Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 507 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын чакан гидроэнергетикасын 2017-жылга чейин өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
I. Киришүү
Ушул Кыргыз Республикасынын чакан гидроэнергетикасын 2017-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) 2017-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын чакан гидроэнергетикасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, максаттарын жана милдеттерин аныктайт. Концепция объективдүү өбөлгөлөрдү карайт жана чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү стратегиясынын негизги жоболорун түзөт.
II. Учурдагы кырдаалга жалпы баа берүү
1. Учурдагы кырдаалды баяндоо
Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн отун-энергетика комплексин туруктуу өнүктүрүү Кыргыз Республикасында энергетиканы өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын максаты болуп саналат. Энергетикалык тармак энергиянын ар кандай булактарын акылга сыярлык, экономикалык жактан өзүн актагандай пайдаланууга негизделүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык потенциалы практика жүзүндө толук түрдө чоң гидроэлектрстанцияларынын эсебинен ишке ашырылууда. Керектөөчүлөрдүн ички рыногу акыркы жылдарда кыйла жогорулады, аны менен бирге иштеп жаткан гидроэлектрстанциялардын жана жылуулук электрстанцияларынын электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү мурдакы деңгээлде калууда. Потенциалы 3800 МВт деп бааланып, жыл сайын 7 млн. кВт/с электр энергиясын иштеп чыгуучу жаңы кубаттуулуктарды Камбарата-1 жана Камбарата-2, Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын пландалган ишке киргизүүгө карабастан, республиканын электр энергиясына керектөөлөрү жыл сайын өсүүдө. 2017-жылы электр энергиясынын тартыштыгы болжол менен 3 млрд. кВт/саатты түзүшү мүмкүн.
Келечекте органикалык отунду (көмүр, жаратылыш газы, мазут, дизель отуну) колдонуучу энергияны өндүрүү чечилиши кыйын болгон бир катар экономикалык, транспорттук жана экологиялык көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн. Өлкөнүн ички рыногунда энергетикалык альтернативанын жоктугу салттуу энергия булактарынын акырындык менен түгөнүшүнүн, экологиялык талаптарды күчөтүүдөн генерациялоочу кубаттуулуктарды курууда салыштырма капиталдык салымдардын кымбатташынын натыйжасында терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу, республиканын керектөөчүлөрүн энергия менен камсыз кылуунун альтернативдик, натыйжалуу жана экономикалык жактан пайдалуу ыкмаларын колдонуу зарылчылыгы жаралууда. Республиканын бардык региондорундагы болгон чакан суулардын жана суу агындарынын гидроэнергетикалык ресурстарынын потенциалын колдонуу мындай ыкмалардын бири болуп саналат.
Энергетикалык сектордогу учурдагы абалга жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып, жеке муктаждыктарда колдонулуучу бир катар чакан гидроэлектр станцияларды жана күн орнотмолорун пайдаланууга киргизүүдөн тышкары, бул жаатта эч кандай олуттуу өзгөрүүлөр болгон эмес. Бул өңдүү өтө чоң эмес долбоорлор негизинен эл аралык уюмдардын гранттык жардамынын эсебинен ишке ашырылган. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуучу энергияны өндүрүүчүлөрдү реалдуу колдоонун так иштелип чыккан механизмдеринин жоктугу чакан гидроэлектрстанциялардын курулушуна капитал алуу үчүн инвесторлордун эч кандай кызыгуусун жаратпайт.
Илимий-техникалык прогресстин акыркы жетишкендиктери жана чакан гидроэлектрстанцияларды долбоорлоонун, куруунун жана пайдаланууга киргизүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы бул тармакты өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жана келечегине жаңыча кароого мүмкүндүк берет. Чакан гидроэлектрстанциялары иштөөнүн узак мөөнөтүнөн (70 жылдан ашык), энергетикалык жабдууларды техникалык тейлөөгө сарптоонун төмөндүгүнөн, тейлөөчү персоналы жок эле башкаруу схемасынын жөнөкөйлүгүнөн алар кирешелүү (рентабелдүү) болуп эсептелет. Чакан гидроэлектрстанциялардын курулмаларын көп максаттуу колдонуунун эсебинен, ошондой эле жогорку вольттуу линияларды куруусуз жергиликтүү түйүнгө кубаттуулукту берүүдө анын натыйжалуулугу жогорулашы мүмкүн. Республиканын бирдиктүү энергетика системасында чакан гидроэлектрстанциялары жергиликтүү электр түйүндөрүндө электр энергиясынын жоготуусун төмөндөтүүгө мүмкүндүк берүүчү иштин режимдерин турукташтыруу үчүн авариялык резервдин функциясын аткарышы мүмкүн, ал эми зарыл болгон учурда синхрондуу компенсатор режиминде иштөө менен реактивдүү кубаттуулуктун булактары боло алышат.
Баштапкы жогорку капиталдык сарптоолор жана өзүн актоонун узак мөөнөтү чакан гидроэнергетиканы кеңири масштабдуу өнүктүрүү жолундагы негизги тоскоолдук болуп саналат. Ченемдик укуктук базанын өркүндөтүлбөшүн, чакан гидроэлектрстанцияларды өнүктүрүүгө жана курууга өз капиталын салууга даяр болгон жеке инвесторлор менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү механизмдеринин жана так эрежелеринин жоктугун дагы чакан гидроэлектрстанцияларды реабилитациялоодо жана курууда орун алган тоскоолдуктарга кошууга болот.
Чакан гидроэлектрстанциялардын курулушунун экономикалык жактан максаттуу долбоорлорун аныктоо максатында кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү, техникалык параметрлерди, жерге болгон укук жөнүндө маалыматты, суу булактарын пайдалануу режимдерин камтыган келечектүү долбоорлордун маалыматтык базасын иштеп чыгуу менен чакан гидроэлектрстанцияларынын реалдуу экономикалык потенциалына баа берүү Концепциянын биринчи кезектеги милдеттеринин бири болуп саналат.
2. Энергетикалык сектордун түзүмүнө талдоо жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын энергетикалык секторунун негизин мурда бирдиктүү вертикалдык-интеграцияланган органды түшүндүргөн жана табигый монополист болуп саналган гидроэнергетика түзөт.
Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанциялардын курулушу 1913-1963-жылдар мезгилинде ишке ашырылган жана өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынын аягында өзүнүн жогорку чегине жеткен. Колхоздордун, совхоздордун, өнөр жай ишканаларынын жана башка уюмдардын балансында турган гидроэлектрстанциялардын көп бөлүгү төмөнкү техника-экономикалык көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлгөн. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында борборлоштурулган электр жабдууга массалык түрдө өтүүгө байланыштуу, чакан гидроэлектрстанцияларын андан ары пайдалануу максаттуу эмес деп таанылган. Алардын көпчүлүгү иштен чыгарылган жана демонтаждалган, калгандары "Кыргызэнергохолдинг" акционердик коомунун балансына өткөрүп берилген. Андан ары кыйла үнөмдүү эмес чакан гидроэлектрстанциялары консервацияланган.
Энергетикалык тармактын өнүгүүсүн камсыз кылуу жана анын инвесторлор үчүн кызыктуулугун жогорулатууга негиз түзүү максатында 2001-жылы энергетика секторун реструктуралаштыруу жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1999-жылдын 24-мартындагы № 1358-1 токтому менен бекитилген, "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасына ылайык, энергетика компаниялары функционалдык белгилери: электр энергиясын иштеп чыгуу, берүү жана бөлүштүрүү боюнча бөлүнгөн. Программа 30 МВтга чейинки кубаттуулуктагы, анын ичинде калыбына келтирүүгө жана реконструкциялоого тийиш болгон чакан гидроэлектрстанцияларын менчиктештирүү каралгандыгын белгилей кетүү зарыл.
Реструктуралаштыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын энергетика рыногунда 2002-жылга карата 8 энергетикалык компания - акцияларынын контролдук мамлекеттик пакети менен табигый монополиялардын субъекттери, бир нече электр энергиясын жеке өндүрүүчүлөр жана электр энергиясынын бир катар дүң сатып алуучу - сатуучулар (ДСС) пайда болгон.
Азыркы учурда энергетика секторунун түзүмү төмөнкүлөрдөн турат:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коому - генерациялоочу компаниядан;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому - өткөрүп берүүчү компаниядан (жогорку вольттогу түйүндөр);
- региондук бөлүштүрүүчү төрт энергетикалык компаниядан ("Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомдору);
- "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунан - Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүн камсыз кылуучу жылуулук энергиясы боюнча бөлүштүрүүчү компаниядан;
- "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому (9 чакан гидроэлектрстанция) - генерациялоочу компаниядан;
- үч чакан гидроэлектрстанция (Калинин, Ысык-Ата, Ак-Суу) - жеке менчик формасындагы генерациялоочу компаниядан;
- 20дан ашык дүң сатып алуучу-сатуучулар - жекече сатып өткөрүү компанияларынан.
"Электр станциялар", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр", "Бишкек жылуулуктармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын контролдук пакети мамлекетке тиешелүү.
Электр энергетикасындагы мамлекеттик башкаруу, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан ишке ашырылат.
3. Чакан гидроэнергетиканын ресурстары жана потенциалы
Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык ресурстары 268 суудан, 97 ири каналдан жана 18 суу сактагычтан турат, алардын потенциалы жылына болжол менен 143 млрд. кВт/с электр энергиясын иштеп чыгууну түзөт. Бүгүнкү күндө алардын болжол менен 10%га жакыны гана пайдаланылат, б.а. жыл сайын электр энергиясын иштеп чыгуу болжол менен 14 млрд. кВт/сааты түзөт.
Чакан суулардын жана суу агындарынын гидроэнергетикалык потенциалы жылына 5-8 млрд. кВт/саатты түзөт, алардын ичинен республика 1%га жакынын гана пайдаланат. Кыргыз электр энергетика системасынын өндүрүштүк базасы белгиленген 3030 МВт кубаттуулуктагы 7 гидроэлектрстанцияны жана белгиленген 716 МВт кубаттуулуктагы эки жылуулук электр борборлорун (ЖЭБ) кошо алганда, белгиленген 3746 МВт кубаттуулуктагы 9 ири электр станцияларын өзүнө камтыйт. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө жалпы кубаттуулугу 38,5 МВт болгон 9 чакан гидроэлектрстанция пайдаланылууда.
Статистикалык маалыматтарга ылайык 1960-жылы республикада жүздөн ашык чакан гидроэлектрстанциялары иштеген, алар жыл сайын болжол менен 285,3 млн. кВт/с электр энергиясын иштеп чыккан, ал республикада электр энергиясын суммалык өндүрүүнүн 32,7%ын түзгөн. Республиканын чакан сууларынын энергетикалык потенциалы бардык региондордо суммалык кубаттуулугу болжол менен 180 МВт жана 1,0 млрд. кВт/с чейин электр энергиясын орточо жылдык иштеп чыгуучу 87 жаңы чакан гидроэлектрстанцияларды курууну караган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-октябрындагы № 365 Жарлыгы менен бекитилген 2012-жылга чейин Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү программасында 41 чакан гидроэлектр станцияны куруу каралган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 346-IV токтому менен жактырылган 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетикалык программасында жана 2025-жылга чейин отун-энергетика комплексин өнүктүрүү стратегиясында консервацияланган чакан гидроэлектр станцияларды техникалык жактан кайра жабдуу жана калыбына келтирүү, суммалык кубаттуулугу 178 МВт болгон жана жылына 1 млрд. кВт/с орточо жылдык иштеп чыгаруучу чакан гидроэлектрстанцияларды куруу каралган.
Жогоруда аталган документтерде каралган чакан гидроэлектрстанцияларын куруунун келечектүү пландарын иштеп чыгуу жер менчиги маселелерин чечүүнү, ошондой эле энергетикалык объекттерди куруунун табигый жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуусуз менчиктин мамлекеттик формасына негизделген. Пландарды иштеп чыгуу мезгилинде чакан бизнес жана жерге жеке менчик түшүнүктөрү болгон эмес.
Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин чакан гидроэлектрстанцияларынын деривациялык каналдарын, электр берүү линияларын, ар кандай гидрокурулмаларды камтыган көп километрге созулган инфраструктурасы көп учурларда өзүндө менчиктин ар кандай, жеке жана мамлекеттик, же болбосо, жалаң гана жеке менчик формаларын айкалыштырат, бул болсо чакан гидроэлектрстанцияларын курууда менчик ээлеринин кызыкчылыктарын эсепке алуу зарылчылыгына алып келет.
Ушуга байланыштуу, тигил же бул суу булактарынын дүң потенциалы автоматтык түрдө техникалыкка айланат, ал эми социалдык-экономикалык факторлорду эсепке алуу (энергия керектөөнүн масштабдары, керектөөчүлөрдүн саны, тариф саясаты, инвестициялык шарттар) олуттуу мүнөздө аларды чакан гидроэлектрстанцияларынын курулушу жана аларды өздөштүрүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыктуулукка алып келүү менен гидроэнергетикалык потенциалдын дүң көлөмдөрүн оңдоп-түздөйт.
4. Чакан гидроэлектрстанцияларын куруунун максатка ылайыктуулугу
Чакан гидроэлектрстанцияларын куруунун максатка ылайыктуулугу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй позитивдүү экономикалык, техникалык, социалдык-саясий, экологиялык жана гендердик аспектилерин эске алуучу реалдуу мүмкүнчүлүктөргө негизделет:
1) экономикалык:
- отунду түзүүчү курам жок болгондо электр энергиясын иштеп чыгуунун өздүк наркы энергиянын учурдагы генерациясынан төмөн (мисалы, жылуулук электр борбору);
- плотиналарды курууну жана электр берүүнүн кымбат турган линияларын, анын ичинде жетүүгө кыйын райондордо тартуу зарылчылыгын талап кылбаган төмөн салыштырмалуу капиталдык салымдар;
- суу каптоонун анча чоң эмес аянттарын пайдалануунун, ошондой эле күрдүү жерлерди чарбалык жүгүртүүдөн чыгарбоонун натыйжасында, чарба жерлерине келтирилген зыян үчүн анча чоң эмес компенсация;
- калктын, орто жана чакан бизнестин каражаттарын тартуу мүмкүнчүлүгү;
- электр энергиясын алуунун кыйла кыска мөөнөттөрү;
2) техникалык жана технологиялык:
- плотиналарды жана башка инфраструктураларды курууда зарыл болгон оор жүк ташуучу автомобилдерди колдонуу, жолдорду куруу талап кылынбайт;
- пайдалануу режимдерин жөнгө салуунун жөнөкөйлүгү;
- электр энергиясын транспорттоодо төмөн техникалык жоготуулар;
3) экологиялык:
- суу каптоо зоналарынын жоктугу жана табигый жерлерди (шорсуз жана эрозиясыз), токойлорду, флораны жана фаунаны сактоо;
- коммуналдык муктаждыктар жана сугат, ошондой эле экологиялык тең салмактуулук үчүн колдонулуучу суунун сапатын сактоо;
4) социалдык:
- негизги коммуникациялардан алыста турган калктуу конуштарды электрлештирүү;
- жаңы жумуш орундарын түзүү жана жаңы өндүрүштөрдү өздөштүрүүгө жумушчу күчтү тартуу жана иштеп жаткандарын кыйла натыйжалуу колдонуу;
- калктын социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу;
5) гендердик:
- эмгек түйшүгүн төмөндөтүү, билим алуу жана киреше алып келүүчү жумуш менен камсыз кылуу максатында калктын корголбогон катмарын зарыл болгон минималдуу көлөмдө энергоресурстар менен камсыз кылуу;
- ден соолукка, биринчи кезекте аялдарга жана балдарга түздөн-түз таасир тийгизүүчү айылдык фельдшердик-акушердик пункттар, мектептер, бала бакчалар үчүн энергоресурстардын тартыштыгын кыскартуу.
III. Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн мыйзамдык базасы
Энергия үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуучу булактары, анын ичинде чакан гидроэлектрстанцияларды өнүктүрүү саясаты "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө", "Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетикалык программасы жана 2025-жылга чейин отун-энергетика комплексин өнүктүрүү стратегиясы менен аныкталат. Ченемдик укуктук база чакан гидроэнергетиканы кошо алганда, республиканын энергетикалык тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын, максаттарын жана милдеттерин аныктайт.
