Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 475 токтому менен бекитилген |
Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) кымбат баалуу металлдарды жана аларды коштоп жүргөн металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана таштанды калдыктарын камтыган чийки зат товарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнү жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун негиздерин аныктайт.
2. Тартип мамлекеттик жана эл аралык талаптарга шайкеш келет.
3. Ушул Тартиптин талаптары төмөнкүлөргө таркалбайт:
Кыргыз Республикасынын трансферттик баа түзүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырыла турган трансферттик баа түзүү (реэкспорт) учурунда көзөмөлдөөгө;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын операцияларына.
4. Ушул Тартипте пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
аккредитациялоо - ылайыктуулук баалоонун белгилүү бир тармагында жеке же юридикалык жактын ишти аткаруу компетенттүүлүгүн аккредитациялоо боюнча органдын расмий таануусу;
лабораторияларды аккредитациялоо боюнча эл аралык кызматташтык (ILAC) - ИСО\МЭК 17025 эл аралык стандарты боюнча сыноо лабораторияларды аккредитацилоо, ИСО\МЭК 17025:2009 "Сыноо жана калибрөө лабораторияларынын компетенттүүлүгүнө карата жалпы жобосу" ИСО\МЭК 17025:2005 эл аралык стандартына окшош;
ИСО\МЭК 17025:2009 - сыноолорду жана\же калибрлөө жүргүзүүгө, анын ичинде стандарттык методикалар, стандарттуу эмес методикалар жана лаборатория иштеп чыккан методикалар боюнча жүргүзүлгөн үлгүлөрдү тандап алууга, сыноолорго жана калибрлөөгө карата жалпы талаптарды белгилейт;
мамлекеттик контроль - кымбат баалуу металлдарды жана аларды коштоп жүрүүчү алына турган металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана таштанды калдыктардын (техногендүү түзүлүштөр) эсебин контролдоо максатында ISO 17025:2009 аккредитацияга ээ болушкан жана Инспектордук агенттиктердин эл аралык федерациясынын мүчөлөрү болгон сыноочу жана инспектордук компаниялардын көз карандысыз таразага тартуунун, сынамык алуунун, сынамыктарды талдоого карата даярдоонун жана анын ичинде алынып чыгарылып кетип жаткан товарлардын сынамыктарынын (үлгүлөрүнүн, нускаларынын) көзөмөлдүк сынактарына жана талдоо жүргүзүүгө даярдоонун көзөмөлдөө, бааларды көзөмөлдөөнү жана жаралуу булагын аныктоону, бүтүмдөрдүн мыйзамдуулугун аныктоону ишке тартуу;
ташып кирүү учурундагы арыз берүүчү - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда атайын эсепке алууда турган, кымбат баалуу металлдарды камтыган пайдалуу казылып алынуучу руда чыгуучу жайларды иштетүүгө карата лицензиялары болгон жана укуктуу негиздерде курамында кымбат баалуу металлдарды жана аларды коштоп жүрүүчү алына турган металлдарды камтыган рудага, концентраттарга жана таштанды калдыктарына ээ болушкан, юридикалык жак катары каттоодон турган юридикалык жактар жана жеке адамдар;
импорт - товарды Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына аны кайра ташып кетүү милдеттенмелерисиз чет жактардан алып келүү;
руданы, концентраттарды жана таштанды калдыктарын пайдалануу - аларды технологиялык, илимий муктаждыктарга колдонуу;
контролдоочу - кымбат баалуу металлдарды камтыган жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды (техногендик түзүү) контролдоочу ыйгарым укуктуу органдардын жана\же сыноо көзөмөлдөөчү инспекциялык компаниянын өкүлү;
концентрат - баштапкы рудага салыштырмалуу, пайдалуу казып алынуучу компоненттерди камтуусу жогорулаган жана керексиз казып алынуучу компоненттердин саны азайган байытылган продукт; Эгерде концентратта алтын камтылса - алтын концентраты;
рудалар, концентраттар жана таштанды калдыктар менен болуучу операциялар - төмөнкүлөр менен байланыштагы кыймыл-аракеттер:
- рудага, концентраттарга жана таштанды калдыктарга карата менчик укугунун жана башка укуктардын өтүшү;
- руданы, концентраттардын жана таштанды калдыктардын сактоо жайларына келип түшүшү;
- руданы, концентраттардын жана таштанды калдыктардын аларды кайра иштетүү, өндүрүү жана пайдалануу учурунда каалагандай заттарда жана материалдарда камтылышынын жана физикалык абалынын өзгөрүүсү;
- руданы, концентраттарды жана таштанды калдыктарды Кыргыз Республикасына ташып кирүү жана аларды республикадан ташып кетүү;
кымбат баалуу металлдарды өндүрүү - аффинаж баскычына чейин ушул металлдарды камтып турган рудадан, концентраттардан жана башка өнөр жай продуктуларынан кымбат баалуу металлдарды алуу, кайра иштетүү;
руда - экономикалык жактан металлды же пайдалуу минералды өндүрүү мүмкүн болгон жаратылыштык минералдык түзүлүш;
коштоп жүрүүчү алына турган металлдар - комплекстүү түрдө кымбат баалуу металлдар менен бирге аз сандарда рудада, концентратта жана таштанды калдыктарындагы алына турган пайдалуу металлдар;
чийки зат товарлары - рудада, концентраттарда жана таштанды калдыктарындагы кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды, иштетилбеген кымбат баалуу металлдарды (анын ичинде, Доре эритиндисин, катод металлын жана цинктин чөгүндүлөрүн), түстүү металлдардын күлүн, кымбат баалуу жана коштоп жүрүүчү металлдарды камтыган түстүү металлдарды өндүрүүнүн жарым продукттарын камтыган товарлар;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын көздөгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагынан/анын аймагына руданы, концентраттарды жана таштанды калдыктарын алып кирүү жана алып чыгуу операциялары менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу ыйгарым укуктары берилген мамлекеттик мекеме;
экспорт - Кыргыз Республикасынын аймагынан кайра иштетип чыгаруу жана кайра иштетилип чыгарылган товарды чек арадан тышка кайра алып чыгуу жөнүндө кайра ташып келүү милдеттенмелерисиз Кыргыз Республикасынын бажылык аймагынан руданы, концентраттарды жана таштанды калдыктарды ташып чыгаруу.
2. Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы жана концентраттарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн тартиби
5. Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы жана концентраттарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү учурунда, бажылык декларациялоого чейин Арыз берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырыла турган мамлекеттик көзөмөлдөө жол-жобосунан өтөт.
6. Кымбат баалуу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана таштанды калдыктарды экспорттоо мыйзамдык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн лицензиялоо тармагындагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Арыз берүүчү ISO 17025:2009 аккредитацияга ээ болушкан жана таразага тартуунун, сынамык алуунун, сынамыктарды талдоого карата даярдоонун жана анын ичинде алынып чыгарылып кетип жаткан товарлардын сынамыктарынын (үлгүлөрүнүн, нускаларынын) көзөмөлдүк сынактарына жана талдоо жүргүзүүгө даярдоонун көз карандысыз инспекциясын жүзөгө ашыруу үчүн Инспектордук агенттиктердин эл аралык федерациясынын мүчөлөрү болгон сыноочу жана инспектордук компанияларды тартууга милдеттүү.
Бул максаттар үчүн алынып чыгарылып кетип жаткан руданын, концентраттардын жана таштанды калдыктарынын ар бир партиясы үчүн көз карандысыз сыноочу жана инспекциялоочу компания, бир өкүлчүлүк сынамыкты тандап алышат. Тандалып алынгандан кийин өкүлчүлүк сынамыгы кыскартылат жана "Кыскартуу жана бөлүштүрүү боюнча нускамага" ылайык 5 (беш) нускага бөлүштүрүлөт, көз карандысыз сыноочу жана инспекциялоочу компаниянын пломбасын басышат, керектүү учурда тараптар дагы өз пломбасын басышат, 2 (эки) нускасы сыноочу жана инспекциялоочу компанияга жөнөтүлөт; 1 (бир) нускасы Кардарга (сатып алуучуга) жөнөтүлөт, 2 (эки) нускасы "Арыз берүүчүгө" берилет анын 1 (бирөөсү) сактоо максатында. Тараптардын нускаларынын ортосунда металлдын 6,67%дан (45 г/т (+/-) 3 г га чейин камтылган концентрат үчүн) 6,25%дан (80 г/т (+/-) 5 г га чейинки камтылган концентрат үчүн) ашык айырмачылыктар болгон учурда, руда үчүн 10%га чейин болсо жыйынтык сынамык үчүн контрактта алдын ала белгиленген сыноочу жана инспекциялоочу компаниянын талдоо жүргүзүүсүнүн жыйынтыктары эсептелет. Сынамыктарды тандап алуу Арыз берүүчү, Кардар тараптарынын, сыноочу жана инспекциялоочу компаниянын өкүлдөрүнүн көзөмөлү алдында жүргүзүлөт, ошондой эле "Сынамыктарды тандап алуу боюнча акт" көз карандысыз сыноочу жана инспекциялоочу компаниясы тарабынан түзүлөт. Техникалык шарттарга ылайык нускалар көз карандысыз сыноочу жана инспекциялоочу компания тарабынан таңгакталып жана пломбаланып коюлат, ал эми керектүү учурда кошумча тараптар дагы кошулат.
8. Мамлекеттик контроль отуз жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
9. Пробаларды тандап алуу боюнча акт комиссиялуу түрдө үч нускада түзүлөт: биринчи жана экинчи нускалары арыз берүүчүгө берилет. Биринчи нускасы бажы органына, экинчиси экспорттук лицензияны алуу үчүн лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Үчүнчү нускасы көз карандысыз сыноочу жана инспекциялоочу компанияда калат.
10. Руданы, концентраттарды жана таштанды калдыктарын ташып чыгып кетүүгө карата мамлекеттик көзөмөлдөөдөн өткөндөн кийин, эгерде ал экспортко арналган болсо, Кыргыз Республикасынын бажы органдары, товарларды бажылык декларациялоо жол-жобосун Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине жана "Кыргыз Республикасынын бажылык тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык арыз берүүчүдө бардык уруксат берүүчү документтери болгон учурда аякташат.
11. Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана таштанды калдыктарын "бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү" бажылык декларациялоо өндүрүшүнө чейин бажылык жол-жобого жайгаштырган учурларда, экспорттоочуга мамлекеттик контролдоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш.
12. Кыргыз Республикасынын аймагынан экспортко кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана таштанды калдыктарын ташып чыгып кетүүгө кайра иштетүү продуктусун, үчүнчү мамлекеттерге трансферттөө (реэкспорттоо) учурунда наркын жана салык салынышын баалоо үчүн аффинирленген металл түрүндө (металлдардын балансы) Кыргыз Республикасына "сынамыктарды сыноонун жыйынтыктары менен" кайтаруу шарттарында кайра иштетүүгө жол берилет.
13. Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана таштанды калдыктарын экспортко ташып чыгып кетүү же болбосо кайра иштетүүгө алып чыгууга карата корутундуларды алуу үчүн, арыз берүүчү төмөнкү документтерди берет:
- кат-билдирмени, товардын аталышын, анын санын өлчөө бирдиктеринде көрсөтүү менен (кымбат баалуу металлдарды жана аларды коштоп жүрүүчү алына турган металлдарды камтыган руданы жана концентраттарды казып алуу жана кайра иштетүү субъекттери үчүн);
- жер казынасын пайдалануу максатында иштетүүгө карата лицензияларынын жана лицензиялык макулдашуулардын көчүрмөлөрү. Мында, эгерде мындай документтин көчүрмөсү мурда берилген болсо, жер казынасын пайдалануу укугуна карата лицензияларды жана лицензиялык макулдашууларды берүү талап кылынбайт, качан мындай документке өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурлардан башка мезгилдерде.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руда, концентраттар жана таштанды калдыктары менен операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушкан башка уюмдар үчүн:
- ташылып чыгарылып кетип жаткан кымбат баалуу металлдарды жана аларды коштоп жүрүүчү алына турган металлдарды камтыган рудага жана концентраттарга карата менчик укугун тастыктаган документ;
- тышкы соода контрактынын/келишиминин көчүрмөсү;
- пробаларды тандап алуу боюнча Акт жана сыноочу жана инспекциялык компаниянын отчету;
14. Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана таштанды калдыктарын экспорттоого же болбосо кайра иштетүүгө карата Корутунду менен макул болбогон учурларда, арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген соттук тартипте даттануу укугуна ээ болот.
15. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кендердин, тоо тектеринин жана концентраттардын, өндүрүштүк таштандыларын жана лабораториялык сынамыктарды ташып чыгуу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты иш жүзүнө ашыруу жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатынын негизинде жүргүзүлөт.
3. Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы жана концентраттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартиби
16. Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы жана концентраттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү учурда (мындан ары - ташып кирүү) бажылык декларациялоону өндүрүүгө чейин арыз берүүчү мамлекеттик контролдоо жол-жобосунан өтпөйт.
Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты иш жүзүнө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болгону кымбат баалуу металлдарды жана аларды коштоп жүрүүчү алына турган металлдарды камтыган руданы, концентраттар жана калдыктар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алууну гана жүргүзөт.
17. Чийки зат товарларын: кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды ташып кирүү үчүн арыз берүүчү жер кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты иш жүзүнө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эсепке алууну жүргүзүү үчүн маалыматты - бардык маалыматтарды (компаниянын жана уюмдун аталышы, же жеке ишкердин маалыматтары, юридикалык дареги, контракты (келишимдери/макулдашуулары), анда толук ассортимент сандык жана нарктык туюнтууда көрсөтүлө турган товарга карата адистешүүлөрү, товарлардын жаралуу булагы, металлдын курамы жана камтылышы) көрсөтүү менен кат берет.
18. Аналитикалык иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кымбат баалуу металлдарды камтыган рудалардын, тоо тектеринин жана концентраттардын, өндүрүштүн жана лабораториялык сынамыктардын таштанды калдыктарынын үлгүлөрүн ташып кирүү жер кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатынын негизинде жүргүзүлөт.