Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-августу № 567
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бакир уулу Т. жана Н.А.Мадалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-августундагы № 567 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бакир уулу Т. жана Н.А.Мадалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык баңгизаттарын контролдоо боюнча мамлекеттик органга жаңы потенциалдуу кооптуу психоактивдүү заттардын тизмегин түзүү тартибин жана мазмунун бекитүүгө ыйгарым укук берилген. Ошондой эле белгиленген бөлүктүн жоболорунда жогоруда аталган тизмекке заттарды кошуу жөнүндө чечим баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынаары аныкталган.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесине ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт деп белгиленген.
Мында Конституциянын 83-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат.
Ушуну менен бирге "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Өкмөт коллегиалдуу орган болуп саналат, Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийлик органдарынын бирдиктүү тутумун башкарат жана алардын ишин жетектейт.
Ошентип, Өкмөт тутумунун элементтеринин бири болуп өзүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын тутуму саналат. Өкмөттүн өз алдынчалуулугу, анын аткаруучу бийлик бутагындагы органдардын компетенциясын, алардын ортосундагы мамилелерди ж.б. өз алдынча бекиткендиги менен түшүндүрүлөт.
Ошондуктан "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарына негизденүү менен Өкмөт аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда алардын жоболорун бекитүү аркылуу бөлүштүрөт.
Ушундан улам, Өкмөткө баш ийген аткаруучу бийлик органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тийиштүү, кандайдыр бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине каршы келет деп жыйынтык чыгарса болот.
Ушуга байланыштуу, баңгизаттарын контролдоо боюнча мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын бекиткен мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболору "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жоболоруна каршы келе тургандыгын белгилейбиз.
Мындан тышкары, мыйзамдын долбоорунда сунушталган жаңы потенциалдуу кооптуу психоактивдүү заттардын тизмеги укук ченемдеринин белгилерине ээ болуп б.а. аныкталбаган чөйрөгө жана көп ирет колдонууга эсептелээрин белгилөө зарыл.
Ошондуктан, белгиленген Тизмек "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык ченемдик укуктук акт менен бекитилиши зарыл.
Мында аталган Мыйзамдын 5-беренесинде ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ээ болгон жактардын толук тизмеги каралган, алардын арасына баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик орган кирбейт.
Айтылгандарды эске алуу менен Тизмекти түзүү, Тизмекке жаңы потенциалдуу кооптуу психоактивдүү заттарды киргизүү жана чыгаруу тартиби тууралуу чечимди кабыл алуу жана тартиптерди аныктоо менен байланышкан маселелерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитип берүүнү сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.