Редакцияот 20.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 20-июлу № 508

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 431 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгынын Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен эсептешүүлөрүн уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Указы, менен бекитилген, 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына жана милдеттерине жетүүгө мамлекеттик органдардын практикалык ишинин багытталышын камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгынын Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен эсептешүүлөрүн уюштуруу жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсептешүүлөрүн уюштуруу жөнүндөгү жободо:

- 2.9, 2.10 жана 2.11-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2.9. Күн сайын ушул Жобонун 2.6, 2.7-пункттарына ылайык учурдагы операциялык күнү жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн натыйжалары боюнча банк-агентинин филиалы Борбордук казыналыктын жана банк-агентинин башкы офисинин ортосундагы келишимге ылайык учурдагы операциялар боюнча транзиттик эсепти жана атайын каражаттар боюнча транзиттик эсепти жабууну жүргүзөт (ар бир эсепти өз-өзүнчө).

2.10. Банк-агентинин башкы офиси гросстук система боюнча Борбордук казыналыктын Улуттук банктагы эсеби боюнча учурдагы операциялык күндөгү КРБ транзиттик эсептеринин жүгүртүүлөрүн чегерүүнү жана алып салууну жүргүзөт.

2.11. Банк агенттери энчилүү эсептердеги мурдагы күндөгү көчүрмөлөр менен күн сайын КРБту камсыздайт.";

- 2.12-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3.1-пункттагы "жана атайын каражаттар боюнча эсептер" деген сөздөр алып салынсын;

- 3.3 жана 3.6-пункттардагы "же бюджеттик уюмдардын атайын каражаттары боюнча эсептери" деген сөздөр алып салынсын;

- 4.3-4.6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев