Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-августу № 603
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 603 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзам долбоорлорунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдында Сот адилеттигинин жогорку мектебин түзүүнү белгилөө сунушталган. Мында бул мектепке мамлекеттик билим берүү мекемесинин статусу бөлүнүп берилген, бирок ал мамлекеттик билим берүү тутумунун бөлүгү болуп саналбайт жана ага лицензиялоо, аккредитациялоо жөнүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын жоболору, ошондой эле илим жана инновациялар жаатындагы жоболор жайылтылбайт. Муну менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде билим берүү - инсанды, коомду жана мамлекетти гармониялуу өнүктүрүү максатында окуп жаткандардын мамлекет тарабынан белгиленген билим берүү деңгээлине жетишүүсүн ырастоо менен коштолгон тарбиялоонун жана окутуунун тынымсыз, системалуу процесси катары белгиленгендиктен, аккредитациялоо тартиби сертификаттарды жана дипломдорду берүү укугун берерин белгилеп кетүү зарыл. Билим алуу деп окуп жаткандардын тиешелүү документ менен күбөлөндүрүлгөн белгилүү бир билим деңгээлине жетүүсүн жана аны ырастоону түшүнүүгө болот. Мында жогоруда аталган Мыйзамдын 25-беренесинде мектепке чейинки жана кошумча билим берүүдөн тышкаркы лицензиялоодон жана андан кийин аккредитациялоодон өткөн билим берүү уюмдары жалпы негизги билим берүү жана (же) кесиптик негизги билим берүү программаларын толук өздөштүргөн жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө (ар бир билим берүү уюмуна бирден ашпаган) билими (жана) же квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү тийиштүү документти беришет деп белгиленген. Бирок жогоруда аталган билим берүү мекемесин билим берүү системасынан алып салуу бүтүрүүчүлөрдүн дипломдорду жана сертификаттарды алуу мүмкүндүгүн жокко чыгарат, бул өз кезегинде окуунун кийинки баскычына өтүүдө эреже бузууларга алып келет, ошондой эле берилген сертификаттарды жана дипломдорду таануу көйгөйлөрүн жаратат.
Ошондой эле билим берүүнүн жалпы тутумунан чыгып калган билим берүү мекемелерин уюштуруу бийликтин башка бутактары менен мындай уюмдарды түзүү үчүн прецедентти жаратат.
Мындан тышкары, жогоруда аталган мыйзам долбоорлорунда Сот адилеттигинин жогорку мектебин билим берүүчү мамлекеттик мекеменин атайын статусуна ээ деп белгилөө сунушталууда.
Ушул эле учурда "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын түшүнүктөр аппаратында атайын билим берүүчү мамлекеттик мекеме деген түшүнүктүн жок экендигин белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу жогоруда аталган Мыйзам билим берүү ишин жалпысынан жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук акт болуп саналгандыктан, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу максатында Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн аталган абзацынын жоболорун карап чыгууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 56-пунктуна ылайык билим берүү иши (мектепке чейинки, жалпы баштапкы, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринен башка) да лицензияланууга тийиш.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бири дагы эң жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен Жогорку соттун алдындагы сот адилеттигинин жогорку мектебин билим берүү мекемесинин статусун бербестен, соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу борбору түрүндө түзүүнү сунуштайбыз.
Мындан тышкары, айрым так эмес туюндурмалар мыйзам колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна түрткү болоруна көңүлүңүздөрдү бурабыз, анткени бул жоболор жалпыланган жана баалоочу мүнөзгө ээ, буга ылайык тийиштүү субъекттерге тиги же бул кырдаалды өзүнүн ыктыяры менен чечмелөө боюнча дискрециялык ыйгарым укуктарды берет.
Атап айтканда "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында судьялардын квалификациясын жогорулатуу зарыл болгон учурда ошол мезгилге эмгек акысын сактоо менен, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес жүзөгө ашырылат деп белгилөө сунушталган.
Мында "зарыл болгон учурда" деген сөз айкашы коррупциялык факторду жаратат жана субъекттерге так, мыйзамда бекитилген критерийлерди жетекчиликке албастан, өзүнүн ыктыяры менен тиги же бул кырдаалды чечмелөө укугун берет.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн жогоруда аталган абзацынын жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, долбоордун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн тогузунчу абзацында судьялык иште тажрыйбасы жок судьялардын кызмат ордуна талапкерлер кыйла тажрыйбалуу судьялардын ичинен аларга насаатчыларды бекитүү менен соттордо бир жылдык такшалмадан өтүүгө милдеттүү деп белгилөө сунушталган.
Бирок бул бөлүктө талапкерлердин бир жылдык такшалмадан өтүүсүнүн тартиби жана алардын укуктук статусу жөнгө салынган эмес, ошондой эле бул ченемдин иштеп жаткан талапкерлерге жайылтылары же жайылтылбастыгы түшүнүксүз.
Жогоруда аталган мыйзамдын долбоорлорунун негиздеме-маалымкатында Сот адилеттигинин жогорку мектебинин иши бюджеттин чыгымдарынан 2% чейин сот тутумунун иштешине чыгымдарды көбөйтүүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат деп көрсөтүлгөн.
Бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен жетишилген келишимдерге ылайык "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" боюнча Мамлекеттик максаттуу программанын бүтүшүнө чейин сот тутумунун чыгымдарынын деңгээли республикалык бюджеттин чыгымдарынан 1,15% чейин жетүүсү зарыл.
Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 535 "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" боюнча Мамлекеттик максаттуу программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" тиешелүү токтому Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген.
Ушуга байланыштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин чыгымдарын каржылоо тиешелүү жылдарга сот тутумуна каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылышы зарыл.
Ушуну менен катар, мыйзамдардын долбоорлоруна зарыл болгон кошумча финансы каражаттары жөнүндө эсептөөлөр тиркелген эмес жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин иши бюджеттин чыгымынан 2% чейин сот тутумуна чыгымдарды көбөйтүүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат деп гана айтылган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорун аталган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга болот деп эсептейт.