Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-августу № 605
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.О.Кутушев жана Н.А.Касымбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-августундагы № 605 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.О.Кутушев жана Н.А.Касымбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
Жогоруда аталган Мыйзам долбоору мыйзам чыгаруу техникасынын талаптарына шайкеш келбейт. Ушуга байланыштуу:
- долбоордун аталышындагы "толуктоолор жана өзгөртүүлөр" деген сөздөрдү "өзгөртүүлөр жана толуктоолор" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз;
- Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жарыялоонун расмий булагы катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысынын 2007-жылдагы № 5, 461-беренесин көрсөтүүнү сунуштайбыз;
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык ченемдик укуктук акт, анын түзүмдүк элементтери күчүн жоготту деп таанылат; сөздөр, цифралар жана сүйлөмдөр алып салынат, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн редакциясын толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз;
- "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 5-пунктунда "Кыргыз Республикасы" деген сөздөр эки жолу кездешет. Берилген салыштырма таблицага ылайык аталган сөздөрдү алмаштырууну сотко колдонулгандай ишке ашыруу сунушталат. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"6. 16-берененин 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын соттору" деген сөздөр "тиешелүү мамлекеттердин соттору" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Каралып жаткан Мыйзам долбоорунда, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары аныкталат.
Ошону менен бирге жогоруда аталган мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жана функцияларын мыйзам деңгээлинде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелеринин талаптарына ылайык келбейт, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга жараша функцияларды ишке ашыруу боюнча аларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт жана аталган мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толуктоо сунушталат:
"Ата-энелик укуктарынан ажыратылган ата-энелердин жарандыгы өзгөргөн учурда баланын жарандыгы өзгөртүлбөйт. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн макулдугу менен баланын жарандыгы өзгөргөндө ата-энелик укуктарынан ажыратылган ата-энелердин макулдугу талап кылынбайт.".
Ушул жобо боюнча Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык балага карата ата-энеси же жалгыз бой атасы же жалгыз бой энеси ата-энелик укуктарынан ажыратылган болсо, анда бала ата-энесинин камкордугусуз калган деп эсептелет.
Эгерде ата-эне же жалгыз бой ата же жалгыз бой эне Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 77-статьясына ылайык ата-энелик укуктарын калыбына келтирбесе, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 51-беренесине ылайык балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү баланы (кызды) асырап алууга берүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 58-беренесине ылайык асырап алынган балдар жана алардын тукуму асырап алуучуларга жана алардын туугандарына карата, ал эми асырап алуучулар жана алардын туугандары асырап алынган балдарга жана алардын тукумуна карата жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктарда жана милдеттерде теги боюнча туугандарга теңештирилет. Асырап алынган балдар жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктарын жоготушат жана өзүнүн ата-энелерине (өзүнүн туугандарына) карата милдеттерден бошотулат.
Ошентип, ата-энелик укуктардан ажыратылган ата-энелердин же жалгыз бой атанын же жалгыз бой эненин баласын асырап алуучулар балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн макулдугусуз баланын жарандыгын өзгөртүүгө укуктуу.
Бирок, эгерде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө баланы (кызды) асырап алууга же камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) берүүгө мүмкүн болбой калса, анда бала менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелерине жиберилет, мында бала 18 жашка толгонго чейин Кыргыз Республикасынын жарандыгы сакталып калат.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине киргизилип жаткан жогоруда аталган түзөтүүлөр боюнча "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 жана 19-беренелеринин жоболорун эске алууну сунуштайбыз. Көрсөтүлгөн беренелерге ылайык чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар же болбосо бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми экинчиси - чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болгон жубайлар тарабынан асырап алынган Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап калат. Ошону менен эгерде баланын Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган ата-энеси же ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкса же аны жоготсо жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө алынган баланы тарбиялоого катышпаса, камкорчунун же көзөмөлчүнүн өтүнүчү боюнча балада Кыргыз Республикасынын жарандыгы сакталып калат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жогоруда аталган Мыйзамдын 8-беренесин сунушталган 4-бөлүк менен толуктоону максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесине ылайык жаран өзүнүн жарандыгына жараша укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат. Бир дагы жаран өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген адамдардын мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттин жарандыгына тийиштүүлүгү да таанылат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- төрөткөн медициналык мекеме тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден сырткары төрөгөн учурда тийиштүү саламаттык сактоо органы тарабынан ыйгарым укук берилген врач же башка медицина кызматкери тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат;
- ким экендигин тастыктаган баланын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) документтери;
- туулган баланы Кыргыз Республикасынын жараны деп таануу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ата-эненин макулдашуусу (эгерде баланын ата-энесинин жарандыгы ар башка болсо, алардын бири бала туулган учурда Кыргыз Республикасынын жараны болсо, ал эми экинчиси чет элдик жаран болсо).
Жогоруда көрсөтүлгөн туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн негиздер жок болгондо, баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошол аял тарабынан баланын туулгандыгынын фактысын белгилөө жөнүндөгү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу жашы жете элек баланын ата-энелери тарабынан анын жарандыгын тандоодо жазуу жүзүндөгү макулдукту алып салган учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда аталган беренеси менен кепилденген принцип бузулат.
Баяндалгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык туруктуу жашап турууга уруксат Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоону каалаган, иммигранттын статусун алган чет элдик жаранга же жарандыгы жок адамга берилет.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүнө төмөнкүдөй мазмундагы өзгөртүү киргизүүнү кошумча карап чыгууну сунуштайбыз:
"13-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "арыз берген учурга чейин" деген сөздөр "туруктуу жашап турууга укук алгандан кийин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
1999-жылдын 26-февралында Москва шаарында кол коюлган Беларусь Республикасынын, Казахстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө макулдашуунун (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 31-июлунда № 69 Мыйзамы менен ратификацияланган) 1-беренесине ылайык ар бир Тарап анын аймагына туруктуу жашап турууга келген башка Тараптын жарандарына төмөнкү шарттардын бирөө болгондо жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык алуу укугун берет:
- эгер арыз берүүчү Белорусь ССРинде, Казак ССРинде, Кыргыз ССРинде же РСФСРдин жарандыгында турса жана муну менен бирге мурдагы СССРдин жарандыгында, жарандык алып жаткан Тараптын аймагында 1991-жылдын 21-декабрына чейин төрөлсө же жашап турса;
- арыз берүүчүнүн жарандык алып жаткан Тараптын аймагында туруктуу жашаган жана анын жараны болуп саналган жакын туугандарынын бири болсо: жубайы (жубайлар), ата-энесинин бирөөсү (асырап алгандын), баланын (анын ичинде асырап алган), эжеси, карындаштары, агасы-иниси, чоң ата же чоң энеси, небереси.
Көрсөтүлгөн тартип жарандык алып жаткан Тараптын аймагындагы жашоо мөөнөтүнө карабастан башка Тараптын аймагында туруктуу жашаган Тараптардын жарандарына жайылтылат.
Ошону менен, бир Тараптын жарандыгын алуу жана башка Тараптын жарандыгынан чыгуу Тараптардын мыйзамдарына жана ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык кызыкдар адамдардын өз каалоосун эркин билдирүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Баяндалгандарды эске алып, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин жоболорун көңүлгө алуу менен аталган Мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун колдонуудагы редакциясында калтыруу максатка ылайык деп эсептейбиз.
Ошондой эле, аталган Мыйзамдын 18-беренесине "же жарандыгы жок адамдар" деген бөлүгүндө кошумча өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 44-беренесине ылайык балдар Кыргыз Республикасынын жарандарына ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга бала (кыз) асырап алууга берилиши мүмкүн.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 10-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары менен "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө аталган беренелердин контекстинен "туруктуу" деген терминди алып салуучу өзгөртүүнү киргизүү сунушталат.
Ошону менен, Кыргыз Республикасынан сырткары чыгуу ар кандай мүнөзгө ээ жана ар кандай максаттарды көздөшү мүмкүн, атап айтканда жеке иштер боюнча, кызматтык иштер боюнча, эмгек миграциясы максатында жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Ал эми туруктуу жашоо үчүн чыгуу эмиграция катары бааланат, аны жүзөгө ашыруу тартиби "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесинде аныкталган. Алсак, ушул беренеге ылайык туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын бара жаткан мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү визасы же уруксаты болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын чыгуу документтерин алган жарандары өзүнүн менчик укугуна таандык мүлктү баруучу өлкөгө ташып чыгууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында сактоого укуктуу. Алардын жарандык, социалдык, эмгектик, турак жай же башка укуктарын ар кандай чектөөлөргө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан мамлекет үчүн маданий, тарыхый жана башка баалуулуктагы буюмдардын Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка ташылып чыгышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын жарандары туруктуу жашоо үчүн анын аймагынан чыгып кеткенге чейин Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы жайылтылган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын алдында мүлктүк милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү.
Чет мамлекетке чыгып кетүү тартиби бара турган тийиштүү мамлекеттин мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын туруктуу жашоо үчүн анын чегинен тышкары чыгып кеткен жарандары, Кыргыз Республикасына туруктуу жашоого кайрылып келгенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан кепилденген бардык укуктардан жалпы негизде пайдаланышат жана мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартышат.
Баяндалганды эске алып долбоордун 1-беренесинин 10-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
Анткени, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 4-бөлүгү жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу боюнча документтердин кошумча тизмегин аныктайт жана бирин бири кайталашына жол бербөө максатында долбоордун 1-беренесинин 12-бөлүгүнүн сегизинчи-он экинчи абзацтарын алып салууну сунуштайбыз жана зарыл болгон учурда жогоруда аталган Мыйзамдын 33-беренесинин 4-бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү керек.
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгүнүн жоболорун көңүлгө алуу менен ага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары көрсөтүлгөн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн дипломатиялык кызмат органдары консулдук жыйымдарды жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдарды алаарын эске алып, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33 жана 35-беренелеринде консулдук жыйымдардан тышкары иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн кошумча жыйым төлөөнүн каралышын сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну каалаган айрым чет элдик жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети улуттук мыйзамдарга ылайык жайылтылууга тийиш болбогон өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коомдук тартипти коргоону камсыз кылуу маселелерине олуттуу таасир берүүчү ыкчам мүнөздөгү маалыматтарга ээ боло алат.
Ушул жагдайды эске алып, ошондой эле чет элдик жарандар тарабынан даттанууларды, арызданууларды жана соттук доолорду болтурбоо максатында, өтүнүчтү канааттандыруу менен макул болбогон учурда аны канааттандырууга тоскоол болгон жагдайлар тууралуу тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга маалымат берүүгө улуттук коопсуздук органдарынын милдеттенмесин караган Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 13-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын алып салуу керек деп эсептейбиз.
Мында Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 13-бөлүгү менен белгиленген арыздарды кароонун мөөнөттөрү боюнча айтсак, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу тууралуу чет өлкөлүк жарандардын өтүнүчтөрүнүн бардык материалдары улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу жол-жоболорунан өтөрүн билдиребиз. Практика көрсөткөндөй кыргыз жарандыгын алууну каалаган чет өлкөлүк жарандардын агымы өсүү тенденциясына бара жатат.
Буга байланыштуу долбоордун 1-беренесинин 13-бөлүгүнүн бешинчи абзацы менен каралган жарандыкка кабыл алуу жөнүндөгү чет элдик жарандардын арыздарын жалпы тартип боюнча 30 календардык күндө жана жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча 15 календардык күндө кароонун мөөнөттөрүн жалпы тартип боюнча 60 календардык күнгө жана жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча 30 календардык күнгө көбөйтүү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мындан тышкары жогоруда аталган түзөтүүлөрдү эске алып "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине төмөнкүдөй оңдоолорду киргизүүнү сунуштайбыз:
- 1-бөлүгүндөгү "алты айга чейинки" деген сөздөрдү "бир жылга чейинки" деген сөздөр менен алмаштырууну;
- 2-бөлүгүндөгү "үч айга чейинки" деген сөздөрдү "алты айга чейинки" деген сөздөр менен алмаштырууну.
Өз кезегинде Мыйзамдын жогоруда аталган беренесинин 3-бөлүгүн колдонуудагы редакцияда калтырууну сунуштайбыз, анткени бала асырап алуу же камкорчулукту белгилөө фактысы жарандыкты өзгөртүүчү негиздердин бири гана болуп саналат жана автоматтык түрдө жарандыкты өзгөртүүнүн фактысына алып келбейт.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28 жана 30-беренелерине ылайык ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо жана Мамлекеттик реестрге киргизүү ченемдик укуктук актылардын юридикалык күчүнө киришинин милдеттүү шарттары болуп саналат. Ошону менен бирге эле ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күндүн ичинде аталган Реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берилгендиктен ченемдик укуктук актыларды Мамлекеттик реестрге ал расмий жарыяланган күнү киргизүүнү камсыз кылуу мүмкүн болбой калат.
Буга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
1. "Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда баяндалгандардын негизинде "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун көрсөтүлгөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.