Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 547
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдери жөнүндө
Мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу тийиштүү финансылык жылга карата тиешелүү бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |