Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 541 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн, категориясын өзгөртүүнүн, чек араларын бекитүүнүн жана жоюунун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасындагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү, категориясын өзгөртүү, чек араларын бекитүү жана жоюу маселелерин жөнгө салат (мындан ары - Тартип).
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары (мындан ары - ӨКЖА) алардын максаттык багытына жана жаратылыш ресурстарын жана объекттерин коргоо режимине жараша "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүдөй категорияларга (статустарга) бөлүнөт:
- мамлекеттик жаратылыш коруктары;
- мамлекеттик жаратылыш парктары;
- мамлекеттик корукчалар;
- мамлекеттик жаратылыш эстеликтери;
- мамлекеттик ботаникалык бактар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар;
- биосфералык аймактар жана/же резерваттар;
- трансчек аралык ӨКЖА.
3. ӨКЖА экологиялык, илимий жана экономикалык негиздемелерди, ошондой эле тарыхый-маданий маанилүүлүктү эске алуу менен түзүлөт.
Экологиялык негиздеме үчүн негиз болуп региондун экологиясы үчүн жаратылыш объекттеринин жана комплекстеринин уникалдуулугун жана маанилүүлүгүн аныктоо, ӨКЖАга долбоорлонуп жаткан аймактын экологиялык абалын баалоо жана аларды коргоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу боюнча сунуштар саналат.
4. Экономикалык негиздеме үчүн төмөнкү аныктамалар негиз болуп саналат:
- ӨКЖАга берилүүчү жерлердин чектери жана аянттары;
- экологиялык-туристтик жана тарыхый-маданий маанилүүлүктөр;
- ӨКЖАны уюштуруу, кармоо жана өнүктүрүү менен байланышкан иш-чаралар жана чыгымдар;
- жердин менчик ээлеринен жана аларды пайдалануучулардан жер участокторун алып коюу менен байланышкан сарптоолор;
- ӨКЖАны функционалдык зоналаштыруу;
- ӨКЖАдагы жаратылыш ресурстарын жана объекттерин коргоо режими;
- ӨКЖАнын региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасири.
5. Илимий негиздемелер үчүн төмөнкүдөй аныктамалар негиз болуп саналат:
- илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, жаратылыш процесстерине жана кубулуштарына узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү үчүн жаратылыш ресурстарынын, объекттеринин жана комплекстеринин уникалдуулугу;
- геоэкологиялык маанилүүлүк;
- биогеографиялык жана ландшафттык өзгөчөлүктөр;
- флоралардын жана фауналардын түрлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебине киргизилгендери жана глобалдык мааниси барлары.
6. Экологиялык, илимий жана экономикалык негиздемелерди жана тарыхый-маданий маанилүүлүктү эске алуу менен ӨКЖАнын категорияларын аныктоо, аймактарды зоналаштыруу жана жаратылыш ресурстары менен объекттерин коргоо режими жүзөгө ашырылат.
7. ӨКЖАны түзүүдө жерлерди алып коюуга байланыштуу алардын иштеринин чектелгендиги жана токтотулгандыгы менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын чыгашаларынын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулат.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү
8. ӨКЖАны түзүү маселелеринин демилгечилери төмөнкүлөр болуп саналат:
- курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган);
- министрликтер жана ведомстволор;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары - УИА) жана башка илимий уюмдар;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- коомдук экологиялык уюмдар жана бирикмелер.
9. Ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер ӨКЖАны түзүү маселеси боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылат, алар биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жана ӨКЖАны башкаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жооптуу болуп саналат.
10. Ыйгарым укуктуу орган кайрылууларды кароонун жыйынтыгы боюнча ӨКЖАны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу же максатка ылайык эместиги жөнүндө чечим кабыл алат, ал жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө, негиздемени баяндоо менен кайрылуунун авторуна билдирет.
11. Ыйгарым укуктуу орган ӨКЖАны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алууда өзүнүн чечими менен ӨКЖАны түзүү боюнча керектүү материалдарды даярдоо үчүн жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзөт.
12. Жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын, УИАнын, илимий мекемелердин, коомдук экологиялык уюмдардын жана бирикмелердин адистери жана эксперттери кирет.
Жумушчу топтун ишине аймагында ӨКЖАны түзүү пландаштырылып жаткан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
13. Жумушчу топ ӨКЖАны уюштуруу боюнча негизги иштердин планын иштеп чыгат, ыйгарым укуктуу орган менен макулдашат жана ага бекиттирет.
14. Жумушчу топ түзүлгөн күндөн тартып 30 (отуз) жумушчу күндүн ичинде төмөнкүдөй негизги жумуштарды аткарат:
- ӨКЖА түзүлүп жаткан жердин жаратылышынын корголуучу баалуулуктарына талдоо жүргүзөт;
- бериле турган категориянын (статустун) өзгөчөлүктөрүн, аймакты зоналаштыруунун жана түзүлүүчү ӨКЖАнын жаратылыш ресурстарын жана объекттерин коргоонун режимин жеринде аныктайт;
- уникалдуу жаратылыш комплекстеринин жана биологиялык түрдүүлүктөрдүн, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттеринин болушун эске алуу менен экосистемага жеринде талдоо жана аймактын ландшафттык-географиялык жайгашуусун изилдөөнү жүргүзөт;
- ӨКЖАнын ичинде калк жашаган конуштардын, жеке менчикте турган жердин жана курулуштардын, жалпы пайдалануудагы жайыттардын жана жолдордун жайгашуусун болтурбоо максатында долбоорлонуп жаткан ӨКЖАнын аймагын жеринде изилдейт;
- керектүү картографиялык жана жерге жайгаштыруу материалдарынын долбоорлорун жеринде даярдайт жана макулдашат;
- ӨКЖА түзүлүп жаткан райондо жашаган калктын арасында социологиялык сурамжылоону жеринде жүргүзөт;
- ӨКЖАны долбоорлоого жана түзүүгө тиешелүү башка иштерди жеринде жүргүзөт;
- долбоорлонуп жаткан ӨКЖАнын экологиялык, илимий жана экономикалык негиздемелерин иштеп чыгат.
15. Долбоорлонуп жаткан ӨКЖАнын аймагы экологиялык жактан өзүнчө болууга, өзүңө негизги жана ири корголуучу экосистемаларды жана ландшафттарды толугу менен камтууга тийиш.
16. ӨКЖАны долбоорлоодо жергиликтүү калктын кызыкчылыктары эске алынууга тийиш.
17. Ыйгарым укуктуу орган жумушчу топтун долбоорлонуп жаткан ӨКЖАга экологиялык, илимий жана экономикалык негиздемелерди иштеп чыгышы үчүн мамлекеттик органдардан, илимий уюмдардан жана мекемелерден керектүү материалдарды жана маалыматтарды сурайт жана алат.
18. ӨКЖАны түзүү боюнча долбоорлоо жана уюштуруу иштерине сарптоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын республикалык жана жергиликтүү фонддорунун каражаттарынан бөлүнөт.
19. Жумушчу топ ӨКЖАны түзүү маселеси боюнча материалдарды ыйгарым укуктуу органдын кароосуна киргизет. Жумушчу топтун жетекчиси ӨКЖА уюштуруу боюнча материалдардын жана маалыматтардын тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
20 Ыйгарым укуктуу орган жумушчу топ даярдаган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ӨКЖАны уюштуруу жөнүндө маселени демилге кылат.
21. Мамлекеттик жаратылыш коруктарын, мамлекеттик жаратылыш парктарын, мамлекеттик корукчаларды, жаратылыш эстеликтерин, ботаникалык бактарды, дендрологиялык жана зоологиялык парктарды, ошондой эле биосфералык аймактарды (резерваттарды) түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жүзөгө ашырылат.
22. Мамлекеттик жаратылыш коруктарын, мамлекеттик жаратылыш парктарын, мамлекеттик комплекстүү корукчаларды, ботаникалык бактарды, дендрологиялык жана зоологиялык парктарды, ошондой эле биосфералык аймактарды (резерваттарды) уюштурууда жерлерди бир категориядан ӨКЖАнын жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
23. Мамлекеттик корукчаларды (комплекстүүсүнөн башкасын) жана жаратылыш эстеликтерин түзүү жердин менчик ээсинен тиешелүү жер участогун (суу объектисин) алып коюуга алып келбейт жана жерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жүзөгө ашырылбайт.
24. Корукчаны жана жаратылыш эстеликтерин уюштуруу үчүн аймакты бөлүп берүү жердин менчик ээсинин макулдугу боюнча жүзөгө ашырылат.
25. Биосфералык аймактар (резерваттар) үчүн зоналаштыруу концепциясы колдонулат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген атайын зоналарды түзүүдөн турат.
26. Трансчек аралык ӨКЖА Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт.
3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын категорияларын өзгөртүү, чек араларын бекитүү жана жоюунун тартиби
27. ӨКЖА уюшулуп жатканда табигый чек боюнча ӨКЖАнын чек арасынын баяндамасын жана ӨКЖАга берилүүчү жердин экспликациясын камтыган ӨКЖАнын чек араларын бекитүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жүзөгө ашырылат.
28. ӨКЖАнын категориясын (статусун) өзгөртүү төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:
- анын жаратылышты өзгөчө коргоочулук маанисинин жоголушунан улам аларды максаттуу багыты боюнча пайдаланууга мүмкүн болбой калса;
- бул аймакта жок болуп кетүү коркунучунан улам өзгөчө коргоого алынган флоралардын жана фауналардын түрлөрү жок болсо;
- өзгөчө коргоого алынган экосистеманын толук алмашуусуна алып келген бул аймактын экосистемасындагы өзгөрүүлөр;
- табигый жол менен ашкере көбөйүп кеткен учурларда жаратылыш ресурстары алып коюлса;
- бул аймактын комплекстүү маанисине болгон изилдөөлөргө, мониторингге илимий кызыкчылыктар жок болсо;
- табигый абалдын алмашуусуна алып келген бул аймактын экосистемасындагы кескин өзгөрүүлөр;
- эстетикалык жана рекреациялык мааниси жоголсо;
- бул аймактын өзүнө тартуучулугунун жоголушуна алып келген жаратылыш комплекстеринин кайта кайтарылгыс бузулуулары;
- ӨКЖАнын жерлери мамлекеттин муктаждыгы үчүн алып коюлса.
29. ӨКЖАнын категорияларын (статусун) жана чек арасын өзгөртүүгө мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка экспертизалардын оң корутундусу, УИАнын корутундусу болгондо гана жол берилет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
30. ӨКЖАны жоюу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- жаратылышты коргоочу, экологиялык, илимий, маданий, эстетикалык, рекреациялык жана башка маанилери жоголсо;
- коргоо үчүн аныкталган ӨКЖАнын жаратылыш комплекстери жана объекттери кайта кайталангыс болуп бузулса;
- жаратылыш комплекси бузулса, рельефтин жана гидрологиялык мүнөздөмөнүн жана (же) өсүмдүк өсүүчү кыртыштын толук жок кылынышы менен ага кирген жаратылыш объекттери алмаштырылса;
- жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын конкреттүү түрлөрү толук жок болуп кетсе.
31. ӨКЖАны жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.