Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июлу № 533
Кыргыз Республикасында иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн шарттарын жана кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенмелерди берүүнүн жана аларды аткаруунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-12-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулгандыгын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн шарттары, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенмелерди берүүнүн жана аларды аткаруунун тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн ШАРТТАРЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шарттар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-12-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу Кыргыз Республикасында өнөр жайлык кайра иштетүүгө арналган иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн шарттарын аныктайт.
2. Ушул Шарттарда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) өнөр жайлык кайра иштетүү - Бажы биримдигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасы (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) боюнча классификациялык коду биринчи төрт белгинин кайсынысынын болбосун деңгээлинде өнөр жайлык кайра иштетүүгө ташып киргизилген товарлардын кодунан айырмаланган жаңы товарларды алуу үчүн өндүрүштө товарларды пайдалануу;
2) салык төлөөчү - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого алынган юридикалык жак же жеке ишкер саналат;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - өнөр жайды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик орган.
3. Иштетип алма чийки затты кайра иштетүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү корутундусу менен ырасталат.
4. Товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү корутунду салык төлөөчү төмөнкүдөй документтерди берген учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан чыгарылат:
1) кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү корутундуну берүү жөнүндөгү арыз (эркин формада);
2) бүтүмдүн (контракт, келишим) болгондугун ырастаган документтин көчүрмөсү, арыз ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, ага карата тиркемелер жана (же) толуктоолор;
3) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык он белгинин деңгээлинде өнөр жайлык кайра иштетилген товарлардын жана продуктулардын аталышын жана классификациясын ырастаган документтин арыз ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) өнөр жайлык кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу нормаларын эсептөөнүн таблицасы, ага товарларды өнөр жайлык кайра иштетүү боюнча операциялары (технологиялык процесске негизделген), аларды жакшыртуунун ыкмалары, товарларды идентификациялоонун ыкмалары, ошондой эле товарларды өнөр жайлык кайра иштетүү боюнча мөөнөттөрү кирет;
5) салыктык катталуусу жөнүндө каттоо документинин көчүрмөсү;
6) салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын ырастоосу.
5. Берилген документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 15 календардык күндүн ичинде каралат. Кароонун жыйынтыгында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча, товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө тиешелүү (оң же терс) корутунду чыгарылат.
6. Товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө терс корутунду төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) арыз ээси тарабынан корутундуну алуу үчүн берилген документтерде так эмес маалыматтар болгондо;
2) ушул Шарттардын 3-пунктунда каралган документтердин пакети толук берилбегенде.
7. Товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутунду салык төлөөчүгө төмөнкү шарттар менен жиберилет:
1) кайрадан кабарлоо менен почта аркылуу жана салык төлөөчүнүн экономикалык иш жүргүзгөн акыркы дареги боюнча же анын Кыргыз Республикасында катталган акыркы дареги боюнча же салык төлөөчүнүн салык өкүлүнө жеткирилет;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө жеке кол коюу менен берилет.