Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июлу № 519
2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында финансылык башкаруу жана контролдоо, ички аудит системаларын киргизүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тууралуу
Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында финансылык башкаруу жана контролдоо, ички аудит системаларын киргизүү боюнча иш-чаралардын планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, аткаруу бийлиги системасынын башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттө Иш-чаралардын планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өткөн жыл үчүн Иш-чаралардын планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар | Күтүлүүчү натыйжалар | Каржылоо булактары |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1. Ички аудит, финансылык башкаруу жана контролдоо системаларынын иштөөсүнүн ченемдик укуктук жана методологиялык негизин иштеп чыгуу | |||||
1 | Төмөнкү долбоорлорду иштеп чыгуу: 1) Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө отчетту даярдоо боюнча колдонмонун долбоору; 2) Финансылык башкаруу жана контролдоо системасынын мониторинги боюнча колдонмонун долбоору; 3) "Мамлекеттик ички финансылык контролдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору; 4) Кыргыз Республикасында ички контролдоонун стандарттарынын долбоору | 2015-2016-жылдар | Финмин, Дүйнөлүк банктын "Мамлекеттик сектордун ички аудитинин потенциалын өнүктүрүү" долбоору (мындан ары - ДБ "МС ИАПӨ" долбоору), Көп тараптуу Донордук Трасттык Фонддун "Мамлекеттик финансыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү (2-фаза)" долбоору (мындан ары -КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору) (макулдашуу боюнча) | Ички аудит, финансылык башкаруу жана контролдоо боюнча ченемдик укуктук жана методологиялык базаны өркүндөтүү | ДБ "МС ИАПӨ" долбоору (макулдашуу боюнча), КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча) |
2016-2018-жылдар | Финмин, КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча) | Финансылык башкаруу жана контролдоо боюнча ченемдик укуктук жана методологиялык базаны өркүндөтүү | КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча) | ||
2. Мамлекеттик ички финансылык контролдоо системасын киргизүү | |||||
2 | Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо системасын киргизүү | 2015-2020-жылдар | Министрликтер, аткаруу бийлиги системасынын башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдары (мындан ары - МСКПОСО), КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору | Уюмдардын башкаруу ишин жакшыртуу | КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору |
3 | Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо системасынын иштешинин адекваттуулук мониторинги | 2018-2020-жылдар | Министрликтер, аткаруу бийлиги системасынын башка мамлекеттик органдары, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), МСКПОСО, КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо системасын баалоо | КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча) |
4 | Финансы министрлигинде финансылык башкаруу жана ички контролдоо методологиясы боюнча түзүмдүк бөлүмдү түзүү | 2015-2016-жылдар | Финмин | Финансылык башкаруу жана контролдоо системасын түзүү жана өнүктүрүү | Каржылоону талап кылбайт |
3. Ички аудит системасын өнүктүрүү | |||||
5 | Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ички аудит кызматтарын түзүү | 2015-2020-жылдар | Финмин, министрликтер, аткаруу бийлигинин тутумунун башка мамлекеттик органдары, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), МСКПОСО | Ички аудит системасынын камтуу зонасын кеңейтүү. Ички контролдоо системасынын натыйжалуулугу | Каржылоону талап кылбайт |
6 | Ички аудит кепилдигин жана сапатын жакшыртуу программасын киргизүү | 2016-2018-жылдар | Министрликтер, аткаруу бийлиги системасынын мамлекеттик органдары, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), МСКПОСО, ДБ "МС ИАПӨ" долбоору (макулдашуу боюнча) | Ички аудитти жүргүзүү сапатын жогорулатуу | ДК "МС ИАПӨ" долбоору (макулдашуу боюнча) |
4. Ички аудит, финансылык башкаруу жана контролдоо жаатында адистердин квалификациясын жогорулатуу, тренингдер жана ички аудиторлорду сертификатташтыруу системасын киргизүү | |||||
7 | Ички аудиторлорду үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-2020-жылдар | Министрликтер, аткаруу бийлиги системасынын башка мамлекеттик органдары, ЖӨБ органдары, МСКПОСО, ДБ "МС ИАПӨ" долбоору (макулдашуу боюнча), КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча) | Ички аудиторлордун потенциалын жогорулатуу | ДБ "МС ИАПӨ" долбоору (макулдашуу боюнча), КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча) |
8 | Тренингдер жана ички аудиторлорду сертификатташтыруу системасын киргизүү (ички аудиттин адистеринин даярдык деңгээлин жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз окутуу (тренингдер) жана ички аудитордун сертификатын алуу үчүн тийиштүү экзамен тапшыруу) | 2016-2020-жылдар | Министрликтер, аткаруу бийлиги системасынын башка мамлекеттик органдары, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), МСКПОСО, ДБ "МС ИАПӨ" долбоору (макулдашуу боюнча) | Компетенттүүлүк жана кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу | ДБ "МС ИАПӨ" долбоору (макулдашуу боюнча) |
5. Финансылык башкаруу жана контролдоо, ички аудит боюнча мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилеринин маалымдуулугун жогорулатуу | |||||
9 | Финансылык башкаруу жана контролдоо, ички аудит боюнча мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилеринин маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу үчүн семинарларды жана презентацияларды уюштуруу | 2015-2020-жылдар | Финмин, КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча) | Финансылык башкаруу жана контролдоо, ички аудит системасынын иштеши жөнүндө мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилеринин маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу | КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча) |
6. Финансылык башкаруу жана контролдоо, ички аудит системасын өнүктүрүүнү маалыматтык-технологиялык камсыздоо | |||||
10 | Иштеп чыгуу жана киргизүү: 1) Финансылык башкаруу жана контролдоо системасына ички аудит жана мониторинг жүргүзүү үчүн программалык камсыздоо; 2) ички аудиторлорду он-лайн иштөө жана окутуу үчүн маалыматтык-мазмундуу веб-порталы | 2016-2017-жылдар | Министрликтер. аткаруу бийлиги системасынын башка мамлекеттик органдары, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), МСКПОСО, КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча), Кеңири сектордук мамиленин негизинде каржылоо долбоору (мындан ары -SWAP долбоору) (макулдашуу боюнча) | Ички аудитти жүргүзүү жол-жоболорун автоматташтыруу | КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча), SWAP долбоору (макулдашуу боюнча) |
2016-2018-жылдар | Финмин, ДБ "МС ИАПӨ" долбоору (макулдашуу боюнча) | Реалдуу убакыт режиминде ички аудиторлорду аралыктан окутуу | ДБ "МС ИАПӨ" долбоору (макулдашуу боюнча) | ||
7. Ички аудит жана финансылык башкаруу жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын потенциалын күчөтүү | |||||
11 | Финансылык башкаруу жана контролдоо методологиясы маселелери боюнча окутуу жүргүзүү | 2015-2020-жылдар | Финмин, ДБ "МС ИАПӨ" долбоору (макулдашуу боюнча), КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча) | Кызматкерлердин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу | ДБ "МС ИАПӨ" долбоору (макулдашуу боюнча), КДТФ "МФБПӨ - 2" долбоору (макулдашуу боюнча) |