Кыргыз Республикасында альтернативдик энергетика жаатындагы жөнгө салуунун башталышы 2008-жылдын 31-декабрындагы "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу менен башталган. Мыйзам энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана колдонуу, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жогорулатуу жана курчап турган чөйрөнү коргоо максатында кабыл алынган. Бул Мыйзам мамлекеттин, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүчүлөрдүн, жеткирүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелерди жөнгө салуунун укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана финансылык негиздерин, механизмдерин белгилейт.
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу өндүрүүчүлөр инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүчү бир катар маанилүү артыкчылыктарды алышкан:
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуучу орнотмолордун энергетикалык түйүндөрүнө кепилдик берилген кошулуу укугун;
- бардык өндүрүлгөн энергияны бөлүштүрүүчү электр энергетикалык компаниялар тарабынан кепилдик берилген сатып алуу укугун;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарынын түрлөрүнө жараша дифференцияланган, жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу менен республика боюнча максималдуу белгиленген тарифтин өлчөмүндө энергияга белгиленген тарифтер;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуучу орнотмолорду пайдаланууга киргизген күндөн тартып 8 жылга чейинки мөөнөттө белгиленген тарифтин колдонулушу;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен байланышкан ишти лицензиялоону алып салуу.
Чакан гидроэлектрстанцияларын курууга инвестициялар чет өлкө валютасында ишке ашырыла турганын эске алсак, анда аталган Мыйзамда белгиленген кредиттердин улуттук валютада кайтарылып берилишин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын расмий маалыматтарынын негизинде, тариф жыл сайын валютанын курсун жана инфляциянын деңгээлин эске алуу менен түзөтүлүп турууга тийиш. Бул Мыйзам энергиянын кайра жаралуучу булактарынан алынган энергияга тарифти 8 жылдык мөөнөткө белгилөөнүн механизмин аныктайт, бирок өзүн актоо мезгилинен кийин энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуучу энергия өндүрүүчүлөр үчүн тарифти белгилөөнүн механизми көрсөтүлгөн эмес.
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуучу объекттерди андан ары пайдаланууга дем берүү үчүн "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тарифтер системасы аркылуу, бирок жогорулатуучу коэффициентти эсепке алуусуз, бул генерацияны колдоонун механизмин сактоо керек.
Мыйзамда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүчүлөрдөн электр энергиясын жогорку баада алуучу энергокомпанияларга чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби каралбагандыктан, чакан гидроэлектр станциялар тарабынан иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк наркынын жана электр энергиясына белгиленген тарифтин ортосундагы айырманын ордун толтуруу максатында энергетикалык компанияларга компенсация берүүнүн механизмин иштеп чыгуу керек.
Чакан гидроэлектрстанцияларын куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга инвесторлорго берилүүчү карыздарды кайтарып берүү кепилдиктери бөлүштүрүүчү/энергия менен жабдуучу уюмду толук көлөмдө сатып алуу милдеттенмеси менен электр энергиясын берүүнүн (сатып алуу-сатуу) алдын ала узак мөөнөттүү келишимин түзүү жолу менен ишке ашырылууга тийиш. Инвестор, электр энергиясын берүү келишимин түзүүдө өз салымдарынын акталышына кепилдикке ээ болот, анткени келишим энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу боюнча объектти куруу долбоорунун өзүн актоо мөөнөтүнөн аз эмес мезгилге түзүлөт.
Мыйзамдарда орун алган преференцияларга карабастан, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттери үчүн бир катар тоскоолдуктар бар. Алсак, бүгүнкү күндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуучу энергия өндүрүүчүлөр үчүн уруксат документтерин алуу жол-жоболору аныкталган эмес жана чакан гидроэлектрстанцияларын куруу боюнча долбоордун өзүн актоо мезгилинен кийин тарифти белгилөө механизми иштелип чыккан эмес.
IV. Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү проблемалары
Чакан гидроэлектр станцияларды куруу боюнча долбоорлорду мамлекеттик каржылоо жок болгон шарттарда Жеке инвесторлорду тартуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле эл аралык финансы институттарынын жеңилдетилген кредиттик каржылоосун пайдалануу максатка ылайыктуу.
Энергетикада жеке сектор мамлекеттик ишканалар жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар уюмдар менен салыштырганда кыйла натыйжалуу менеджер болуп эсептелет жана рынок конъюнктурасынын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрөт.
Долбоорлордун кызыгуу жаратуусуна чечүүчү таасир тийгизген бир катар тобокелдиктердин болушу чакан гидроэлектрстанцияларын жеке капиталдын эсебинен куруу долбоорлорун жетишсиз каржылоонун себеби болуп саналат.
Тобокелдиктин негизги факторлоруна төмөнкүлөр кирет:
1) финансылык - чакан гидроэлектрстанциялар иштеп чыккан электр энергиясын сатып алууга жана сатууга тарифтерди белгилөө механизминин өркүндөтүлбөгөндүгү, мыйзамда белгиленген тартипте төлөөгө кепилдик берүүчү, чакан гидроэлектрстанциялар иштеп чыккан электр энергиясын жеткирүү келишиминин типтүү формасынын жоктугу, чакан гидроэлектрстанциялар тарабынан иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүүчүлөрдү кошо алганда, бөлүштүрүүчү компаниялардын жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун тармактарына үчүнчү тараптын технологиялык кошулуусунун эрежелери, электр түйүндөрүнө технологиялык кошулуу үчүн акы төлөөнү эсептөө методикасы аныкталган эмес жана башкалар;
2) экономикалык - чакан гидроэлектрстанциялар иштеп чыккан электр энергиясына улуттук валютада бекитилген тариф инфляциянын деңгээлин жана валютанын алмашуу курсун эске албайт, жергиликтүү банктык кредит берүү системасы, кредиттердин лизингдик системасы жана башкалар жок;
3) техникалык - курулуш жана чакан гидроэлектрстанцияларды курууда чыгымдардын жогорулашы, жабдуунун ишенимдүүлүгү, кепилдик берилген сервистик тейлөөнүн жоктугу;
4) гидрологиялык жана геологиялык - суу режимдеринен (плотиналардын жана суу сактагычтардын жоктугунан улам) жана чакан гидроэлектрстанциялар үчүн ачык жерлердин геофизикалык жайгашуусунун өзгөчөлүктөрүнөн эксплуатациялоонун жогорку көз карандылыгы;
5) операциялык - квалификациялуу кадрлардын жоктугу.
Чакан гидроэлектр станциялардын субъекттери үчүн мыйзамда бекитилген преференцияларды эске алуу менен тобокелдиктин көрсөтүлгөн факторлорун минималдаштыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү, ченемдик укуктук базаны шайкеш келтирүү биринчи даражадагы милдеттер болуп саналат.
V. Концепциянын максаттары жана багыттары
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүгө өтүү боюнча программасына ылайык энергиянын кайра жаралуу булактарынын үлүшү энергия пайдалануунун жалпы көлөмүндө 2017-жылга карата 1,5%га жетиши керек. Концепциянын максаты ушул секторго инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен чакан гидроэнергетиканы кошкондо энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү саясатын илгерилетүү болуп саналат.
Концепция төмөнкүлөргө багытталган:
- курчап турган чөйрөнү коргоону камсыз кылуу менен чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жогорулатууга;
- чакан гидроэлектрстанцияларын курууга инвестицияларды тартуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө;
- чакан гидроэлектрстанцияларын куруу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө;
- чакан гидроэлектрстанцияларын өнүктүрүү жаатында уюштуруучулук түзүмдөрдү түзүүгө;
- бизнес-коомчулук, эл аралык финансылык жана жарандык институттар менен өз ара аракеттенүү максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүүгө;
- эл аралык, улуттук, региондук жана муниципалдык деңгээлдердеги иш-чараларды маалыматтык жана билим берүүчүлүк жактан колдоого.
Жогоруда аталгандарга жетүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө", "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга аларды "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- гидрологиялык, геологиялык, техникалык, ошондой эле аймактык социалдык-экономикалык шарттарды эске алуу менен чакан гидроэлектрстанциялардын курулушу боюнча экономикалык жактан максаттуу долбоорлорду тандап алуунун критерийлерин аныктоо;
- чакан гидроэлектрстанцияларын куруу үчүн экономикалык жактан максаттуу долбоорлорду тандап алуунун негизинде келечектүү чакан гидроэлектрстанциялардын картасын иштеп чыгуу;
- өлкөнүн энергобалансында чакан гидроэлектрстанциялар иштеп чыгуучу электр энергиясынын үлүшүн аныктоо;
- чакан гидроэлектрстанциялардын курулушу боюнча долбоорлорду даярдоонун, макулдашуунун, бекитүүнүн жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө чакан гидроэлектрстанциялардын инвесторлору үчүн маалымдаманы иштеп чыгуу;
- чакан гидроэлектрстанциялар иштеп чыгуучу электр энергиясын өндүрүүчүлөрдү кошкондо бөлүштүрүүчү компаниялардын жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун тармактарына технологиялык кошулуу эрежелерин иштеп чыгуу;
- электр тармактарына технологиялык кошулуу үчүн акы төлөөнү эсептөө методикасын иштеп чыгуу.
Жогоруда аталган милдеттерди ишке ашырууда мамлекет чакан гидроэлектрстанциялардын курулушу үчүн стратегиялык инвесторлорду жана ата мекендик жана эл аралык бизнес-түзүмдөрдүн финансылык каражаттарын тартууга шарт түзөт.
VI. Концепцияны ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралар
Кыргыз Республикасында чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү үчүн болгон тоскоолдуктарды жеңүү максатында төмөнкүдөй уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү зарыл:
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана жалпысынан энергетикалык тармакты өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү саясатынын стратегиясын түзүү үчүн өлкөнүн энергобалансында чакан гидроэлектрстанциялардын гидроэнергетикалык потенциалынын үлүшүн аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын чакан гидроэнергетикасын кошкондо энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык документти кабыл алуу;
- чакан гидроэлектрстанциялардын объекттерине карата концессиянын типтүү келишимин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- гидрологиялык, экологиялык-географиялык, техникалык, экономикалык жана социалдык факторлорду эске алуу менен чакан гидроэлектрстанциялардын курулушу боюнча экономикалык жактан максаттуу болгон долбоорлорду тандап алуунун критерийлерин аныктоо;
- чакан гидроэлектрстанцияларын куруу үчүн экономикалык жактан максаттуу болгон ачык жерлердин схемасынын картасын иштеп чыгуу максатында иштелип чыккан критерийлерди эске алуу менен ар кандай суу агындарында чакан гидроэлектрстанциялардын жаңы ачык жерлерине, ошондой эле мурда иштеп жаткандарына изилдөө жүргүзүү;
- жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн базасында чакан гидроэлектрстанциялардын курулушу үчүн өлкөнүн ар кайсы региондоруна келечектүү ачык жерлерди негиздөө жана бекемдөө;
- электрондук форматтагы базалык маалыматты көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин сайтына жайгаштыруу менен чакан гидроэлектрстанциялардын жайгашуусунун картасын иштеп чыгуу;
- чакан гидроэлектрстанциялардын курулушу боюнча долбоорлорду даярдоодо инвесторлорго жардам берүү үчүн Кыргыз Республикасындагы чакан гидроэлектрстанциялардын курулушунун долбоорлорун даярдоонун, макулдашуунун, бекитүүнүн жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө маалыматты камтыган маалымдаманы иштеп чыгуу.
VII. Концепцияны ишке ашыруу жана мониторинг
Концепцияны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги бекиткен Иш-чаралар планынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта, алардын функционалдык милдеттерине ылайык, БУУӨПтүн "Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү" долбоорунун жана башка эл аралык финансы институттарынын финансылык колдоосунда жүзөгө ашырылат.
Концепцияны жана Иш-чаралар планын аткарууга дайыма мониторинг жүргүзүү жана баалоо аларды ишке ашыруу прогрессине көз салып туруунун натыйжалуу каражаты болот.
Алынган натыйжалардын негизинде Концепцияны ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар үчүн альтернативалуу мүмкүнчүлүктөрдү тандоо, ресурстарды бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу боюнча чечимдер кабыл алынат, ал республикада чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү максатында ишке ашырылуучу багыттарды оңдоп-түзөөгө мүмкүндүк берет.