Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-апрели № 169
Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын реформалоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен төмөнкүлөр суралсын:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолорду киргизүү:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын:
төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толуктоо:
"13-1. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары мамлекеттик акциялар пакеттерин киргизүү жолу менен менчиктештирилүүчү объектилердин тизмеги ушул Программанын 4-тиркемесине ылайык аныкталат.";
ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 4-тиркеме менен толуктоо;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда аталган токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июлундагы № 503 "Катышуунун мамлекеттик үлүшү бар электр энергетикалык тармактын, чарбакер коомдорунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функциясын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
|
| "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 4-тиркемеси |
№ | Объекттин аталышы | Уставдык капитал, (миң сом) | Мамлекеттик үлүш, (%) | Менчиктештирүүгө тийиш болгон мамлекеттик үлүш, (%) |
1 | "Электр станциялар" ачык акционердик коому | 4428282,9 | 80,49% | 80,49% |
2 | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому | 1597377,3 | 80,49% | 80,49% |
3 | "Түндүкэлектр" ачык акционердик коому | 454574,6 | 80,49% | 80,49% |
4 | "Чыгышэлектр" ачык акционердик коому | 186499,9 | 80,49% | 80,49% |
5 | "Ошэлектр ачык акционердик коому | 169816,0 | 80,49% | 80,49% |
6 | "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коому | 212618,1 | 80,49% | 80,49% |
7 | "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому | 366841,8 | 80,49% | 80,49% |
8 | "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому | 274724,2 | 100,0% | 100,0% |
9 | "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ачык акционердик коому | 100,0 | 100,0% | 100,0% |