КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-июлу № 503
Катышуунун мамлекеттик үлүшү бар электр энергетикалык тармактын чарбакер коомдорунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функциясын өткөрүп берүү жөнүндө
Катышуунун мамлекеттик үлүшү бар электр энергетикалык тармактын чарбакер коомдорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2015-жылдын 28-апрелиндеги № 1 "Өлкөнүн экономикасынын электр энергетикалык секторунун абалы жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу" чечимин эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катышуунун мамлекеттик үлүшү бар электр энергетикалык тармактын чарбакер коомдорунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 15-августунан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 24-июлунда N 67 жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр-жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |