Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-июлу № 507
Кыргыз Республикасынын чакан гидроэнергетикасын 2017-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Республикада чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын чакан гидроэнергетикасын 2017-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин;
- ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбей Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына отчет берип турсун.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |