Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Көңүл буруңуздар!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 2-пунктуна ылайык 2015-жылдын 15-июлундагы № 497,
ушул жобо он эки ай бою күчүндө болот
аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 497 токтому менен бекитилген |
Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин лицензиялануучу түрү менен иштөөнү каалаган уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тиешелүү лицензия алууга милдеттүү.
2. Банктык эмес финансылык сектор жаатында лицензиар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы болуп саналат, ал иштердин төмөнкү түрлөрүнө лицензия берет:
- лотереялык ишке (кызыктыруучу лотереядан башкасына);
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө;
- кайра камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кириш кайра камсыздандырууга;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишине;
- баалуу кагаздар рыногунда соода-сатыктарды уюштурууга;
- баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишке;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө;
- баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишке;
- баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишке;
- инвестициялык фонддун ишине;
- инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга;
- аудитордук ишке.
3. Аудитордук иш менен юридикалык жак, ошондой эле жеке жактар да (жеке ишкерлер) алектенүүгө укуктуу.
4. Лицензия алууга арыз 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формада жазуу жүзүндө берилет.
Ушул Убактылуу жобонун 2-пунктунда аталган иштин түрлөрүн ишке ашырууга лицензия 2-тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары берген банктык эмес финансылык рынок жаатындагы лицензияны таануу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксаттама тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Лотереялык ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
6. Лотереялык иштин лицензиясы мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
7. Лицензиялык лотереялык иш лотереялык ишти уюштуруудан турат.
8. Лотереялык ишке лицензия алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- лотереяны уюштуруучунун мурдагы отчеттук жылдагы бухгалтердик балансы, Кыргыз Республикасынын салык органынын белгиси менен;
- көрсөтүлгөн мезгил үчүн финансылык иштердин жыйынтыктары жөнүндө отчет;
- лотереяны өткөрүүнүн шарттары;
- лотерея билеттеринин коргоо даражаларынын тизмеси;
- лотереяны уюштуруучу менен лотереялык процессти уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги катышуучуларынын (лотереяны тейлеген полиграфиялык ишканалар, жарнамалык фирмалар ж.б.) ортосундагы келишим же макулдашуу;
- тез лотереялар үчүн ар бир чыгарылыштагы лотереялык билеттердин чыгарылган көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмес сыйлык фондусунун көлөмүн, тез лотереялар үчүн - 10000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес сыйлык фондусунун минималдык өлчөмүн камсыз кылуу боюнча талаптардын сакталышы жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме;
- тираждык жана айкалыштырылган лотереялар үчүн 4000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес, электрондук лотереялар үчүн - 3000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес сыйлык фондусунун минималдык өлчөмүн камсыз кылуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме.
3. Өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
9. Камсыздандыруу уюму жүзөгө ашыруучу өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандыруу лицензиясы мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
10. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандыруу боюнча лицензиялык иш төмөнкүдөй камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн аткаруудан турат:
1) өмүрдү камсыздандыруу;
2) өмүрдү универсалдуу камсыздандыруу;
3) балдардын өмүрүн универсалдуу камсыздандыруу;
4) өмүрдү аралаш камсыздандыруу;
5) өлүмдөн, белгилүү куракка же мөөнөткө чейин жашоого, же болбосо башка окуялардын болушуна өмүрдү камсыздандыруу;
6) ушул пункттун 1-5-пунктчаларында көрсөтүлбөгөн өмүрдү камсыздандыруунун башка түрлөрү.
11. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандыруу лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, камсыздандыруу уюмунун уставынын, уставды кабыл алуу жөнүндө уюмдаштыруучулардын жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү, камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн) бекитүү;
- камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон камсыздандыруу уюмунун акционерлери жөнүндө маалыматтар (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- уставдык капиталдын төлөнгөн өлчөмү жөнүндө маалымкат (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- камсыздандыруунун шарттары (эрежелери);
- камсыздандыруу уюмунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (бар болсо), мында төраганын жана анын орун басарынын аты-жөнү жана жашаган дареги көрсөтүлөт;
- камсыздандыруу уюмунун коллегиялык аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси же жеке аткаруу органы жана анын орун басарлары (бар болсо) жөнүндө маалымат, мында ар бир адамдын аты-жөнү жана жашаган дареги, алардын ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин бышыктаган документтер көрсөтүлөт;
- башкы бухгалтердин билим деңгээлин бышыктаган, эмгек китепчеси жана анын башкы бухгалтер үчүн ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин бышыктаган документтер (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу уюмун түзүүгө чет өлкөлүк компаниянын катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);
- тийиштүү чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын ушул чет өлкөлүк уюмдаштыруучу компания өзүнүн мамлекетинде юридикалык жак катары катталгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте легалдаштырылгандыгын жазуу жүзүндөгү бышыктама (чет өлкөлүк компания үчүн);
- тийиштүү чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын ушул чет өлкөлүк уюмдаштыруучу камсыздандыруу компаниясы юридикалык жак катары катталгандыгы жана камсыздандыруу ишинин түрлөрүн көрсөтүү менен камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө лицензиясы бар экендиги жөнүндө белгиленген тартипте легалдаштырылгандыгын жазуу жүзүндөгү бышыктама, ошондой эле акыркы үч жылдын балансы (чет өлкөлүк компания үчүн);
- жеке жактын финансылык абалы жөнүндө аудитордук уюмдун корутундусун же анын финансылык жакшы абалын ырастаган башка расмий документ (чет өлкөлүк жарандар үчүн).
12. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандырууга лицензиялык талаптар:
- уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай таризде гана жүзөгө ашырылат;
- камсыздандыруу уюмдары лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруунун түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга укуктуу;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммасын) төлөп берүү боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруу уюмдары тарабынан сактоо;
- камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин жана башка критерийлерин сактоо.
4. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
13. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандыруу лицензиясы мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
14. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандыруу боюнча лицензиялык иш төмөнкүдөй камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн аткаруудан турат:
1) ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу;
2) туристтерди медициналык камсыздандыруу;
3) чет өлкөлөргө чыккан адамдарды медициналык камсыздандыруу;
4) кырсык окуяларынан жана оорудан камсыздандыруу;
5) кырсыктардан камсыздандыруу;
6) адамдар тобун кырсыктардан (ооруканага жатуудан) камсыздандыруу;
7) кырсыктын кесепетинен камсыздандырылгандын өлүмү;
8) туруктуу жашаган жердин чегинен сыртка чыккан жарандарды комплекстүү камсыздандыруу;
9) жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу;
10) чет өлкөгө чыгууда медициналык чыгымдарды камсыздандыруу;
11) туруктуу жашаган жерден чыккан адамдарды медициналык жана башка күтүлбөгөн чыгымдардан камсыздандыруу;
12) балдарды жашы жеткендикке (нике кыюуга) камсыздандыруу;
13) чет өлкөгө чыккан жарандарды камсыздандыруу;
14) ушул пункттун 1-13-пунктчаларында көрсөтүлбөгөн ыктыярдуу жеке камсыздандыруунун башка түрлөрү.
15. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандырууга лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, камсыздандыруу уюмунун уставынын, уставды кабыл алуу жөнүндө уюмдаштыруучулардын жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү, камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн) бекитүү;
- камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон камсыздандыруу уюмунун акционерлери жөнүндө маалыматтар (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- уставдык капиталдын төлөнгөн өлчөмү жөнүндө маалымкат (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- камсыздандыруунун шарттары (эрежелери);
- камсыздандыруу уюмунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (бар болсо), мында төраганын жана анын орун басарынын аты-жөнү жана жашаган дареги көрсөтүлөт;
- камсыздандыруу уюмунун коллегиялык аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси же жеке аткаруу органы жана анын орун басарлары (бар болсо) жөнүндө маалымат, мында ар бир адамдын аты-жөнү жана жашаган дареги, алардын ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин бышыктаган документтер көрсөтүлөт;
- башкы бухгалтердин билим деңгээлин бышыктаган, эмгек китепчеси жана анын башкы бухгалтер үчүн ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин бышыктаган документтер (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу уюмун түзүүгө чет өлкөлүк компаниянын катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);
- тийиштүү чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын ушул чет өлкөлүк уюмдаштыруучу компания өзүнүн мамлекетинде юридикалык жак катары катталгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте легалдаштырылгандыгын жазуу жүзүндөгү бышыктама (чет өлкөлүк компания үчүн);
- тийиштүү чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын ушул чет өлкөлүк уюмдаштыруучу камсыздандыруу компаниясы юридикалык жак катары катталгандыгы жана камсыздандыруу ишинин түрлөрүн көрсөтүү менен камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө лицензиясы бар экендиги жөнүндө белгиленген тартипте легалдаштырылгандыгын жазуу жүзүндөгү бышыктама, ошондой эле акыркы үч жылдын балансы (чет өлкөлүк компания үчүн);
- жеке жактын финансылык абалы жөнүндө аудитордук уюмдун корутундусун же анын финансылык жакшы абалын ырастаган башка расмий документ (чет өлкөлүк жарандар үчүн).
16. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандырууга коюлуучу лицензиялык талаптар:
- уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай таризде гана жүзөгө ашырылат;
- камсыздандыруу уюмдары лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруунун түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга укуктуу;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммасын) төлөп берүү боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруу уюмдары тарабынан сактоо;
- камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин жана башка критерийлерин сактоо.
5. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
17. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу лицензиясы мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
18. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча лицензиялык иш төмөнкүдөй камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн аткаруудан турат:
1) курулмаларды жана турак жайларды камсыздандыруу;
2) подрядчыларды бардык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
3) курулуш-монтаждык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
4) курулуш-монтаждык камсыздандыруу;
5) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдөрүн камсыздандыруу;
6) малды камсыздандыруу;
7) айыл чарба, мөмө-жемиш, жер-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн түшүмдүүлүктү жоготуусун камсыздандыруу;
8) айыл чарбалык камсыздандыруу;
9) банк ишин камсыздандыруу;
10) аманаттарды, коммерциялык жана финансылык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
11) аба транспорту каражаттарын камсыздандыруу;
12) аба кемелерин камсыздандыруу;
13) деңиз кемелерин камсыздандыруу;
14) суу транспорт каражаттарын камсыздандыруу;
15) жер транспорт каражаттарын камсыздандыруу;
16) кыймылдуу жабдууларды камсыздандыруу;
17) электрондук жабдууларды камсыздандыруу;
18) атайын техникаларды камсыздандыруу;
19) өнөр жай жана коммерция ишканаларын камсыздандыруу ("Бардык тобокелдиктер");
20) ишканалардын жана уюмдардын мүлктөрүн камсыздандыруу;
21) коммерциялык менчикти камсыздандыруу (мүлктү камсыздандыруунун башка түрлөрү);
22) документтерди камсыздандыруу (мүлктү камсыздандыруунун башка түрлөрү);
23) өндүрүш үзгүлтүктөрүнөн болгон чыгашаларды камсыздандыруу;
24) өрттөн камсыздандыруу (оттон камсыздандыруу);
25) өрттөн жана башка коркунучтардан юридикалык жактын мүлкүн камсыздандыруу;
26) сынып калуудан жабдууну камсыздандыруу (мүлктү камсыздандыруунун башка түрлөрү);
27) кыймылдоочу жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди камсыздандыруу;
28) темир жол транспортун камсыздандыруу;
29) менчик укугун жоготуунун кесепетинен мүлктүн жоголушун ыктыярдуу камсыздандыруу;
30) үй ээлеринин баарын камтуучу камсыздандыруу (өрттөн мүлктү жана башка коркунучтардан камсыздандыруу);
31) автотранспортту камсыздандыруу;
32) сынып калуудан машинаны камсыздандыруу;
33) сынып калуудан машинаны камсыздандыруу (мүлктү камсыздандыруунун башка түрлөрү);
34) мүлктү өрттөн жана башка коркунучтардан камсыздандыруу;
35) транспорт каражаттарын камсыздандыруу;
36) мүлктүк укукту камсыздандыруу (титулдук камсыздандыруу);
37) транзиттеги жана кыскача сактоодогу товарларды камсыздандыруу (ташылган жүктү камсыздандыруу);
38) ташууну камсыздандыруу;
39) жол жүктөрдү камсыздандыруу;
40) жол жүктөрдү камсыздандыруу (жүк ташууну камсыздандыруу);
41) контейнерлерди камсыздандыруу;
42) жүктөрдү камсыздандыруу;
43) банк жана башка финансы-кредит мекемелерин финансылык тобокелдиктерден комплекстүү камсыздандыруу;
44) ташуу мезгилинде накталай акчаны камсыздандыруу;
45) депозиттерди камсыздандыруу;
46) аба ырайынын бузулушунан камсыздандыруу (коммерциялык тобокелдиктерден камсыздандыруунун түрү катары);
47) уурдоодон камсыздандыруу;
48) саясый тобокелдиктерден камсыздандыруу (инвестицияларды камсыздандыруунун түрү катары);
49) фрахтаны камсыздандыруу (кеме ээлерин камсыздандыруунун түрү катары);
50) электрондук жабдууларды камсыздандыруу (камсыздандыруучунун эскертилген учурлардын кесепетинен келтирилген чыгымдардын ордун толтурушу, мисалы, учу бириге калуу, чыңалуунун күтүүсүз жогорулашы, электр индукциясы ж.б., тышкы факторлор, ошондой эле уурдоолор);
51) жылып жүрүү чыгымдары менен байланышкан финансылык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
52) келишимдик милдеттенмелерди аткарбоо, тиешелүү эмес аткаруу учурларындагы финансылык (ишкердик) тобокелдиктерден камсыздандыруу;
53) юридикалык сарптоолор тобокелдиктеринен камсыздандыруу;
54) коммерциялык жана финансылык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
55) кредиттерди жаба албай калуу тобокелдигинен камсыздандыруу;
56) юридикалык чыгымдар тобокелдигинен камсыздандыруу;
57) күтүүсүз чыгымдар менен байланышкан финансылык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
58) ишкердик тобокелдиктерден камсыз кылуу;
59) юридикалык чыгымдар тобокелдигинен камсыздандыруу, анын ичинде соттук чыгымдар боюнча сарптоолор;
60) башка финансылык чыгымдардан камсыздандыруу;
61) ишке берилгенден кийинки кепилдик милдеттенмелерин камсыздандыруу;
62) ушул пункттун 1-61-пунктчаларында аталбаган мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруунун башка түрлөрү.
19. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, камсыздандыруу уюмунун уставынын, уставды кабыл алуу жөнүндө уюмдаштыруучулардын жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү, камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн) бекитүү;
- камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон камсыздандыруу уюмунун акционерлери жөнүндө маалыматтар (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- уставдык капиталдын төлөнгөн өлчөмү жөнүндө маалымкат (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- камсыздандыруунун шарттары (эрежелери);
- камсыздандыруу уюмунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (бар болсо), мында төраганын жана анын орун басарынын аты-жөнү жана жашаган дареги көрсөтүлөт;
- камсыздандыруу уюмунун коллегиялык аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси же жеке аткаруу органы жана анын орун басарлары (бар болсо) жөнүндө маалымат, мында ар бир адамдын аты-жөнү жана жашаган дареги, алардын ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин бышыктаган документтер көрсөтүлөт;
- башкы бухгалтердин билим деңгээлин бышыктаган, эмгек китепчеси жана анын башкы бухгалтер үчүн ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин бышыктаган документтер (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу уюмун түзүүгө чет өлкөлүк компаниянын катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);
- тийиштүү чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын ушул чет өлкөлүк уюмдаштыруучу компания өзүнүн мамлекетинде юридикалык жак катары катталгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте легалдаштырылгандыгын жазуу жүзүндөгү бышыктама (чет өлкөлүк компания үчүн);
- тийиштүү чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын ушул чет өлкөлүк уюмдаштыруучу камсыздандыруу компаниясы юридикалык жак катары катталгандыгы жана камсыздандыруу ишинин түрлөрүн көрсөтүү менен камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө лицензиясы бар экендиги жөнүндө белгиленген тартипте легалдаштырылгандыгын жазуу жүзүндөгү бышыктама, ошондой эле акыркы үч жылдын балансы (чет өлкөлүк компания үчүн);
- жеке жактын финансылык абалы жөнүндө аудитордук уюмдун корутундусун же анын финансылык жакшы абалын ырастаган башка расмий документ (чет өлкөлүк жарандар үчүн).
20. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга коюлуучу лицензиялык талаптар:
- уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай таризде гана жүзөгө ашырылат;
- камсыздандыруу уюмдары лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруунун түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга укуктуу;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммасын) төлөп берүү боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруу уюмдары тарабынан сактоо;
- камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин жана башка критерийлерин сактоо.
6. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
21. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу лицензиясы мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
22. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча лицензиялык иш төмөнкүдөй камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн аткаруудан турат:
1) баалоочулардын жарандык (кесиптик) жоопкерчилигин камсыздандыруу;
2) риэлторлордун жарандык (кесиптик) жоопкерчилигин камсыздандыруу;
3) нотариустардын жарандык (кесиптик) жоопкерчилигин камсыздандыруу;
4) юристтердин жарандык (кесиптик) жоопкерчилигин камсыздандыруу;
5) кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу;
6) бажы брокерлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу;
7) медициналык жана фармацефттик компаниялардын кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу;
8) аудитордук ишти жүзөгө ашырууда кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу;
9) товарлардын, жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапаты үчүн болгон жоопкерчиликти камсыздандыруу;
10) риэлтордук ишти жүзөгө ашырууда келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу;
11) жоопкерчиликтин башка түрлөрүн камсыздандыруу;
12) даярдоочулардын жана товарларды сатуучулардын, жумуш/кызмат аткаруучулардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
13) экспедитордун жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
14) жалпы жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу;
15) директорлордун жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
16) аэропорттордун администрацияларынын жана кызматтарынын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
17) кампалардын жана терминалдардын ээлеринин/операторлордун жоопкерчилигин камсыздандыруу;
18) атомдук энергия объекттерин эксплуатациялоочу уюмдардын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
19) гидротехникалык курулмалардын авария болушунун кесепетинен келтирилген зыяндардан келип чыккан милдеттенмелер боюнча жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу;
20) мал ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу;
21) мергенчилердин жоопкерчилигин камсыздандыруу;
22) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн сатуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу;
23) оюн-зоок иш-чараларды уюштуруучулардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу (бул түр камсыздандыруунун жалпы жарандык эрежелери менен катар кетет);
24) ишканалардын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
25) курчап турган чөйрөгө жогорку коркунуч булагы болгон ишканалардын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
26) эмгек милдеттерин аткарууда жумушчулардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилүүчү зыяндар үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
27) жогорку коркунуч булагы болгон ишкананын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
28) кооптуу өндүрүштүк объектидеги авариянын же окуянын кесепетинен үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө, курчап турган чөйрөгө келтирилүүчү зыяндан кооптуу өндүрүштүк объекттерди пайдаланган уюмдардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
29) скважиналарда жумуштарды аткарууда жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу;
30) үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилүүчү зыяндар үчүн юридикалык жана жеке жактардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
31) үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилүүчү зыяндар үчүн өндүрүштүк объектини пайдаланган уюмдардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
32) жогорку коркунуч булагы болгон ишканаларды камсыздандыруу;
33) аба кемелеринин ээлеринин жана авиа ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
34) аба каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу;
35) аэропорттордун ээлеринин жана аларды пайдалангандардын жана аба кыймылын башкарган органдардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
36) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу;
37) суу транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
38) үчүнчү жактын алдындагы аба транспорту каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу;
39) аэропорттордун ээлеринин жана диспетчерлердин жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
40) автомобиль транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу;
41) эл аралык жол ташууларынын китепчелерин колдонуу менен жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө бажы конвенциясынын шарттарында жүзөгө ашырылган ташууларда бажы органынын алдындагы автоташуучулардын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
42) үчүнчү тараптын алдындагы авто жол жоопкерчилигин камсыздандыруу (автотранспорт каражаттарынын жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу);
43) авиаташуучулардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
44) уулуу жана кооптуу жүктөрдү жана өндүрүш калдыктарын ташууда үчүнчү жактын алдындагы ташуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу;
45) автоташуучулардын жана экспедиторлордун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу;
47) үчүнчү жактын алдындагы курулуш-монтаж жумуштарына болгон жоопкерчиликтерди камсыздандыруу;
48) курулуш монтаж тобокелдикти жана жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу;
49) курулуш-монтаж жумуштарын камсыздандыруу;
50) ушул пункттун 1-48-пункттарында аталбаган жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруунун башка түрлөрү.
23. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, камсыздандыруу уюмунун уставынын, уставды кабыл алуу жөнүндө уюмдаштыруучулардын жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү, камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн) бекитүү;
- камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон камсыздандыруу уюмунун акционерлери жөнүндө маалыматтар (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- уставдык капиталдын төлөнгөн өлчөмү жөнүндө маалымкат (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- камсыздандыруунун шарттары (эрежелери);
- камсыздандыруу уюмунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (бар болсо), мында төраганын жана анын орун басарынын аты-жөнү жана жашаган дареги көрсөтүлөт;
- камсыздандыруу уюмунун коллегиялык аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси же жеке аткаруу органы жана анын орун басарлары (бар болсо) жөнүндө маалымат, мында ар бир адамдын аты-жөнү жана жашаган дареги, алардын ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин бышыктаган документтер көрсөтүлөт;
- башкы бухгалтердин билим деңгээлин бышыктаган, эмгек китепчеси жана анын башкы бухгалтер үчүн ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин бышыктаган документтер (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу уюмун түзүүгө чет өлкөлүк компаниянын катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);
- тийиштүү чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын ушул чет өлкөлүк уюмдаштыруучу компания өзүнүн мамлекетинде юридикалык жак катары катталгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте легалдаштырылгандыгын жазуу жүзүндөгү бышыктама (чет өлкөлүк компания үчүн);
- тийиштүү чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын ушул чет өлкөлүк уюмдаштыруучу камсыздандыруу компаниясы юридикалык жак катары катталгандыгын жана камсыздандыруу ишинин түрлөрүн көрсөтүү менен камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө лицензиясы бар экендиги жөнүндө белгиленген тартипте легалдаштырылгандыгын жазуу жүзүндөгү бышыктама, ошондой эле акыркы үч жылдын балансы (чет өлкөлүк компания үчүн);
- жеке жактын финансылык абалы жөнүндө аудитордук уюмдун корутундусун же анын финансылык жакшы абалын ырастаган башка расмий документ (чет өлкөлүк жарандар үчүн).
24. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандырууга коюлуучу лицензиялык талаптар:
- уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай таризде гана жүзөгө ашырылат;
- камсыздандыруу уюмдары лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруунун түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга укуктуу;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммасын) төлөп берүү боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруу уюмдары тарабынан сактоо;
- камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин жана башка критерийлерин сактоо.
7. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
25. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
18. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча лицензиялык иш төмөнкүдөй камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн аткаруудан турат:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик камсыздандыруу;
2) кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоочу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
3) кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
4) жүргүнчүлөрдүн алдындагы ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
5) жумушчуга ал эмгек (кызматтык) милдеттерин аткарууда анын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу;
6) нотариустардын кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
7) риэлторлордун кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
8) аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
9) туроператорлордун жана турагенттердин кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
10) капиталдык курулмалардын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
11) өрт өчүрүү-куткаруу кызматтарынын кызматкерлерин кырсык окуяларынан милдеттүү камсыздандыруу;
12) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
13) калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы куткаруучуларды жана ыйгарым укуктуу органдын башка кызматкерлерин кырсык окуяларынан милдеттүү камсыздандыруу;
14) укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү камсыздандыруу;
15) ушул пункттун 1-14-пунктчаларында аталбаган милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү.
27. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, камсыздандыруу уюмунун уставынын, уставды кабыл алуу жөнүндө уюмдаштыруучулардын жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү, камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн) бекитүү;
- камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон камсыздандыруу уюмунун акционерлери жөнүндө маалыматтар (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- уставдык капиталдын төлөнгөн өлчөмү жөнүндө маалымкат (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- камсыздандыруунун шарттары (эрежелери);
- камсыздандыруу уюмунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (бар болсо), мында төраганын жана анын орун басарынын аты-жөнү жана жашаган дареги көрсөтүлөт;
- камсыздандыруу уюмунун коллегиялык аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси же жеке аткаруу органы жана анын орун басарлары (бар болсо) жөнүндө маалымат, мында ар бир адамдын аты-жөнү жана жашаган дареги, алардын ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин бышыктаган документтер көрсөтүлөт;
- башкы бухгалтердин билим деңгээлин бышыктаган, эмгек китепчеси жана анын башкы бухгалтер үчүн ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин бышыктаган документтер (жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн);
- Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу уюмун түзүүгө чет өлкөлүк компаниянын катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);
- тийиштүү чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын ушул чет өлкөлүк уюмдаштыруучу компания өзүнүн мамлекетинде юридикалык жак катары катталгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте легалдаштырылгандыгын жазуу жүзүндөгү бышыктама (чет өлкөлүк компания үчүн);
- тийиштүү чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын ушул чет өлкөлүк уюмдаштыруучу камсыздандыруу компаниясы юридикалык жак катары катталгандыгы жана камсыздандыруу ишинин түрлөрүн көрсөтүү менен камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө лицензиясы бар экендиги жөнүндө белгиленген тартипте легалдаштырылгандыгын жазуу жүзүндөгү бышыктама, ошондой эле акыркы үч жылдын балансы (чет өлкөлүк компания үчүн);
- жеке жактын финансылык абалы жөнүндө аудитордук уюмдун корутундусун же анын финансылык жакшы абалын ырастаган башка расмий документ (чет өлкөлүк жарандар үчүн).
28. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө коюлуучу лицензиялык талаптар:
- уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай таризде гана жүзөгө ашырылат;
- камсыздандыруу уюмдары лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруунун түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга укуктуу;
- камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу тарифтеринин чектик өлчөмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жоопкерчилик лимиттерин сактоо;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммасын) төлөп берүү боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруу уюмдары тарабынан сактоо;
- камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин жана башка критерийлерин сактоо;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген камсыздандыруу уюмдарынын кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптарга шайкештик.
8. Кайра камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кириш кайра камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
29. Камсыздандыруучу (кайра камсыздандыруучу) уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кириш кайра камсыздандыруу лицензиясы мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
30. Камсыздандыруучу (кайра камсыздандыруучу) уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кириш кайра камсыздандыруу боюнча лицензиялык иш ушул Жобонун 3-7-баптарына ылайык камсыздандыруунун бир же бир нече түрлөрүн камтыган камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кириш кайра камсыздандыруу боюнча лицензиялык ишти түзүүчү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) кызмат көрсөтүүлөрүн аткаруудан турат.
31. Камсыздандыруучу (кайра камсыздандыруучу) уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, камсыздандыруу уюмунун уставынын, уставды кабыл алуу жөнүндө уюмдаштыруучулардын жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү, камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү;
- камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон камсыздандыруу уюмунун акционерлери жөнүндө маалыматтар;
- уставдык капиталдын төлөнгөн өлчөмү жөнүндө маалымкат;
- камсыздандыруунун шарттары (эрежелери);
- камсыздандыруунун шарттары (эрежелери);
- камсыздандыруу уюмунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (бар болсо), мында төраганын жана анын орун басарынын аты-жөнү жана жашаган дареги көрсөтүлөт;
- камсыздандыруу уюмунун коллегиялык аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси же жеке аткаруу органы жана анын орун басарлары (бар болсо) жөнүндө маалымат, мында ар бир адамдын аты-жөнү жана жашаган дареги, алардын ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин бышыктаган документтер көрсөтүлөт;
- башкы бухгалтердин билим деңгээлин бышыктаган, эмгек китепчеси жана анын башкы бухгалтер үчүн ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин бышыктаган документтер;
- Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу уюмун түзүүгө чет өлкөлүк компаниянын катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);
- тийиштүү чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын ушул чет өлкөлүк уюмдаштыруучу компания өзүнүн мамлекетинде юридикалык жак катары катталгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте легалдаштырылгандыгын жазуу жүзүндөгү бышыктама (чет өлкөлүк компания үчүн);
- тийиштүү чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын ушул чет өлкөлүк уюмдаштыруучу камсыздандыруу компаниясы юридикалык жак катары катталгандыгы жана камсыздандыруу ишинин түрлөрүн көрсөтүү менен камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө лицензиясы бар экендиги жөнүндө белгиленген тартипте легалдаштырылгандыгын жазуу жүзүндөгү бышыктама, ошондой эле акыркы үч жылдын балансы (чет өлкөлүк компания үчүн);
- жеке жактын финансылык абалы жөнүндө аудитордук уюмдун корутундусун же анын финансылык жакшы абалын ырастаган башка расмий документ (чет өлкөлүк жарандар үчүн).
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Камсыздандыруучу (кайра камсыздандыруучу) уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга коюлуучу лицензиялык талаптар:
- уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай таризде гана жүзөгө ашырылат;
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруунун түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга укуктуу;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммасын) төлөп берүү боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары тарабынан сактоо;
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин жана башка критерийлерин сактоо.
8-1. Камсыздандыруу брокерлеринин ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
(Глава КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
32-1. Камсыздандыруу брокерлеринин ишине берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
32-2. Камсыздандыруу брокерлеринин лицензияланган иши камсыздандырылуучунун же камсыздандыруучунун тапшырмасынын негизинде өзүнүн атынан камсыздандыруу боюнча ортомчулук ишти жүзөгө ашырууга байланышкан.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
З2-3. Камсыздандыруу брокеринин ишине лицензия алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензияны берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, камсыздандыруу брокеринин уставынын, уюмдаштыруучулардын уставды кабыл алуу жана камсыздандыруу брокеринин башкармалыгынын аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү жөнүндө жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү;
- уставдык капиталдын төлөнгөн өлчөмү жөнүндө маалымкат;
- ар бир адамдын аты-жөнүн жана жашаган дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу брокеринин кызмат адамдарынын тизмеси жана алардын квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин ырастаган документтер;
- башкы бухгалтердин билим деңгээлин ырастаган документтер, эмгек китепчеси жана башкы бухгалтердик кызмат ордуна карата коюлган квалификациялык талаптардын деңгээлине квалификациясынын ылайык келерин ырастаган документтер;
- Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу брокерин түзүүгө чет өлкөлүк компаниянын катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк компания үчүн);
- бул чет өлкөлүк компаниянын - уюмдаштыруучунун ошол мамлекетте юридикалык жак катары катталгандыгы жана брокердик ишинин түрлөрүн көрсөтүү, ошондой эле акыркы үч жылда жарыяланган балансты жана аудитордук корутундуну (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн) берүү менен брокердик ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар экендиги жөнүндө чет мамлекеттин тийиштүү ыйгарым укуктуу органынын белгиленген тартипте легалдаштырылган жазуу жүзүндөгү ырастоосу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
33. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишине берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
34. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун лицензиялык иши мамлекеттик эмес (топтомо) пенсиялык фонддун ишин жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн аткаруудан турат.
35. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишине лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- юридикалык жактын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюмдаштыруучу документтердин көчүрмөлөрү;
- уставдык капитал төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер (тийиштүү банктын маалымкаты);
- фонддун жетекчисинин, анын орун басарынын, башкы бухгалтердин кызмат ордуна дайындалгандыгы (шайлангандыгы) жөнүндө документ, мында алардын жеке маалыматтары камтылышы керек (ар бир адамдын аты-жөнү, паспорттук маалыматтар, жашаган жеринин дареги) алардын ишенимдүүлүк талаптарга шайкештиги тууралуу документтер; башкы бухгалтер үчүн - билим деңгээлин бышыктаган жана мурдагы эмгек жолу жөнүндө маалыматтар;
- фонддун кеңеши бекиткен фонддун эрежелери (эки нускада), пенсиялык келишимдер (фонддун пенсиялык эрежелери), милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу (фонддун камсыздандыруу эрежелери) жөнүндө келишимдер боюнча фонддун милдеттенмелерин аткаруунун тартибин жана шарттарын аныктоочу документтер;
- жеке жактардын - аманатчылардын жана алуучулардын болжолдуу санын, камсыздандырылган жактарды, максаттуу акчалай төгүмдөр менен төлөмдөрдүн болжолдуу көлөмүн (иштин алгачкы 2 жылына), негизги маалыматтарды эсептеп чыгарууда пайдаланылган эсептөө усулун тиркөө менен максаттуу акчалай төгүмдөрдү киргизүүнүн жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун тартибинин, шарттарынын варианттарынын ар бири боюнча милдеттенмелерди фонддун кабыл алышын бышыктаган эсептерди көрсөткөн, фонддун ишинин келечегинин экономикалык негиздемеси (бизнес-план).
36. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишине коюлуучу лицензиялык талаптар:
- фонддун ишин жана инвестициялык активдер ишенимдүү башкаруу боюнча анын лицензиар менен болгон өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылган жайдын, офис техникаларынын жана программалык-техникалык каражаттардын менчикте же негизги фонддорду (каражаттарды) толук чарбалык жүргүзүүдө болушу;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди жана каржылык туруктуулуктун башка критерийлерин сактоо;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун кызмат адамдарына коюлуучу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга шайкештик.
10. Баалуу кагаздар рыногундагы соода-сатыктарды уюштуруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
37. Баалуу кагаздар рыногунда соода-сатыктарды уюштуруу лицензиясы мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
38. Баалуу кагаздар рыногунда соода-сатыктарды уюштуруу боюнча лицензиялык иш жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
39. Баалуу кагаздар рыногундагы соода-сатыктарды уюштурууга лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн шайкештигин бышыктаган документтер. Капитал акчалай эмес каражаттар менен түзүлсө, көз карандысыз баалоочулардын корутундусу берилет;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин документтери (дипломдордун, эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү);
- баалуу кагаздар менен соода-сатык жүргүзүүнүн эрежелери;
- маалыматтарды сактоонун жана коргоонун тартиби;
- листинг жана делистинг эрежелери;
- маалыматты ачып берүүнүн тартиби;
- тооруктарга катышуучулар соода-сатыктарды уюштуруучунун эрежелерин, баалуу кагаздар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузганда аларга таасир этүүнүн тартиптик чара көрүү кодекси.
40. Баалуу кагаздар рыногунда соода сатыкты уюштурууга лицензиялык талаптар:
- өздүк капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайык келиши;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектүү техникалык каражаттардын болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
- баалуу кагаздар рыногундагы тиешелүү кесипкөй иштин түрү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин жана башка критерийлерин сактоо;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-40, 50-52-беренелеринин, баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун фондулук биржаларынын отчет берүүсү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
- кызмат адамдарында экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
- тооруктарга 5тен кем эмес катышуучунун болушу;
- реалдуу мезгил шарттамындагы өткөрүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды берүүнү камсыз кылуу үчүн тиешелүү операциялык эреженин жана техникалык кудуреттин болушу;
- алдамчылык аракеттерди болтурбоо жана баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын тиешелүү операциялык эрежелерди сакташы боюнча мониторингди жүзөгө ашыруу максатында баалуу кагаздар рыногуна көзөмөлдү жүргүзүүгө жетиштүү болгон тиешелүү талаптарды жана ыйгарым укуктарды аныктаган ички документтер;
- баалуу кагаздар боюнча кесипкөй ишти, клирингди жана эсептерди жүзөгө ашыруу менен байланышкан кооптуулуктарды башкаруу үчүн мехенизмдердин болушу;
- жетекчи кызматтарда иштеген адамдарга коюлуучу талаптар:
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү;
мыйзамдык тартипте жабылбаган же алынып салынбаган, экономика чөйрөсүндөгү жасаган кылмыш үчүн соттолуунун жок болушу;
баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамынын ордуна документтерди берүүнүн алдында, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан укук бузуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылуу фактысынын бир жылдын ичинде жок болушу.
11. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
41. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишке берилген лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
42. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишти лицензиялоо баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишти жүргүзүү боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
43. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишке лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн шайкештигин бышыктаган документтер. Капитал акчалай эмес каражаттар менен түзүлсө, көз карандысыз баалоочулардын корутундусу берилет;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин документтери (дипломдордун, эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү);
- банктык иштерди жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын бар экендигин бышыктаган документ (банктар үчүн);
- экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн соттолуунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызмат орунда иштеген адам үчүн).
44. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишке коюлуучу лицензиялык талаптар:
- өздүк капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайык келиши;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектүү техникалык каражаттардын болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
- баалуу кагаздар рыногундагы тиешелүү кесипкөй иштин түрү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин жана башка критерийлерин сактоо;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-43, 52-54-беренелеринин, баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун фондулук биржаларынын отчет берүүсү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
- кызмат адамдарында экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген эсептик регистрди жүргүзүүнүн жол-жоболорунун жана эсептик регистрди жүргүзүүнүн жана ички отчетту түзүүнүн эрежесинин болушу;
- кардарлардын акча каражаттарынын жана баалуу кагаздарынын эсебин брокердин өздүк каражаттарынан өзүнчө камсыз кылуу;
- өзүнүн кардарларынын баалуу кагаздарын депозитарийде сактоо;
- кардарлардын акча каражаттарын коммерциялык банктардын өзүнчө эсебинде (эсептеринде) сактоо;
- кардарлардан брокер же ыйгарым укуктуу брокердин адамы алган буйруктардын эсебин камсыз кылуу;
- жетекчи кызматтарда иштеген адамдарга коюлуучу талаптар:
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү;
мыйзамдык тартипте жабылбаган же алынып салынбаган, экономика чөйрөсүндөгү жасаган кылмыш үчүн соттолуунун жок болушу;
баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамынын ордуна документтерди берүүнүн алдында, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан укук бузуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылуу фактысынын бир жылдын ичинде жок болушу.
12. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
45. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө берилген лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
46. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү ишине лицензиялык иш баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
47. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн шайкештигин бышыктаган документтер. Капитал акчалай эмес каражаттар менен түзүлсө, көз карандысыз баалоочулардын корутундусу берилет;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин документтери (дипломдордун, эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү);
- маалыматтарды сактоо системасы, ошондой эле адистештирилген каттоочуда болгон кайталоо системасы жөнүндө маалымат;
- экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн соттолуунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызмат орунда иштеген адам үчүн).
48. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө коюлуучу лицензиялык талаптар:
- өздүк капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайык келиши;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектүү техникалык каражаттардын болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүсү зарыл;
- баалуу кагаздар рыногундагы тиешелүү кесипкөй иштин түрү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин жана башка критерийлерин сактоо;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-42, 49 жана 52-беренелеринин, баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун фондулук биржаларынын отчет берүүсү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо эрежесинин талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
- кызмат адамдарында экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
- көз каранды эмес реестр кармоочунун филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн штатында квалификациялык талаптарга ылайык келген бирден кем эмес адистин болушу;
- имараттан тышкары баалуу кагаздардын реестрин кармоочулардын реестрин жүргүзүү тутумун түзгөн электрондук документтердин резервдик көчүрмөлөрүн сактоо - реестрди кармоочунун турган жери коммерциялык банктын сейфинде, ошондой эле мезгил-мезгили менен (айына бир жолудан кем эмес) ошол көчүрмөлөрдү жаңылоо;
- реестрди кармоочулардын жайына жана маалыматтардын базасына бөтөн адамдардын киришин чектөө;
- жетекчи кызматтарда иштеген адамдарга коюлуучу талаптар:
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү;
мыйзамдык тартипте жабылбаган же алынып салынбаган, экономика чөйрөсүндөгү жасаган кылмыш үчүн соттолуунун жок болушу;
баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамынын ордуна документтерди берүүнүн алдында, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан укук бузуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылуу фактысынын бир жылдын ичинде жок болушу.
13. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
49. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишке берилген лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
50. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык иштин лицензиялык иши баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишти жүзөгө ашыруу боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
51. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишке лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн шайкештигин бышыктаган документтер. Капитал акчалай эмес каражаттар менен түзүлсө, көз карандысыз баалоочулардын корутундусу берилет;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин документтери (дипломдордун, эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү);
- банктык иштерди жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын бар экендигин бышыктаган документ (банктар үчүн);
- кардардын көз карандысыз каттоочу жана/же Борбордук депозитарий менен баалуу кагаздарга ээликти салыштыруунун жол-жобосу жөнүндө маалымат;
- депоненттердин/кардарлардын акча каражаттарынын эсебин алуу үчүн банк менен түзүлгөн келишим;
- акцияларды жана/же сертификаттарды коргоо үчүн керектүү шарттар жөнүндө маалымат (атап айтканда, сактоо үчүн сактагычты же башка ылайыкталганда пайдалануу);
- коопсуздук системасын камсыз кылуу (ишараттоо, коддуу кулпу, компьютердик жабдуулардын ж.б. жеке коопсуздугу) жөнүндө маалымат;
- депозитарийдин бөлүмдөрүнүн, депозитарий менен рыноктун башка катышуучусунун - көз каранды эмес каттоочунун жана фондулук биржанын - баалуу кагаздар рыногундагы соода-сатыктарды уюштуруучунун ортосундагы коммуникациялык системанын камсыздалышы жөнүндө маалымат;
- компьютердик маалыматтардын корголушунун жана сакталышынын шарттары (кардардын компьютердик маалыматтарынын жеткиликтүүлүгүнө контроль жасоо, системаны колдоо, ошондой эле юридикалык жак ээлик кылган кайталама системасы) жөнүндө маалымат;
- маалыматтарды сактоо системасы жөнүндө маалымат;
- кардардын жоголгон активдеринин ордун толтуруу үчүн төлөмдөрдүн камсыз кылынышы же кепилдүүлүк жөнүндө маалымат;
- экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн соттолуунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызмат орунда иштеген адам үчүн).
52. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишке коюлуучу лицензиялык талаптар:
- өздүк капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайык келиши;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектүү техникалык каражаттардын болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
- баалуу кагаздар рыногундагы тиешелүү кесипкөй иштин түрү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин жана башка критерийлерин сактоо;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-42, 46, 51-53-беренелеринин, баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Депозитардык иш жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
- кызмат адамдарында экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
- коммерциялык банкка депозитарий ачкан (ачылган) өзүнчө банк эсебинде (эсептеринде) акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу;
- кардардын акча каражаттарынын жана баалуу кагаздарынын депозитарийдин өздүк активдеринен обочолонгон эсебин камсыз кылуу;
- жетекчи кызматтарда иштеген адамдарга коюлуучу талаптар:
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү;
мыйзамдык тартипте жабылбаган же алынып салынбаган, экономика чөйрөсүндөгү жасаган кылмыш үчүн соттолуунун жок болушу;
баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамынын ордуна документтерди берүүнүн алдында, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан укук бузуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылуу фактысынын бир жылдын ичинде жок болушу.
14. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
53. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишке берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
54. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик иштин лицензиялык иши баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишти жүзөгө ашыруу боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
55. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишке лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн шайкештигин бышыктаган документтер. Капитал акчалай эмес каражаттар менен түзүлсө, көз карандысыз баалоочулардын корутундусу берилет;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин документтери (дипломдордун, эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү);
- банктык иштерди жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын бар экендигин бышыктаган документ (банктар үчүн);
- экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн соттолуунун жоктугу жөнүндө маалымкатты (жетекчи кызмат орунда иштеген адам үчүн).
56. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишке коюлуучу лицензиялык талаптар:
- өздүк капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайык келиши;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектүү техникалык каражаттардын болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
- баалуу кагаздар рыногундагы тиешелүү кесипкөй иштин түрү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин сактоо;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-42, 44, 52 жана 54-беренелеринин, баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногундагы брокерлердин жана дилерлердин кесипкөй иши жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
- кызмат адамдарында экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
- жетекчи кызматтарда иштеген адамдарга коюлуучу талаптар;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү;
- мыйзамдык тартипте жабылбаган же алынып салынбаган, экономика чөйрөсүндөгү жасаган кылмыш үчүн соттолуунун жок болушу;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамынын ордуна документтерди берүүнүн алдында, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан укук бузуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылуу фактысынын бир жылдын ичинде жок болушу.
15. Инвестициялык фонддун ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
57. Инвестициялык фонддун ишин жүргүзүүгө берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
58. Инвестициялык фонддун лицензиялык иши инвестициялык фонддун ишин жүзөгө ашыруу боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
59. Инвестициялык фонддун ишине лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн шайкештигин бышыктаган документтер. Капитал акчалай эмес каражаттар менен түзүлсө, көз карандысыз баалоочулардын корутундусу берилет;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин документтери (дипломдордун, эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү);
- банктык иштерди жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын бар экендигин бышыктаган документ (банктар үчүн);
- депозитардык келишимдин көчүрмөсү;
- акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү:
тышкы башкаруу органында - башкаруу компаниясы менен;
ички аткаруу органында келишим түзүлгөн учурда - башкармалыктын мүчөлөрү же башкы директор, же болбосо башкаруучу менен;
- ички аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин чечиминин көчүрмөсү;
- акционердик инвестициялык фонддун башкаруу компаниясынын тиешелүү лицензиясынын көчүрмөсү;
- экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн соттолуунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызмат орунда иштеген адам үчүн).
Пайлуу инвестициялык фонддор үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- пайлуу инвестициялык фонддун эрежелери;
- инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишим;
- башкаруучу компаниянын тиешелүү лицензиясынын көчүрмөсү;
- башкаруучу компаниянын депозитарий, атайын каттоочу жана көз каранды эмес аудитор менен түзгөн келишимдеринин көчүрмөлөрү;
- экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн соттолуунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызмат орунда иштеген адам үчүн).
60. Инвестициялык фонддун ишине коюлуучу лицензиялык талаптар:
- өздүк капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайык келиши;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектүү техникалык каражаттардын болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
- баалуу кагаздар рыногундагы тиешелүү кесипкөй иштин түрү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин сактоо;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-42, 48 жана 52-беренелеринин, "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Пайлуу инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө жобонун, Пайлуу инвестициялык фонддун эрежесин, инвестициялык пайлардын эмиссиясынын проспектисин жана пайлуу инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоонун тартиби жөнүндө жобонун, Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Акционердик инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө жобонун, Пайлуу инвестициялык фонддорду башкаруу менен байланышкан иш жөнүндө пайлуу инвестициялык фонддун башкаруу компаниясынын бериши жана жарыялашы жөнүндө жобонун, Инвестициялык фонддордун отчеттуулугу жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
- кызмат адамдарында экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
- жетекчи кызматтарда иштеген адамдарга коюлуучу талаптар;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү;
- мыйзамдык тартипте жабылбаган же алынып салынбаган, экономика чөйрөсүндөгү жасаган кылмыш үчүн соттолуунун жок болушу;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамынын ордуна документтерди берүүнүн алдында, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан укук бузуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылуу фактысынын бир жылдын ичинде жок болушу;
- инвестициялык фонддун депозитарийинин болушу;
- мыйзамдардын талаптарына ылайык фонддун каражаттарын инвестициялоону жүзөгө ашыруу;
- инвестициялык декларациянын болушу.
16. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
61. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга берилген лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
62. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча лицензиялык иш инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
63. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн шайкештигин бышыктаган документтер. Капитал акчалай эмес каражаттар менен түзүлсө, көз карандысыз баалоочулардын корутундусу берилет;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин документтери (дипломдордун, эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү);
- банктык иштерди жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын бар экендигин бышыктаган документ (банктар үчүн);
- экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн соттолуунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызмат орунда иштеген адам үчүн).
64. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга коюлуучу лицензиялык талаптар:
- өздүк капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайык келиши;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин болушу;
баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектүү техникалык каражаттардын болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
- баалуу кагаздар рыногундагы тиешелүү кесипкөй иштин түрү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген финансылык туруктуулуктун ченемдерин сактоо;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-42, 45 жана 52-беренелеринин, Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
- кызмат адамдарында экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу.
Жетекчи кызматтарда иштеген адамдарга коюлуучу талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү;
- мыйзамдык тартипте жабылбаган же алынып салынбаган, экономика чөйрөсүндөгү жасаган кылмыш үчүн соттолуунун жок болушу;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамынын ордуна документтерди берүүнүн алдында, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан укук бузуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылуу фактысынын бир жылдын ичинде жок болушу;
- башкаруучу компаниянын инвестициялык декларациясынын болушу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ички жол-жоболордун жана эсептик каттоолорду жүргүзүү эрежесинин жана ички отчетту түзүүнүн болушу;
- кардардын акча каражаттарынын жана баалуу кагаздарынын башкаруучу компаниянын өздүк активдеринен обочолонгон эсебин камсыз кылуу.
17. Аудитордук ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
65. Аудитордук ишке берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
66. Лицензиялануучу аудитордук иш аудитордук ишти жүзөгө ашыруу боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
67. Аудитордук ишке лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын жана жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- жогорку экономикалык билимди же башка жогорку билимди алгандыгын бышыктаган нотариалдык күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү, тиркемелери менен кошо;
- экономикалык кесип боюнча үч жылдан кем эмес иш стажын бышыктаган эмгек китепченин (нотариус күбөлөндүргөн) көчүрмөсү, жогорку экономикалык (финансылык) билими жок болгон учурда финансылык, эсептик-аналитикалык, контролдук-ревизиялык иштерде жети жылдан кем эмес иш стажын бышыктаган эмгек китепченин көчүрмөсү;
- пайда табуу кылмышы үчүн соттолуунун жоктугу жөнүндө, белгилүү кызмат орунда иштөө же белгилүү иште иштөө укугунан талапкердин ажыратылбагандыгын бышыктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген документ;
- жеке ишкер үчүн аудитордун квалификациялык сертификатынын көчүрмөсү;
- аудитордук уюм үчүн аткаруу органынын жетекчисин кошуп алганда аудитордук уюмдун штатында экиден кем эмес аудитор бар экендигин бышыктаган документтер (аудиторлордун квалификациялык сертификаттарынын көчүрмөлөрү, фирманын штатына көрсөтүлгөн адамды киргизүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, көрсөтүлгөн адам аткаруу органынын жетекчиси болуп саналарын бышыктаган документтин көчүрмөсүн).
68. Аудитордук ишке коюлуучу лицензиялык талаптар:
- аудитордук уюм юстиция органдарында чарбалык шериктик жана коом түрүндө катталууга тийиш, ачык акционердик коомдон башкасы;
- аудитордук уюмдун кадрдык курамынын 50 пайызынан кем эмесин, ал эми аудитордук уюмдун жетекчиси чет элдик жаран болуп калган учурда - 75 пайыздан кем эмесин Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары түзүүгө тийиш;
- тиешелүү аудитордук уюмду - Кыргыз Республикасынын резиденттерин түзгөндө гана чет элдик аудитордук уюмдар Кыргыз Республикасындагы аудитордук ишти жүзөгө ашыра алат;
- Кыргыз Республикасында алынган аудитордун квалификациялык сертификаты бар аудитор гана аудитордук уюмдун аткаруу органынын жетекчиси боло алат;
- аудитордук уюмдун штаты Кыргыз Республикасында алынган аудитордун квалификациялык сертификаты бар 2ден кем эмес аудитордон турууга тийиш;
- аудитордук уюмдун штатында турган аудиторлор мыйзамдарда белгиленген тартипте квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүүгө милдеттүү;
- аудитордук уюмдар алар тарабынан өткөрүлгөн аудитордук текшерүүлөрдүн сапатын ички контролдоо стандарттарын белгилөөгө жана сактоого милдеттүү;
- аудитордук уюмдар аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жана аудитти коштоочу кызматтарды көрсөтүүдө аудиттин эл аралык стандарттарын колдонууга милдеттүү;
- аудитордук уюм мыйзамдарды белгиленген тартипте аудитордук иш жөнүндө отчетту берүүгө милдеттүү;
- аудитордук уюмдар төмөнкүлөргө карата аудитти жүргүзө албайт:
аудиттелүүчү жак алардын уюмдаштыруучусу (катышуучусу), акционери болуп саналса же ошол аудитордук уюмда башка мүлктүк кызыкчылыктары болсо;
аудиттелүүчү жак ошол аудитордук уюмдун алардын уюмдаштыруучусу (катышуучусу), акционери болуп саналса же ал аудит кылынуучу жакка аудит өткөрүүдөн сырткары башка коштоочу кызматтарды көрсөтсө, мүлктүк кызыкчылыктар болсо;
көрсөтүлгөн аудит кылынуучу жактын туунду уюмуна, филиалына жана өкүлчүлүгүнө;
- мурдагы эки жылдын ичинде бухгалтердик эсепти калыбына келтирүү жана жүргүзүү боюнча, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын финансылык отчетту түзүшүнө тике аудитордук текшерүүнү жүргүзгөн аудитордук уюмдар ошол жактарга карата аудитти жүзөгө ашыра албайт;
- аудитти жүргүзүү (анын ичинде милдеттүүнү жүргүзүү) жана аны коштоочу кызматтарды көрсөтүү үчүн төлөнүүчү акынын тартиби, өлчөмү жана таризи келишимдерде аныкталат жана аудит жасалып жаткан жактын жыйынтыктардын мазмунуна карата койгон кандайдыр бир талаптарынын аткарылышына жараша коюлушу, аудиттин жыйынтыктарынан жасалышы мүмкүн эмес;
- аудиттелүүчү жактын уюмдаштыруучусу (катышуучусу), акционери, жумушчусу болуп эсептелген, алар менен жакын тууганчылык (ата-эне, жубайлар, ага-ини, эже-сиңди, жубайлардын ата-энелери, балдары, ага-инилери, эже-сиңдилери) мамиледе турган, ошондой эле аудит өткөрүүдөн жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары, кандайдыр бир башка мүлктүк кызыкчылыгы бар аудиторлор тарабынан аудиттелүүчү жактарга карата аудит жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.
Жеке аудитор:
- жеке ишкер катары катталууга тийиш;
- аудитордун квалификациялык сертификатына ээ болууга тийиш;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүүгө милдеттүү;
- өзүнүн кесиптик ишин жүзөгө ашырып жаткан мезгилде мамлекеттик кызматта турууга жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерден сырткары башка акы төлөнүүчү иштер менен иштөөгө укуксуз;
- аудитордук текшерүүнү жүргүзүүдө жана коштоочу аудиттик кызматтарды көрсөтүүдө аудиттин эл аралык стандарттарын колдонууга милдеттүү;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте аудитордук иш жөнүндө отчетту берүүгө милдеттүү.
Мурдагы эки жылдын ичинде бухгалтердик эсепти калыбына келтирүү жана жүргүзүү боюнча, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын финансылык отчетту түзүшүнө тике аудитордук текшерүүнү жүргүзгөн жеке аудиторлор ошол жактарга карата аудитти жүзөгө ашыра албайт.
18. Лицензиардын ыйгарым укуктары
69. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
- лицензия берүү;
- лицензиянын жупнускасын берүү;
- чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары берген лицензияны таанууну;
- лицензияны кайра тариздөө;
- лицензиялык талаптарды лицензиат тарабынан сакташына лицензиялык контролдоо;
- лицензиянын колдонулушун токтотуу;
- лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүүнү;
- лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү;
- лицензия берүүдөн баш тартуу;
- лицензиялардын реестрин түзүү жана жүргүзүү.
70. Лицензиат тарабынан лицензиялык талаптардын сакташын контролдоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы өзүнүн компетенциясынын чектеринде жүзөгө ашырат.
71. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы өзүнүн компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу:
- лицензиялык талаптарга лицензиат жүзөгө ашырып жаткан иштин шайкештигин текшерүү. Текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш;
- текшерүү жүргүзүүдө келип чыккан маселелер боюнча зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү лицензиаттан сурап алууга;
- текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде акты (протокол) түзүүгө, бузууларды так көрсөтүү менен;
- табылган бузууларды четтетүүнү лицензиатка милдеттендирген чечимдерди чыгарууга, андай бузууларды четтетүүнүн мөөнөттөрүн белгилөөгө;
- эскертүү, айып салуу, лицензиянын колдонушун токтотуу, лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыздарын берүү түрүндөгү таасир этүү чараларын лицензиатка карата колдонууга.
19. Арыздарды кароонун жана лицензия берүүнүн мөөнөттөрү
72. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы бардык керектүү документтери менен бирге арыз берилген күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбей лицензия берүү жөнүндө же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алат.
73. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
74. Лицензия берүү же баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын буйругу менен таризделет.
75. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттө арыз ээсине жазуу жүзүндө, баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жөнөтүлөт.
76. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын лицензия берүүдөн баш тартуусуна арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
20. Лицензиянын жупнускасын берүү
77. Лицензия жана (же) уруксат жоголгон, бузулган учурда лицензиат лицензиянын жана (же) уруксаттын жупнускасын алууга укуктуу. Лицензиянын жупнускасын берүү "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинде аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
21. Лицензиялык жыйымдар
78. Лицензияны жана (же) уруксатты берүүдө, кайра тариздөөдө жана лицензиянын жана (же) уруксаттын жупнускасын берүүдө "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинде аныкталган тартипте, "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык бир жолку лицензиялык жыйым алынат.
22. Лицензияны кайра тариздөө
79. Лицензияны кайра тариздөө "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинде каралган тартипте жана учурларда жүзөгө ашырылат.
80. Кайра тариздөө үчүн негиздер жаралган күндөн тартып он беш жумуш күндөн кечиктирбей кайра тариздөө үчүн лицензиат тарабынан, лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арызга тиешелүү өзгөрүүлөрдү бышыктаган жаңы маалыматтарды, документтерди тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы берилет.
81. Лицензияны кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тиешелүү арызды алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензияны кайра тариздөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы лицензиянын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
82. Лицензияны кайра тариздегенге жана лицензияны колго алганга чейин лицензиат мурда берилген лицензиянын негизинде ишин жүзөгө ашырат.
Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобонун 1-тиркемеси |
Форма
Лицензияны алуу үчүн АРЫЗ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
Төмөнкүдөй ишке ____________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
(иштин түрүнүн (түрлөрүнүн) так жана толук аталышы)
лицензия берүүңүздү өтүнөм.
Ишти жүзөгө ашыруучу аймак: __________________________________________________________
Юридикалык жак үчүн:
_____________________________________________________________________________________

(толук жана (эгерде бар болсо) кыскартылган аталышы, анын ичинде юридикалык жактын уюштуруу-укуктук формасы жана фирмалык аталышы)
Мамлекеттик каттоодон өтүү жөнүндө күбөлүктүн сериясы ___________ № ___________,
берилди ____________________________________________________________________________
(ким тарабынан, качан берилген)
Юридикалык дареги: __________________________________________________________________
ИНН: _______________________________________________________________________________
Жеке жак үчүн:
Аты-жөнү ____________________________________________________________________________
Анын ким экендигин ырастаган документтин маалыматы ____________________________________
(документтин аталышы)
_____________________________________________________________________________________
(ким тарабынан, качан берилген)
Арызга лицензия алууга керектүү документтер тиркелет: тизмек жана барактардын саны.
Байланыш маалыматтары: телефон номери, e-mail, факс ____________________________________
М.О. | _________________________________ | ____________________ |
| (колу) | (датасы) |
|
| Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
_______________________________________________________________________________
(лицензия берүүчү органдын - лицензиардын толук аталышы)
ЛИЦЕНЗИЯ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
__________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы, уюштуруучулук-укуктук формасы же жеке ишкердин, лицензиаттын аты-жөнү)
Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоосу (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү
_______________________________________________________________________________________
(номери жана датасы)
Жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө жазуунун каттоо номери
________________________________________________________________________________________
(номери жана датасы)
Иштин лицензиялануучу түрү _______________________________________________________________
Лицензиянын колдонуу мөөнөтү: мөөнөтсүз
Ишти жүзөгө ашыруучу аймак: ______________________________________________________________
(облус, шаар)
Берилген дата 20__-жылдын "__" ______________
Лицензиянын каттоо номери: _______________________________________________________________
(номерди көрсөтүү керек)
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери ________________________________________________
Лицензияны ээликтен ажыратууга болбойт
________________________________________________________________________________________
(лицензия берген адамдын кызмат орду, колу)
М.О.
№ ___________________________ (лицензиянын бланкынын сериясы)