Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-июлу № 502
«Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик
жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук ченемдерин бузуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 187-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн кырк, кызмат адамдарга жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
2. 188-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, кызмат адамдарга жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
3. 194-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн кырк, кызмат адамдарга жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
4. 195-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга сексен, кызмат адамдарга жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
5. 197-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз, кызмат адамдарга – элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
6. 198-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына – элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.».
7. 199-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз, кызмат адамдарга – токсон өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
8. 200-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына – элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
9. 201-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, кызмат адамдарына – жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
10. 202-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына – элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
11. 203-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарга - жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз, кызмат адамдарына – жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
12. 204-статьясынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз, кызмат адамдарына – элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
13. 205-статьяда:
аталышы «башка азыктар» деген сөздөрдөн кийин «жана жаныбарлардын чийки заты» деген сөздөр менен толукталсын;
биринчи абзац «башка азыктар» деген сөздөрдөн кийин «жана жаныбарлардын чийки заты» деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз, кызматтык адамдарга жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
14. Төмөнкүдөй мазмундагы 2051-статья менен толукталсын:
«2051-статья. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жазма эскертүүлөрүн аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү органдын жазма эскертүүлөрүн аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн кырк, кызмат адамдарга жетимиш, юридикалык тараптарга жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
15. 509-статья «185» деген цифралардан кийин «187 жана 188» деген цифралар менен толукталсын.
16. 520-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«520-статья. Ветеринардык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Ветеринардык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 197-2051 жана 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору;
- облустардын, Бишкек жана Ош шаарынын мамлекеттик ветеринардык инспекторлору;
- шаарлардын, райондордун мамлекеттик ветеринардык инспекторлору.».
17. 5211-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5211-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 187, 188, 194 жана 195-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик фитосанитардык инспектору;
- аймактык органдардын фитосанитардык инспекторлору.».
2-статья
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти