Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июлу № 462
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасын кайра түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасы ушул токтомдун 1 -тиркемесине ылайык юридикалык жактарды кошуу жолу менен кайра түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- үч айлык мөенөттө 1-тиркемеде аталган кайра түзүлүүчү юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүне жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасына кошулуучу юридикалык жактардын тизмеги
Мамлекеттик ишкана: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 8 мекемесинин алдындагы № 4 чарбалык эсептеги участок;
Мекеме: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 25 мекемесинин алдындагы чарбалык эсептеги участок;
Мекеме: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 31 мекемесинин алдындагы № 2 чарбалык эсептеги участок;
Мекемелер: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 10 мекемесинин алдындагы № 1 жана № 3 чарбалык эсептеги участоктор;
Мамлекеттик ишкана: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 мекемесинин алдындагы "Топ Сервис" чарбалык эсептеги участок;
Мамлекеттик ишкана: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 48 мекемесинин алдындагы чарбалык эсептеги участок;
Мамлекеттик ишкана: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын камсыздоо башкармалыгынын Борбордук базасынын "Үмүт" чарбалык эсептеги участогу;
Мамлекеттик ишкана: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 14 мекемесинин алдындагы чарбалык эсептеги участок.
| 2-тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтому менен бекитилген |
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик
кызматынын башкаруу схемасы
←