Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 560-50/4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-августу № 602/42/1
2015-2018-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумду (ЭФСМ) ишке ашырууга карата иш-чаралар планы жөнүндө
2015-2018-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумда (ЭФСМ) каралган чараларды натыйжалуу жана өз учурунда ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2018-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумду (ЭФСМ) ишке ашырууга карата иш-чаралар планы (мындан ары Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Аталган Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылышсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жыйынтык маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жиберип турсун.
4. Иш-чаралар планын сапаттуу жана өз учурунда аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын милдетин аткаруучу |
Н. Жениш |
Тиркеме
2015-2018-жылдарга экономикалык иш финансылык саясат боюнча меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Ишке ашыруунун мөөнөтү жана формасы | Жооптуу аткаруучулар |
| Макроэкономикалык саясат |
|
|
1 | Орточо 3,4 пайызга жакын ИДПнын реалдуу өсүшүн камсыздоо | 2015-2017-жылдар, практикалык иш-аракеттер | ЭМ, министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
2 | 2017-жылдын аягына чейин инфляцияны болжолдуу 6,0 пайызга чейин азайтуу | 2016-2017-жылдар, практикалык иш-аракеттер | КРУБ, ЭМ, Финмин |
| Салыктык-бюджеттик саясат |
|
|
3 | 2015-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кол койгон жана Эл аралык валюталык фонду тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде жактырылган 2015-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасына ылайык мамлекеттик башкаруу секторунун жалпы кассалык тартыштыгынын максималдуу деңгээлинен ашып кетишине жол бербөө (сандык көрсөткүч) | 2015-2018-жылдар, практикалык иш-аракеттер | Финмин, Соцфонд |
4 | 2015-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кол койгон жана Эл аралык валюталык фонду тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде жактырылган 2015-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасына ылайык мамлекеттик бюджетке салык жыйноонун минималдуу деңгээли боюнча сандык көрсөткүчтү аткарууну камсыздоо (багыттама көрсөткүч) | 2015-2018-жылдар, практикалык иш-аракеттер | МСК, МБК, ЭM, Финмин |
5 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине төмөнкүдөй багыттагы мыйзам долбоорлору тапшырылсын: 1) салыктык бошотуулардын санын азайтуу аркылуу КНС системасын бекемдөө; 2) сатуудан алынган салыкты акырындап алып салуу; 3) патенттик системаны колдонууну этап боюнча азайтуу; 4) эсепке алуунун жана отчет берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн системасын киргизүү (түзүмдүк көрсөткүч) | 2015-жылдын жарым жылдыгы, Салык жана Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, мыйзамдардын долбоорлору, мыйзамдардын долбоорлорун жактыруу жөнүндө КРӨ токтому | ЭМ, МСК, МБК, Финмин |
6 | Айрым секторлор жана ишинин түрлөрү үчүн салыктык бошотууларды жаңылоодон кармануу жана жаңы салыктык бошотууларды жана жеңилдетилген салык салуу режимдерин киргизбөө | 2015-2018-жылдар, контролдоо | ЭМ, Финмин |
7 | Төмөнкү жолдор аркылуу салыктык башкарууну бекемдөө: 1) бажы жана салык саясатын координациялоону өркүндөтүү, баарыдан мурда КНСке карата; 2) айрым категориядагы салык төлөөчүлөр үчүн товарларга акциздерди жана мүлккө карата салыктарды жогорулатуу; 3) алдыңкы практикага ылайык кен пайдаланууга салык салууну реформалоо; 4) талдоо инструменттерин иштеп чыгууга жана адистерди даярдоого эл аралык эксперттерди тартуу менен салык саясатын жана кирешелерди болжолдоону талдоо үчүн потенциалды бекемдөө | 2015-2018-жылдар, практикалык иш-аракеттер | ЭМ, МСК, МБК, Финмин |
8 | ИДПга карата эмгек акы төлөө фондун азайтуу үчүн мамлекеттик сектордо мамлекеттик кызмат жана эмгек акы төлөөнү реформалоо боюнча иш-чаралар планын даярдоо (түзүмдүк көрсөткүч) | 2015-жылдын декабры, КРӨ токтому | ЭМЖМ, Финмин |
9 | Субсидиянын рентабелдүүлүгүнө талдоо жүргүзүү, атап айтканда электроэнергетикада жана алардын бюджетке болгон жүгүн азайтууга багытталган иш-аракеттер планын иштеп чыгуу | 2015-2018-жылдар, КРӨ токтому | Энергоөнөржаймин |
10 | 2015-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кол койгон жана 2015-жылдын 8-апрелинде Эл аралык валюталык фондунун Аткаруучу кеңеши тарабынан жактырылган 2015-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасынын балдары бар аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпул (АҮАЖ) жана ар айлык социалдык жөлөкпул (АСЖ) төлөө, даректүү социалдык коргоо программасына мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын сандык көрсөткүчүн аткарууну камсыздоо (багыттама көрсөткүч) | 2015-2018-жылдар, практикалык иш-аракеттер | Финмин, Соцмин |
11 | Эл аралык өнөктөштөр жана тармактык министрликтер менен бирдикте кемчиликтерди аныктоо үчүн мамлекеттик инвестициялар системасына талдоо жүргүзүү, иш-аракеттер планын түзүү (түзүмдүк көрсөткүч) | 2015-жылдын II жарым жылдыгы, практикалык иш-аракеттер | Финмин, ЭМ, тармактык министрликтер |
12 | 2015-2017-жылдарга карыздарды башкаруунун орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, ага төмөнкү критерийлер кирет: 1) экономикалык өсүшкө жана социалдык өнүктүрүүгө өбөлгө көрсөтүүчү долбоорлор үчүн гана карыз алуу; 2) карыздын туруктуу деңгээлин колдоо; 3) карыз алуулардын бюджеттин орто мөөнөттүү параметрлерине жана макроэкономикалык туруктуулук максаттарына ылайык келүүсүн камсыздоо (түзүмдүк көрсөткүч) | 2015-жылдын I жарым жылдыгы, КРӨ токтому | Финмин |
13 | Карызды тейлөө боюнча жаңы контракттарды жана ай сайын төлөөлөрдү кошкондо, 10 ири мамлекеттик компаниянын карызынын мониторинги үчүн механизм түзүү | 2015-жыл, практикалык иш-аракеттер | Маммүлк (ММБФ), Финмин |
14 | Мамлекеттик секторлор тарабынан тартылуучу же кепилдик берилүүчү жаңы жеңилдетилбеген тышкы карыз алуулардын максималдуу деңгээлинин жогорулашына жол бербөө (туруктуу көрсөткүч, млн. АКШ долл.) (сандык көрсөткүч) | Дайыма, контролдоо | Финмин, КРУБ |
15 | Мөөнөтү өтүп кеткен тышкы карыздардын пайда болуусуна жол бербөө (туруктуу көрсөткүч, млн. АКШ долл.) (сандык көрсөткүч) | Дайыма, контролдоо | Финмин, КРУБ |
16 | Төмөнкү критерийлер боюнча мүнөздөлүүчү ачык-айкын жана отчеттуу башкаруу системасын түзүү: 1) эл аралык уюмдар тарабынан таанылган көз карандысыз аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнү кошкондо, корпоративдик башкаруунун оптималдуу практикасын колдонуу; 2) Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун так функцияларын жана каржылоону аныктоо жана анын финансылык туруктуулугун камсыздоо менен оптималдуу эл аралык практикага ылайык институттук, корпоративдик жана финансылык жетектөөчү принциптерди белгилөө; 3) фонд өтүмдүү эмес же төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда фондду шашылыш финансылык колдоо боюнча Өкмөт эч кандай юридикалык милдеттенме албагандыктан, фонддун ишинин мамлекеттик баланстын кандайдыр бир шарттуу милдеттенмелерин түзүүсүнө жол бербөө | 2015-2018-жж., практикалык иш-аракеттер | ЭМ, Финмин, |
17 | Мамлекеттик бюджет системасына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыналык чөйрөсүнө анын операцияларын киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин интеграциялоо | 2018-жыл, практикалык иш-аракеттер | Финмин, Соцфонд |
18 | ЭВФнын техникалык жардамы миссиясынын сунуштамаларына ылайык Эл аралык консультантка көмөк көрсөтүүдө келишим жөнүндө техникалык меморандумда бюджеттик тобокелдиктер боюнча методологиялык негиздерди иштеп чыгуу | 2015-2018-жылдар, практикалык иш-аракеттер | Финмин |
| Акча-кредиттик жана курстук саясат |
|
|
19 | Түзүмдүк өтүмдүүлүккө суроо-талап жана сунушту болжолдоонун негизинде системалуу өтүмдүүлүктүн мониторингин жана аны башкарууну өркүндөтүү жана валюталык операцияларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыналыктын ишин координациялоону жакшыртуу | 2015-2018-жылдар, дайыма | КРУБ, Финмин |
20 | Эл аралык таза резервдери жана Улуттук банктын ички таза активдери боюнча сапаттуу көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыздоо (2015-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кол койгон жана Эл аралык валюталык фонду тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде жактырылган 2015-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасына ылайык) (сандык көрсөткүчтөр) | 2015-2018-жылдар, КРУБдун жана Финминдин макулдашылган иш-аракети | КРУБ, Финмин |
21 | 2015-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кол койгон жана Эл аралык валюталык фонду тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде жактырылган 2015-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасынын деңгээлинде белгиленген акчалай базаны колдоого көмөк көрсөтүү (багыттоочу көрсөткүч) | Дайыма, ачык рынокто операцияларды жана валюталык интервенцияларды жүргүзүү | КРУБ |
22 | Кредиттин жана валюталык рыноктун өсүшүнүн турукташуусуна чейин КРУБдүн кредиттик аукциондорун жүргүзүүнү кармап туруу | 2015-2018-жылдар, практикалык иш-аракеттер | КРУБ |
23 | Алмашуу курсунун кыска мөөнөттүү өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында валюталык рынокто операцияларды жүргүзүү | 2015-2018-жылдар, валюталык интервенция (чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу) | КРУБ |
24 | Улуттук валютадагы депозиттер менен салыштыруу боюнча валюталык депозиттер үчүн кыйла жогорку резервдик талаптарды киргизүү (түзүмдүк көрсөткүч) | 2015-жылдын октябры | КРУБ |
25 | 2015-жылдын I жарым жылдыгында төмөнкү чараларды көрүү: 1) чет өлкөлүк валютада 75 пайыздан ашык киреше алуучу кардарларга жаңы валюталык кредит боюнча көлөмдүү чыгашаларды жабуунун резервинин (КЧЖР) ченемдерин 2,5 пайызга чейин жогорулатуу; 2) чет өлкөлүк валютада 50дөн 75 пайызга чейин киреше алуучу кардарларга жаңы валюталык кредиттер боюнча көлөмдүү чыгашаларды жабуунун резервинин (КЧЖР) ченемдерин 5 пайызга чейин жогорулатуу; 3) чет өлкөлүк валютада 50 пайыздан аз киреше алуучу кардарларга жаңы валюталык кредиттер боюнча КЧЖР ченемдерин 7,5 пайызга чейин жогорулатуу (алдын алуучу чара) | 2015-жылдын I жарым жылдыгы, 2015-жылдын I жарым жылдыгында колдонууга киргизилет, практикалык иш-аракеттер | КРУБ |
26 | 50 пайыз өлчөмүндөгү жаңы керектөөчү кредиттери үчүн кардарлардын кирешелерине карата кредиттерди тейлөөгө чыгашаларды чектөө боюнча талаптарды кабыл алуу (алдын алуучу чара) | 2015-жылдын I жарым жылдыгы, практикалык иш-аракеттер | КРУБ |
27 | Банктардын тикелей жана кыйыр валюталык тобокелдиктеринин деңгээлинин мониторингин төмөнкү жолдор аркылуу күчөтүү: 1) банктардын жана алардын чет өлкөлүк валютада карыз алуучуларынын ачык позициялары жөнүндө отчет берүү/маалыматтарды ачуу эрежелерин өркүндөтүү; 2) банктардын жана алардын карыз алуучуларынын ачык валюталык позицияларына ай сайын текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө талаптарды белгилөө (банктын өзү жана көзөмөлдөө органдары тарабынан); 3) ачылган таза валюталык позицияларга лимиттердин катуу тартипте сакталышын камсыздоо; 4) кредиттик бюродо бардык кредиттерди каттоо эрежелеринин катуу сакталышын камсыздоо | 2015-2018-жылдар, мониторинг жана көзөмөлдү ишке ашыруу | КРУБ |
28 | 2015-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кол койгон жана 2015-жылдын 8-апрелинде Эл аралык валюталык фондунун Аткаруучу кеңеши тарабынан жактырылган 2015-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасынын аракеттенүү мөөнөтүнүн ичинде импорттун 3 айдан ашык деңгээлинде валюталык резервдерди кармоо | 2015-2018-жылдар, практикалык иш-аракеттер | КРУБ, ЭМ |
29 | Үч этапта 2017-жылга банкка төлөнгөн капиталга карата талаптарды акырындык менен жогорулатуу аркылуу капиталга стандарттык минималдуу талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө чечим кабыл алуу (түзүмдүк көрсөткүч) | 2015-жылдын I жарым жылдыгы | КРУБ |
30 | Алмашуу бюролорунун иши үчүн аларга КРУБга милдеттүү түрдө отчет берүү менен КРУБ тарабынан аларга көзөмөлдүктү жайылтуу аркылуу контролдоону күчөтүү | 2015-2018-жылдар, практикалык иш-аракеттер | КРУБ |
31 | Валюталык операцияларды лицензиясыз ишке ашыруу үчүн санкцияларды жеке жактар үчүн 50000 сомго чейин, ишканалардын кызмат адамдары үчүн 100000 жана юридикалык жактар үчүн 200000 сомго чейин жогорулатуу менен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине оңдоолорду караган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилсин (түзүмдүк көрсөткүч) | 2015-жылдын I жарым жылдыгы, Мыйзамдын долбоорун жактыруу жөнүндө КРӨнүн токтому | КРУБ |
32 | ДЕБРА аудитин аяктоо (түзүмдүк көрсөткүч) | 2015-жылдын октябры | ДЕБРА, КРУБ (КРУБ Дүйнөлүк банктын көмөктөшүүсү менен тендер уюштурууга жана СЕКО тарабынан каржыланып жаткан финансы секторун өнүктүрүү долбоорунун алкагында ДЕБРАны атайын аудиттен өткөрүү максатында эл аралык аудитордук компанияны тандоого жооп берет) |
33 | "Төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга багытталган мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу | 2015-жыл | КРУБ |
34 | ЭВФнын техникалык жардамы менен кризиске даярдык көрүүнү камсыздоонун расмий системасын түзүү, ага финансылык туруктуулукту камсыздоо функцияларын КРУБ үчүн бекемдөө, банк секторлору үчүн кризиске каршы комплекстик планды иштеп чыгуу, тийиштүү ведомстволор аралык меморандумдардын болуусун камсыздоо, ар бир ведомстволор үчүн финансылык кризис учурунда иш-аракеттер планын даярдоо жана ведомстволор аралык жана ички ведомстволук деңгээлдеги кризистерди моделдештирүүнү мезгилдүү жүргүзүү функцияларын кошкондо | 2017-жыл | КРУБ, Финмин, ДКА |
35 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 529 токтому менен жактырылган мыйзам долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышына көмөктөшүү | 2015-жыл, практикалык иш-аракеттер | КРУБ, КРнын Өкмөтүнүн КРнын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү |
36 | 2012-жылдын 16-февралындагы ФАТФнын стандарттарына ылайык келтирүү үчүн "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү | 2016-2017-жылдар, мыйзамдардын долбоорлору | Финчалгындоо, Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын курамына кирүүчү мамлекеттик органдар |
| Түзүмдүк реформа |
|
|
37 | Төмөнкүдөй жолдор аркылуу МСКда реформаларды жүргүзүү: 1) ИСКБда салык төлөөчүлөрдүн оптималдуу санын аныктоо үчүн салык төлөөчүлөрдүн жыйындысын талдоо; 2) ИСКБ бардык ири салык төлөөчүлөрдү камтуусу жана алардын декларацияларды электрондук формада тапшыруусун камсыздоо | 2015-2016-жылдар, практикалык иш-аракеттер | МСК |
38 | МСК башкармалыктарынын региондор аралык бөлүгүндө функцияларды кайталоону кыскартуу менен МСКнын уюштуруучу түзүмүн кайра түзүү (түзүмдүк көрсөткүч) | 2015-жылдын I жарым жылдыгы, КРӨ токтому | МСК |
39 | Банк аралык төлөм системасы менен казыналыктын улуттук автоматташтырылган системасын интеграциялоо үчүн жеткирүүчүнү тандоо (түзүмдүк көрсөткүч) | 2015-жылдын сентябры | Финмин |
40 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин долбоорун ишке киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун алдыга жылдыруу | 2015-жыл | Финмин |
| Коргоо чараларына баа берүү |
|
|
41 | ЭВФтин Финансылык департаментине анын тышкы аудиторлору менен байланыштарына ыйгарым укуктарды кошкондо, баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүү жана зарыл болгон учурда коргоо чаралары боюнча миссия кабыл алуу. Коргоо чараларын баалоонун жыйынтыгы боюнча макулдашылган сунуштамалардын негизинде иш-чаралар планын даярдоо жана аткаруу, Фонддун колдоого алынуучу программаларынын алкагында келечектеги чаралардын катарына артыкчылыктуу сунуштамаларды киргизүү | 2015-жыл, коргоо чараларын баалоо боюнча ЭВФтин миссиясы менен иштөө | КРУБ |
42 | Валюталык, анын ичинде бюджетти колдоо үчүн багытталган резервдерди башкаруу боюнча 2011-жылдын 14-июнундагы Финансы министрлиги менен КРУБдун ортосундагы Келишимдер жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2015-жыл, Келишимдер жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Финмин, КРУБ |
Кыскартуулардын тизмеси
ЭМ | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
КРУБ | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
Финмин | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
Соцфонд | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
Маммүлк | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
Финчалгындоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
МСК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
ИСКБ | Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгы |
МСКБ | Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы |
МБК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ЭМЖМ | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
Энергоөнөржаймин | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
Соцмин | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги |
ДЕБРА | Банктарды кайрадан уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу |
ДКА | Депозиттерди коргоо боюнча агенттик |
ИДП | Ички дүң продукция |
КНС | Кошумча нарк салыгы |
ЕАЭС | Евразия экономикалык союзу |
ЧУА | Ченемдик укуктук актылары |
ЭВФ | Эл аралык валюта фонду |
АЧЖР | Артыкчылыктуу чыгашаларды жабууга резерв |