Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу № 496
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.Ч.Айтматова, Н.В.Никитенко, Ж.Р.Сапарбаев жана Д.О.Тербишалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 496 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасында жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.Ч.Айтматова, Н.В.Никитенко, Ж.Р.Сапарбаев жана Д.О.Тербишалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында жеке күзөтчүнүн укуктук статусун алуу укугу иштөө үчүн кесиптик окуудан өткөн жана квалификациялык сынак тапшырган жарандарга берилери каралган.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-2-беренесинде белгиленген түзөтүүдө жарандарды окуудан өткөрүү жол-жобосу ачык берилген эмес, ошондой эле талапкерлерден ким сынак алары жана кантип өткөрүлөрү аныкталган эмес.
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-2-беренесинде жетиштүү ченемдик укуктук жөнгө салуу максатында жеке күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоол болгон оорулардын тизмегинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленишин караган ченемди калтыруу зарыл деп эсептейбиз.
Ошондуктан аталган түзөтүүлөрдү кайра кароону сунуштайбыз.
Ушул мыйзамдын долбоорунда каралган "татаал шарттар" деген түшүнүктөргө (мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн он төртүнчү абзацы) карата төмөнкүлөрдү белгилейбиз, "татаал шарттар" деп баш аламандыкка же туруксуз кырдаалга кабылган каалаган районду түшүнүү сунушталат, ошол эле учурда "шарт" деген түшүнүк мааниси боюнча "район" катарында аныкталбашы/кабыл алынбашы керек.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын алып салуу зарыл деп эсептейбиз, анткени күзөттүн техникалык каражаттарынын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актысы менен бекитүү максатка ылайыксыз, себеби күзөттүн техникалык каражаттары дайыма жаңыланып, өркүндөтүлүп турат.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында жеке күзөтчүнүн күбөлүгүн берүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен күзөт мекемеси тарабынан белгиленери сунушталат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституция жана мыйзамдар менен аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга албасын белгилейбиз.
Мында Өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Конституциянын 83-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин жүргүзүшөт.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Өкмөт коллегиялуу орган болуп саналат, Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигинин органдарынын бирдиктүү системасын башкарат жана алардын ишине жетекчилик кылат.
Ошентип Өкмөттүн системасынын элементтеринин бири болуп мамлекеттик бийлик органдарынын өз системасынын болушу саналат.
Өкмөттүн өз алдынчалыгы болуп анын аткаруу бийлигинин органдарынын компетенциясын, алардын ортосундагы өз ара мамилелерди ж.б.у.с. өз алдынча белгилеши саналат.
Ошондон улам "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу менен, аларды министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда ишке ашыруу боюнча функцияларды алар жөнүндөгү жоболорду бекитүү жолу менен бөлүштүрөт.
Мындан төмөндөгүдөй тыянак чыгарса болот, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тийиштүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзамдык деңгээлде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине каршы келет.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгүнүн төртүнчү, сегизинчи абзацтарында ички иштер органдарынын ыйгарым укуктары бөлүгүндөгү жоболорду кайра кароону сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгүнүн он төртүнчү абзацы менен 14-2-берененин 4-бөлүгүн 6-пункт менен толуктоо сунушталат, бирок бул пункт аталган берененин азыркы редакциясында бар.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгүнүн бешинчи абзацында кандай уруксат берилерин же жокко чыгарыларын тактоону жана аны "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Редакцияда алмаштырууга сунушталган сөздөрдүн жоктугуна байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 10-бөлүгүнүн бешинчи абзацын алып салууну зарыл деп эсептейбиз.
Сунуш кылынган Мыйзамдын долбоорунун 6-пунктунун он биринчи абзацын, 10-пунктунун бешинчи абзацын жана 7-пунктунун төртүнчү абзацын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 "Кыргыз Республикасында жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзамдын долбооруна берилген жөнгө салуучу таасирди талдоонун (мындан ары - ЖТТ) аналитикалык катында ЖТТ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык иштелип чыкканы көрсөтүлгөн, бирок ЖТТнын түзүмү жана мазмуну аталган методикага дал келбейт.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбооруна ЖТТны Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жеткире иштеп чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын сунушталган Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.