Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 533 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенмелерди берүүнүн жана аларды аткаруунун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-12-беренесине ылайык иштелип чыккан жана кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенмелерди берүүнүн жана аларды аткаруунун тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) иштетип алма чийки зат - продукцияларды кайра кайтарып алуу менен даяр продукцияны иштеп чыгуу үчүн берилген чийки зат;
2) ыйгарым укуктуу салык органы - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы;
3) салык органдары - ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдык бөлүктөрү;
4) товарларды кайра иштетүү - Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасы (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) боюнча классификациялык коду биринчи төрт белгинин кайсынысынын болбосун деңгээлинде өнөр жайлык кайра иштетүүгө ташып келинген товарлардын кодунан айырмаланган жаңы товарларды алуу үчүн өндүрүштө товарларды (чийки зат жана (же) материалдарды) пайдалануу;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - өнөр жайды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик орган.
2. Кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү жөнүндө милдеттенмени берүүнүн тартиби
3. Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттин аймагына кайра иштетүү үчүн иштетип алма чийки затын ташып чыгуу учурунда, мындай иштетип алма чийки затын ташып чыгарууну ишке ашырган салык төлөөчү, салыктык катталуу орду боюнча салык органына кайра иштетүүчү продуктуларды ташып кирүү жөнүндөгү милдеттенмени (мындан ары - ташып кирүү жөнүндө милдеттенме) иштетип алма чийки заты жүктөлгөн айдан кийинки айдын 20-күнүнөн кеч эмес берет.
4. Эгерде, милдеттенмеде көрсөтүлгөн, кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү мөөнөтү аяктаганга чейин, кошумча макулдашуу менен иштетип алма чийки затын кайра иштетүүнүн мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө келишимге (контрактка) өзгөртүүлөр киргизилсе, анда мындай өзгөртүүлөр боюнча салык төлөөчү кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү жөнүндөгү мурдагы милдеттенмеде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин, кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү жөнүндөгү жаңы милдеттенмени берет. Бул учурда кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү жөнүндөгү милдеттенмеде көрсөтүлгөн иштетип алма чийки затын кайра иштетүүнүн мөөнөтү, иштетип алма чийки затты жүктөө датасынан кийин катары менен келген 24 айдан ашпашы керек.
5. Кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү жана аны толтуруу тартиби жөнүндө милдеттенменин формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
6. Ташып кирүү жөнүндөгү милдеттенме эки нускада жазуу формасында түзүлөт, салык төлөөчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлат жана салык төлөөчүнүн мөөрү менен (ал болгон учурда) күбөлөндүрүлөт. Ташып кирүү жөнүндөгү милдеттенме салык органына колмо-кол берилет. Ташып кирүү жөнүндөгү милдеттенменин бир нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат, экинчи нускасы салык органында калат.
7. Ташып кирүү жөнүндөгү милдеттенмеге төмөнкүлөр тиркелет:
1) Иштетип алма чийки затын ташып чыгарууну ырастаган документтер:
- анын негизинде иштетип алма чийки затын ташып чыгаруу ишке ашырылган келишим (макулдашуу);
- товарды коштоочу документтер;
2) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-12-беренесинин 8-бөлүгүндө каралган товарларды кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик салык органынын корутундусу.
3. Кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү жөнүндө милдеттенмени аткаруунун тартиби
8. Ташып кирүү жөнүндөгү милдеттенмени аткаруунун жыйынтыгы боюнча ташып кирүү жөнүндөгү милдеттенмеде көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларын ташып киргизилген мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирилбеген мөөнөттө кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү жөнүндө милдеттенменин аткарылышы тууралуу отчет (мындан ары - отчет) салык төлөөчү тарабынан салыктык катталган орду боюнча салык органына берилет.
9. Ташып кирүү жөнүндөгү милдеттенменин аткарылышы болуп, кайра иштетүү продуктуларын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана (же) белгиленген мөөнөттөрдө кайра иштетүү продуктуларын сатуу саналат, бул учурда, кайра иштетүүчү продуктуларды ташып кирүү жөнүндөгү милдеттенмеде көрсөтүлгөн мөөнөт иштетип алма чийки затты жүктөө датасынан кийин катары менен келген 24 айдан ашпашы керек.
10. Ташып кирүү жөнүндө милдеттенменин аткарылышы тууралуу отчеттун формасы жана аны толтуруунун тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
11. Отчетто төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилген иштетип алма чийки затын кайра иштетүү продуктулары жөнүндө маалымат;
2) кайра иштетүү аймагында ишке ашырылган, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекетинин аймагында сатылган иштетип алма чийки затын кайра иштетүү продуктулары жөнүндө маалымат;
3) Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-башка мамлекеттин аймагында сатылган иштетип алма чийки затын кайра иштетүү продуктулары жөнүндө маалымат;
4) Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттин аймагында сатылган иштетип алма чийки затын кайра иштетүү продуктулары жөнүндө маалымат;
5) белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилбеген иштетип алма чийки затын кайра иштетүү продуктулары жөнүндө маалымат.
12. Отчет кагазга жазылган түрүндө эки нускада түзүлөт, салык төлөөчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлат жана салык төлөөчүнүн мөөрү менен (ал болгон учурда) күбөлөндүрүлөт.
13. Отчет салык органына колмо-кол берилет, отчеттун бир нускасы кабыл алынгандыгы жөнүндө салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат, экинчи нускасы салык органында калат.
14. Отчетко төмөнкүлөр тиркелет:
1) Иштетип алма чийки затын кайра иштетүү боюнча иштин аткарылгандыгынын фактысын ырастаган документтер:
- аткарылган иштердин актылары;
- эсеп-фактуралары;
2) кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүүнү ырастаган документтер:
- анын негизинде кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү ишке ашырылган келишим (макулдашуу) (бар болсо);
- товарды коштоочу документтер.
4. Кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгуу жөнүндө милдеттенмени берүүнүн тартиби
15. Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекетинен Кыргыз Республикасынын аймагына кайра иштетүү үчүн иштетип алма чийки затын ташып кирүү учурунда, мындай иштетип алма чийки затын кайра иштетүүнү ишке ашырган салык төлөөчү, салыктык катталуу орду боюнча салык органына кайра иштетүүчү продуктуларды ташып чыгуу жөнүндөгү милдеттенмени (мындан ары - ташып чыгуу жөнүндө милдеттенме) иштетип алма чийки заты кирешеленген айдан кийинки айдын 20-күнүнөн кеч эмес берет.
16. Эгерде, ташып чыгуу жөнүндө милдеттенмеде көрсөтүлгөн, кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгуу мөөнөтү аяктаганга чейин, кошумча макулдашуу менен иштетип алма чийки затын кайра иштетүүнүн мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө келишимге (контрактка) өзгөртүүлөр киргизилсе, анда мындай өзгөртүүлөр боюнча салык төлөөчү ташып чыгуу жөнүндөгү мурдагы милдеттенмеде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин, ташып чыгуу жөнүндөгү мурда берилген милдеттенмени кайтарып алуу менен бирге, ташып чыгуу жөнүндөгү жаңы милдеттенмени берет. Бул учурда ташып чыгуу жөнүндөгү милдеттенмеде көрсөтүлгөн иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнүн мөөнөтү, иштетип алма чийки затты жүктөө датасынан кийин катары менен келген 24 айдан ашпашы керек.
17. Ташып чыгуу жөнүндөгү милдеттенме эки нускада жазуу формасында түзүлөт, салык төлөөчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлат жана салык төлөөчүнүн мөөрү менен (ал болгон учурда) күбөлөндүрүлөт.
18. Ташып чыгуу жөнүндөгү милдеттенме салык органына колмо-кол берилет. Ташып чыгуу жөнүндөгү милдеттенменин бир нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат, экинчи нускасы салык органында калат.
19. Ташып чыгуу жөнүндөгү милдеттенмеге төмөнкүлөр тиркелет:
1) Иштетип алма чийки затын ташып кирүүнү ырастаган документтер:
- анын негизинде иштетип алма чийки затын ташып кирүү ишке ашырылган келишим (макулдашуу);
- товарды коштоочу документтер;
2) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-12-беренесинин 8-бөлүгүндө каралган товарларды кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик салык органынын корутундусу.
5. Кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгуу жөнүндө милдеттенмени аткаруунун тартиби
20. Ташып чыгуу жөнүндөгү милдеттенменин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча, ташып чыгуу жөнүндөгү милдеттенмеде көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүүнүн айынан кийинки айдын 20-күнүнөн кеч эмес мөөнөттө кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү жөнүндө милдеттенменин аткарылышы тууралуу отчет (мындан ары - отчет) салык төлөөчү тарабынан салыктык катталган орду боюнча салык органына берилет.
21. Ташып чыгуу жөнүндөгү милдеттенменин аткарылышы болуп, кайра иштетүү продуктуларын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жана (же) белгиленген мөөнөттөрдө сатуу саналат, бул учурда, кайра иштетүүчү продуктуларды ташып чыгуу жөнүндөгү милдеттенмеде көрсөтүлгөн иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнүн мөөнөтү иштетип алма чийки затты жүктөө датасынан кийин катары менен келген 24 айдан ашпашы керек.
22. Ташып чыгуу жөнүндө милдеттенменин аткарылышы тууралуу отчеттун формасы жана аны аткаруунун тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
23. Отчетто төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында сатылган иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктулары жөнүндө маалымат;
2) мурда иштетип алма чийки заты ташып киргизилген аймактан, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекетинин аймагына ташып чыгарылган мындай иштетип алма чийки затын кайра иштетүү продуктулары жөнүндө маалымат;
3) Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-башка мамлекеттин аймагында сатылган иштетип алма чийки затын кайра иштетүү продуктулары жөнүндө маалымат;
4) Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттин аймагында сатылган иштетип алма чийки затын кайра иштетүү продуктулары жөнүндө маалымат;
5) белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылбаган иштетип алма чийки затын кайра иштетүү продуктулары жөнүндө маалымат.
24. Отчет кагазга жазылган түрүндө эки нускада түзүлөт, салык төлөөчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлат жана салык төлөөчүнүн мөөрү менен (ал болгон учурда) күбөлөндүрүлөт.
25. Отчет салык органына колмо-кол берилет, отчеттун бир нускасы кабыл алынгандыгы жөнүндө салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат, экинчи нускасы салык органында калат.
26. Отчетко төмөнкүлөр тиркелет:
1) иштетип алма чийки затын кайра иштетүү боюнча ишти аткаруунун фактысын ырастаган документтер:
- аткарылган иштердин актылары;
- эсеп-фактуралары;
2) кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгууну ырастаган документтер:
- анын негизинде кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгуу ишке ашырылган келишим (макулдашуу) (бар болсо);
- товарды коштоочу документтер.