Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 547 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдери жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо укук бузуулардын алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО) жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмин түзүү жолу менен калктын Кыргыз Республикасынын ИИОго болгон ишенимин жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
2. ИИОнун жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүү милдеттери:
- ИИОго коомдун ишеничин жогорулатуу;
- ИИОнун ишинин ачыктыгын жогорулатуу;
- коомдук тартипти ИИО менен биргеликте камсыз кылууда жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусун тартипке келтирүү;
- калк арасында ИИОнун кызматкерлеринин кадыр-баркын жаратуу;
- укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууну биргеликте уюштуруу;
- калктын укуктук сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен пландарды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө материалдык жана башка жардамдарды алдын ала кароого укуктуу.
4. ИИО жана жарандык коом институттары зарыл болгон учурларда укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган биргелешкен жумушчу топторду түзүшү мүмкүн.
5. Жарандар, алардын бирикмелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын, алардын бирикмелеринин ИИО менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү үчүн атайын фонд түзүшү мүмкүн.
2. ИИОнун жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүүсүнүн негизги механизмдери
6. ИИО өз ишинде жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүүнүн төмөнкүдөй механизмдерин пайдаланышат:
- ИИОнун кызматкерлеринин жарандарды жеке кабыл алуу;
- калк менен жолугушууларга катышуу;
- ИИОнун кайрылууларды, даттанууларды, сунуштарды карап чыгуусунун жыйынтыктарын кайрылган адамдарга берүү;
- пландалган иш-чараларды жана демилгелерди кошкондо ИИОнун иши жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ), ИИОнун аймактык бөлүктөрүнүн жана ИИМдин Коомдук кеңешинин расмий сайттарына жайгаштыруу;
- жарандардын кайрылууларын, сунуштарын жана рекомендацияларын кароонун жыйынтыктарын, анын ичинде калк менен жолугушууларда айтылгандарды ИИМдин, ИИОнун аймактык бөлүктөрүнүн жана ИИМдин Коомдук кеңешинин расмий сайттарына жайгаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуунун башка механизмдери.
3. Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча ИИОнун жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттары
7. Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча ИИОнун жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүүсү төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
- жарандардын өмүрүн, ден-соолугун жана мүлкүн сактоо, алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте экстремисттик иштердин алдын алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан баңгилик, токсикомания жана укук бузуулардын алдын алуу;
- жол кыймылы чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте үй-бүлөлүк зомбулуктан жана зомбулуктун башка түрлөрүнөн жана ырайымсыз мамиледен коргоо жана сактоо;
- балдар кылмыштуулугунун жана жашы жете электерге карата зомбулуктун алдын алуу.
8. Жарандардын өмүрүн, ден-соолугун жана мүлкүн сактоо, алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коом институттарынын көмөк көрсөтүүсү төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу үчүн ар кандай булактардан финансылык каражаттарды тартуу;
- коомдук алдын алуу борборлорун жана милиция пункттарын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу;
- маалыматтык-агартуучулук иштер, калктын бардык категорияларынын арасында укуктук пропагандалоо чөйрөсүндөгү биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле коомдук укуктук тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга ИИОго көмөк көрсөткөн жарандардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнүн механизмдери жана башка формалары.
9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, экстремисттик иштердин алдын алуу төмөнкүдөй түрдө ишке ашырылышы мүмкүн:
- этномаданияттык, улуттук бирикмелердин жана экстремисттик багыттагы диний уюмдардын, жалган диний борборлордун, түрдүү деструктивдүү секталардын укукка каршы иштеринин алдын алуу;
- калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча укуктук, агартуучулук, билим берүүчүлүк жана тарбиялык иштерди камсыз кылуу, диний сабырдуулукту, толеранттуулукту, кылмыштуулуктун алдын алууну, коомдун диний жашоо чөйрөсүндө жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушун ачып көрсөтүү, салттуу конфессиялардын позитивдүү ресурстарын тартуу менен улуттар аралык жаңжалдардын алдын алуу жана диний экстремизмге идеялык каршы туруу;
- экстремизмдин алдын алуу чөйрөсүндө кесиптик деңгээлди жогорулатуу боюнча ИИОнун кызматкерлери үчүн маалыматтык-билим берүү иш-чараларын өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнүн башка формалары жана механизмдери.
