Редакцияот 27.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 27-июлу № 534

Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу

Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун алдын алуу максатында, "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев