Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 511 токтому менен бекитилген |
Эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын кызмат көрсөтүү укугуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын кызмат көрсөтүү укугуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын учууларына жыштык берүү жана аларды чакырып алуу тартибин, эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда жыштык бөлүштүрүү боюнча ачык конкурстарга катышуу шарттарын (мындан ары - конкурс), конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоону жана конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптардын тартибин регламенттейт.
2. Жобонун максаты болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны ташууну сапаттуу жүзөгө ашыруусун камсыз кылуу, ошондой эле аба ташууларынын коопсуздугу жана үзгүлтүксүздүгү үчүн шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясындагы атаандаштыкты өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны ташуу процессинде Кыргыз Республикасынын авиаташуучулары көрсөткөн кызматтарды пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоо.
3. Ачык конкурстарды өткөрүүнүн демилгечиси (уюштуруучусу) болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги (мындан ары - Агенттик) эсептелет.
4. Конкурска Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө карабастан берилген лицензиясы жана эксплуатанттын жарактуу сертификаты бар авиаташуучулар конкурска катыша алышат.
5. Конкурска үзгүлтүксүз каттамдарды аткарууда аба жолдорун пайдаланууга лоттор коюлат.
2. Конкурстук комиссияны түзүү
6. Конкурстук сунуштарды кароо, аларды баалоо, конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жана жыштыктарды кайра чакыртып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (мындан ары - Министрлик) конкурстук комиссияны (мындан ары - Комиссия) түзөт.
7. Комиссиянын курамы Министрликтин буйругу менен түзүлөт жана бекитилет.
8. Комиссия 11 (он бир) адамдан турган санда төмөнкүдөй курамда түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы же министрдин орун басары, Комиссиянын төрагасы;
- Агенттиктин директору, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Министрликтин өкүлдөрү;
- аба кыймылын тейлөөчү органдын өкүлдөрү;
- Агенттиктин өкүлдөрү.
Комиссиянын төрагасы жок учурда, анын иш-милдеттерин төраганын орун басары аткарат.
9. Конкурска катышуучу катары каттоо жана иш кагаздарын жүргүзүү, ошондой эле конкурсту өткөрүү боюнча башка уюштуруу иш-чараларын аткаруу үчүн Агенттиктин кызматкерлеринен Комиссиянын катчылары дайындалат, алар Комиссиянын мүчөсү боло албайт жана тиешелүү түрдө добуш берүү укугуна ээ болбойт.
3. Конкурс жарыялоонун жол-жоболору
10. Конкурс жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны эл аралык ташуунун жаңы (эркин) укуктары пайда болгондо өткөрүлөт.
11. Конкурсту өткөрүүнүн алдында Агенттик учуулардын жыштыгын жана конкурска коюлган аба жолдорунун негизги мүнөздөмөлөрүн (аба жолдорунун аталышын, узундугун) көрсөтүү менен лотторду түзөт.
12. Конкурсту өткөрүүгө 30 (отуз) календарлык күндөн кем эмес убакыт калганда Министрликтин жана Агенттиктин расмий сайттарына конкурс өткөрүү боюнча жарыя жайгаштырылат, анда конкурска коюлуучу эл аралык аба жолдоруна бериле турган учуулардын жыштыгы жөнүндө маалыматтар, арызды кабыл алуу мөөнөтү, конкурс өткөрүлүүчү дата, убакыт жана орду көрсөтүлөт.
4. Конкурстук сунуш жана документтерди кабыл алуу
13. Конкурстук сунуш төмөнкү документтерди камтыйт:
- конкурска катышууга арызды;
- Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- эксплуатанттын сертификатынын көчүрмөсүн;
- аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташууга лицензиянын көчүрмөсүн;
- салык карызынын жоктугу тууралуу салыктык каттоо жеринен салык органынын маалымкатын;
- конкурстун катышуучусунун турган жеринде социалдык чегерүүлөр боюнча карызы жоктугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымкатын;
- конкурстун катышуучусунун өздүк же ижарага алган аба кемелеринин паркы бар экени жана анын абалы жөнүндө маалыматты;
- конкурстун катышуучусунун аба кемелерин техникалык тейлөөнү уюштурушунун абалы жөнүндө маалыматты;
- Аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын (мындан ары - ИАТА) ырааттамасынын эки удаа сезонунан кем эмес мезгилге аба жолдорун өнүктүрүү планын;
- учуулардын коопсуздугун, авиациялык коопсуздукту камсыз кылуучу жана учуу жана техникалык иштерди уюштурууга жооптуу адистердин жана жетекчилердин курамы жөнүндө маалыматты;
- конкурстун катышуучусунун тийиштүү даярдыгы бар учуу жана инженердик-техникалык курамы жөнүндө маалыматты;
- конкурска катышуучунун аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны ташуу боюнча тажрыйбасы жөнүндө маалыматты.
14. Комиссиянын секретариатына ушул Жобонун 13-пунктунда аталган документтерди (конкурстук сунуштарды) берүү керек.
15. Конкурстук сунуштар Министрлик бекиткен, белгиленген формадагы бланкка оңдоосуз жана булгоосуз толтурулат.
Конкурстук сунуштар конкурстун катышуучусу тууралуу толук жана туура маалыматтарды камтууга тийиш.
Конкурстун катышуучусу берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн толук жоопкерчилик тартат.
16. Комиссиянын катчысы конкурстун катышуучуларынан арыздар түшкөндө (конкурс өткөрүлгөнгө чейин) ушул Жобонун 13-пунктунда аталган документтердин бар экендигин текшерет.
17. Конкурстун катышуучулары документтердин толук эмес пакетин берген учурда Комиссиянын катчысы кемчиликтерди жоюу үчүн документтердин пакетин конкурстун катышуучуларына кайтарып берет.
18. Көрсөтүлгөн кемчиликтер жоюлгандан кийин толтурулган бланктар (конкурстук сунуштардын түп нускасы менен) конвертке салынып чапталат жана коштоочу кат менен кошо Агенттикке берилет.
19. Конкурстук сунуштардын түп нускалары салынган конверт конкурс өткөрүлгөн күнү ачылат.
20. Конкурстун катышуучуларын каттоо үчүн документтерди кабыл алуу кулактандыруу жайгаштырылган күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
21. Комиссиянын катчысы арыздарды кабыл алууда (каттоодо) конкурстун катышуучусуна документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүү берет.
Билдирүү берилгенден кийин конкурстук сунуштарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
5. Конкурсту өткөрүү
22. Конкурска катышуучулардын өкүлдөрүн чакыруу менен конкурс өткөрүлөт.
23. Конкурс өткөрүлүүчү күнү Комиссия конкурстун катышуучуларынын конкурстук сунуштарын ушул Жобонун тиркемесине ылайык формада конкурстук сунуштарды баалоо шкаласы боюнча баалайт.
24. Комиссиянын мүчөлөрү конкурстун катышуучуларынын сунуштарын баалоонун жыйынтыгын ушул Жобонун 23-пунктуна ылайык жалпылайт, жалпы жыйынтыгын аныктайт, ал Комиссиянын жыйынынын протоколуна конкурстун жеңүүчүсүн жана/же жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн катталат.
25. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса. Комиссиянын жыйыны укуктуу деп таанылат.
26. Эгерде конкурска катышууга бир гана авиаташуучу арыз берсе, анда конкурс болгон жок деп таанылышы мүмкүн эмес.
27. Комиссия өз ишинде ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
28. Ушул Жобонун тиркемесине ылайык конкурстук сунуштарды баалоонун тиешелүү шкаласы боюнча эсептелген көбүрөөк балл алган катышуучу (катышуучулар) конкурстун жеңүүчүсү (жеңүүчүлөрү) катары таанылат.
29. Конкурска бир гана авиаташуучу катышып, эгерде ал ортодон жогору балл алса, жеңүүчү деп таанылат. Ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн конкурстук сунуштарды баалоонун шкаласы боюнча орточо болуп 33 (отуз үч) балл эсептелет.
30. Комиссия 3 (үч) күндүн ичинде өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча чечим чыгарууга тийиш.
6. Конкурсту кайталап өткөрүү жана конкурска катышуудан четтетүүнүн шарттары
31. Конкурс төмөнкүдөй себептер менен Комиссия тарабынан болбой калды деп таанылган учурда конкурс кайталап өткөрүлөт:
- конкурска катышууга арыз авиаташуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттү бузуу менен берилсе, же болбосо белгиленген авиаташуучулардан арыз түшпөсө;
- эгерде конкурстун бардык катышуучулары документтердин пакетин тиешелүү түрдө тариздебесе (документтердин берилген пакети ушул Жобонун талаптарына ылайык келбесе).
Комиссия 3 (үч) күндүн ичинде конкурстун бардык катышуучуларына конкурстун өткөн жок деп таанылышына негиз болгон себептерди көрсөтүү менен билдирүүлөрдү жиберет.
32. Эгерде берилген документтердин пакети ушул Жобонун талаптарына жооп бербесе катышуучуну же катышуучуларды конкурска катышуудан четтетүү жөнүндө чечим Комиссия тарабынан кабыл алынат.