10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте баңгиликтин, токсикоманиянын, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу, төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрүү менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, баңгиликтин, токсикоманиянын, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу боюнча пландалган иш-чараларды өткөрүү;
- калк арасында сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо боюнча агартуучулук, билим берүүчүлүк жана тарбиялык иштер;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кесиптик деңгээлди жогорулатуу боюнча ИИОнун кызматкерлери үчүн маалыматтык-билим берүү иштери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнүн механизмдери жана башка формалары.
11. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкүдөй түрдө ашырылышы мүмкүн:
- Жол кыймылынын эрежелерин сактоонун жана жол кыймылынын катышуучуларынын бири-бирине, ИИОнун кызматкерлерине карата сый мамилелерин, Жол кыймылынын эрежелерин бузган фактыларга калктын терс мамилелерин калыптандыруу, жарандык жана укуктук жоопкерчилик маселелерин жалпыга маалымдоо каражаттарында пропагандалоо жана чагылдыруу;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жана пландалган иш-чараларды жүргүзүү, жол - транспорт кырсыктарынын жана балдардын жаракат алууларынын себептерин аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнүн механизмдери жана башка формалары.
12. Үй-бүлөлүк зомбулуктан, ошондой эле зомбулуктун башка түрлөрүнөн жана ырайымсыз мамиледен коргоо жана сактоо төмөнкүдөй түрдө ишке ашырылат:
- аймактык социалдык коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте жайсыз үй-бүлөлөр менен үзгүлтүксүз алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга зарыл кеңештерди берүү жана коргоо ордерлерин берүүнүн тартибин же үй-бүлөдө зомбулук жасаган адамды административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартуунун тартибин түшүндүрүү;
- үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун пайда болушуна өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды изилдөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнүн башка формалары жана механизмдери.
13. Балдар кылмыштуулугунун жана жашы жете элек балдарга карата жана алардын арасындагы зомбулуктун алдын алуу төмөнкүдөй түрдө ишке ашырылат:
- жашы жете электердин жана алардын ата-энелеринин укуктук аң-сезиминин, жарандык жана укуктук жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатуу;
- жашы жете элек балдардын жалпы рухий, адеп-ахлактык жана маданияттуулук деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- балдар кылмыштуулугун жана кароосуз калууларынын алдын - алууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнүн башка формалары.
4. Укук бузуулардын алдын алууга катышуунун формалары
14. ИИОнун жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүүсү ар кандай формада: маалыматтык, кеңеш берүүчүлүк, методикалык, уюштуруучулук-практикалык жана мамлекеттик атайын заказ аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларында ишке ашырылышы мүмкүн.
15. Маалыматтык өз ара аракеттенүү ИИОнун ыйгарым укуктуу кызматтары аркылуу атайын рубрикаларды, тематикалык радиоуктуруу жана телекөрсөтүүлөрдү түзүү жолу менен ИИОнун жана жарандык коом институттарынын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
16. Консультативдик өз ара аракеттенүү укук бузуулардын жана коомдук тартипти коргоонун алдын алуу маселелери боюнча калкка укуктук кеңеш берүү менен ишке ашырылышы мүмкүн.
17. Методикалык өз ара аракеттенүү ИИО жана жарандык коом тарабынан укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча өз ишинде колдонууга мүмкүн болгон методикалык сунуштамаларды, маалыматтык-билим берүүчү материалдарды, маалымдамаларды ж.б. иштеп чыгуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
18. Уюштуруучулук-практикалык өз ара аракеттенүү биргелешкен форумдарды, жарандардын жыйналыштарын, "тегерек столдорду", семинарларды, конференцияларды, тренингдерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды өткөрүү аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
19. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу аркылуу өз ара аракеттенүү коомдук коопсуздук жана укуктук тартип жаатындагы конкреттүү социалдык маанилүү проблемаларды чечүүгө багытталган максаттуу социалдык пилоттук иш-чараларды (акцияларды, программаларды, долбоорлорду) иштеп чыгуу жана (же) ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
20. Укук бузуулардын, коомдук тартипти сактоонун жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алдын алууга жарандардын катышуусу ыктыярдуу болуп саналат, жеке жана жамааттык формаларда ишке ашырылат.
21. Жарандардын жеке катышуу формасы. Жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:
- укук бузуулар жана коомдук тартипке келтирилген коркунучтар жөнүндө ИИОго маалымдоого;
- коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөөгө багытталган иш-чараларга ИИОнун чакыруусу боюнча катышууга;
- спорттук, маданий-оюн-зоокторду жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүдө алардын уюштуруучуларынын чакыруусу боюнча коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга катышууга;
- коомдук тартипти коргоонун маселелери боюнча ИИОдо түзүлүүчү координациялык, консультативдик, эксперттик жана кеңеш берүүчү органдардын (кеңештер, комиссиялар) иштерине алардын чакыруусу боюнча катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ИИОго башка көмөктөрдү көрсөтүүгө.
22. Укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашырууда жарандардын жамааттык катышуу формасы:
- ИИМдин Коомдук кеңеши;
- Коомдук-алдын алуу борбору;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашырууга башка катышуулар.
23. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо ушул Жободо каралган иш-чараларды өткөрүүгө төмөнкүлөр тартылбайт:
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
- Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары:
алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар;
аларга карата жазык куугунтугу жүзөгө ашырылуучу;
атайылап жасалган кылмышы үчүн мурда соттолгондор;
экстремисттик иштерге же терроризмге катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтар болгон уюмдардын жана жеке жактардын тизмесине киргендер;
соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен, алардын аракеттеринде экстремисттик иштин белгилери камтылган деп белгиленгендер;
психикалык жактан жабыр тарткандар, баңгилик же аракечтик менен ооругандар;
мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылгандар.
5. ИИМдин Коомдук кеңеши
24. ИИМдин Коомдук кеңеши ИИО менен коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүнүн жана кызматташтыгынын формаларынын бири болуп саналат жана өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
25. ИИМдин Коомдук кеңеши жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууда ИИОго көмөк көрсөтүүгө укуктуу.
26. ИИМдин Коомдук кеңеши өз ишин жарандык коом институттары менен тыгыз өз ара байланышта ишке ашырат, ИИОнун иш чөйрөсүнө тийиштүү маселелер боюнча сунуштарды кабыл алат жана карайт.
27. ИИМдин Коомдук кеңеши өзүнүн компетенциясынын чегинде укук бузуулардын алдын алуу, коомдук тартипти камсыз кылуу жана калктын ИИОго болгон ишенимин жогорулатуу боюнча иштер менен байланышкан сунуштарды жана демилгелерди карайт.
28. ИИМдин Коомдук кеңеши ИИОнун иши тууралуу, анын ичинде ушул Жободо көрсөтүлгөн багыттар боюнча коомчулукка маалымдоого көмөк көрсөтөт.
29. Зарыл болгон учурда ИИМдин Коомдук кеңешинин алдында туруктуу жана/же убактылуу жумушчу органдар: комитеттер, комиссиялар жана жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн.
6. Коомдук-алдын алуу борборлору
30. Коомдук-алдын алуу борборлору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тийиштүү административдик аймакта уюштурулат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган укуктук статуска ээ болушат.
31. Коомдук-алдын алуу борборунун курамына төмөнкүлөр кириши мүмкүн: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, эмгектин жана ИИОнун ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңештеринин, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеңештин депутаттары, кварталдык, кондоминиум, үй комитеттеринин төрагалары жана коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү боюнча коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарууга өздөрүнүн моралдык-иштиктүү сапаты боюнча жөндөмдүү жарандар.
32. Коомдук-алдын алуу борбору өзүнүн жыйындарында коомдук тартипти сактоонун жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн, укук бузуулардын шарттарын жана себептерин жоюунун (бейтарапташтыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүү жүрүм-турумуна дем берүү маселелерин карайт жана ушул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгышат.
33. Коомдук-алдын алуу борборунун иши тейлөөчү аймактардагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын абалына талдоо жүргүзүүнүн негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
34. Коомдук-алдын алуу борбору укук бузуу фактылары тууралуу ИИОго маалымдайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды керет.
35. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери менчигинин түрүнө карабастан өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Коомдук-алдын алуу борборлоруна материалдык жана моралдык сыйлоо чараларын көрүшү мүмкүн.
36. Коомдук-алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болот. Алардын кол тийбестиги, абийири жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголот.
7. Сыйлоо тартиби
33. Жарандар жана коомчулук ИИОнун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандар менен өз ара активдүү аракеттенүүнү ишке ашырган ИИОнун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат бериши мүмкүн.
34. ИИО өзүнүн компетенциясынын чегинде жана мүмкүнчүлүгүнө жараша коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларга активдүү катышкан жарандарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлерине, ИИМдин Коомдук кеңештеринин, Коомдук-алдын алуу борборлорунун мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлык бериши мүмкүн.