Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № 512
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Дыйканбаев, З.С.Жоошбеков, А.Ш.Султанов, Н.Мурашев, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 512 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Дыйканбаев, З.С.Жоошбеков, А.Ш.Султанов, Н.Мурашев, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөөнүн натыйжасында пайда болгон камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды эсептен чыгаруу, ошондой эле толук көлөмдө эсептен чыгаруу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жогорудагы карыздарынын эсептен чыгаруу суммасын республикалык бюджеттин эсебинен калыбына келтирүү сунушталууда.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык юридикалык жана жеке жактарга (айыл чарба продукцияларын өндүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы) боюнча айыл чарба кооперативдерин кошпогондо) айыл чарба жердеринин мамлекеттик фондунун (жайыттарды кошпогондо) жерлерин, токой фондусунун участокторун ижарага берүүдө камсыздандыруу төгүмдөрү жерди, участокту ижарачы тарабынан бул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.
Юридикалык жана жеке жактарга жайыттарды пайдалануу укугу берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү жайыт пайдалануучулар тарабынан аталган Мыйзамда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.
Демек, жогоруда аталган Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ижарага алуучулар тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнөт. Өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ижарачыдан алынган камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которууга милдеттүү.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында 2015-жылдын 1-январына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарага берилген жерлери үчүн бардык карызы 74,0 млн. сомду, анын ичинен негизги карыз - 63,1 млн. сомду жана финансы санкцияларынын суммасы - 10,9 млн. сомду түзөт деп белгиленген. Түшүүчү кирешелерди жабуунун конкреттүү жана негиздүү булактар жок, ошону менен бирге аларды республикалык бюджеттин эсебинен калыбына келтирүү сунушталууда.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына ылайык бекитилген бюджеттин көрсөткүчтөрүн кирешелер жана чыгымдар боюнча жалпысынан, ошондой эле кирешелердин бөлүмдөрү, главалары, подглавалары жана чыгымдардын негизги топтору, топтору, топчолору боюнча өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана айылдык жана шаардык кеңештер тарабынан кошумча чыгымдарды жабуунун жана түшүүчү кирешелердин конкреттүү, негиздүү булактары болгондо гана кабыл алынышы мүмкүн.
Мындан тышкары, пенсияларды дайындоонун камсыздандыруу принциби бузулууда, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча кандайдыр бир жеңилдиктерди берүү милдеттүү тартипте камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү жүзөгө ашырган башка жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөөнүн натыйжасында 2015-жылдын 1-январына чейин пайда болгон камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарды эсептен чыгаруу, ошондой эле жогоруда аталган карыздардын эсептен чыгарылган суммасын республикалык бюджеттин эсебинен калыбына келтирүү "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ушул чараларга чыгымдар каралбагандыгына байланыштуу мүмкүн эмес. Республикалык бюджеттин чыгымдарын көбөйтүү республикалык бюджеттин таңсыктыгына алып келет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорун кабыл алууну алгылыксыз деп эсептейбиз.