Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 488 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Табигый монополиялар субъекттеринин Мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Табигый монополиялар субъекттеринин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби (мындан ары - Реестр) "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан Реестрди түзүү жана жүргүзүү үчүн пайдаланылат.
2. Реестр товардык рыноктордогу табигый монополия шартында иш жүргүзгөн жана мамлекеттик жөнгө салынууга, контролго алынууга тийиш болгон чарба субъекттеринин тизмеги болуп эсептелет.
3. Реестр ыйгарым укуктуу органдын чечими кабыл алынган күндөн тартып он күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
4. Реестрде камтылган маалымат ачык болуп эсептелет жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
2. Реестрди түзүү жана жүргүзүү
5. Реестрди түзүүнү жана жүргүзүүнү ага чарба субъекттерин киргизүү же андан чыгаруу, чарба субъектинин аталышы, жөнгө салынуучу товар, жумуш жана кызмат көрсөтүүлөр (мындан ары - товар), жөнгө салуунун түрү же/жана методу, чарба субъектиси тейлеген региону жана юридикалык дареги өзгөргөн учурларда Реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
6. Чарба субъектин Реестрге киргизүү же чыгаруу, ошондой эле Реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен кабыл алынат.
7. Реестр төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- чарба субъектинин же адамдар тобунун аталышы;
- чарба субъекти жөнгө салынуучу товардын аталышы;
- жөнгө салуу түрү же/жана методу;
- чарба субъекти тейлеген регион;
- чарба субъектинин юридикалык дареги;
- ыйгарым укуктуу органдын Реестрге киргизүү, чыгаруу же Реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө буйругунун реквизиттери.
Реестр ушул Тартиптин тиркемесине ылайык формада жүргүзүлөт.
8. "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык менчигинин түрүнө карабастан табигый монополия шартында иш жүргүзгөн чарба субъекти (адамдар тобу) чыгарган товарларды өндүрүү (сатуу) боюнча Реестрге киргизилет.
Адамдардын бир тобуна кирүүчү жана бир товардык рынокто иштеген чарба субъекттери жөнүндө маалыматтар алар кирген адамдар тобун көрсөтүү менен Реестрге киргизилет.
Мында адамдардын тобу "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке жана (же) юридикалык жактардын жыйындысы катары аныкталат.
9. Чарба субъекти (адамдардын тобу) толук же товардын кээ бир түрү боюнча төмөндөгү учурларда Реестрден чыгарылат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте табигый монополия субъекти жоюлганда;
- табигый монополия шартында табигый монополия субъекти товарды өндүрүүнү (сатууну) токтоткондо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык табигый монополиялар субъекттеринин иш чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу токтотулганда.
10. Чарба субъекти (адамдар тобу) ыйгарым укуктуу орган тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган (буйрук катталган күн) күндөн тартып Реестрге киргизилди (чыгарылды) деп эсептелет.
Ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алынган күндөн тартып он күндүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө чарба субъектине (адамдар тобуна) жазуу жүзүндө маалымдайт.
3. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине даттануу
11. Чарба субъекти (адамдар тобу) анын Реестрге киргизилгендиги, Реестрден чыгарылгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими же Реестрде болгон маалымат менен макул болбогон учурда, чарба субъекти (адамдардын тобу) ыйгарым укуктуу органга Реестрден чыгаруу (киргизүү) тууралуу же Реестрде болгон маалыматка өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө жүйөөлүү өтүнүчтү жиберет. Өтүнүчкө тийиштүү материалдар жана башка ырастоочу документтер тиркелет.
12. Чарба субъектин (адамдардын тобун) Реестрден чыгаруу (киргизүү) же Реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же чыгаруудан (киргизүүдөн) же Реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүйөөлүү өтүнүч келип түшкөн күндөн тартып жана берилген материалдардын негиздүүлүгүнө зарыл экспертиза жүргүзүлгөн күндөн кийин отуз күндүн ичинде кабыл алынат.
Ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алынган күндөн тартып он күндүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө чарба субъектине (адамдар тобуна) жазуу жүзүндө маалымдайт.
13. Чарба субъекти (адамдардын тобу) ыйгарым укуктуу органдын чечимине макул болбогон учурда соттук тартипте даттана алат.
|
| Кыргыз Республикасынын Табигый монополиялар субъекттеринин Мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибине тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын Табигый монополиялар субъекттеринин МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
№ | Чарба субъектинин/ адамдар тобунун аталышы | Чарба субъекти/ адамдар тобу жөнгө салынуучу товардын аталышы | Жөнгө салуу түрү/ методу | Чарба субъекти/ адамдар тобу тейлеген регион | Чарба субъектинин/ адамдар тобунун юридикалык дареги | Чарба субъектин/ адамдар тобун Реестрге киргизүү/ чыгаруу жөнүндө жана Реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө буйруктун реквизиттери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|