КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 541
Кыргыз Республикасындагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн, категориясын өзгөртүүнүн, чек араларын бекитүүнүн жана жоюунун тартибин бекитүү жөнүндө
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү, категориясын өзгөртүү, чек араларын бекитүү жана жоюу маселелерин тартипке келтирүү максатында, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн, категориясын өзгөртүүнүн, чек араларын бекитүүнүн жана жоюунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |