Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-августундагы № 520 токтому менен бекитилген
1-тиркеме |
Ушул Убактылуу жобо 806-811/847-852 (2х5 MГц), 811-816/852-857 (2х5 MГц), 816-821/857-862 (2х5 MГц) MГц радио жыштык тилкелерин ижарага берүү келишимин түзүү укугуна пилоттук аукцион өткөрүү тартибин аныктайт.
Ушул Убактылуу жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
ижарага берүүчү - байланыш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
ижарага алуучу - жеке же юридикалык жактар, анын ичинде чет элдиктер, аларга ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте 806-811/847-852 MГц, 811-816/852-857 MГц, 816-821/857-862 MГц радио жыштык тилкелерин убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилет;
аукцион - ижара келишимин түзүү укугуна ачык тоорук жүргүзүүнүн түрү, мында тооруктун жүрүшүндө эң көп сумманы сунуш кылган жана тоорукка коюлган объектиге эң көп акы төлөгөн катышуучулар жеңүүчү болуп саналат;
аукциончу - аукцион өткөргөн жак, анын тажрыйбасы бар жана тиешелүү аукциондорду өткөрүү техникасын билет;
ижара объектилери - ижара келишиминин предмети болгон 806-811/847-852 MГц, 811-816/852-857 MГц, 816-821/857-862 MГц радио жыштык тилкелери, аларга карата ижара келишимин түзүү укугуна тоорук жүргүзүлөт;
талапкер - 806-811/847-852 MГц, 811-816/852-857 MГц, 816-821/857-862 MГц радио жыштык тилкелерин ижарага алуу келишимин түзүү укугуна аукционго катышуу ниетин билдирген жак;
аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө старттык баа жогорулаган кошумча акы жана аукциончу жарыялаган улам кийинки баа;
ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3. 806-811/847-852 MГц, 811-816/852-857 MГц, 816-821/857-862 MГц радио жыштык тилкелерин ижарага берүү келишимин (мындан ары - ижара келишими) түзүү аукциондун жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
4. Аукционго бир учурда төмөнкү 3 (үч) лотко бөлүнгөн ижара объекттери чыгарылат:
- 806-811/847-852 MГц;
- 811-816/852-857 MГц;
- 816-821/857-862 MГц.
1 (бир) лоттун старттык баасы 238 803 000 (эки жүз отуз сегиз миллион сегиз жүз үч миң) сомду түзөт.
Аукциондун кадамы 10 000 000 (он миллион) сомду түзөт.
Аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү ыйгарым укуктуу органдын жана ижарага берүүчүнүн расмий интернет-сайттарында жайгаштырылууга тийиш. Аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү аукцион өткөрүлө турган күнгө чейин отуз күндөн кем эмес убакытка чейин жарыяланууга тийиш.
Маалыматтык билдирүүнү жарыялоо жана аукцион өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ижарага берүүчүнүн эсебинен төлөнөт.
Аукционго катышуу үчүн талапкер маалыматтык билдирүүдө жарыяланган старттык баанын 10 (он) пайыз өлчөмүндө алдын ала күрөө катары акча каражатын төлөөгө тийиш.
Күрөө, жеңүүчүдөн сырткары бардык талапкерлерге жана катышуучуларга аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 10 (он) банктык күндүн ичинде кайтарып берилет.
Аукциондун жеңүүчүсүнүн күрөөсү ижара келишимин түзүү укугуна төлөм акы катары анын эсебине которулат. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан же ижара келишимин түзүүдөн баш тартылган учурда жеңүүчүгө күрөө кайтарылып берилбейт.
Ижарага берүүчүнүн жана ижарага алуучунун укуктары, милдеттери, тараптардын жоопкерчилиги жана ижаранын башка шарттары ижарага берүүчүнүн жана ижарага алуучунун ортосунда түзүлгөн ижара келишиминде аныкталат.
Ижара келишими 10 (он) жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Ижарага алуучу радио жыштык тилкелерин субижарага берүүгө, ижара келишими боюнча өз укуктарын башка жакка берүүгө, күрөөгө коюуга же радио жыштык спектрин колдонуу боюнча өз укуктарын башкача түрдө башкаларга берүүгө укугу жок, ошондой эле аларды юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары коё албайт.
Ыйгарым укуктуу орган:
- аукцион өткөрүлүүчү датаны жана жерди аныктайт;
- талапкерлер бере турган күрөөнүн мөөнөтүн аныктайт;
- аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнүн текстин даярдайт, аны расмий сайтына жайгаштырат жана аны ижарага берүүчү өз сайтында жайгаштыруусу үчүн ага жиберет;
- аукционго катышуу үчүн талапкерлерди каттайт;
- аукционго катышууга арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу жөнүндө маалымдама берет, мында арыз кабыл алынган дата жана убакыт көрсөтүлөт;
- аукциончу аныктайт.
11. Аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- ижарага берүүчүнүн аталышы;
- ижара объектиси;
- аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу орду, күнү, убактысы;
- аукцион өткөрүлүүчү жер, күн, жана убакыт, ошондой эле аукциондун катышуучуларын каттоо башталуучу жана аяктоочу убакыт;
- аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө маалымат;
- аукционго катышуу үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги;
- аукциондун старттык баасы;
- шертпул түрүндө акча каражаттарын салуу суммасы жана мөөнөтү, ошондой эле алар которулууга тийиш эсептин реквизиттери;
- ижаранын мөөнөтү;
- тооруктардын формасы;
- ижарага берүүчү менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ижара келишиминин формасы.
12. Ижара келишимин түзүү укугуна аукцион төмөнкү милдеттер жүктөлүүчү комиссия тарабынан өткөрүлөт:
- аукционго катышууга келип түшкөн өтүнмөлөрдү кароо;
- талапкерди аукционго катышуучу деп таануу жөнүндө же аукционго катышууга уруксат берүүдөн себептерин тиешелүү түрдө негиздөө менен баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
- аукцион өткөрүү;
- аукцион өткөрүлдү же өткөрүлгөн жок деп таануу;
- аукциончу тарабынан өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүнү/жеңүүчүлөрдү аныктоо;
- аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюу.
13. Аукцион комиссиянын 9дан кем эмес мүчөсүнүн түздөн-түз катышуусу менен өткөрүлөт. Комиссиянын мүчөлөрү катышуу укугун башкаларга берүүгө укугу жок.
Комиссиянын курамына төмөнкү адамдар кире алышпайт:
- юридикалык жактын (аукциондун катышуучусунун) уюштуруучусу жана/же жетекчиси болгон;
- аукциондун катышуучусу менен тууганчылык байланышта болгон.
14. Аукционго катышуу үчүн талапкерлер маалыматтык билдирүүдө аныкталган мөөнөттө комиссияга төмөнкү документтерди беришет:
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча аукционго катышууга өтүнмө;
- шертпул түрүндө акча каражатынын төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документинин көчүрмөсү.
Жеке жактар кошумча ким экендигин күбөлөндүргөн документти (өтүнмө берүүдө талапкер өзү көрсөтөт), жеке ишкерлер – ишкердик иш менен алектенген жеке жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн беришет.
Өтүнмө талапкердин өкүлү тарабынан берилген учурда, ага талапкердин атынан иш алып барууга ыйгарым укук берүүчү нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат (түп нускасы, көчүрмөсү) берилет.
Юридикалык жактар кошумча төмөнкүлөрдү берет:
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
- өкүлдүн атына ага юридикалык жактын атынан чыгууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берүүчү ишеним кат;
- банкроттук иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жакка карата банкрот жол-жоболорунун жок экендиги жөнүндө маалымкаты.
Документтердин ар бир топтому көктөлүп, ар бир барагына номер коюлат жана боо өткөрүлүп байланат.
Өтүнмөнү почта аркылуу жиберүүгө жол берилбейт.
15. Аукционго катышууга Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жактарга уруксат берилет.
Талапкер өтүнмө берген учурга карата аракеттеги бөлүштүрүлгөн байланыш тармагына ээ болушу жана Ош, Бишкек шаарларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык облустарынын аймагында кызматтарды көрсөтүүсү тийиш.
Талапкер консорциум же болбосо жеке жана/же юридикалык жактардын башка бирикмеси боло албайт.
16. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаганга чейин 3 (үч) күндөн аз эмес мөөнөттө талапкер ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө кабарлоо менен, катталган өтүнмөсүн кайра сурап алууга укуктуу.
Талапкер катталган өтүнмөсүн кайра сурап алган учурда алар тарабынан төлөнгөн шертпул 10 (он) банктык күндүн ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш.
17. Аукцион өткөрүлгөнгө чейин 10 календардык күндөн кем эмес убакытта, комиссия берилген өтүнмөлөрдүн талапка ылайыктыгын текшерүү максатында берилген өтүнмөлөрдү карап чыгат.
18. Комиссия берилген өтүнмөлөрдү карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча аукционго катышууга уруксат берүү же уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Чечим ыйгарым укуктуу органдын жана ижарага берүүчүнүн расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
19. Аукционго катышууга уруксат берүүдөн баш тартууга негиздер:
- өтүнмө өтүнмөнү берүү мөөнөтү аяктагандан кийин берилгенде;
- талапкерден өтүнмөнү кайра сурап алуу жөнүндө арыз келип түшкөндө, бирок өтүнмө арыз ээсине кайтарылып бериле электе;
- талапкер документтердин тизмегин толук бербегенде же берилген документтер ушул Убактылуу жободо белгиленген талаптарга шайкеш келбегенде;
- талапкер (же анын өкүлү) аффилирленген жак же болбосо башка талапкерлердин (же алардын өкүлүнүн) жакын тууганы болсо;
- талапкер ушул Убактылуу жобонун 15-пунктунун талаптарына дал келбейт.
20. Аукционго катышууга уруксат берүү же баш тартуу жөнүндө чечим өтүнмөлөрдү карап чыгуу протоколдору менен таризделет.
Өтүнмөлөрдү карап чыгуу протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- бардык каттоого алынган өтүнмөлөр;
- арыз ээлери кайра алган бардык өтүнмөлөр;
- арыз ээлеринин аукционго катышууга уруксат берилген өтүнмөлөрү;
- аукционго катышууга уруксат берилбеген, баш тартуунун негиздери көрсөтүлгөн өтүнмөлөр;
- протокол түзүлгөн дата жана комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колу.
21. Аукцион өткөрүүгө бир саат калганда аукцион өткөрүүчү уруксат берилгендерди жана ага катышуу үчүн келгендерди ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча аукциондун катышуучуларын каттоо ведомостун толтуруу менен каттай баштайт.
22. Аукционго катышуу үчүн келген аукциондун катышуучулары каттоо учурунда төмөнкү документтерди көрсөтөт:
- юридикалык жактын атынан алардын уюштуруучулук документтерине ылайык ишеним каты жок иш жүргүзүүгө укуктуу юридикалык жактардын жетекчилери – ким экендигин күбөлөндүргөн документ;
- ишеним каттардын негизинде иш жүргүзгөн аукциондун катышуучуларынын өкүлдөрү - ким экендигин күбөлөндүргөн документ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат.
Ишеним катта аукциондун катышуучусунун өкүлүнүн аукционго катышуу боюнча ыйгарым укуктары, аукцион өткөрүлө турган дата, ошондой эле аукциондун старттык баасын жогорулатууга жана жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга берилген укугу көрсөтүлүүгө тийиш. Аукционго катышууга ишеним каттын түп нускасы ыйгарым укуктуу органда калат.
Каттоодон өткөн талапкер аукциондун катышуучусу болот жана төмөнкүлөрдү алат:
- аукциондун катышуучусунун номери менен тактача;
- аукционду өткөрүү тартибинин тексти.
Аукцион башталганга чейин каттоодон өтпөгөн талапкер аукционго катыша албайт.
23. Тоорукту өткөрүү процессинде катышуучу өзүнө ыйгарылган жеке номери жазылган тактачаны гана пайдаланат. Катышуучу катары каттоодон өтпөгөн башка жактын номери жазылган тактачаны тоорукту өткөрүү процессинде пайдаланууга тыюу салынат.
24. Катышуучуларды каттоо аукционду өткөрүүнү баштаганга он мүнөт калганда токтотулат.
25. Катышуучуларды каттоо аяктагандан кийин аукциондун катышуучулары аукцион өткөрүлө турган жайга чакырылат.
Аукцион өткөрүлө турган жайда аукционго катышуучулар көрүүчүлөрдөн, комиссиянын мүчөлөрүнөн, журналисттерден жана аукционго катышпаган башка жактардан оолак жайгаштырылууга тийиш.
Аукциондогу тоорук ыйгарым укуктуу орган бекиткен аукцион өткөрүүнүн тартибине ылайык өткөрүлөт.
26. Аукцион өткөрүүчү сунуштаган ижара объектисине тооруктун жүрүшүндө эң жогорку бааны колдогон үчтөн ашпаган катышуучу аукциондун жеңүүчүлөрү болуп саналат.
27. Аукциондун жыйынтыгы ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча комиссия тарабынан түзүлө турган аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго жазылат. Протокол төрт нускада түзүлүп, ага аукцион өткөрүүгө катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана аукциондун жеңүүчүлөрү түздөн-түз тоорук өткөрүлгөн күнү кол коюшат.
28. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн ыйгарым укуктуу орган аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып 7 (жети) күндөн кеч эмес жумуш күндүн ичинде ижарага берүүчүгө жиберет.
Ижарага берүүчү протокол түзүлгөн күндөн тартып 10 (он) күндөн кеч эмес убакытта аукциондун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзөт.
Тараптардын колу коюлган ижара келишими 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ижарага берүүчүнүн расмий каты менен ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Ыйгарым укуктуу орган ижара келишимин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде каттоого алат.
29. Төмөнкү учурларда аукцион өткөрүлгөн жок деп эсептелет, эгер:
- өтүнмөлөр берилбесе же берилген өтүнмөлөрдүн саны 3 (үчтөн) аз болсо;
- аукционго катышууга уруксат берилген катышуучулардын саны тоорукка коюлган лоттордун санынан аз болгондо, же бир дагы катышуучуга уруксат берилбесе;
- бардык катышуучу-жеңүүчүлөр аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса.
30. Аукцион өткөрүлгөн жок деп табылган учурда, комиссия аукционду кайра өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аукцион өткөрүлө турган датаны белгилейт.
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары;
Байланыш операторлору ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Коомдук кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча).