Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-июлу № 431
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Туманов Т.Т., Никитенко Н.В., Текебаев О.Ч., Абдиев К.А., Скрипкина Г.А., Шайназаров Т.У., Кочкарова Э.А.-А. демилге кылган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын «1» июлу № 431 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.А.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.-А.Кочкарова тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбоорун (мындан ары – долбоор) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Долбоор жаңы жана маңызын такыр ачпаган өзгөчө бир түшүнүктөргө ээ болгондуктан (маселен, «ресоциалдаштыруу», «декриминалдаштыруу», «пробациялык көзөмөлдөө» ж.б.), аны глоссарийге кирбей калган терминдер менен кеңейтүүнү сунуштайбыз.
2. 1-берене боюнча.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине ылайык адамдын укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана ар бир адамга туулгандан тартып таандык. Адамдын укуктары жана эркиндиктери – асабалуу баалуулук. Алар тике иштейт да, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийликтеринин жана жергиликтүү аткаруу органдарынын маани-маңызын жана мазмунун аныктайт.
Ошондой эле, ушул беренеге ылайык Кыргыз Республикасы анын аймагындагы жана анын юрисдикциясындагы адамдардын укуктары менен эркиндиктерин сыйлайт жана камсыз кылат.
Мына ушуга байланыштуу долбоордун 1-беренесинин 3-бөлүгүн «кайтаруу» деген сөздөн кийин «эркиндиктери жана укуктары» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
3. 4-берене боюнча.
«Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде Кыргыз Республикасынын жарандары болбогон жана чет мамлекетке жарандыгынын далилдери бар адамдар чет өлкөлүк жарандар болуп таанылат деп аныкталган.
«Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде дартка чалдыгуу, жашоо тиричилигинин чектелишине алып келүүчү травманын же дефекттердин кесепеттери менен шартталган жана аны социалдык жактан коргоого алынууга муктаж кылган организмдин функцияларынын олуттуу жабыркашынан ден соолугунан ажыраган адамдар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар деп аныкталган.
Ушундан улам долбоордун 4-беренесинин 2-бөлүгүндөгү «майыптар» деген сөздү «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Долбоордун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацындагы «чет өлкөлүк» деген сөздү «чет өлкөлүк жарандарды» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
4. 6-берене боюнча.
Долбоордун 6-беренесинин 2-бөлүгү боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүнүн негизинде соттолгон же акталган же кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулган же кылмыш жазасынан бошотулган кылмыштын же жоруктун белгилери бар жосуну үчүн кайрадан кылмыш жоопкерчилигине эчкимдин тартылбашын аныктоо сунушталат.
Мында, долбоордун 25-беренеси менен кылмыш үчүн жоопкерчиликтин негизи болуп ушул Кодексте каралган кылмыштын курамынын бардык белгилерин камтыган укукка каршы жосун эсептелери белгиленген.
Ошондуктан 6-берененин 2-бөлүгүндөгү текстинде кылмыш курамынын бардык белгилеринин бар экендигин көрсөтүү же «кылмыш» деген терминди колдонууда анын курамынын белгилерин тактабоо зарыл деп эсептейбиз.
Ошого байланыштуу, «кайрадан» деген сөз бул контекстте «акталган» деген сөз менен байланышпайт деп болжолдойбуз.
Жалпы түшүнүк боюнча көрсөтүлгөн адамга кылмыш-жаза жоопкерчилик деген кылмыш жаза-укуктук чараларын мамлекеттик органдар тарабынан колдонуу түрүндө жеке адам жасаган кылмышка мамлекеттин реакциясын белгилеп кетүү зарыл.
Бирок «кылмыш-жаза жоопкерчилиги» термининин так аныктамасынын жоктугу, биздин көз карашыбызда укук колдонуу практикасында кыйынчылыктарды жаратат. Мисалга, 6-берененин 2-бөлүгү пробациялык көзөмөл белгилөө менен бошотулган же мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу түрүндө жазадан бошотулган адамдар, көрсөтүлгөн кылмыш жаза-укуктук режимди бузган учурда эркиндигинен ажыратууга тартылбашын карайбы?
Андан башка, долбоордун мурда ооруп калгандыгынан улам жазага тартылбаган адамга жаза белгилөө каралган 27-беренесинин 2-бөлүгү жогоруда аталган берененин ченемине каршы келерине көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Ошого байланыштуу, практикада ченемдерди туура колдонуу максатында ушул түшүнүккө байланыштуу жаза-укуктук чараларды саноо менен мыйзам түрүндө «кылмыш-жаза жоопкерчилиги» деген түшүнүктү бекитүү зарыл.
5. 7-берене боюнча:
Долбоордун 7-беренеси менен кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жана жазаны дайындоо жөнүндө маселени чечкенде сот жасалган кылмыштын мүнөзүн жана оордугунун даражасын, анын жүйөлөрүн жана максаттарын, күнөөлүүнүн инсандыгын, келтирилген зыяндын өлчөмүн, жазаны оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайларды, жабырлануучунун пикирин эске алуусу жана өкүмдө тандалган жаза чарасын жүйөлөштүрүү менен кылмыш-жаза жоопкерчилигин жана жазаны жекелештирүү принцибин белгилөө сунушталат.
Ушундан улам киргизилген принциптин аталышынан, көрсөтүлгөн жагдайлар, күнөөлүү адамдын өздүгүн кошпогондо, жасалган кылмыштын өздүгүнө кирбейт, ошондой эле долбоордун 6-беренесинде адилеттүүлүк принцибинде түз же кыйыр белгиленгендигин эске алуу зарыл.
6. 8-берене боюнча:
Долбоордун 8-беренесинин кылмыш-жаза жоопкерчилигинин жана жазанын өздүк мүнөзүнүн принцибин белгилеген жобосу, күнөөнүн принцибин белгилеген долбоордун 5-беренесинде жана кылмыштын түшүнүгүн белгилеген 18-берененин 3-бөлүгүндө толук түрдө ачылган деп ойлойбуз.
7. 11-берене боюнча:
Долбоордун 11-беренесинин 2-бөлүгү белгилүү бир кесепеттердин пайда болушу кылмыштын курамынын милдеттүү белгиси болуп эсептелген учурларда, кылмышты жасоонун убактысы деп ушул кесепеттер пайда болгон убакыт тааныларын белгилейт.
Биздин көз караш боюнча, долбоордун 11-беренесинин 2-бөлүгүндөгү көрсөтүлгөн редакция долбоордун 10-беренесинде баяндалган кылмыш-жаза жоопкерчилигинин шексиз принцибин ишке ашырууда тоскоолдук жаратат. Мисалга, адамдын өлүмүнө алып келген саламаттыгына оор залал келтирүүдө (140-берененин 3-бөлүгү), өлүм түрүндө кесепет жосун жасалгандан кечирээк келип чыгат жана тиешелүү түрдө, кылмыш жасалган убактысы кылмыш курамынын объективдүү жагынын белгилери жана далилдөөгө жаткан негизги жагдай катары, айтылган ченемди эске алып өлүм болгон убакыт катары аныкталат. Демек, адам көрсөтүлгөн убакытка кылмыш-жаза жоопкерчилигинен кача алат, себеби ушул убакытта кылмышкердин алибиси болушу мүмкүн.
8. 12-берене боюнча:
Долбоордун 12-беренесинин 5-бөлүгү менен мажбурлап тарбиялоочу жана медициналык мүнөздөгү чаралар сотто ишти чечүү мезгилинде колдонулган мыйзамдын негизинде гана колдонулат деп белгиленген. Сотто кылмыш-жаза ишин (кароо) чечүү созулган мүнөздө болушу мүмкүн болгондуктан, бул ченем укук колдонуу практикасында эки ача түшүнүлүшү мүмкүн.
9. 13-берене боюнча:
Кыргыз Республикасынын аймагында башталган, аяктаган же бөгөт коюлган кылмыш Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган деп таанылат деп аныктаган 13-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын мазмуну, жогоруда аталган берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган, ал эми кесепеттери анын чегинен тышкары жерде болгон жагдайларды көрсөткөн мазмунун өзүнө камтый алат.
Андан тышкары, мыйзамдарда боштуктардын жана укук колдонуу практикасында түшүнбөстүктүн пайда болуусунан качуу үчүн, долбоордун 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы «кылмыштын бөлүгү» түшүнүгүн тактоону сунуштайбыз.
10. 14-жана 15-беренелер боюнча:
Долбоордун 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 15-беренесинин жоболору бири-бирин кайталагандыктан, алардын редакциясын кайра кароо зарыл.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдарга жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган адамдарга бөлүү максаты түшүнүксүз экендигин белгилеп кетебиз. Ошону менен бирге, долбоордо ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган жарандыгы жок адамдар эскертилет (83-берененин 1-бөлүгү).
Ошондуктан, биздин көз караш боюнча кылмыш жасаган Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдарды берүүгө тыюу салуу жөнүндө ченем Кыргыз Республикасында кылмышкерлердин санынын өсүшүнө жана тиешелүү түрдө өкүмдү аткарууда мамлекеттик чыгымдардын өсүшүнө алып келиши мүмкүн (14-берененин 1-бөлүгү).
10. 17-берене боюнча:
Долбоордун 17-беренеси менен эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса же эгерде башка мамлекеттин аймагында жасалган кылмыш Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына таасир тийгизбесе, башка мамлекеттин аймагында адамдын кылмыш жасоосунун жазык-укуктук кесепеттери ушул эле адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган жосуну үчүн кылмыш жоопкерчилигинин маселесин чечүүдө жазык-укуктук мааниге ээ болбой тургандыгы белгиленет.
Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин сунушталган редакциясын практикада так жана туура колдонуу максатында «кылмыш-жаза-укуктук мааниси» термининин түшүнүгүн тактоону сунуштайбыз. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу кодексинин долбоору менен жазаны өтөө үчүн түзөтүү мекемелеринин түрлөрүн аныктоого таасирин тийгизүүчү жагдайлар катары, анын ичинде Кыргыз Республикасынан тышкары кылмыш жасаган адамдар үчүн пенитенциардык рецидив каралгандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Ошондой эле, кайтарым жагдайдагы кылмыш-жаза-укуктук маанисинде кайсы кылмыш-жаза-укуктук кесепет бар экендиги түшүнүксүз, башкача айтканда, кылмыш Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын козгосо. Ошондуктан мыйзамдардагы боштуктардын жаралышынан качуу үчүн кайсы кылмыш-жаза-укуктук мааниде көрсөтүлгөн кылмыш-жаза-укуктук кесепети берилерин тактоону сунуштайбыз.
11. 19-берене боюнча:
Долбоордун 19-беренесинин 3-бөлүгүндөгү «эркиндигинен ажыратуу» деген сөздөрдөн кийин «беш жылдан, бирок» деген сөздөр менен толуктоо сунушталат.
12. 20-берене боюнча:
Долбоордун 20-беренеси менен аракеттен же аракетсиздиктен башталып, андан кийин үзгүлтүксүз жасалган «уланып келген кылмыш» деген түшүнүк ачылган. Биздин көз караш боюнча, көрсөтүлгөн аныктама уланып келген кылмыштын бардык формасын камтыбайт. Мисалы, кылмыш бир аракет менен жасалат (пенсия тариздөөдө жалган документтерди берүү), бирок кесепети улануусу мүмкүн (пенсия алуу).
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин долбоорунун Өзгөчө бөлүгүндө кылмыштын конкреттүү түрлөрүнүн аныктамасы берилерин эске алып, 20-берененин 2-бөлүгүндөгү «ушул Кодекстин беренелеринин биринде (берененин бөлүктөрүнүн биринде)» деген сөздөрдү «ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
13. 23-берене боюнча:
Долбоордун 23-беренесинин 1-бөлүгүндөгү жеңилдетүүчү белгилери бар атайын ченем оордотуучу белгилери бар атайын ченемге караганда артыкчылыкка ээ болгондугун белгилеген. Ошондуктан «жеңилдетүүчү белгилер» жана» оордотуучу белгилер» деген түшүнүк жок экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз.
14. 24-берене боюнча:
Долбоордун 24-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы долбоордун 243 жана 244-беренелери боюнча да, адам төмөнкүлөрдү уюштургандыгы (түзгөндүгү) үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурларда колдонулбайт: мыйзамсыз диний топту; уюшкан топту; кылмыш уюмун; куралдуу түзүмдү; банданы; экстремисттик коомдук бирикмени, диний же башка уюмду, ошондой эле аларды жетектөө же аларга катышуу менен жасаган жосун боюнча квалификациялоо жосунун колдонууну алып салууну кароону камтыган жоболорду алып салуу зарыл экендигин билдиребиз, себеби бул ченем жарандардын мыйзам алдында бирдейлигинин жана жасаган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартаары шексиз экендигинин принциптерине каршы келет. Андан тышкары, бул ченем көрсөтүлгөн уюшкан топ, кылмыш уюму тарабынан жасалган кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен адамдардын качуусуна жол берет.
Андан башка, мыйзамсыз диний топту, экстремисттик уюмду уюштуруу (түзүү) долбоордун 244 жана 245-беренелери менен каралган эмес, «банда» деген түшүнүк сыяктуу эле долбоордо ачылган эмес жана өз алдынча кылмыш курамын түзбөйт.
Кылмыш-жаза кодексин жаӊы редакцияда баяндоо сунушталып жаткандыктан, ченемдик укуктук актылардын структуралык элементтерин сандык индекс колдонуу менен номерлештирүү ченемдик укуктук актыларга толуктоо киргизүүдө гана жол берилерин белгилейбиз. Ошондуктан, 3151-беренени, ошондой эле 24-беренеде көрсөтүлгөн шилтемени «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
15. 27-берене боюнча:
Коомдук коркунучтуу жосун коомдук зыян гана алып келбестигин эске алып, долбоордун 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн редакциясын кайра караштырууну сунуштайбыз. Долбоордун 28-беренесинин 1-бөлүгү боюнча да ушундай эле сунуштар.
16. 28-берене боюнча:
28-берене менен «акыл-эси чектелген соо болушу» деген түшүнүктү киргизүү каралган. Аталган берененин 1-бөлүгүнүн редакциясы, биздин көз карашыбыз боюнча, коррупциялык бөлүктү камтыйт, себеби өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү мүнөзүн жана коомго келтирүүчү зыянын түшүнбөгөн же аларды башкара албагандыгын көрсөтүү, медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу жазаны өтөөсүн кийинкиге калтырууга мүмкүндүк түзөт. Ошону менен бирге, «толук өлчөмдө» туюндурмасынын критерийлери жок болгондуктан, укук колдонууну татаалдаштырат, себеби мааниси боюнча долбоордун 33-беренесинде каралган «байкабастыктан жасалган кылмыш» деген түшүнүк менен окшош.
17. 29-берене боюнча:
Долбоордун 29-беренесинин редакциясы алкоголду, баңги зат каражаттарын же башка баңги кылуучу заттарын пайдаланып, мас абалында кылмыш жасаган адамга ошол кылмыш үчүн кылмыш жоопкерчилигин карайт. Ошого байланыштуу аталган беренени Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинин 21-беренесинин редакциясында баяндоону сунуштайбыз:
«Алкоголдук ичимдик ичүүдөн, баңгилик каражаттарды же башка деңдароо кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында кылмыш жасаган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.».
18. 30-берене боюнча:
Долбоордун 30-беренесинин 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинин 18-беренесине окшоштуруп конкреттөөнү сунуштайбыз, себеби сунушталган редакция боюнча анча оор эмес кылмыштар үчүн он төрт жашка чыккан жашы жете элек адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мисалга алсак, коргонуу зарылдыгынан аша чаап же кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чаап саламаттыкка оор зыян келтирүү (142-берене), ачууга өтө алдырган абалда саламаттыкка оор зыян келтирүү (143-берене), саламаттыкка кокустуктан оор зыян келтирүү (144-берене) ж.б.
19. 35-берене боюнча.
Мындан да ачык түшүндүрүү максатында, долбоордун 35-беренесин төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
«Ушул Кодексте каралган кылмыштын курамынын бардык белгилери бар жосун аяктаган деп таанылат».
20. 38-берене боюнча.
Долбоордун 38-беренесинин 1-бөлүгүн конкреттештирүү үчүн «курал» деген сөздөн мурда «кылмыш» деген сөз менен толуктоону сунуштайбыз.
21. 39-берене боюнча.
Долбоордун 39-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү менен кылмышка ниет кылуу аяктаган жана аяктай элек деп бөлүнгөн. Ошону менен, долбоор ушул кылмышка ниет кылуунун түрлөрүнө көз каранды болгон жазык-укуктук натыйжаларды караштырган эмес, ошондой эле ушул берененин 4-бөлүгү кылмышка ниет кылуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин аныктайт. Ушуга байланыштуу, кылмышка ниет кылуунун түрлөрүн долбоордо бекитүүнүн максаты тууралуу суроо пайда болуп жатат.
22. 40-берене боюнча.
40-берененин 2-бөлүгүндө кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тарткан адам кылмыш куугунтуктоосуна алынбайт деп аныкталган. Ошону менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоорунун 5-беренеси «жазыктык куугунтуктоо - шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолуучунун кылмыш же жорук жасагандыгынын бетин ачуу максатында айыптоо тарабы жүргүзүүчү процесстик иш-аракет» деген түшүнүктү камтыйт. Ушуга байланыштуу, ушул редакция 2-бөлүктүн экинчи сүйлөмүнө каршы келет, анткени анда мындай адам ал иш жүзүндө жасаган жосун башка кылмыштын курамынын белгилерин камтыган учурда гана кылмыш жоопкерчилигине тартылаары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, материалдык укуктун ченемдеринде процессуалдык мыйзамдардын терминдерин жана түшүнүктөрүн колдонуу туура эмес. Ушундай сын пикир 59-берене боюнча да бар.
23. 44-берене боюнча.
44-беренеде кылмышка кошо катышуунун формалары көрсөтүлгөн. Ошону менен уюшкан топ үчүн үч же андан көп адам катышуучу, ал эми кылмыштуу уюм үчүн беш же андан көп адам катышуучу болуп аныкталган. Ушуга байланыштуу кайсы ченөлчөмдүн негизинде мындай сандык белгилер коюлгандыгы түшүнүксүз болууда, анткени практикада мындай төп келүүлөр дайыма болбойт, өз учурунда анын болушу кылмыштарды квалификациялоонун жумшак болуп калуусуна алып келет.
Ошондой эле жогоруда аталган берененин 4-бөлүгүндө ички карама-каршылыктарга көӊүл бурабыз, анткени аталган бөлүктүн 2-пунктунда уюшкан топтун тиешелүү белгиси - ага катышуучулардын бардыгынын ортосунда кылмыш (кылмыштарды) жасоо жөнүндө алдын ала бүтүмү болот деп көрсөтүлгөн, ал эми 4-пунктунда максаты ушул кылмыштуу уюмга катышуучулар менен бир нече оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоо болуп эсептелет деп көрсөтүлгөн.
24. 45-берене боюнча.
Долбоордун 45-беренесинин 4-бөлүгү менен уюштуруучу, шыкактоочу жана көмөкчү аткаруучу жасаган кылмышты караган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) жана 43-беренесинин тиешелүү бөлүгү боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш деп белгиленген. Ошону менен, 43-беренеде кылмышка кошо катышуучулардын укуктук абалы гана көрсөтүлгөн жана кандайдыр бир жоопкерчилик каралган эмес.
25. 56-берене боюнча.
Мыйзамдарда боштуктарды болтурбоо жана укукту туура колдонуу максатында 56-берененин 2-бөлүгүндөгү «же башка оор кесепеттер» деген сөздөр эмнени түшүндүрө тургандыгын тактап кетүүнү сунуштайбыз, анткени долбоордо анын мазмуну чечмеленген эмес, ал эми кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарга ылайык бардык күмөндөр шектүүнүн (күнөөлүүнүн) пайдасына чечилет.
26. 9-бөлүм боюнча (57, 58 жана 59-беренелери).
57-беренеде билимсиз адам тарабынан жараксыз каражаттарды колдонуусу кылмыш болуп эсептелбегендиги бекитилген. Ошону менен, ушул ченемде «билимсиздик» түшүнүгүнүн так аныктамасы көрсөтүлгөн эмес. Ушул редакциядагы «ушул жосун жасалган» түшүнүгү, биздин көз карашыбыз боюнча, долбоордун 27 жана 28-беренелеринде көрсөтүлгөн акыл-эси соо эмес же чектелген акыл-эси соо эмес абалында жасаган жосун деген түшүнүккө чалынууда.
Жалпысынан, бул бөлүмдө колдонулган «билимсиз адам», «жараксыз каражаттар» жана «анча маанилүү эмес жосун» деген туюндурмалар коррупциялык факторлорду пайда кылат. Мисалга алсак, Кодекстин долбоорунда «билимсиз адам» сөз айкаштарын колдонуу, сотко адамдын бул мүнөздөмөсүн өзү каалагандай аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары, анча маанилүү эмес жана жараксыз каражаттарды баалоо чен белгилеринин жоктугу мыйзам чыгаруу деӊгээлинде ченемдик укуктук актыларда дискрециялык ыйгарым укуктардын пайда болушуна алып келет.
Ошондуктан долбоордун 9-бөлүмүнүн жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Ушундай эле эскертүүлөр долбоордун 65, 67, 103, 133, 138, 143, 146, 195, 375, 380-беренелеринде камтылган «кыянаттык менен качуу» жана «системалуу түрдө бузуу» туюндурмалары боюнча.
Долбоордо коррупциялык элементтерди болтурбоо максатында аракеттердин системалуулугун аныктоо үчүн чен белгилерди бекитүү маселелерин мыйзам деӊгээлинде жөнгө салууну, ошондой эле «кыянаттык» деген юридикалык түшүнүккө юридикалык аныктама берүүнү сунуштайбыз.
27. 10-бөлүм боюнча (60, 61 жана 62-беренелери).
Долбоордун 10-бөлүмү менен мажбурлоочу мүнөзгө ээ эмес жазык-укуктук таасир берүүнүн чараларын кароо сунушталган. Бул глава өзүнө Кылмыш-жаза кодексинин өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунун негизинде кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу, жосундун кылмыштан арылтылгандыгына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу, ошондой эле кылмыштык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү аяктаганга байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу жөнүндө жоболорду камтыйт.
Ошону менен бирге эле, долбоордун 10-бөлүмү мажбурлоочу мүнөзгө ээ эмес жазык-укуктук таасир берүү чараларынын тизмесин камтыбайт жана алардын санына кандай чаралар кирээри да так көрсөтүлгөн эмес.
«Чара» термини кайсы-бир аракетти, иш-чараны жүзөгө ашыруу үчүн каражатты болжолдойт. Өз кезегинде «таасир этүү» түшүнүгү белгилүү бир жыйынтыкка жетишүү максатында таасир көрсөтүү. Эгерде жогоруда аталган келтирилген маанилерди негиз кылсак, анда Кылмыш-жаза кодексинин өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунун негизинде кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу, жосундун кылмыштын арылтылгандыгына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу, ошондой эле кылмыштык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү аяктаганга байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу жоболору чара болуп саналбайт.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу, долбоордун 10-бөлүмүнүн 60-62-беренелерин кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Долбоордун 62-беренесинин 4-бөлүгү менен, мыйзамга ылайык өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалышы мүмкүн болгон өзгөчө оор кылмыш жасаган адамга эскирүүнү колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет деп белгилөө сунушталган. Ошол эле мезгилде көрсөтүлгөн берене менен, эгерде сот эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалышы мүмкүн эмес жана 15 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат деп аныктоо сунушталган. Бул ченемдин мааниси боюнча мыйзам чыгаруучу сотко кылмыш жоопкерчилигинин эскирүү мөөнөтүн колдонуу же колдонбоо укугун берүүдө, ошол эле мезгилде аны өмүр бою эркиндигинен ажыратууну дайындоого чек коюуда.
Ушуга байланыштуу, долбоордун жогоруда аталган беренесинин 4-бөлүгүн, долбоордун 62-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту менен, эгерде кылмыш жасаган күндөн баштап өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күнгө чейин он жыл өтсө өзгөчө оор кылмыш жасаган адам сот тарабынан кылмыш жоопкерчилигинен бошотулаары каралгандыгын эске алуу менен кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
28. 64-берене боюнча.
Долбоордун 64-беренесинин 2-бөлүгү менен, оор же өзгөчө оор кылмыш кылган учурда сот тарабынан кошумча жаза катары мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу колдонулушу мүмкүн деп берилген. Ошондуктан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мындай наамдын ээси тарабынан оор же өзгөчө оор кылмыш кылган учурларда мамлекетке мамлекеттик сыйлыктан ажыратуу укугун белгилеген ченемдер каралган эместигине көңүл буруу зарыл.
Ушуга байланыштуу, бул долбоор кабыл алынган учурда жогоруда аталган мыйзамда наамдын ээси оор же өзгөчө оор кылмыш кылган учурларда мамлекетке мамлекеттик сыйлыктан ажыратуу укугун белгилеген ченемди аныктоону максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керектигин эске алып, 64-берененин 5-бөлүгүндөгү жана долбоордун 2-тиркемесиндеги ички карама-каршылыктарды алып салууну жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Ушундай эле эскертүүлөр долбоордун 66-беренесинин 5-бөлүгү жана 83-беренеси боюнча да бар.
29. 65-берене боюнча.
Долбоордун 65-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрүнүн жана 67-берененин 6-бөлүгүнүн ортосунда, ошондой эле көрсөтүлгөн структуралык элементтердин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 42-беренесинин ортосунда карама-каршылыктар бар болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерди карап чыгууну сунуштайбыз.
Ушул берененин 6-бөлүгү менен коомдук ишке тартылган соттолуучу бала багуу боюнча өргүүдө болгон учурда, ушул жазаны айыптын суммасынын 50% түрүндөгү жаза менен алмаштыруу сунушталган.
Ал эми адам айыпты төлөөдөн баш тартса Кыргыз Республикасынын 346-беренесинин негизинде жазык жоопкерчилигине тартылат.
Ушуга байланыштуу, долбоордун 64-беренесинде жазанын жеңилден катууга карай түрлөрү караштырган. Мында, айып коомдук ишке караганда катуураак болуп эсептелет. Ошондуктан, түзөтүү иштери түрүндөгү жазаны жүйөлүү себептен (бала багуу) аткарбагандыгы үчүн айып түрүндөгү жазаны колдонуунун туура эместиги көрүнүүдө.
Ушундай сын пикир долбоордун 67-беренесинин 7-бөлүгү боюнча да бар.
30. 66-берене боюнча.
«Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эске алуу менен 66-берененин 1-бөлүгүндөгү «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында» деген сөздөрдү «муниципалдык кызматта» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
66-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүн «бул учурда» деген сөздөрдөн кийин «ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинин санкциясында көрсөтүлгөн» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Долбоордун 66-беренесинин 5-бөлүгүн «айып» деген сөздөн кийин «же үч эселенген айып» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
66-берененин 2-бөлүгүндө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иште иштөө укугунан ажыратуу түрүндөгү жазанын градациясын белгилөө сунушталган.
Ушуга байланыштуу, негиздеме-маалымкаттын белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иште иштөө укугунан ажыратуу түрүндөгү жазалардын категорияларынын жоктугу тууралуу жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
31. 67-берене боюнча.
67-берененин 1-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени ушул ченем өзүнүн мазмуну менен жаза тартуу маселесине гана тиешелүү, ошондуктан жаза аткаруу укугунун ченеми болуп эсептелет.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн ченемдин мазмуну бирдей эмес түшүндүрмөгө алып келүүдө. Анткени соттолуучунун эмгек акысын кармап калуу негизги иштеген жеринен, башкача айтканда, жаза тартуу жеринен жүргүзүлөт деген ой туудурууда.
Долбоордун 67-беренесинин 6-бөлүгүндө сот менен түзөтүү иштерин коомдук иштер менен алмаштырууда түзөтүү жана коомдук иштердин өз ара катышын белгилөө сунушталууда.
Ушуга байланыштуу, белгиленген өз ара катыштар таблицада көрсөтүлгөн өз ара катыштардан (долбоорго 2-тиркеме) айырмаланып турат, ошондуктан 67-берененин 6-бөлүгүн долбоордун 2-тиркемесине ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
32. 69-берене боюнча.
69-берененин 5-бөлүгү менен айыпты эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу караштырылган. Мында, долбоордун 346-беренеси менен жорукту жасагандыгы үчүн соттолгон адамдын же жоругу же кылмышы үчүн жазанын башка түрлөрү айып менен алмаштырылганда соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүн аткарбагандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги караштырылган.
Ошондуктан, укук колдонуу практикасында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин ченемдеринин бир мааниде эместиги кылмыш жазаларын алмаштыруу же жаӊы кылмыш жоопкерчилигине тартуу институтун колдонууда талаштарга алып келет.
Мындан тышкары, кошумча жаза катары дайындалган айыпты төлөбөгөндө кылмыш-укуктук натыйжага алып келүүнүн өзгөчөлүктөрүн долбоор өзүнө камтыбайт.
33. 72-берене боюнча.
Долбоордун 72-беренеси менен, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды кылмыш жазаларын аткаруу мекемелерине жиберүү жолу менен коомдон мажбурлап обочолоону билдирет деп белгилөө сунушталган жана эгерде сот белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууну колдонуу мүмкүндүгүн таппаган учурда Кодекстин долбоорунун 132-беренесинин 2-бөлүгүндө, 374-375-беренелеринде, 377-378-беренелерде, 380-беренеде, 383-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштарды кылгандыгы үчүн белгиленет. Бул контексттеги «сот белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууну колдонуу мүмкүндүгүн таппаган учурда» деген сүйлөм кайсы бир деӊгээлде адилеттик принцибин бузат, ага ылайык ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамга колдонулуучу жаза жана жазык-укуктук таасир берүүнүн башка чаралары кылмыштын мүнөзүнө жана оордугунун даражасына, ошондой эле аны жасоонун жагдайларына шайкеш келүүгө тийиш. Бул учурда сотко адамзаттын коопсуздугуна жана тынчтыгына каршы кылмыштар үчүн жазанын башка түрлөрүн колдонуу мүмкүндүгүн берүү менен жазанын кылмышка жараша болушунун принциби бузулат.
Мындан тышкары, 72-берененин 1-бөлүгүнүн жоболору өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны колдонууга алып келүүчү кылмыштардын толук тизмесин белгилейт. Ушул берененин 2-бөлүгү мындай түрдөгү жазалардын колдонуунун башка учурларын караштыргандыктан, жогоруда көрсөтүлгөн берененин ичиндеги карама-каршылыктарга көӊүл бурабыз.
34. 75, 76 жана 77-беренелер боюнча.
75-берененин 1-бөлүгүнүн жана 77-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн ченемдерин түшүнүү кыйын болгондуктан редакцияларын карап чыгууну сунуштайбыз.
Долбоордун 76-беренесинин 1-бөлүгүн пайда табуу максатында кылмыш жасагандык үчүн жазаны оорлотуучу жагдайларды: башка кылмышты жашыруу үчүн жасалганын же анын жасалышын жеӊилдетүү үчүн жасалганын конкреттештирүү зарыл деп эсептейбиз.
Долбоордун 76-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы «карыган адамга» деген сөздөрдү «Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында «улгайган жаранга» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз. Мында 1-тиркемедеги «улгайган адам» деген түшүнүктү кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
35.81-берене боюнча.
Долбоордун 81-беренесинин 5-бөлүгүнүн жоболору менен өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоо мезгилин камактагы эки күндү эркиндигинен ажыратуунун үч күнүнө туура келет деп аныктоо сунушталган.
Ушуга байланыштуу, бул жобонун коррупциялык экендигине көңүлдү бурабыз, анткени субъекттерге эркиндигинен ажыратуучу жайларда кармоо мөөнөтүн кыскартуу максатында камакта узакка кармоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга шарт түзөт. Мындан тышкары бул жобо тергөө иш-чараларынын создуктурулушуна түрткү болот деп эсептейбиз.
Ошондуктан өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоо мезгили камактагы бир күн эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө туура келет деген эсеп менен аныктоону сунуштайбыз.
36. 13-бөлүм боюнча (83, 84 жана 85-беренелери).
Пробация турмуштук кыйын кырдаалдан чыгуу боюнча соттолгондорго социалдык жардам берүүгө жана эркинен ажыратуу жайларынан бошотулган соттолгондорду социалдык адаптациялоого (ресоциализация) багытталган, мамлекеттин социалдык-укуктук институту катары түшүнөт, бирок пробация жазадан бошотуунун өзүнчө түрү эмес деп түшүнүү керек. Ушуга байланыштуу, төмөнкүнү сунуштайбыз:
13-бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Пробациялык көзөмөл»;
83-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы «(пробация)» деген сөздү алып салуу.
83-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «пробация» деген сөздү «пробациялык көзөмөл» деген сөздөр менен алмаштыруу.
Мындан тышкары, 84-берененин 4-бөлүгүндөгү «пробация колдонулган адамдын жүрүш-турушун көзөмөлдөөнү» деген сөздөрдү «пробациялык көзөмөл» деген сөз менен алмаштырууну.
Мындан тышкары, макулдук берүү учурун конкреттештирүү максатында 84-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун «алдын ала» деген сөздөрдөн кийин «сот өкүмү чыкканга чейин» деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
Ресоциализация программасы анда соттолгондордун ыктыярдуу катышуусун болжолдоорун эске алуу менен 84-берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ушул эле берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна окшош сот өкүмү чыкканга чейин ресоциализация программасына катышууга алдын ала макулдугун алуу жөнүндө ченемди киргизүүнү сунуштайбыз
84-берененин 1-бөлүгү менен соттолгондорго көзөмөлдүк талаптар коюлгандыктан, долбоордун 85-беренесинин 1-бөлүгүн «жүктөлгөн» деген сөздөн кийин «көзөмөлдүк талаптарды жана» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз. Ошондой эле жогоруда аталган берененин 2-бөлүгүн “бузса” деген сөздөн мурда “көзөмөлдөө талаптарын” деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Соттолгон адам пробациялык көзөмөлдү ийгиликтүү түрдө өтөшү жана сот тарабынан дайындалган жазаны колдонуунун зарыл эместик фактысын бекитүү максатында, ошондой эле соттун өкүмдөрүнүн аткарылуусун контролдоо жана пробациялык көзөмөлдөөнүн натыйжалуу аткарылуусу үчүн 85-берененин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толуктоону сунуштайбыз:
«Пробациялык көзөмөлдүн жана пробациалык милдеттердин аткарылганы же аткарылбагандыгы пробациялык органдын соттолуучу пробациялык көзөмөлдү өтөгөндүгү жөнүндө корутундусунун негизинде аныкталат.».
37. 96-берене боюнча.
«Конфискация» түшүнүгүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 287-беренесине ылайыкташтырууну сунуштайбыз, анткени 96-берененин 3-бөлүгүндө мүлктү конфискациялоо (алып коюу) жөнүндө талаштар жарандык мыйзамдарда каралган тартипте чечилет деп көрсөтүүдө.
38. 107-берене боюнча.
Долбоордун 107-беренесинин 2-бөлүгү менен жашы жете элек балдарга белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу түрүндө кошумча чаралар колдонулушу мүмкүн деп бекитүү сунушталган. Бул контекстте жашы жете электерге кандайча белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу түрүндө кошумча чаралар колдонулушу мүмкүн экендиги түшүнүксүз.
39. 111-берене боюнча.
Долбоор жашы жете электердин жоопкерчилигин катаалдаштыраарын белгилеп кетүү керек. Долбоордун 111-беренесинде өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазанын максималдуу мөөнөтү он эки жылдан ашпоосу белгиленген, ал эми Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин колдонуудагы редакциясында бул мөөнөт он жылды түзөт.
Бул категориядагы адамдардын (жашы жетпегендердин) аялуулугун эске алып Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине көнүл бурабыз, ага ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.
40. 124-берене боюнча.
Долбоордун 124-беренесинин 2-бөлүгү менен эгерде жосун жеке жак тарабынан юридикалык жактын атынан же ал аркылуу, ошол юридикалык жактын пайдасы үчүн жасалса, мындай жеке жак кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгына карабастан, юридикалык жакка ушул Кодекске ылайык жазык-укуктук таасир берүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулат деп белгилөө сунушталган. Көрсөтүлгөн берене долбоордун 173, 211-213, 216, 230-232, 234-239, 278, 284-288, 290, 319, 322-323 беренелеринде каралган жосундарды жасаганда юридикалык жакка жазык-укуктук таасир берүүнүн чаралары колдонулат деп караштырууда. Бирок долбоордун юридикалык жакка жазык-укуктук таасир берүүнүн чараларын колдонууну караган 236, 237, 239-беренелери юридикалык жактын пайда табуусун карабайт. Ошондуктан долбоордун 124-беренесинин 5-бөлүгүнүн редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
41. 128-берене боюнча.
Жазык-укуктук таасир берүүнүн мажбурлоочу чарасы катары юридикалык жакты жоюуну караган долбоордун 128-беренесинде мажбурлап жоюунун шарттарын жана конкреттүү учурларын кароону жана жарандык мыйзамдардын ченемдери менен байланыштырууну сунуштайбыз. Анткени юридикалык жакта экономикалык кылмыштардын түрү боюнча анын ишинин жыйынтыгында ар түркүн милдеттенмелер пайда болушу мүмкүн, анын ичинде салыктык милдеттенмелер боюнча дагы.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине ылайык юридикалык жакты жоюу анын укуктарын жана милдеттерин укуктун өтүүчүлүк тартибинде башка жактарга өткөрбөй токтотууга алып келет. Айрым учурларда юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун актысы анын уюштуруучулары үчүн пайдалуу жагдайды камсыз кылышы мүмкүн, анткени юридикалык жактын токтотулушу менен анын укуктары жана милдеттери да токтотулат. Мындан тышкары жарандык мыйзамдар юридикалык жакты жоюунун кандайдыр-бир жол-жобосун карайт, ал эми карыздары бар жакка карата банкрот болуу институту бар.
42. 145-берене боюнча.
Долбоордун 145-беренесинин 1-бөлүгүнүн диспозициясын 1996-жылдын 26-июлундагы № 46 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыйноого жана башка ырайымсыз, адам жасагыс же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы Конвенцияга ылайык келтирүү максатында көрсөтүлгөн бөлүктү «кызмат адамы» деген сөздөрдөн кийин «же расмий түрдө чыккан башка жак менен» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
43. Жалпысынан Өзгөчө бөлүгү боюнча (банкрот болуу маселеси).
Долбоордун өзгөчө бөлүгүндө чарбакер субъектилердин банкрот болуу процесси чөйрөсүндө түзүлгөн мамилелердин объектиси катары чыккан кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган ченемдер жок.
Ушуга байланыштуу, көрсөтүлгөн жосундардын декриминалдашуусунун себептерин негиздеп берүүнү жана Кылмыш-жаза кодексинин жаӊы редакциясына киргизбөөнүн негиздерин көрсөтүүнү зарыл деп эсептейбиз.
Коммерциялык субъектилердин банкрот болуу процессинде жасалган пайдакечтик аракеттер кеӊири жайылган көрүнүш. Буга жараша, бул укук бузууларды жасагандыгы үчүн административдик жана жазык-укуктук жоопкерчилик институту өзүнүн актуалдуулугун жогото элек.
Банкроттоо процесси активдерди тескөө менен байланышкан бардык башка процесстердей эле атайын администратор жана карызкор тарабынан кыянаттык кылуу тобокелдиги менен байланышкан.
Жалпыга белгилүү болгондой жасалма банкрот кылуу, атайылап банкрот кылуу – бул бизнести басып алуу, менчикти бөлүштүрүү, активдерди криминалдык алып чыгып кетүү үчүн кеӊири жайылган инструменттердин бири болуп саналат.
Ушулар менен бирге долбоордун 216-беренесинде каралган «рейдерлик» түшүнүгү, менчик укугун жана башка активдерди мыйзамсыз алуу үчүн банкрот болуунун механизмин колдонууну өзүнө кошкон эмес. Ушуга байланыштуу, банкроттук кылынганда, ошондой эле банкротко учуроодогу укукка жат аракеттер, жалган банкротчулук болгондо укукка каршы аракеттерди жасагандыгы үчүн жазык-укуктук жоопкерчиликти сактап калууну зарыл деп эсептейбиз.
44.147-берене боюнча.
Долбоордун 147-беренесинин 1-бөлүгү менен өмүргө жана саламаттыкка коркунучтуу зомбулукту колдоном деп коркуткандык үчүн, ушул коркунучту ишке ашырууга жетиштүү коркунучтуу негиз болгон үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин бекитүү сунушталган. Бул ченемде «жетиштүү коркунучтуу негиз болсо» деген туюндурманы колдонуу коррупциялык элемент болуп саналат жана көп түшүнүктөрдү берүүгө ээ болушу мүмкүн.
45. 157-берене боюнча.
Долбоордун 157-беренесинин 1-бөлүгү менен белгиленген эрежелерди бузуу менен аялга бөтөн урук клеткасын имплантациялоо же андан эмбрионду жаратуу, ага тете бөтөн урук клеткасын имплантациялоого же андан жаратылган эмбрионго жеке ортомчулук кылуу үчүн жоопкерчиликти бекитүү сунушталган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренесине ылайык Конституция жана мыйзам тыюу салган аракеттерге жана иштерге гана жол берилбейт, калган учурда ар бир жарандын колу-жолу бош. Ошентип, жазык жоопкерчилиги Конституция жана мыйзам тыюу салган аракеттерге гана белгилениши керек.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында долбоордун 157-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосун боюнча кандайдыр-бир талаптар коюлган эместигине көӊүл бурабыз.
Ушундай эле эскертүүлөр долбоордун 254, 256, 257, 270, 276, 279, 280, 281, 282, 288, 290, 292, 293, 297, 298, 299, 313, 365, 366, 367, 368, 371, 372, 373-беренелери боюнча да бар.
Мындан тышкары, 157-беренеде каралган аялга бөтөн урук клеткасын имплантациялоо же андан эмбрионду жаратуу үчүн жоопкерчиликти белгилөө долбоордун адамга же мамлекетке, коомго же адамзатка оор же бир кыйла зыян келтирүүнү кылмыш деп аныктоо тууралуу концепциясына туура келбейт деп эсептейбиз. Аталган беренеде зыяндын болушу кылмыштын курамынын милдеттүү белгиси болуп эсептелбейт.
Ушуга байланыштуу, көрсөтүлгөн кылмыш курамын кайра кароо зарылдыгын белгилейбиз. Ошондой эле, орчундуу же оор зыян болгондугу катары милдеттүү кылмыш курамдарын карап чыгууну сунуштайбыз.
46. 165-берене боюнча.
Долбоордун 165-беренеси менен сойкулук жасоого мажбурлагандык же сойкулук жасоого тарткандык үчүн жазык жоопкерчилиги каралган. Жогоруда аталган берененин 2-бөлүгүнүн сунушталган санкциясы өзүнө III категориядагы эркинен ажыратууну камтыйт.
Мында бул кылмыш материалдык пайда табуу менен байланышкан пайдакечтик кылмыш болуп эсептелет, ошондуктан айыпталуучу материалдык жоопкерчиликти тартышы дагы туура болмок деп эсептейбиз.
Долбоордун 173, 175-беренелери боюнча да ушундай эле эскертүүлөр бар.
47. 167-берене боюнча.
Долбоордун 167-беренеси менен сексуалдык байланыштары жок ыплас аракеттер курагы он алтыга жете элек экендиги белгилүү болгон адамга карата жасалгандыгы үчүн жазык жоопкерчилигин белгилөө каралган. Мында колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинде «ыплас аракеттер» түшүнүгү ачылып берилген эмес.
Ушуга байланыштуу бул түшүнүккө юридикалык аныктама берүүнү сунуштайбыз.
48. 181-берене боюнча.
Долбоордун жоболорунун түрдүүчө окулуусун болтурбоо максатында «кылмыштуу коомдоштук» деген сөздөрдү «кылмыштуу уюм» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз (мисалга, 181, 315 жана 339-беренелерде).
49. 187-берене боюнча.
Долбоордун 187-беренесинин аталышын «мыйзамсыз» деген сөздөн мурда «атайылап» деген сөз менен толуктоону сунуштайбыз.
Бул сунуш долбоордун 1-тиркемесинин 26-пунктуна ылайык, «атайылап» түшүнүгү аракеттенип жаткан адам тарабынан белгилүү фактыны, жагдайды ачык, белгилүү, күмөн саноого жатпай турган катары аң-сезимдүү түшүнөөрүн билдиргендигине байланыштуу киргизилип жатат, бул болсо кылмыштын субъектин көбүрөөк конкреттештирмек.
50. 31-бөлүм боюнча.
Долбоордун 31-бөлүмү менен экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар үчүн жоопкерчиликти белгилөө сунушталган. Муну менен бирге, аталган главада материалдык байлыктарды чет өлкөдөн кайтарбоо, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн элдеринин энчиси болгон көркөм, тарыхый жана археологиялык буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кайтарбоо, чет өлкөлүк валютадагы каражаттарды чет мамлекеттерден кайтарбоо кылмыштары чагылдырылган эмес. Муну менен бул жосундар Кыргыз Республикасынын Жосундар жөнүндө кодексинин долбоорунда каралган эмес.
Жогоруда аталган жосундарды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине кошуу же аны жосун катары аныктоо экономикалык эгемендүүлүктүн элементи катары маданият мурастарын кылмыштуу кол салуулардан ар тараптуу сактоону, ички валюта рыногун жана валютанын курсун бекемдөөнү камсыз кылат.
51. 209-берене боюнча.
«Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык микрофинансы уюму банк эмес жана бул Мыйзамдын талаптарына ылайык айрым банк операцияларын жасай алат.
Ушуга байланыштуу долбоордун 209-беренесин «банк иши» деген сөздөрдөн кийин «же банк операциялары» деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, долбоордун 209-беренесиндеги «уруксат (лицензия)» деген сөздөрдү «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, «лицензия жана (же) уруксат алуу» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Ал эми кылмыштын, квалификациялык белгиси болуп ири өлчөмдөгү пайда табуу менен байланышкан жосунду жасоо саналат. Колдонулган терминдердин мааниси көрсөтүлгөн долбоордун 1-тиркемесинде ири өлчөм (ири өлчөмдөгү киреше) – мыйзамсыз пайда табуунун белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миң эсе ашкан өлчөмү (100 000 сом), ал эми өзгөчө ири залал – мыйзамсыз пайда табуунун белгиленген эсептик көрсөткүчтөн элүү миң эсе ашышы (500 000 сом) деп көрсөтүлгөн.
Мында, 209-берене боюнча бул кылмышты жасагандыгы үчүн санкциялар деген 1-бөлүмү боюнча - I категориядагы айыпты жана 2-бөлүмү боюнча - II категориядагы айыпты камтыйт, долбоордун 65-беренесине ылайык I категория үчүн 600дөн (60 000 сом) 1000 (100 000 сом) эсептик көрсөткүчкө чейин жана II категория үчүн 1000 (100 000) ден 1400 (140 000) эсептик көрсөткүчкө чейин.
Ошону менен, кылмыштын субъектиси банктык ишти уруксаты жок лицензиясыз жүргүзүп жана мындан ири өлчөмдөгү киреше алса (100 000 сом) ошол эле 100 000 сом өлчөмүндөгү айып пулга соттолушу мүмкүн, ал эми эгерде ири өлчөмдөгү кирешени алса (500 000 сом), анда 140 000 сом өлчөмүндөгү айыпка тартылат.
Ушуга байланыштуу, эскертүү түрүндө долбоордун 209-беренеси боюнча ири өлчөмгө жана өзгөчө ири өлчөмгө аныктама берүүнү зарыл деп эсептейбиз, ошондой эле мындай түрдөгү кылмышка карата мыйзамсыз банктык иши өзгөчө кооптуу болгондуктан, 209-беренесинин 1-бөлүмү боюнча V категориядагы айып түрүндө жана 209-беренесинин 2-бөлүмү боюнча VI категориядагы айып түрүндө жазаны бекитүүнү сунуштайбыз.
Мында, 99-беренеде каралган (материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу) жазык-укуктук таасир берүүнүн башка мажбурлоочу чараларынын (коопсуздук чаралары) болгондугуна карабастан, ушул кылмыш курамы боюнча жазаны катаалдатуу керек деп эсептейбиз.
52. 213-берене боюнча.
Биздин оюбуз боюнча Кыргыз Республиканын колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренесинин диспозициясы жана эскертүүсү долбоордун 213-беренесине караганда кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланыштуу кылмыштын маанисин так ачып берүүдө, ошондуктан колдонуудагы редакцияны колдонууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, долбоордун 213-беренесин кылмыштын оор түрлөрүнө таандык кылууну, буга жараша санкциянын өлчөмүн жогорулатууну жана мүлктү конфискациялоо сыяктуу жазанын түрүн колдонуу каралышын сунуштайбыз.
Бул сунуш маанилүү, анткени (The Financial) Action Task Forse (FATF) Акчаларды адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобу менен макулдашылган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча берененин диспозициясын начарлатуу (мындан ары - ФАТФ) Кыргыз Республикасына карата финансы санкцияларын колдонууга алып келет.
Колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинин 183 жана 226-1-беренелери эл аралык конвенцияларга ылайык келбегендиктен Кыргыз Республикасы ФАТФтын «кыӊыры» тизмесине түшүп калган. Ушуга байланыштуу ФАТФтын алдында Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу үчүн жогоруда белгиленген мыйзам кабыл алынган.
53.214-берене боюнча.
«Монополисттик аракеттер же атаандаштыкты чектөө» деген 214-беренени «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүүнү жана аталган берененин 1-бөлүгүнүн диспозициясын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«1. Товарга (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) монополиялык жогорку жана (же) монополиялык төмөнкү бааларды белгилөө же кармап туруу, келишим түзүүдөн негизсиз баш тартуу же качуу, башка чарбакер субъектилердин рынокко киришине тоскоолдук жаратуу, контрагентке (бүтүмдүн башка катышуучусуна каршы турган келишимдин катышуучусу, өнөктөш) келишимдин ал үчүн пайдасыз же келишимдин предметине кирбеген шарттарын таңуулоо, товарларды жүгүртүүдөн алып коюу, чарбакер субъект, жактардын тобу кыянаттык жол менен үстөмдүк абалды колдонушу; эгер ошол товарга суроо-талап болсо же аны берүүгө тапшырыктар жасалса товарды өндүрүүнү экономикалык негизсиз азайтуу же токтотуу, товарларды бирдей баада кармоого багытталган атаандашуучу чарбакер субъекттердин, чарбакер субъекттердин (макулдашылган аракеттерге) конкуренцияга каршы туруу жолу менен конкуренцияны жоюусу, чектөөсү жана жол бербөөсү, рынокту аймактык принцип боюнча, сатуунун же сатып алуунун көлөмү боюнча, сатылуучу товарлардын ассортименти боюнча бөлүү, эгер бул жосундар жеке жакка, мамлекетке же уюмга ири өлчөмдөгү зыян кылса же рыноктун субъектиси тарабынан ири өлчөмдөгү киреше алуу менен коштолсо,»
Ушуну менен бирге, бул кылмыштын квалификациялык белгиси катары кылмыштын бир нече жолу жасалышын, ошондой эле адамдар тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалышын же уюшкан топ же адамдын өзүнүн кызматтык абалын колдонуу менен жасалышын аныктоону сунуштайбыз.
Мындан тышкары, жогоруда аталган берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы «аны колдоном деп коркутуу менен» деген сөздөрүнөн кийин «же ошого тете башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү же жок кылуу же аны зыянга учуратуу же жок кылам деп коркутуу менен, опузалап талап кылуунун белгилери жок болгондо» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
54. 220-берене боюнча.
Кыргыз Республикасы 2014-жылдын 29-майынан баштап Евразия экономикалык союзуна кошулганын эске алуу менен (Кыргыз Республикасы 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол койгон Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майынан баштап Евразия экономикалык союзуна кошулуусу жөнүндө келишим), 220-берененин 1-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасы» деген сөздөрдү «Евразия экономикалык союзу» деген сөздөр менен алмаштырууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
Ошол эле учурда, буга окшош өзгөртүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесине Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-декабрындагы №170 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы менен киргизилгенин белгилейбиз.
Мында 220-берененин эскертүүсүн төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толуктоо максатка ылайык келет деп эсептейбиз:
«3. Ушул берене менен каралган кылмыштарга эгер аларды ташып чыгарууга чыгуудагы (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же тыюу салуу каралбаган учурда адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында сатылып алынган же өндүрүлгөн товарларды жана предметтерди Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга багытталган аракеттери кирбейт, анткени бул ченем ишкердикти өбөлгөлөөгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөргө жагымдуу шарттарды түзүп берүүгө багытталган.”.
55. 222-берене боюнча.
Долбоордун 222-беренесинин эскертүүсүн «жалпы суммадагы» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
56. 227-берене боюнча.
Долбоордун 227-беренесине эскертүүнүн 2-пунктуна ылайык салык карызынын бүткүл суммасы, анын ичинде айыптар жана туумдар ыктыярдуу түрдө жоюлган учурда Кылмыш-жаза кодексинин 227-229-беренелери менен каралган кылмыштарды жасагандыгына байланыштуу жакты жазыктык куугунтуктоо жазык процессинин баардык стадияларында токтотулууга тийиш.
Ушуга байланыштуу, салыктык, бажы жана дагы башка төлөмдөрдү төлөөдөн качкан жактардын милдеттери Кыргыз Республикасынын бажы жана салык кодекстеринде белгиленген. Бирок, акыркы жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, ири төлөөчүлөр мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары менен көмүскө бүтүмдөшүп алышып кылмыш ишин козгогонго чейин аны төлөөдөн качышат.
Мындай абалдын негизги себеби болуп төлөөчүлөрдүн жазага тартылбагандыгы саналат, атап айтканда мыйзам менен каралган төгүмдөрдү бюджетке төккөн учурда, кылмыш иши ар түрдүү стадияларда токтотулат.
Мында, кылмыш ишин козгоо жана жакты салык, бажы жана башка төгүмдөрдү төлөөдөн баш тарткандыгына күнөө коюу үчүн укук коргоо органдарынын башка коомдук коркунучтуу жосундарды табуу жана ачууга багыттоого мүмкүн болгон олуттуу күчтөрү жана каражаттары тартылышы зарыл.
Ушуга байланыштуу, сөзсүз жоопкерчилик тартуу принциптерин ишке ашыруу, ошондой эле салык, бажы жана башка төгүмдөрдү төлөөдөн баш тартуу менен байланышкан кылмыштардын жасалышын минималдаштыруу максатында көрсөтүлгөн жактарды төлөмдөрдү бюджетке төккөнүнө карабастан жазык жоопкерчилигине тартууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Салык, бажы жана башка төгүмдөрдү төлөөдөн баш тарткан жактар үчүн мындай натыйжалар аны жасоону токтотуучу күчтүү фактор болот жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбоорунун максаттарына ылайык келет.
57. 229-берене боюнча.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 58-беренесинде жаран жеке ээлик кылуучу катарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жакты түзбөстөн ээлик кылуу ишин жүргүзүүгө укуктуу, деп айтылган. Мында салык мыйзамдарына ылайык жеке ишкер, уюмдар төлөгөн эле салыкты төлөйт.
Баяндалганга байланыштуу, 229-берененин 1-бөлүгүнүн диспозициясын бул кылмыштын субъектилеринин арасына жеке ишкерди кошуу менен жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.
58. 33-бөлүм боюнча.
Долбоордун 33-бөлүмүндө салык кызматынын органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбай коюу жана салык контролун жүргүзүүгө жолтоо болуу, салык кызматынын органдарынын кызмат адамына анын кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу зомбулук аракеттери үчүн, анын менен катар салык кызматы тарабынан тагылган пломбалар менен мөөрлөрдү бузгандык үчүн кылмыш жоопкерчилигин кароону сунуштайбыз.
Салык кызматынын органдары өз ишинин жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдүн салык контролун жүргүзүүгө жолтоо болгон аракеттерине кабылышат. Салык төлөөчүлөр зарыл документтерди берүүдөн баш тартышат. Кээде салык органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонулат.
Салык мыйзамдарында салык төлөөчүлөрдүн салык контролдоого жолтоо болбоо жана салыктык текшерүү учурунда тиешелүү документтерди берүү милдеттенмелери каралган. Ошондой эле «Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде салык кызматынын органдарынын кызматчылары мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп эсептелээри жана анын коргоосунда тураары аныкталган.
Ушуга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн укук бузуулар үчүн кылмыш жоопкерчилигин белгилөө зарылчылыгы талап кылынат. Ошону менен, аны зыян келтирүүсүнө жараша Кылмыш-жаза жана Жоруктар жөнүндө кодекстердин долбоорлоруна киргизүү менен жорукка жана кылмышка бөлүүнү сунуштайбыз.
59. 230-берене боюнча.
Долбоордун 230-беренесинин 2-бөлүгү менен, мамлекет же муниципалдык түзүлүш анын уставдык капиталында акциялары бар, чарбакер коомдун, мамлекеттик же муниципалдык мекеменин кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликти кароо сунушталган.
Бүгүнкү күндө, экономиканын мамлекеттик секторундагы актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп мамлекеттик активдерди ак ниет эмес башкаруу, мамлекеттик компаниялардын кызмат адамдарынын пайда көздөгөн кылмыштарды жасашы (ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, уурдоо, коротуу, атайылап пайдасыз же жалган контракттарды түзүү, активдерди чыгарып кетүү ж.б.) саналат. Мындай аракеттер менен келтирилген зыяндын өлчөмү миллион сомго бааланган учурлар аз эмес жана жогоруда аталган беренеде каралган айыптын өлчөмү кээде келтирилген зыяндын аз бөлүгүн да жаба албайт.
Ушуга байланыштуу төмөнкүдөй механизмди киргизүү мүмкүндүгүн сунуштайбыз:
- бир катар учурларда айыптын өлчөмүн келтирилген зыяндын суммасына эселеп эсептеп чыгарууну (экономиканын мамлекеттик секторундагы чарбакер субьекттердин, мамлекеттик жана муниципалдык компаниялардын кызмат адамдары жасаган кылмыштар боюнча);
- күнөөлүү жак келтирилген зыяндын суммасын толугу менен төлөгөн учурда, азыраак категориядагы эркинен ажыратуу же айып колдонулушу мүмкүн.
Мында, 99-беренеде каралган (материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу) жазык-укуктук таасир берүүнүн башка мажбурлоочу чараларынын (коопсуздук чаралары) болгондугуна карабастан, ушул кылмыш курамы боюнча жазаны катаалдатуу керек деп эсептейбиз.
60. 248-берене боюнча.
Долбоордун 248-беренесинин диспозициясын «маалыматты жашыруун алуу үчүн» деген сөздөрдөн мурда «атайын уруксааты же лицензиясы жок туруп» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз, анткени, «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды (мындан ары - АТК) Кыргыз Республикасына алып келүүгө жана анын чегинен сыртка алып кетүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп чыгууга, өндүрүүгө, сатууга, сатып алууга контролду жүзөгө ашырууга милдеттүү.
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 35-пунктуна ылайык, бул контроль Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан атайын уруксааттарды берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
61. 249-берене боюнча.
249-беренени төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз:
«4. 2-бөлүктө каралган, эки жана андан ашык адамдарды бир мезгилде жарадар кылуу үчүн арналган эки жана андан ашык автоматтык курал-жарактарга же курал-жарактарга тиешелүү жосундар IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».
62. 260-берене боюнча.
Долбоордун 260-беренесинин 1-бөлүгүн «жардыруучу түзүлүштөрдү» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле кылмышты жасоо куралы катары колдонулган башка предметтерди» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз. Ошондой эле ушул бөлүктөгү «көз көрүнөө» деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
63. 262-берене боюнча.
Кыргыз Республикасында деңиз кемечилиги болбогондуктан долбоордун 262-беренесинин 3-бөлүгүндөгү «деңиз» деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
64. 263-берене боюнча.
Билим берүү мекемелеринде же оюн-зоок жайларында, спорт объекттеринде, ошондой эле көӊүл ачуу чөйрөсүндө пайдаланлган жайларда баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тийиштүү ченемди киргизүү менен долбоордун 263-беренесинин 3-бөлүгүн кеӊейтүү керек деп эсептейбиз.
65. 265-берене боюнча.
Долбоордун башка жоболору боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон прекурсорлордун көлөмдөрүн белгилөө максатында 265-берененин эскертүүсүн «ушул берене боюнча» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле башка беренелер боюнча» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
66. 266-берене боюнча.
Долбоордун 266-беренеси менен Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун; катуу таасир этүүчү, уулуу, уулантуучу, радиоактивдүү же жарылуучу заттарды; куралдарды, жардыруучу түзүлүштөрдү, ок атуучу куралды же ок-дарыларды; ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык жок кылуу куралынын башка түрлөрүн; массалык жок кылуу куралды жасоодо пайдаланылышы мүмкүн болгон жана Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген материалдарды, технологияларды, илимий-техникалык маалыматты жана жабдууларды; Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген стратегиялык маанилүү сырье товарларын жана маданий баалуулуктарын алып өтүү, эгерде бул жосун бажы контролунан тышкары же жашыруу менен же товардык идентификациянын документтерин жана каражаттарын алдап колдонуу менен жасалса, же декларациялабоо же туура эмес декларациялоо менен коштолгон кылмыштарга жоопкерчиликти белгилөө сунушталса.
Муну менен бирге, катуу таасир этүүчү, уулуу, уулантуучу, радиоактивдүү же жарылуучу заттарды; куралдарды, жардыруучу түзүлүштөрдү, ок атуучу куралды же ок-дарыларды; ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык жок кылуу куралынын башка түрлөрүн; массалык жок кылуу куралын жасоодо пайдаланылышы мүмкүн болгон жана Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген материалдарды, технологияларды, илимий-техникалык маалыматты жана жабдууларды; Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген стратегиялык маанилүү сырье товарларын жана маданий баалуулуктарын алып өтүү маселеси 38-главанын жөнгө салуу предмети болуп саналбайт, анткени бул глава баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, жана алардын прекурсорлору менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу, долбоордун 266-беренесин кайра карап чыгууну жана жогоруда аталган сөздөрдү тиешелүү главалардын өзүнчө беренелеринде чагылдырууну сунуштайбыз.
Муну менен бирге, долбоордун 266-беренесинде кылмыштын предмети кылып прекурсорлорду да белгилөөнү сунуштайбыз. Бул сунуш Кыргыз Республикасынын аймагында прекурсорлор өндүрүлбөгөндүгү жана башка өлкөлөрдөн импорт менен көп учурларда контрабандалык жол менен ташылып келгендигинен негизделет. Мында, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу прекурсорлорду мыйзамсыз алып өтүү фактылары катталганда, Кылмыш-жаза кодексинин кайсы беренеси боюнча күнөөлүү жакка айып коюу суроолору туулат, анткени долбоордун 266-беренесинин сунушталган редакциясында проекурсорлор айтылган эмес.
67. 272-берене боюнча.
272-беренеде расмий тилдеги тексттеги «получение аналогов» деген сөздөрдү «приобретение аналогов» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
68. 303, 304, 312, 313 жана 314-беренелер боюнча.
303, 304, 312, 313 жана 314-беренелеринин рекациясын «Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
69. 317-берене боюнча.
Долбоордун 317-беренесинде кызмат адамы тарабынан мамлекет үчүн пайдасыз тышкы экономикалык контрактты билип туруп түзгөнү, ага тете мындай кызмат адамынын мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөнү үчүн жазык жоопкерчилигин бекитүү сунушталган.
Ошону менен бирге, бул беренени мамлекеттик же муниципалдык түзүлүштөр акциялардын 50 % ашыгын ээлеген чарбалык коомдордо, муниципалдык же чарбалык мекемелерде контролдук-ревизиялык, административдик-чарбалык, уюштуруучулук-тескөөлүк милдеттерди аткарган адамдарга да жайылтууну сунуштайбыз.
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык сатып алуучу уюмдарга мыйзам чыгаруучу мамлекеттик же муниципалдык органдарды, мекемелерди жана ишканаларды гана эмес, мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары акциялардын 50 пайыздан ашыгына ээ болгон акционердик коомдорду да киргизген.
Мындан тышкары, 317-беренеде:
«тышкы экономикалык» деген сөз алып салынсын;
«контрактты» деген сөздөн кийин «(келишим)» деген сөз менен толукталсын.
70. 47-бөлүм боюнча.
Долбоордун 47-бөлүмүн соттун чечимин, соттун өкүмүн же соттун башка актыларын аткарбагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигин караган берене менен толуктоону сунуштайбыз, анткени статистикалык маалыматтарга ылайык, соттук чечимдердин аткарылбагандыгы жөнүндө бир жылда 100гө чейин арыздар түшөт, бул мындай кылмыштардын кеӊири жайылгандыгы жөнүндө жана алардын коомго коркунучтуулугу жөнүндө кабарлайт.
71. 344-берене боюнча.
Долбоордун 344-беренеси менен эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөп жаткан же баштапкы камактагы адам эркиндигинен ажыратуу жайларынан же камактан качканы үчүн жоопкерчиликти белгилөө сунушталган. Мында, качкан учурдан баштап үч күндүк мөөнөттө эркиндигинен ажыратуу жайларына же камакка ыктыярдуу кайтып келген, качууну биринчи жолу жасаган адамдарга карата кызыктыруучу чараны кароо сунушталган.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин долбоорунун 73-беренесине ылайык, белгилүү бир мөөнөткө жана өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазаны Кыргыз Республикасынын аймагындагы түзөтүү мекемелеринде өтөйт. Мында, аталган долбоордун 74-беренесине ылайык, түзөтүү мекемелери болуп колония абактар, түзөтүү абактары, тарбия абактары, түрмөлөр саналат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши караган долбоорлордун терминологиясын бири-бирине ылайык келтирүүнү, атап айтканда «эркиндигинен ажыратуу жайлары» деген сөздөрдү «түзөтүү мекемелери» деген сөздөр менен алмаштыруу туура болот деп эсептейбиз.
72. 347-берене боюнча.
Долбоордун 347-беренесинин «Жаза аткаруу системасынын кызматкерине карата зомбулук же аны коркутуу» деген аталышын ушул берененин шантаж кылуу же өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу коркунучу үчүн жоопкерчиликти белгилеген диспозициясына ылайык келтирүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
73. 348-берене боюнча.
Долбоордун 348-беренесинде коррупциялык ченемдерге жол бербөө, так эмес жана жалпыланган туюндурмаларды болтурбоо максатында төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- берененин аталышындагы «топтолуп» деген сөздү алып салууну;
- 1-бөлүктүн диспозициясындагы «топтолуп баш ийбөөгө катышуу» деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
74. 358-берене боюнча.
Долбоордун 358-беренесинин 1-бөлүгүн «качуу» деген сөздөн кийин «кызматтын кызыкчылыктарына олуттуу зыян алып келсе» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз, анткени Кылмыш-жаза кодексинин биринчи кезектеги милдети болуп жосундарды декриминалдаштыруу саналат. Ушуга байланыштуу коомдук коркунучтуу кесепеттерге алып келген жосундар гана кылмыш болуп саналаарын белгилөө максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
«Согуш абалынын кырдаалында» деген түшүнүктү түшүнүктөр аппаратына төмөнкүдөй мазмундагы толуктоолорду киргизүү жолу менен тактоону сунуштайбыз:
«Согуштук кырдаал - убакыттын белгилүү бир бөлүгүндө согуш аракеттеринин районунда түзүлгөн шарттардын жана факторлордун топтому.».
75. 389-берене боюнча.
Долбоордун 389-беренесин төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк жана эскертүү менен толуктоону сунуштайбыз:
«3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, төмөнкүлөр тарабынан жасалган кылмыштар:
1) адамдардын тобу тарабынан же алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) уюшкан топ тарабынан;
3) кызматтык абалын пайдалануу менен;
4) жашы жете электерге карата, -
VI категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
Эскертүү. Жалдануучу деп, материалдык акы алуу максатында же башка кызыкчылыктар менен аракеттенген жана куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышкан мамлекеттин жараны болбогон, ошондой эле анын аймагында туруктуу жашабаган адам же расмий милдеттерди аткаруу үчүн жиберилген адам таанылат.».
76. Жалпысынан долбоор боюнча.
Бир топ беренелерде жазаны аткаруучу мекемелерге тийиштүү ар кандай үч термин колдонулууда. Тактап айтканда, кылмыштык жазаларды аткаруучу мекеме, жазаларды аткаруучу мекеме жана кылмыштык жазыкты-аткаруу мекеме. Ушуга байланыштуу, терминологияны унификациялоо максатында долбоордун бүткүл тексти боюнча «кылмыш-жаза системасынын мекемеси» деген терминди колдонууну сунуштайбыз.
Долбоор кылдат редакциялык жана стилистикалык иштеп чыгууга муктаж экенин кошумча белгилеп кетмекчибиз.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин ченемдик укуктук актылардын текстин баяндоодо адегенде жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор берилет деген талабын сактоо максатында, ошондой эле беренени логикага ылайык түзүү үчүн долбоордун 20-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн орун алмаштырууну сунуштайбыз.
Ошондой эле, жогоруда аталган Мыйзамдын 11-беренеси ченемдик укуктук актылар ичкертен шайкеш болуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү керектигин белгилейт.
Ошондуктан, долбоордун 1 жана 2 бөлүмдөрүнүн беренелеринин структураларын окшош тизүүнү сунуштайбыз.
Сунушталып жаткан долбоордо соттуулук жана аны жоюуну белгилөө маселесин өзүнчө 15-бөлүм менен бөлүү каралган, бирок анда соттуулук жана аны жоюу жөнүндө негизги жоболорду жөнгө салуучу бир гана 94-берене бар.
Бул жерде, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык көлөмү чоң ченемдик укуктук актылардын мазмуну боюнча өз ара жакын беренелери главаларга бириктирилсе болот деп айтылганын белгилейбиз. Ушуга байланыштуу соттуулук жана аны жоюу жөнүндө беренени өзүнчө главага бөлүүнү ылайыксыз деп эсептейбиз.
207-беренени анын аталышы мазмунуна ылайык келбегендигине байланыштуу кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Корутунду жоболорду «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 5-бөлүгү менен ылайык келтирүүнү сунуштайбыз, ага ылайык ченемдик укуктук актыларды күчүнө киргизүүнүн жана мамлекеттик органдарга тапшырма берүүнүн тартиби корутунду жоболор түрүндө берилет.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбооруна карата финансылык-экономикалык эсептөөлөрдө жана мүмкүн болуучу чыгымдарга берилген баада кошумча каржылоо талап кылынбайт, анткени мыйзам долбоорун колдонууга киргизүү мамлекеттик бюджетте каражат каралган мамлекеттик органдардын функциясынын эсебинин ишке ашырылат деп айтылган.
Бирок, жогоруда аталган корутундуда коомдон бөлүү менен байланышы жок жазаны аткаруу жана түзөтүү мекемесинен мөөнөтүнөн мурда бошотулган соттолгондорду контролдоо иштери жүктөлгөн пробация органын түзүү үчүн керек болгон эсептөөлөр камтылган эмес, ошондой эле финансылык, техникалык жана уюштуруу иштеринин комплексин жүргүзүү үчүн керектүү башка эсептөөлөр дагы көрсөтүлгөн эмес.
Мындан тышкары, долбоорду ишке ашырууда жосундарды декриминалдаштыруу жана депеналдаштыруу, рецидив деген институтту жокко чыгаруу менен байланышкан кылмыш иштерин чоң көлөмүн карап чыгуу керек болот. Долбоор жазык-укуктук таасир берүү чараларынын (юридикалык жактардын кылмыштык жоопкерчилиги, чыгарып салуу ж.б.) жаӊы түрлөрүн аткаруу керектигине байланыштуу мамлекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын карап чыгууну талап кылат.
Республикалык бюджетте орто мөөнөттүү келечекте дефициттин жогорулугун эске алуу менен жакынкы 2-3 жылда каржылоо булактарын табуу кыйын болот.
Мына ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбоорунан келип чыгуучу иштерди жүзөгө ашыруу 2016-2017-жылдардан эрте болушу мүмкүн эмес, себеби 2015-жылга карата республикалык бюджетте жана 2016-2017-жылдарга болжолдо бул максаттарга каражат каралган эмес.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбоорун көрсөтүлгөн эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен, ошондой эле өлкөнүн реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен айрым институттарды ишке киргизүүнү караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан шартта кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.