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү пункту жана (же) чет өлкөдө жүктөрдү жүктөө же түшүрүү;
д) учуунун максаты, жүргүнчүлөрдүн жана (же) жүктөрдүн саны, түрү;
е) фрахтоочунун аталышы, дареги жана ишмердигинин түрү, эгер болсо.
ж) камсыздандыруу же үчүнчү жактарга жана башка аба кемелерине зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликти башкача камсыздоо жөнүндө документтер.
6. Берилген уруксат, берилген шарттарга алайык, колдонуучуга суралган ишмердикти аткаруу үчүн аба мейкиндигин колдонуу укугу берилет дегенди түшүндүрөт.
Аба мейкиндигин колдонууга уруксаттын шарттарында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) аба кемелери үчүн:
- ишмердик башталган жана бүткөн убакыт (учуп чыккан убакыт);
- ишмердикти аткаруу району жана бийиктиктердин диапазону (учуу маршруту жана профили);
- конуу аэродрому жана запастык аэродромдор;
- аба трассаларына жана ички аба линияларына кирүү (чыгуу) тартиби;
- абадагы кыймылды тейлөөнүн тартиби (учууларды башкаруу);
- башка керектүү маалыматтар.
б) учуулардын коопсуздугуна жана абадагы кыймылга коркунуч келтирүүчү ишмердиктер үчүн:
- ишмердик башталган жана бүткөн убакыт;
- ишмердикти аткаруу району жана бийиктиктердин диапазону;
- жакынкы АКТ органдары менен байланышты уюштуруу;
- башка керектүү маалыматтар (атуулардын траекториясы, чачырандынын чачылуу бийиктиги, жалындын бийиктиги, лазердик нурлардын багыты).
Эгерде Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонууга уруксат берилбесе, себептери колдонуучуга кабарланат.
7. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонууга берилген уруксат, берилген убактан баштап 72 саатка чейин жарактуу. Эгерде суроо-талап берүүчү бул убакыттын ичинде ушул уруксатты колдонбосо, ал жокко чыгарылат.
8. Аба мейкиндигин колдонууга байланышкан ишмердикке тыюу салуу жана өтүнүчтү жокко чыгаруу боюнча чечимди АКУ ББ кабыл алат.
9. Аба трассаларынан жана ички аба линияларынан тышкары аба мейкиндигин колдонууга уруксатты АКУ ББ аскердик сектору, аба мейкиндигин колдонуучуларга пландалган учуулардын (ишмердиктин) башталышына 1 саат калганга чейин, 4-бөлүктүн 30-пункттунда көрсөтүлгөн кийинкиге жылдырылбаган учурларда, суроо-талаптардан жана шарттар иштелип чыккандан кийин дароо берет.
Кыргыз Республикасынын
Коргоо министрлигинин
2015-жылдын 15-07 № 1
буйругу менен бекитилген
(29-п.) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда абадагы кыймылды тейлөө жана аба мейкиндигин колдонуу тартиби жөнүндө нускамага
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонууга
пландарды берүү жана АККК бөлүктөрүн кабарлоо тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонууга байланышкан аба кемелеринин учуусу, ракета учуруу, ок атуулар, жардыруу иштери жана башка ишмердиктин түрлөрү берилген пландарга, ырааттамаларга (графиктерге) ылайык аткарылат.
2. Өтө жеңил жана жеңил учуучу аппараттардын (мында ары – ӨУА) учуу пландары районун, ишмердиктин башталыш жана аяктоо убактысын, учуучу аппараттардын санын, учууларды аткарууга уруксат болгон аба ырайынын минимумун жана жооптуу жетекчинин фамилиясын көрсөтүү менен учууларды аткарууга бир сутка калганга чейин АКУ ББ берилет.
