Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июлу № 431
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгынын Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен эсептешүүлөрүн уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын өз ара мамилелерин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгынын Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен эсептешүүлөрүн уюштуруу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик төлөмдөрүн тейлөөдө бул токтомдун 1-пунктунда аталган бул Жобону катуу жетекчиликке алышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 431 токтому менен бекитилген |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомдун редакциясына ылайык)
1.1. Жобо бюджеттик уюмдардын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында эсептешүүлөрүн банк-агенттер аркылуу уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
1.2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарынын эсептешүүлөрүн банк-агенттер аркылуу чет өлкөлүк валютада жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жол берилет.
1.3. Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгын эсептешүүлөрүнө катышкан бардык юридикалык, жеке жактарга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына (мындан ары - Борбордук казыналык), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары - Улуттук банк), жана банк-агенттерге жайылтылат.
1.4. Казыналык Кыргыз Республикасынын Бириктирилген фондун (мындан ары - Бириктирилген фонд) түзөт, ага мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык кирешелери жана келип түшүүлөрү жөнөтүлөт. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттик уюмдардын бардык эсептешүү операциялары Бириктирилген фонд каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
1.5. Бириктирилген фонддун акчалай ресурстары Улуттук банктын учурдагы эсебинде турат. Борбордук казыналык Улуттук банкка кошумча эсептерди ачууга укуктуу, алар Бириктирилген фонддун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
1.6. Улуттук банкта Борбордук казыналыктын учурдагы, кошумча эсептерин ачуу ички ченемдик документтерге ылайык жана аталган эсептер боюнча жүргүзүлөт:
- дебет боюнча - республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен Борбордук казыналык жүргүзгөн түз чыгымдар, ошондой эле казыналыктын региондук бөлүмдөрүнүн (мындан ары - КРБ) транзиттик эсептери боюнча дебеттик сальдону банк-агенттиктердин башкы офистеринин алуусу;
- кредит боюнча - республикалык бюджеттин кирешелерин эсепке алуу жана КРБнын транзиттик эсептеринин кредиттик сальдосу;
1.7. Борбордук казыналыктын эсеп-чотторунун чыгымдары эсеп-чоттордогу калдык каражаттардын чектеринде жүргүзүлөт. Эсеп-чоттор боюнча дебеттик калдыктардын түзүлүшүнө тыюу салынат.
1.8. Борбордук казыналыктын жана Улуттук банктын өз ара мамилеси келишим менен жөнгө салынат, анда учурдагы эсеп-чоттордун жана Борбордук казыналыктын кошумча эсеп-чотторунун иштөөсүнүн шарттары, ошондой эле мыйзамдарга жана ушул Жобого каршы келбеген кошумча шарттар эскертилет.
1.9. Борбордук казыналык Казыналык системасын тейлөө боюнча тендердин натыйжалары боюнча ар бир КРБ үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык операцияларын жүргүзүү боюнча банк-агенттиктерди аныктайт.
1.10. Банк-агенттиктер, КРБ жана Борбордук казыналыктын ортосундагы өз ара мамилени жөнгө салуучу негизги документ келишим болуп саналат, ал Борбордук казыналык менен банк-агенттиктин башкы офисинин ортосунда түзүлөт.
1.11. Ар бир КРБ банк-агенттикте эки транзиттик эсеп-чотту ачышы мүмкүн:
- учурдагы операциялар боюнча;
- атайын каражаттар боюнча.
Атайын каражаттар боюнча транзиттик эсеп-чот Борбордук казыналыктын кат жүзүндөгү уруксаты менен гана ачылат.
1.12. Транзиттик эсеп-чотторду ачуу банк-агенттиктердин ички жол-жоболоруна ылайык КРБ берген документтердин негизинде гана жүргүзүлөт.
1.13. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссиондук акы казыналык тарабынан банк-агенти жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен өткөрүлгөн тендердин натыйжасы боюнча келишимдерде аныкталат.
1.14. Банк-агент маалыматтын купуялуулугун камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КРБ транзиттик эсеп-чоттор боюнча жүргүзүлгөн операциялардын коммерциялык жашыруун сырын сактайт.
1.15. КРБ транзиттик эсеп-чоттору боюнча ар кандай документтерди алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.
1.16. КРБ транзиттик эсеп-чоттору боюнча маалыматтар төмөнкүлөргө берилет:
- Борбордук казыналыкка;
- КРБнын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө;
- тергөө органдарына - прокурордун санкциясы менен алардын өндүрүшүндө турган кылмыш-жаза иштери боюнча кат жүзүндөгү суранычтын негизинде;
- сот органдарына - соттун аныктамасынын негизинде алардын өндүрүшүндө турган иштер боюнча;
- расмий суроо-талаптын негизинде финансылык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан маселелер боюнча финансылык контроль органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда.
2.1. Банк-агент транзиттик эсеп-чотко келип түшкөн акча каражаттарын кабыл алат жана эсепке киргизет жана КРБнын келишиминде банк-агент эскерткен операция күнүнүн чегинде акча каражаттарын которуу жана берүү жөнүндө буйругун аткарат.
2.2. Операциялык күндүн башында КРБнын транзиттик эсеп-чоту боюнча операциялар жүргүзүү анда нөлдүк калдык калганда жүргүзүлөт.
2.3. КРБнын транзиттик эсеп-чоту боюнча төлөм документтерди жана чектерди банк-агент төлөм документинин бириичи нускасында, чекте эсеп-чоттогу каражаттарды тескөөгө укуктуу кызмат адамдарынын койгон колдору (биринчи жана экинчи) болгондо аткарууга кабыл алат.
2.4. КРБнын кызмат адамдарынын аннн эсеп-чотунда турган акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктарын ырастоочу, ошондой эле жогоруда аталган кызмат адамдарынын койгон колдорунун аныктыгын ырастоочу негизги документ жогору турган уюм (баш ийүүсү боюнча) же нотариус күбөлөндүргөн, койгон колдорунун жана мөөрүнүн үлгүлөрү түшүрүлгөн карточка болуп саналат.
2.5. Төлөм документтери жана чектер банк-агент тарабынан операциялык күндүн регламентин аткарбаган учурда төлөм документинин жана/же чектин каталары, жасалмалуулугу табылган учурда (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган үлгүлөрдө жана башка учурларда билдирилген мөөрлөрдүн, кызмат адамдарынын койгон колдорунун дал келбөөсү) КРБнын ишеничтүү адамына аткаруусуз кайтарылып берилиши мүмкүн.
2.6. Аткарууга кабыл алынган төлөм документтери жана чектер учурдагы операциялык күндүн ичинде КРБнын транзиттик эсеп-чотунун дебети боюнча ошол эле күнү чагьшдырылат. Учурдагы операциялык күн аяктагандан кийин төлөөгө кабыл алынган төлөм документтери кийинки операциялык күндүн документтери болуп эсептелет.
2.7. Салыктык, салыктык эмес жана келип түшкөн башка кирешелер (түшүүлөр):
- бир банк-агенттин кардарларынан учурдагы операциялык күндүн ичинде келип түшүүлөр КРБнын транзиттик эсеп-чотунда ошол эле күнү чагылдырылат;
- банк-агентинин башкы офисинде тейленген КРБнын эсеп-чотуна киргизүү үчүн клиринг боюнча башка банктардын кардарларынан келип түшүүлөр КРБнын транзиттик эсеп-чотунда ошол эле күнү чагылдырылат;
- банк-агентинин башкы офисинде тейленген КРБнын эсеп-чотуна киргизүү үчүн банктар аралык гросс системасы боюнча башка банктардын кардарларынан келип түшүүлөр КРБнын транзиттик эсеп-чотунда кийинки операциялык күндөн кечиктирилбей чагылдырылат;
- банк-агентинин филиалында тейленген КРБнын эсеп-чотуна клиринг боюнча же банктар аралык гросс системасы боюнча башка банктардын кардарларынан келип түшүүлөр КРБнын транзиттик эсеп-чотунда мыйзамдарда белгиленген төлөмдөрдүн өтүү мөөнөттөрүнө ылайык чагылдырылат.
2.8. Салыктык, салыктык эмес жана учурдагы операция күнү аяктагандан кийин келип түшкөн башка кирешелер (түшүүлөр), кийинки операциялык күндөгү КРБнын эсеп-чотунда чагылдырылат.
2.9. Күн сайын ушул Жобонун 2.6, 2.7-пункттарына ылайык учурдагы операциялык күнү жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн натыйжалары боюнча банк-агентинин филиалы Борбордук казыналыктын жана банк-агентинин башкы офисинин ортосундагы келишимге ылайык учурдагы операциялар боюнча транзиттик эсепти жана атайын каражаттар боюнча транзиттик эсепти жабууну жүргүзөт (ар бир эсепти өз-өзүнчө).
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомдун редакциясына ылайык)
2.10. Банк-агентинин башкы офиси гросстук система боюнча Борбордук казыналыктын Улуттук банктагы эсеби боюнча учурдагы операциялык күндөгү КРБ транзиттик эсептеринин жүгүртүүлөрүн чегерүүнү жана алып салууну жүргүзөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомдун редакциясына ылайык)
2.11. Банк агенттери энчилүү эсептердеги мурдагы күндөгү көчүрмөлөр менен күн сайын КРБту камсыздайт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомдун редакциясына ылайык)
2.12. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
3.1. Банк-агенттиктердин накталай акча каражаттарын бюджеттик уюмдарга берүүсү банк-агенттин өзүнүн ресурстарынын эсебинен, ал эми алар жетишсиз учурда - учурдагы эсеп-чоттон алынган колдоонун жүргүзүлөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомдун редакциясына ылайык)
3.2. Накталай акча каражаттарын алууга КРБнын арызы банк агентине кат жүзүндө, эсеп-чоттогу каражаттарды тескөөгө укуктуу кызмат адамдары кол койгон эки нускада берилет. Арызды кабыл алгандыгы жөнүндө банк-агенттин жооптуу кызматкери кол койгон нускалардын бири КРБнын ишеничтүү адамына кайра берилет.
3.3. КРБнын арызын канааттандыруу үчүн өзүнүн ресурстары жок учурда банк-агенттин филиалы акчалай каражаттын керектүүлүгү жөнүндө облустук, региондук бөлүмгө же башкы офиске (баш ийүүсү боюнча) маалымдайт, алар учурдагы эсеп-чоттон же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган, колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгын аныкташат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомдун редакциясына ылайык)
3.4. Улуттук банктагы Борбордук казыналыктын учурдагы эсеп-чотторунан накталай акча каражаттары менен колдоо зарыл болгон учурда:
а) банк-агенттин облустук, региондук бөлүмү КРБкын арычындагы суммалар жөнүндө башкы офиске ички жол-жоболордо белгиленген мөөнөттөрдө маалымдайт;
б) банк-агенттин башкы офиси КРБнын арызындагы суммалар жөнүндө Борбордук казыналыкка келишимде эскертилген тартипте маалымдайт.
3.5. Колдоо көрсөтүү күнүнөн мурда Борбордук казыналык Улуттук банк менен Борбордук казыналыктын ортосундагы келишимде эскертилген тартипте жана мөөнөттөрдө Улуттук банкка КРБ боюнча накталай акча менен колдоо көрсөтүүгө табыштама. Борбордук казыналыктын учурдагы же кошумча эсеп-чотторунан табыштаманын суммасын которуу арызын берет.
3.6. Учурдагы эсеп-чоттон накталай акча каражаттары менен колдоо көрсөтүү Улуттук банк менен Борбордук казыналык ортосундагы келишимде эскертилген мөөнөттөрдө инкассация кызматтарын жүзөгө ашыруучу уюмдун кыймылынын графигине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомдун редакциясына ылайык)
4.1. Казыналыктын учурдагы эсеп-чоту боюнча калдыктар ай сайын Улуттук банктын жана банк-агенттердин башкы офистеринин маалыматтары менен салыштырылып каралууга тийиш. Айырмачылыктар табылган учурда Борбордук казыналык айырмачылыктардын булагын табуу жана жаңылыштыктарды оңдоо боюнча зарыл бухгалтердик иштерди жүргүзүү үчүн Улуттук банкка жана банк-агенттин башкы офисине токтоосуз кайрылат.
4.2. Отчёттук айдан кийинки айдын 3-жумушчу күнүнөн кечиктирбестен банк-агенттин ар бир филиалы ай сайын КРБнын ачык транзиттик эсеп-чётторунан жүргүзүлгөн ар бир операциялар боюнча КРБнын транзиттик эсеп-чоту боюнча жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчёт түзөт (1-тиркеме).
4.3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4.4. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4.5. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4.6. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-июлу № 508 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
1-тиркеме
КРБнын транзиттик эсеп-чоту боюнча жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчёт
_______________________________________________________________
(учурдагы операциялар боюнча, атайын каражаттар боюнча)
201_-ж._________________________үчүн
_____________________
(КРБнын аталышы)
№ | Дата (күн, ай) | Ай ичиндеги жүгүртүүлөр (сом) | Буйруктар суммасы | Чектер боюнча берилген накталай акча каражаттар суммасы | Түшкөн накталай акча каражаттар суммасы | |||||
ДТ | Кт | Буйруктар № | Борбордук казыналыктын учурдагы эсеп-чотуна чегерүү боюнча (А) | Борбордук казыналыктын учурдагы эсеп-чопгунан алуу боюнча (Б) | КРУБнын колдоосунун эсебинен | Банктын өзүнүн ресурстарынын эсебинен | КРУБнын колдоосу боюнча | Кардарлардан | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Банк-агенттин эсеп-чоту |
| |
Дт | Кт
| ||
|
| ||
Банк-агенттигинин ыйгарым укуктуу адамдарынын аты-жөнү, колу __________________________ __________________________ МО
телефон | КРБнын ыйгарым укуктуу адамдарынын аты-жөнү, колу ___________________________ ___________________________ МО
телефон |
2-тиркеме
Транзиттик эсеп-чоттор боюнча операцияларды жүргүзүү жөнүндө жыйынды отчёт
_____________________________________________________________________
(учурдагы операциялар боюнча, атайын каражаттар боюнча)
201 _-ж.__________________________үчүн
Банк-агенттин аталышы
№ | Аталышы | Ай ичиндеги жүгүртүүлөр (сом) | Буйруктар суммасы | Чектер боюнча берилген накталай акча каражаттар суммасы | Түшкөн накталай акча каражаттар суммасы | |||||
КРБ | Дт | Кт | Буйруктар№ | Борбордук казыналыктын учурдагы эсеп-чотуна чегерүү боюнча (А) | Борбордух казыналыктын учурдагы эсеп-чотунан алуу боюнча (Б) | КРУБнын колдоосунун эсебннен | Банктын өзүнүн ресурстарынын эсебинен | КРУБнын колдоосу боюнча | Кардарлардан | |
1 | 2 | 3 | 4 |
| 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Банк-агенттигинин ыйгарым укуктуу адамдарынын аты-жөнү, колу
_____________________
_____________________
МО
телефон