Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2015-жылдын 20-августу № 593
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ PECПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1999-ж., № 2, 77-бер.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
509-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын административдик комиссияларын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун типтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|