Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 534 токтому менен бекитилген |
Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берүүнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип монополияга каршы мыйзамдардын бузулушунун алдын алуу максатында иштелип чыккан жана монополияга каршы органдын монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерине жол бербөө жөнүндө эскертүүлөрдү жөнөтүү маселелерин жөнгө салат (мындан ары - эскертүү).
2. Эскертүүнү берүү үчүн негиз болуп чарбалык субъекттин кызмат товардык рынокто пландалып жаткан аракети жөнүндө ачык билдирүүсү (пресс-конференцияда чыгып сүйлөө, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, интернет ресурстарындагы маалыматтар) эсептелет, эгерде мындай аракет монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болсо жана мында монополияга каршы мыйзамды бузуу жөнүндө ишти козгоо жана кароо үчүн негиздер жок болсо (мындан ары - ачык билдирүү).
3. Чарбалык субъекттин кызмат адамына ушул Тартиптин 2-пунктунда белгиленген учурда эскертүү жөнөтүлөт.
4. Ушул Тартипти колдонуу максатында чарбалык субъекттин кызмат адамы болуп уюмдардын жетекчилери, директорлор кеңешинин (байкоо кеңешинин) мүчөлөрү жана тескөөчү ыйгарым укуктарына ээ башка жактар же чарбалык субъекттин атынан ачык билдирүүчү жактар эсептелет.
2. Эскертүүнү даярдоо жана жөнөтүү
5. Ачык билдирүү жөнүндө маалымат белгилүү болгондон же келип түшкөндөн тартып жети күндүн аралыгында монополияга каршы орган тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын ченемдерин чарбалык субъект бузуп жаткандыгын аныктаган экспертиза жүргүзүлөт. Экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгы монополияга каршы органдын корутундусу болуп эсептелет.
6. Корутундуда эскертүү жөнөтүүгө негиздин бар экендиги жана чарбалык субъекттер тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын ченемдеринин бузулуусу мүмкүн экендиги көрсөтүлөт.
7. Корутундунун жыйынтыгы боюнча монополияга каршы орган эки күндүн ичинде ушул Тартиптин тиркемесиндеги формага ылайык эскертүүнүн долбоорун даярдайт, анда:
- эскертүү жөнөтүүгө негиздин бар экендиги жөнүндө жыйынтыктар;
- чарбалык субъект тарабынан бузулуусу мүмкүн болгон монополияга каршы мыйзамдардын ченемдери көрсөтүлөт.
8. Эскертүүнүн долбоору жана корутунду эскертүүнү жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн монополияга каршы органдын жетекчисине киргизилет.
9. Корутундуда жана эскертүүдө камтылган жыйынтыктар менен макул болсо, эскертүүгө монополияга каршы органдын жетекчиси кол коёт. Эскертүү бир күндүн ичинде чарбалык субъекттин жайгашкан дареги боюнча чарбалык субъекттин кызмат адамына жөнөтүлөт.
|
| Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берүүнүн тартибине тиркеме |
Форма
Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө ЭСКЕРТҮҮ
Чарба субъектинин аты-жөнү, кызмат орду, аталышы, орду
________________________________________________________________________________
Товардык рынокто жасала турган аракеттери жөнүндө ачык билдирүү жасагандыгына байланыштуу
________________________________________________________________________________
ачык билдирүүнүн кыскача баяндамасы, ачык билдирүү жасалган кырдаал
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияны жөнгө салуу агенттиги (монополияга каршы орган) "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-1-беренесине ылайык жасала турган аракеттерге эскертүү берет, бул аракеттер "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
________________________________________________________________________________
берене, бөлүм, пункт
________________________________________________________________________________
бузулушуна алып келет.
Директор |
| (колу) |