7. Учууларга жыштык бөлүүнүн тартиби
33. Агенттик Комиссиянын чечимине ылайык бөлүнүп берилген жыштыктын (жыштыктардын) санын көрсөтүү менен жеңип чыккан авиаташуучуга (авиаташуучуларга) конкреттүү эл аралык аба жолуна жыштыктын бөлүнүп берилиши жөнүндө буйрук чыгарат.
34. Агенттик буйрукта көрсөтүлгөн авиаташуучунун аталышын жана бөлүнүп берилген жыштыктын санын көрсөтүү менен конкреттүү аба жолунда учуу жыштыгынын бөлүнүп берилиши жөнүндө катты келишим түзгөн мамлекеттин авиациялык бийлигине жөнөтөт.
8. Конкурстун жеңүүчүсүнө коюлуучу талаптар
35. Конкурстун жеңүүчүсү (авиаташуучу) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Агенттик бекиткен аба кемелеринин кыймылынын ырааттамасына жана авиаташуучуга бөлүнүп берилген жыштыгына ылайык жол жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаны аба аркылуу ташууну уюштурууга жана үзгүлтүксүз аткарууга;
- лицензиялык талаптарды, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин талаптарын, Авиациялык эрежелерди жана жарандык авиация жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди сактоого;
- аба жолдорундагы аба кемелеринин кыймылынын бекитилген ырааттамасын негизсиз өзгөртүүгө жана аба жолдорунда учуулардын пландалган жыштыгын төмөндөтүүгө жол бербөөгө;
- "эл аралык аэропорт" статусуна ээ эмес аэропортторго ички аба жолдорунда ташууларды аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине, ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) эл аралык стандарттарына жана сунуштарына ылайык аба кемелерин пайдаланууга карата белгиленген талаптарга жараша техникалык каражаттар менен жабдылган аба кемеси менен көрсөтүлбөгөн аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктөрдү жана почтаны ташууда пайдаланууга.
9. Учуу жыштыктарын чакыртып алуу
36. Авиаташуучулардан учуу жыштыгын чакыртып алуунун себептери жана негиздери:
- аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктү ташууга пайдалануучунун сертификатын, лицензиясын (лицензияларын) чакыртып алуу жана/же колдонулушун токтотуу;
- пайдалануучунун сертификатын колдонууга чектөө (чектөөлөрдү) киргизүү;
- дайындалган авиаташуучунун эл аралык аба жолдорунда ага бөлүнүп берилген жыштык (жыштыктар) боюнча учууларды 6 (алты) ай ичинде аткарбай коюшу:
- авиаташуучуларга бөлүнүп берилген жыштыкта (жыштыктарда) учууларды аткарууну камсыз кылууга жөндөмдүү тиешелүү негизги жана/же кошумча аба кемелери авиаташуучуда жок болсо;
- дайындалган авиаташуучу ИАТАнын бир сезонунун ичинде Агенттик бекиткен сандагы каттамдардын 10 пайызынан аз учууларды жүзөгө ашырса. Авиаташуучу аткарган каттамдардын санын эсептөөдө аткарылган "код-шер" каттамдары эске алынат;
- ИАТАнын бир сезонунун ичинде авиаташуучуда Агенттиктин жазма буйругунда көрсөтүлгөн учуулардын коопсуздугуна жана авиациялык коопсуздукка таасир тийгизе турган, четтетилбеген бузуулар бар болсо;
- авиаташуучуда чет мамлекеттердин авиациялык бийликтеринин жазма буйругунда көрсөтүлгөн учуулардын коопсуздугуна жана авиациялык коопсуздукка таасир тийгизе турган четтетилбеген бузуулар бар болсо.
37. Ушул Жобонун 36-пунктунда көрсөтүлгөн себептер жана негиздер бар экендиги жөнүндө маалымат Комиссияга Агенттиктин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү аркылуу берилет.
38. Ушул Жобонун 36-пунктунда көрсөтүлгөн себептер жана негиздер болгондо Комиссия авиаташуучуга бөлүнүп берилген учуу жыштыктарын чакыртып алуу жөнүндө чечим чыгарат.
39. Комиссиянын учуу жыштыктарын чакыртып алуу жөнүндө чечими Министрлик бекиткен форма боюнча протокол менен таризделет.
