Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-июлу № 506
“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., №5, 463-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьяда:
- 1-бөлүк “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында” деген сөздөрдөн кийин “жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 2-статьяда:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ыйгарым укуктуу органдар – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен, тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ишкердиктин субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органдары.”;
- алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- жетинчи абзацтагы “ишкердиктин” деген сөз “текшерүүнүн” деген сөз менен алмаштырылсын, “юридикалык жактар” деген сөздөр “коммерциялык уюмдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- статья төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
“Ишкердиктин башталгандыгы тууралуу кабарлоо – ишкердиктин субъекттери тарабынан ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга ыктыярдуу түрдө жиберилүүчү документ, ал аркылуу мындай субъект милдеттүү талаптарды сактоого милдеттенген чөйрөлөрдү көрсөтүү менен ишкердиктин жүзөгө ашырыла баштагандыгы жөнүндө маалымдайт.”.
3. 3-статьянын тогузунчу абзацындагы “мыйзам негизинде гана” деген сөздөр “мыйзамдар, Өкмөттүн токтомдору менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 4-статьяда:
- сегизинчи абзац “көрсөтүлбөгөн” деген сөздөн кийин “же туура эмес көрсөтүлгөн” деген сөздөр менен толукталсын;
- тогузунчу абзацтагы “мамлекеттик контроль (көзөмөл) органдарына жарандардан, юридикалык жактардан, жеке ишкерлерден кайрылуулар, арыздар, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирген, жаныбарларга, өсүмдүктөргө, айлана-чөйрөгө, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар чыккан фактылар жөнүндө маалымат түшкөндүгүнүн негизи боюнча” деген сөздөр “ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана 5-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 5-статьянын төртүнчү жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 6-статьяда:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Пландуу текшерүүлөр стратегиялык пландарга, ошондой эле текшерүүлөрдүн пландарына ылайык жүргүзүлөт.
Стратегиялык план бир жылга түзүлөт жана ар бир багыт боюнча сандык көрсөткүчтөрдү камтыйт. Стратегиялык план пландуу текшерүүлөр жүргүзүлгөн жылдан мурунку жылдын 15-ноябрына чейин ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
Стратегиялык пландардын негизинде текшерүүлөрдүн кварталдык жана жылдык пландары түзүлөт, алар пландуу текшерүүлөр жүргүзүлгөн жылдан мурунку жылдын 1-декабрына чейин же планга киргизилген квартал башталганга чейин 30 календардык күндөн мурда ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
Текшерүүлөрдүн пландары ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын жайларында элге жеткиликтүү болгон ачык жерлерге жайгаштыруу аркылуу милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
Жылдык пландардын аткарылышы жөнүндө маалымат отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин же отчеттук квартал аяктагандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын жайларында элге жеткиликтүү болгон ачык жерлерге жайгаштырылат.”;
- 3-бөлүктө:
экинчи абзац “бирден ашык эмес,” деген сөздөрдөн кийин “санитардык-эпидемиологиялык тобокелдиктин жогорку даражасындагы субъекттер үчүн жылына эки жолудан көп эмес,” деген сөздөр менен толукталсын”;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шарттарды аныктайт, тобокелдиктин төмөнкү даражасына киргизилген текшерүүлөрдүн субъекттери аларга шайкеш келгенде пландуу текшерүүлөрдөн бошотулат.”;
- 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“Ушул Мыйзамдын 15-статьясынын 1-бөлүгүнүн тогузунчу абзацында каралган учурда текшерүү барагы текшерүү актысынын курамдык бөлүгү болуп саналат.”;
- 6-бөлүктүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Билдирме ыйгарым укуктуу органдын каражаттарынын эсебинен электрондук почта аркылуу берилгендиги жөнүндө кабарлоо менен заказдык кат же факс менен жөнөтүлөт же текшерүү субъектинин жетекчисинин өзүнө же ыйгарым укуктуу адамына кол койдуруу менен берилет.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-11-бөлүктөр менен толукталсын:
“7. Тамак-аш азыктарын өндүрүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга карата талаптарга шайкеш келүүсүнө пландуу текшерүүлөр алдын ала билдирмесиз жүргүзүлөт.
8. Ишкердиктин субъекттери тарабынан ишкердиктин башталгандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилген учурда, бул субъекттерди текшерүүлөр кабарлоодо көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө ыйгарым укуктуу органдар тарабынан юридикалык жак же жеке ишкер катарында мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап үч жыл аралыгында жүргүзүлбөйт. Кабарлоонун формасы, тартиби, ошондой эле мындай тартип колдонулбай турган тармактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердик иштин түрлөрүнүн тизмегин аныктайт, аларды жүзөгө ашырууда иштин мындай түрлөрүн жүргүзүүдөн терс натыйжалардын келип чыгуу ыктымалдыгы жок болгондуктан ишкерлер пландуу текшерүүлөрдөн бошотулушат.
10. Жарандардын өмүрүнүн, ден соолугунун жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна тиешелүү текшерүүлөрдүн жыйынтыктары ыйгарым укуктарына тийиштүү чөйрөлөрдө текшерүүлөрдү жүргүзүү кирген ыйгарым укуктуу органдардын сайттарында жарыяланууга тийиш, ошондой эле элге жеткиликтүү болгон башка жерлерге жайгаштырылат.
11. Иши калкты тейлөө менен байланышкан текшерүүлөрдүн субъекттери текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын керектөөчүлөргө жеткирүүгө милдеттүү. Ишти жүзөгө ашырууда текшерүүлөрдүн жыйынтыктары керектөөчүлөргө жеткирилүүгө тийиштүү иштин түрлөрү, маалыматтын көлөмү жана аны ачыкка чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”;
7. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7-статья. Пландан тышкары текшерүүлөр
1. Пландан тышкары текшерүү жүргүзүүнүн негиздери:
1) текшерүү субъектинин ага карата текшерүү жүргүзүү тууралуу арызынын ыйгарым укуктуу орган тарабынан алынышы;
2) текшерүү субъектинин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу органга даттанышы;
3) жеке же юридикалык жактын текшерүү субъекти тарабынан арыз ээсинин укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү арызын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин ишкердиктин субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен, текшерүү субъекти тарабынан ошол административдик-аймактык бирдиктин калкынын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү кайрылуусун ыйгарым укуктуу органдын алышы.
2. Ыйгарым укуктуу органга кайрылган адамдын аты-жөнүн жана турган жерин аныктоого мүмкүн болбогон арыздар текшерүү жүргүзүү үчүн негиз боло албайт.
3. Пландан тышкары текшерүүнүн мөөнөтү 3 жумуш күндөн ашпайт.
Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган даттануулар алынганда ыйгарым укуктуу орган даттанууну кароого, зарыл болгон учурда текшерүү жүргүзүүгө жана 15 жумуш күндүн ичинде жүйөлүү чечим чыгарууга милдеттүү.
4. Пландан тышкары текшерүү аны жүргүзүү үчүн негиз болгон маселелердин чегинен чыкпайт.
5. Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыздоо менен байланышкан учурларда (коркунуч же жугуштуу оорулардын жана жалпы жугуштуу эмес оорулардын (уулануулардын) келип чыгышы жана жайылышы, техногендик мүнөздөгү авариялар) калктын ден соолугунун абалына жол берилгис таасирдин себептерин жана булактарын аныктоо жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга 7 жумуш күндүн ичинде кабарлоо менен аларды алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында текшерүүлөр күтүүсүз мүнөзгө ээ болушу жана жазуу жүзүндөгү тескемесиз (буйруктун, жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнүн) жүргүзүлүшү мүмкүн. Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыздоо менен байланышкан учурлар (коркунуч же жугуштуу оорулардын жана жалпы жугуштуу эмес оорулардын (уулануулардын) келип чыгышы жана жайылышы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”.
8. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9-статья. Контролдук текшерүүлөр
“Контролдук текшерүү мурдагы текшерүүдө аныкталган укук бузуулардын текшерүү субъекти тарабынан четтетилүүсүн текшерүү максатында жүргүзүлөт жана ушул милдеттин чегинен чыкпайт.
Контролдук текшерүү белгиленген укук бузууларды четтетүү үчүн текшерүү субъектине берилген мөөнөт аяктагандан кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Контролдук текшерүү 11-статьянын 3-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Контролдук текшерүүнүн мөөнөтү эки жумуш күндөн, чакан ишкердиктин субъекттери үчүн бир жумуш күндөн ашпайт.”.
9. 10-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
10. 11-статьяда:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Текшерүүлөр документтик же көчмө текшерүү түрүндө жүргүзүлөт. Документтик текшерүү ыйгарым укуктуу орган жайгашкан жерде жүргүзүлөт. Көчмө текшерүү текшерүү субъекти жайгашкан жерде жана (же) анын иши иш жүзүндө жүргүзүлгөн жерде жүргүзүлөт.”;
- 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө тобокелдиктин жогорку даражасындагы текшерүү субъекттери тарабынан жол берилген жугуштуу оорулардын жана жалпы жугуштуу эмес оорулардын (уулануулардын), техногендик мүнөздөгү авариялардын келип чыгышына жана жайылышына түздөн-түз коркунуч алып келүүчү бузуулар аныкталган учурда администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда каралган таасир этүү чаралары токтоосуз колдонулушу мүмкүн.”;
- 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Ушул статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин ыйгарым укуктуу орган контролдук текшерүү жүргүзөт.
Эгерде контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө бузуулар четтетилбеген фактылар аныкталса, анда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы текшерүү субъектине карата Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонот.
Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын жана 6-бөлүгүнүн ченемдери ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн негиз боюнча жүргүзүлгөн пландан тышкары текшерүүлөргө карата колдонулбайт.”;
- 7-бөлүктөгү “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери менен макулдашуу боюнча” деген сөздөр алып салынсын.
11. 12-статьяда:
- 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Тескеме (буйрук, жазуу жүзүндөгү көрсөтмө) контролдук текшерүү жүргүзүү жөнүндө тескемелерден (буйрук, жазуу жүзүндөгү көрсөтмө) тышкары, ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.”;
- 4-бөлүк “Пландуу текшерүүнүн бул мөөнөтү” деген сөздөр “Атайын изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды жүргүзүү зарыл болгон учурда бул мөөнөт” деген сөздөр менен толукталсын.
12. 15-статьяда:
- 1-бөлүктүн тогузунчу абзацы “текшерүүнүн натыйжалары” деген сөздөрдөн мурун “текшерүү барагынын форматында баяндоо мүмкүн болгон” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүктө:
биринчи абзацтагы “почта байланышы аркылуу” деген сөздөр “берилгендиги жөнүндө билдирүү аркылуу заказдык кат менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;
экинчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“Кол коюудан баш тартылган учурда актыга каршылыксыз кол коюлду деп эсептелинет.”.
- 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
13. 17-статьянын 2-бөлүгүндө:
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“- ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 7-бөлүгүндө каралган учурдан тышкары, пландуу текшерүү жүргүзүү жөнүндө билдирмени албаган учурда текшерүүчү кызмат адамдарын текшерүүгө киргизбөөгө;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
“ - пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ушул Мыйзамдын 4-статьясынын тогузунчу абзацында каралган адамдардын катышуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу жагдайлар болгон учурда, билдирмеде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө текшерүү жүргүзүү мүмкүн эместиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдоого жана текшерүү башталгандыгы жөнүндө кабарлоо алынган датадан 3 жумуш күндөн ашык эмес мөөнөттө текшерүү жүргүзүүнүн башка датасын макулдашууга. Текшерүү жүргүзүүнү баштоо мөөнөтүн жылдырууга бир жолу жол берилет”.
14. 18-статьянын 1-бөлүгүндөгү “укук бузууларга жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүүгө” деген сөздөр “ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган тартипте мыйзамдарда каралган таасир этүү чараларын колдонууга” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. Төмөнкүдөй мазмундагы 191-статья менен толукталсын:
“191-статья. Ушул Мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктарынын жараксыздыгы
Ушул Мыйзамда белгиленген текшерүүлөрдү уюштурууга жана жүргүзүүгө карата талаптарды одоно бузуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын текшерүү субъекти тарабынан бузулушунун далили боло албайт.
Төмөнкүлөр одоно бузуулар деп таанылат:
- текшерүү жүргүзүүнүн негиздеринин жоктугу;
- тескеменин (буйруктун, жазуу жүзүндөгү эскертүүнүн) жоктугу;
- 6-статьянын 7-бөлүгүндө каралган учурдан тышкары, текшерүү жүргүзүү жөнүндө билдирүү мөөнөттөрүнүн сакталбагандыгы;
- ушул Мыйзамдын 4-статьясынын талаптарынын бузулушу;
- тескеме (буйруктун, жазуу жүзүндөгү эскертүүнүн) ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылбаганда (контролдук текшерүү жүргүзүү жөнүндө тескемелер (буйруктар, жазуу жүзүндөгү эскертүүлөрдөн) тышкары);
- ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алардын компетенциясына кирбеген текшерүүлөрдүн дайындалышы.”.
16. 2-статьянын экинчи – бешинчи, сегизинчи – онунчу абзацтарындагы, 4, 6, 11-18, 20-статьялардагы “ишкердиктин субъекттери” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө жана санда “текшерүүлөрдүн субъекттери” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