3. Аба мейкиндигин колдонууга байланышкан өзүнүн ишмердигин же Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү ишмердигин пландаштырган авиациялык бөлүктөрдүн штабдары, мекемелер, ишканалар жана уюмдар, АКУ ББ аскердик секторуна төмөнкү пландарды берет:
- литер “А” аба кемелеринин учууларына;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү менен аба кемелеринин учуусуна;
- КР КК ГШ тапшырмасы менен аба кемелеринин учуусуна;
- аба кемелеринин учуусуна – КР КК ГШ өткөргөн машыгуулар учурунда контролдук бута катары учууларга;
- КМШга катышуучу өлкөлөрдүн күжүрмөн авиациясынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүү менен аба трассаларынан жана ички аба линияларынан тышкары учууларына;
- окуп-машыгуу жана күжүрмөн даярдоо пландары боюнча учууларга, анын ичинде авиациялык бөлүктөрдүн күжүрмөн даярдыгын текшерүүдө;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн аба кемелерин оңдоочу ишканаларга учуп баруусуна жана авиациялык өндүрүш ишканаларынын аэродромдорунан учуп келүүсүнө;
- ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук жана Мамлекеттик чек арасын кайтаруу органдарынын авиациясынын учууларына;
- АККК бөлүкчөлөрүнүн жана авиациялык бөлүктөрдүн аба кемелеринин жаңы жайгашуу ордуна, базаларга жана полигондорго тобу менен учуусуна;
- Кыргыз Республикасынын чек ара тилкесинде бардык мекемелердин учууларына;
- планерлорде, пара планерлорде, дельта жана мотодельтапландарда, парапландарда учууларга;
- абада сүзүүгө, парашют менен секирүүдө;
- шар-зонд, аэростаттарды, учкучсуз учуучу аппарат (УУА) ж.б. учурууда;
- ок атууларга (анын ичинде мөндүрдөн сактоо максатында жана жасалма жаан-чачын үчүн), ракета учуруу, жардыруу иштери ж.б., учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү учурларда.
4. Ок атуу жана ракета учурууну баштоого болжолдонгон убакытка 2 саат калганга чейин, АКУ ББ аскердик секторуна мөндүрдөн сактоо жана жасалма жаан-чачынды жаадыруу үчүн ок атуу жана ракета учуруу үчүн пландар, аскердештирилген гидро-метеорологиялык процесстерге жигердүү таасир этүүчү отряддар тарабынан берилет. Мөндүргө каршы атууларды тезинен аткаруу зарылдыгы келип чыккан учурларда, аба ырайынын болжолу менен каралбаган учурдагы күндө, мөндүргө каршы аскердештирилген отряддардын командирлери, аткарууга 20 минут калганга чейин өткөрүүгө уруксат сурашат.
5. Мурда берилген ырааттамаларга (графиктерге) ылайык, ишмердиктин түрлөрүнө пландар кийин берилбейт, эгерде пландалган ишмердикте карама-каршылыктар келип чыкпаса же кайсы бир көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөрүлбөсө.
6. АКУ ББ аскердик сектору учуулардан алдынкы күнү, КР КК АККК БКП менен өтүнүчтөрдү макулдашат.
7. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонууга байланышкан ишмердиктин бардык түрлөрүнө пландар, жергиликтүү убакыт боюнча 16.00 чейин, учуулардан алдыңкы күнү АКУ ББ берилет. Ырааттамаларды бузуу менен аткарылуучу учууларга – учуусуна 2 саат калганга чейин план берилет.
8. Төмөнкү учурларда аба мейкиндигин колдонууга пландар жокко чыгарылат, эгерде:
- учуу планы туура эмес жол-жоболонсо же белгиленген убакыттан кеч берилсе;
- пландалган учуу убактысына 2 саат калганга чейин АКТ диспетчерден АКУ ББ учууга суроо-талап түшпөсө же учуу убактысын жылдырбаса;
- белгиленген убакыттан (учуу планында же ырааттамада көрсөтүлгөн) 30 минут өткөнгө чейин аба кемеси учпаса жана учуу убактысын жылдыруу боюнча АКУ ББ маалымат келбесе.
Бардык учурларда учуу планын жокко чыгаруу жөнүндө табыштама берген адамга кабарланат.
9. Аба кемелеринин учуу пландарын алууда КР КК АККК бөлүкчөлөрү учуу планын мазмунун жетекчиликке алышат, ал КР КК АККК бөлүктөрүн кабарлоо болуп эсептелинет.
2. Аба мейкиндигин колдонуу боюнча ишмердик жөнүндө
АКТ органдарын жана АККК кабарлоо тартиби
10. Аэродромдук диспетчердик пункттар, шар-зонд учуруу пункттары учуу күндө АКУ ББ аскердик секторуна жана АККК бөлүмчөлөрүнө билдирет:
а) пландалган учуу убактысына 10 минут калганга чейин:
- радиолокациялык контролдоого тийиш болгон аба кемелери жөнүндө;
- чек ара тилкесинде жайгашкан аэродромдордон (учуруу пункттарынан) аба кемелеринин учуп чыгуусу, УЖУА учуруу жөнүндө;
- байланган аэростаттарды жана абада сүзүүчү объекттерди көтөрүү жөнүндө.
б) 5 мүнөттөн кийин:
- аба кемелеринин учуп чыгуусу, УЖУА учуруунун анык убактысы жөнүндө;
- авиациялык жумуштарды аткарууга учуулардын башталышы жөнүндө;
- аба кемелеринин учуп чыгуусун, учуусун, УЖУА учурууну жокко чыгаруу жөнүндө.
в) 10 мүнөттөн кийин:
- аэродромдук учуулардын жана авиациялык жумуштардын аякташы жөнүндө;
- аба кемелеринин бардык конуулары жөнүндө;
- аба кемелеринин учуп чыгуусу, УЖУА учуруу 20 мүнөттөн ашык кармалгандыгы жөнүндө;
- аэродромдук учуулардын 1 сааттан ашык тыныгуулары жөнүндө;
- аба кемесин алмаштыруу жөнүндө (аба кемесинин тиби, экипаждын командиринин чакырыгы жана башка керектүү маалыматтар алмашканда);
д) аба кемесинин конуусунун эсептик убактысы бүткөндө тезинен:
- эгерде аба кемесинин турган орду жөнүндө маалымат жок болсо, аба кемесинин конуусунун эсептик убактысы бүткүндөн кийин тезинен - дайындалган аэродромго анын келбегендиги жөнүндө.
11. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк аэродромдордон аскердик аба кемелери учканда, АКУ ББ аскердик сектору учуу планын же анык учуу убактысын КР КК ГШ ыкчам кезметчисине, КР КК АККК борбордук командалык пунктуна учуу убактысын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын учуп өтүүчү жерин жана эсептик убакытын билдирет, АКУ ББ жарандык секторуна иштөө технологиясына (алгоритмине) ылайык маалыматты берет.
12. Ок атууларды, ракета учурууну, жардыруу иштерин, гидро метеорологиялык процесстерге жигердүү таасир этүүчү жумуштарды жана башка учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү ишмердикти аткарган уюмдар, жумуштун башталышына 10 мүнөт калганга чейин АКУ ББ аскердик секторуна башталышы (жокко чыгарууну) же пландалган ишмердикти жылдырууга жана 5 мүнөттөн кийин аякташы жөнүндө билдирет.
3. Байланыш каражаттары боюнча аба мейкиндигин
колдонууга пландарды берүү тартиби
13. Аба мейкиндигин колдонууга байланышкан ишмердикке пландар, Кыргыз Республикасынын министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдарынын телеграфтык тармагы аркылуу берилет. Телеграфтык байланыш каналдары жок болсо, АКУ борборлору менен макулдашуу боюнча пландар телефон аркылуу, факс же чабарман аркылуу берилет
14. Аба мейкиндигин колдонууга байланышкан ишмердикке, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн телеграфтык тармагы аркылуу берилген пландар “Жөнөкөй” категориядагы телеграммалар менен жиберилет. Өзгөчө маанидеги учууларга жана шашылыш тапшырмаларды аткарууга, “самолёт” категориясындагы телеграммалар менен жиберилет.
Байланыштын өткөргүчтүү телеграфтык каналдар жок учурунда, учуу планын радио-радиореле каналдарында маалыматты жашыруучу каражаттарды колдонуу менен берүүгө уруксат берилет.
15. “Жашыруу” грифи менен учуу планы төмөнкү учууларга берилет:
- радиотехникалык чалгындоого;
- авиациялык бөлүктөрдү жаңы орунга которууда;
- ЖККУга катышуучу өлкөлөрдүн режимдик аэродромдорунан учууларда (конууларда);
- авиациялык техникалардын жаңы үлгүлөрүн сыноочу учууларда.
Өзгөчө учурларда көмүскө байланыш аппараттары жок учурда, жашыруун учуу пландарын кыскартылган берүү таблицалары менен түзгөнгө, учуу, конуу жана запастык аэродрому коддоо менен өткөргүчтүү ачык телеграф каналы аркылуу берүүгө уруксат берилет.
Режимдик аэродромдор жашыруун жана жашыруун эмес учуу пландарында шарттуу аталышы менен көрсөтүлөт.
Аба мейкиндигин колдонууга башка бардык учуу пландары жашыруун эмес телеграммалар менен берилет.
16. Учууларга пландарды өткөрүү жана иштеп чыгуу ыкчамдыгын жогорулатуу үчүн (анын ичинде жашыруун) төмөнкүлөргө уруксат берилет:
- алынган пландарды кызыкдар болгон АКТ органдарына жиберүүгө;
- АКТ жана аэродромдордун телефондук-телеграфтык байланыш түйүнүнүн чакыруучулары боюнча, чакыруучу кызмат адамдарынын таблицалары боюнча кызмат адамдарын көрсөтүү менен (аскер бөлүктөрүнүн номерин көрсөтпөстөн) кыскартылган даректелген учуу пландарын колдонууга.