Редакцияот 14.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 14-июлу № 488

Кыргыз Республикасынын Табигый монополиялар субъекттеринин Мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

Табигый монополиялар субъекттеринин Мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Табигый монополиялар субъекттеринин Мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев