Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-июлу № 475
Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 26-январы № 32 токтомдун редакциясына ылайык)
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 439 "Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчётунун формасын, аны толтуруу тартибин жана Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби" жөнүндөгү жободо:
4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Gt - кендин бир тоннасындагы алтындын орточо курамы ISO 17025:2009 аккредитациясына ээ болгон лабораториялардын маалыматтарынын негизинде аныкталат".
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн он беш кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет, бута 2016-жылдын 1-мартынан тартып кγчγнѳ кирγγчγ Инспектордук агенттиктердин эл аралык федерациясына мγчѳлγк боюнча сыноочу-инспекциялык компанияларга коюлуучу талаптарды караган ченемдер кирбейт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 26-январы № 32 токтомдун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Т.А. Сариев |