40. Комиссиянын чечимине (протоколуна) ылайык Агенттик тарабынан конкреттүү аба жолундагы авиаташуучунун учуу жыштыгын чакыртып алуу тууралуу буйрук чыгарылат. Буйруктун көчүрмөсү 5 (беш) календардык күндүн ичинде авиаташуучуга жөнөтүлөт.
|
| Эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын кызмат көрсөтүү укугуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жобого тиркеме |
Форма
Конкурстук сунуштарды баалоо ШКАЛАСЫ
№ | Көрсөткүчтөр | Баллдын саны |
1 | Чыгарылган учурдан тартып аба кемесинин пайдаланылуу мөөнөтү: |
|
| - 10 жылга чейин | 5 |
- 11 жылдан 20 жылга чейин | 4 | |
- 21 жылдан 30 жылга чейин | 3 | |
- 31 жылдан жогору | 2 | |
2 | Ички жана эл аралык аба жолдорунда учууларды аткаруу боюнча авиаташуучулардын тажрыйбасы: |
|
| - 5 жылга чейин | 3 |
- 6дан 10 жылга чейин | 4 | |
- 11 жыл жана андан жогору | 5 | |
3 | Ачык конкурска коюлган (конкреттүү маршрутун көрсөтүү керек) эл аралык аба жолдорун пайдалануу тажрыйбасы: | 1 |
| - тажрыйбасы жок | 0 |
- 1 жылга чейин | 1 | |
- 2ден 3 жылга чейин | 2 | |
- 4төн 5 жылга чейин | 3 | |
- 6 жылдан жогору | 4 | |
4 | Акыркы 5 жылда авиациялык окуялардын (инциденттердин, авиакырсыктардын ж.б.) болушу: |
|
| - авиакырсыктар болгон | 0 |
- инцидент олуттуу | 1 | |
- инцидент | 2 | |
- жок | 5 | |
5 | Учууларды аткаруу үчүн авиаташуучуда кошумча аба кемелеринин болушу жана саны: |
|
| - 0 (аба кемеси жок) | 0 |
- 1 аба кемеси | 1 | |
- 2 аба кемеси жана андан көп | 2 | |
6 | ИАТА сезонунда аткарылган каттамдардын жалпы санынан авиаташуучунун күнөөсү боюнча кечиктирүүлөрдүн пайызы: |
|
| - 10%га чейин кечигүү | 3 |
- 10%дан 20%га чейин кечигүү | 2 | |
- 20%дан 30%га чейин кечигүү | 1 | |
- 30% жана андан жогору кечигүү | 0 | |
7 | Авиаташуучу эл аралык аба ташууларынан башка ички аба жолдорунда "эл аралык аэропорт" статусу жок аэропортко жүк ташууну аткарабы: |
|
| - ооба, аткарат | 2 |
- жок, аткарбайт | 0 | |
8 | Авиаташуучунун аба кемесин пайдалануу укугу: |
|
| - аба кемеси авиаташуучунун менчигинде. Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринде катталган | 2 |
- аба кемеси авиаташуучу тарабынан ижара келишиминин (кургак лизингдин) негизинде пайдаланылат. Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринде катталган | 1 | |
9 | Арыз берүү учурунда авиаташуучу учууларды аткарууга дайындалган пункттардын саны: |
|
| - 5ке чейин | 2 |
- 5тен 10го чейин | 3 | |
- 10 жана андан жогору | 4 | |
10 | И.Абдраимов атындагы Авиациялык колледждин студенттерин даярдоону, стажировкадан өткөрүүнү уюштурууда авиаташуучулардын катышуусу: |
|
| - ооба | 2 |
- жок | 0 | |
11 | И.Абдраимов атындагы Авиациялык колледждин 2000-жылдан кийин бүткөн студенттерин кызматка орноштурууда авиаташуучулардын катышуусу: |
|
| - 10 адамдан жогору | 5 |
- 10 адамга чейин | 4 | |
- 5 адамга чейин | 3 | |
- жок | 0 | |
12 | Авиаташуучунун кызматкерлеринин пайыздык катышы - Кыргыз Республикасынын жарандары/чет өлкө жарандары (учуучу, техникалык персонал, борт коштоочулар): |
|
| - 90% / 10% | 5 |
- 80% / 20% | 3 | |
- 70% жана андан аз / 30% жана андан көп | 0 | |
13 | Кыргыз Республикасынын аймагында аба кемелерди тейлөөчү өздүк авиациялык техникалык базасынын болушу: |
|
| - бар | 5 |
- жок | 0 | |
14 | Перрондук жана маршруттук текшерүүлөрдүн жыйынтыктары: |
|
| - эскертүү жок | 5 |
- аба кемесинин командирине маалымдоо үчүн эскертүү бар | 4 | |
- аба кемеси учканга чейин жоюуну талап кылган эскертүүлөр бар | 3 | |
- аба кемесин пайдаланууну токтото турууну талап кылган эскертүүлөр бар | 2 |