Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-июлу № 477
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, Ө.Ч.Текебаев, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.-А.Кочкарова тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын “10” июлу № 477 токтому менен жактырылган |
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Т. Туманов, Н.В.Никитенко, Ө.Ч.Текебаев, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.-А.Кочкарова тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Конституциянын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.
Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери түздөн-түз колдонулат жана башка эл аралык келишимдин ченемдерине караганда артыкчылыкка ээ.
Ушуга байланыштуу эл аралык келишимдерге шилтемелерди долбоордун бүткүл тексти боюнча Конституциянын белгиленген жоболору менен ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциянын 5-беренесине ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.
Мында Кыргыз Республикасынын Конституциянын 83-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин ишке ашырышат.
Мында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Өкмөт коллегиалдуу орган болуп саналат, Кыргыз Республикасындагы аткаруучу бийлик органдарынын бирдиктүү тутумуна башчылык кылат жана анын ишин жетектейт.
Ошентип, Өкмөттүн системасынын элементтеринен бири болуп мамлекеттик бийлик органдарынын өздүк системасынын болушу саналат. Өкмөттүн өз алдынчалыгы аткаруу бийлигинин органдарынын ыйгарым укуктарын, алардын ортосундагы мамилелерди, ж.б. өз алдынча белгилөөнү талап кылат
Ошондуктан, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарына негизденүү менен Өкмөт алар тууралуу жоболорду бекитүү жолу аркылуу ал функцияларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
Ушулардан улам, Өкмөткө баш ийген аткаруучу бийлик органдарынын ишине тиешелүү кайсы-бир ченемдерди, ыйгарым укуктарды, функцияларды мыйзам деңгээлинде бекитүү жогоруда аталган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын беренелерине каршы келет деген корутундуга келсе болот.
Ушул айтылгандардын негизинде долбоордун 4, 171, 329-беренелеринде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына берилген шилтемелерди алып салууну сунуштайбыз.
3. 5-берене боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.
5-берененин 10-пунктунда кайсы уюмдар жөнүндө айтылып жатканын тактоо керек, анткени ушул ченем менен өндүрүштүн катышуучуларынын даттанууларын кароо белгиленген, катышуучулардын катарына уюмдар да кириши мүмкүн. Эгер сөз жазык сот өндүрүшүнүн катышуучусу болбогон башка уюмдар жөнүндө болсо, анда бул даттануулар, биздин оюбуз боюнча, жалпы тартипте каралышы керек жана жазык сот өндүрүшү тарабынан жөнгө салынбайт.
5-берененин 14-пункту менен кылмыш же жорук жасады деп шектелип жаткан адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, айыпты жокко чыгаруу же жеңилдетүү, ошондой эле жазыктык куугунтуктоого мыйзамсыз тартылган адамдарды реабилитациялоо максатында коргоо тарабы жүргүзгөн процесстик иш-аракет аныктамасы берилген. Бирок, ушул эле берененин 47-пункту менен коргоо тарабына жарандык жоопкер жана анын өкүлү киргизилгендигин белгилеп кетүү зарыл. Ушуга байланыштуу, жазык процессинде жарандык жоопкердин кызыкчылыктары шектүүнүн, айыпталуучунун жана соттолуучунун кызыкчылыктары менен ар дайым дал келбестигин белгилеп кетебиз. Жогоруда баяндалгандардын негизинде ”коргоо” аныктамасын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Медициналык күбөлөндүрүүгө врач тарабынан жүргүзүлүүчү соттук же медициналык экспертизанын түрлөрүнүн бири катары аныктама берген ушул берененин 18-пунктунда ушундай эле сын пикир айтылат, анткени долбоордун 174-беренесинде көрүп аныктоо, ошонун ичинде дарыгер тарабынан (медициналык) көрүп аныктоо экспертиза эмес өз алдынча тергөө аракеттерине киргизилген.
Ошондой эле 5-берененин 21-пунктунда баяндалган “коомдук жактоочу” деген аныктама так эмес деп эсептейбиз, анткени жалпы түшүнүүдө алар юридикалык жактардын өкүлдөрү эмес, эмгек жамаатынын же коомдук (коммерциялык эмес) уюмдардын өкүлдөрү, белгилүү коомдук ишмерлер же жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү жана башкалар болуп саналат. Мындан тышкары, коммерциялык эмес уюмдар, ишканалар, уюмдар, мекемелер юридикалык жак болуп саналат, ушуга байланыштуу, ушул пунктта аларды санап өтүү зарыл эмес деп эсептейбиз.
5-берененин 25-пунктунда баяндалган “токтом” деген түшүнүккө ылайык токтом – бул жазык же жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштө жеке судья тарабынан чыгарылган ар кандай чечим, буга өкүм кирбейт, мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү сот актысын кайра кароодо чыгарылган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот актысы; сотко чейинки өндүрүштө чыгарылган прокурордун, тергөө органынын жетекчисинин, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын чечими. Биздин оюбуз боюнча аныктама түрүндө соттун чечимдери жана ушул берененин 34-пункту менен алдын ала каралган процесстик чечимдер ушул түшүнүккө кирүүсү мүмкүн. Ошого байланыштуу, аталган ченемдерди бир мааниде колдонуу үчүн ушул түшүнүктү кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
5-берененин 33-пунктундагы “процесстик иш-аракет” деген түшүнүктү ал багытталган максаттар менен толуктоону сунуштайбыз.
5-берененин 39-пункту менен кылмыш жасаганга шектүү адамды аныктоо үчүн тергөөчү, ошондой эле тергөөчүнүн тапшырмасы боюнча алгачкы текшерүү органы тарабынан кабыл алынуучу чаралар катары “издөө чаралары” аныктамасы берилет. Ал эми кылмыш жасаган адамды аныктоо кылмыштын бетин ачуунун элементтеринин бири болуп саналат, издөө чаралары болсо кылмыш жасаганга шектүү же айыпталуучу деп аныкталган адамдын жүргөн жерин аныктоого жана аны кармоого багытталышы керек. Ушуга байланыштуу ушул түшүнүктү кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
5-берененин 40-пунктунда баяндалган “тергөө органынын жетекчиси” деген түшүнүк долбоордун 34-беренесинде берилген “тергөө бөлүмүнүн жетекчиси” деген түшүнүк менен өз ара байланышпайт.
Долбоордун 5-беренесинин 45-пунктунда “атайын тергөө амалдары” деген терминдин аныктамасында тергөө амалдарынын бул түрү ачыкка чыгарууга жатпаган, атайын ыйгарым укуктуу органдардын ведомстволук (мамлекеттик) ченемдик актылары менен жөнгө салынуучу, мамлекеттик жана кызматтык сырды түзгөн жана тергөөчүнүн жүйөөлүү өтүнүчүнүн негизинде соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүүчү методдор (каражаттар) жана технологиялар жөнүндө маалыматтар деп аныкталган.
Ушуга байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ведомстволук (мамлекеттик) ченемдик актылар деген ченемдик укуктук актылардын түрү каралбагандыгын белгилейбиз.
Мында, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1-беренеси менен ченемдик укуктук акт бул - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ деп аныкталган.
Ошондой эле, көрсөтүлгөн 1-беренеге ылайык, укук ченеми бул адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери.
5-берененин 56-пунктунда баяндалган “эксперттик мекеме” деген аныктаманы “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз.
4. Долбоордун 2-главасы жана 6-беренеси менен жазык сот өндүрүшүнүн милдеттери аныкталган, ошону менен бирге милдеттер, долбоор менен каралбаган, аныкталган максаттардан алынышы керектигин белгилейбиз.
Долбоордун 14-беренесинин 1-бөлүгүндөгү “адамдын эркине каршы” деген сөздөрдү “менчик ээсинин эркине каршы” деген термин менен алмаштырууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Анткени ээлик кылуу, башкаруу жана тескөө укугуна ээ болгон башка жак же менчик ээси катары юридикалык жак да болушу мүмкүн.
5. 18-берененин 2-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, анткени айыптоо жана коргоо органдар жана кызмат адамдары тарабынан гана эмес, ошондой эле жана жазык процесстин башка катышуучулары (жабырлануучу, айыпталуучу жана башка адамдар) тарабынан да ишке ашырылат.
ЖПК долбоору менен кылмыш иштери жана жорук жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү ченемдик укуктук жөнгө салуу аныкталгандыктан, жорук жөнүндө иштер боюнча айыптоо тууралуу ченемдерди 22-беренеде белгилеп кетүү зарыл деп эсептейбиз.
6. 24-берененин 3-бөлүгүндө жабырлануучунун жана укук улантуучунун жазыктык куугунтуктоодон баш тартуусу тууралуу ченемди императивдик түрдө эмес баяндоону сунуш кылабыз, анткени ушул чечим субъективдик болуп эсептелет жана аларды эркин билдирүүдөн көз каранды.
7. Долбоордун 25-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда “ишти кыскартуу жөнүндө” деген сөздөрдөн кийин “же/жана жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө” деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз, анткени айрым учурларда жактарга карата жазык ишин кыскартуу жөнүндө токтом гана эмес, ошол эле жосундар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим да кабыл алынышы мүмкүн.
Долбоордун 25-беренесинин 3-бөлүгүн кайра иштеп чыгууну сунуштайбыз, анткени белгиленген бөлүктүн мазмуну түшүнүксүз. Көрсөтүлгөн беренеде, эгерде айыпталуучу буга каршы чыкса, ушул берененин биринчи бөлүгүнүн 10, 11 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти токтотууга жол берилбейт. Бул учурда иш боюнча өндүрүш акыл-эси жайында эмес абалда мыйзамда тыюу салынган жосунду жасаган адамга карата соттолгон адамды бошоткон айыптоочу өкүмдү чыгаруу аркылуу ага негиздер болгон учурда улантылат.
8. Долбоордун 472-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту менен жана 438-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык апелляциялык жана кассациялык инстанциянын соттору жаӊы чечим чыгарууга укуктуу.
Ушуга байланыштуу, 27-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
“6) төмөн турган сот тарабынан кабыл алынган чечимди жокко чыгарууга же өзгөртүүгө, ошондой эле жаӊы чечим чыгарууга;”.
9. Долбоордун 27 жана 269-беренелери менен тизмегине төмөнкүлөр кирген соттун ыйгарым укуктары каралган, алар: камакка алуу; үй камагы, экстрадициялык камакка алуу, күрөөгө коюу түрүндө бөгөт коюу чараларын тандоо.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоорунун 106-беренеси бөгөт коюу чараларынын толук тизмесин камтыйт, алардын ичинде экстрадициялык камакка алуу жок.
10. Мындан тышкары, долбоордун 27-беренеси менен соттун ыйгарым укуктарын аныктоо сунушталган. Белгиленген берененин 2-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык, айыпталуучуну, соттолуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө чечимди сот гана кабыл алганга укуктуу деп белгилөө сунушталган.
Ошондой эле долбоордун 118-беренесинде төмөнкүдөй ченемди бекитүү сунушталган, ага ылайык ушул Кодексте белгиленген сотко чейинки жана сот өндүрүшүн жүргүзүү тартибин, өкүмдү тиешелүү түрдө аткарууну камсыз кылуу максатында жазыктык сот өндүрүшүн жүргүзүүчү орган шектүүгө, айыпталуучуга, соттолуучуга жазыктык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун – келип туруу жөнүндө милдеттенме алуу, айдап келүү, кызматынан убактылуу четтетүү, мүлкүнө камак салуу, жанына жолоого тыюу салуу түрүндөгү чараларын колдонууга укуктуу.
Ошондой эле долбоордун 121-беренеси менен эгерде айыпталуучу, соттолуучу тергөөнү объективдүү жүргүзүүгө жана сотто ишти териштирүүгө, келтирилген зыяндын ордун толтурууга тоскоолдук кыла тургандыгы же ошол кызмат ордунда тургандыгына байланыштуу жазык ишин объективдүү улантууга тоскоолдук кылышы мүмкүн деген жетиштүү негиздер болсо анда сотко чейинки өндүрүш органы судьянын же соттун чечими боюнча аларды ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетүүгө укуктуу деген ченемди белгилөө сунушталган.
Айыпталуучуну, соттолуучуну ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө токтом алар иштеген жер боюнча уюмдун жетекчисине жиберилет, ал аны алгандан кийин үч күндүк мөөнөттө аны аткарууга жана бул туурасында кызматтан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алган адамга же органга билдирүүгө милдеттүү.
Айыпталуучуну, соттолуучуну ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү мындай чараны колдонууга зарылчылык болбой калганда, судьянын же прокурордун токтому, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жаткан адамдын токтому менен жокко чыгарылат.
Ошентип, долбоордун бардык ушундай эле жоболору боюнча сот органдарынын, прокуратура, алгачкы текшерүү органынын функцияларын деталдуу чектөө жана аларды өз ара ылайык келтирүү ( атап айтканда 117-берененин 4-бөлүгү, 121-берененин 3-бөлүгү. 122-берененин 10-бөлүгү, 123-берене, 223-берененин 4-бөлүгү, 230-берененин 8-бөлүгү, 231-берененин 4-бөлүгү) зарылдыгы жөнүндө белгилейбиз.
11. 28-берененин 7-бөлүгүндө баяндалган ченемди биринчи инстанциядагы сотторго да таратууну сунуш кылабыз, анткени көпчүлүк жергиликтүү соттор бир же эки курамда болушат.
12. 30-берененин редакциясын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, анткени жоопкерчиликти жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайлар кылмыш-жаза мыйзамында камтылган юридикалык ченемдер болуп саналат, алардын бар болуу маселесин 368-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык юрист болбогон сот арачылар тарабынан чечүү биздин оюбуз боюнча укук колдонуу практикасында көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.
13. 32-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы “, ошондой эле адамдын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан мажбурлоочу мүнөздөгү чараларды колдонууга” деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз, анткени мажбурлоочу мүнөздөгү чаралар сот чечимдерин аткаруу чегинде гана колдонулат.
Ушул берененин 3-бөлүгүн “инсан” деген сөздөн кийин “коом” деген сөз менен толуктоону сунуштайбыз, анткени долбоордун 22-беренесинин 3-бөлүгү менен коомдун кызыкчылыктарына тиешелүү жеке-ачык айыптоо иштери боюнча жазыктык прокурор куугунтуктоону ишке ашырат.
32-берененин 2-бөлүгүндө 3-пунктундагы өзгөчө учурларда тергөө караштуулугуна карабастан жазык иштерин өткөрүп берүү, тапшыруу тууралуу ченемди кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анткени прокуратура үчүн тийиштүү категориядагы кызмат адамдары жасаган кылмыштар боюнча тергөө караштуулугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен аныкталган. Ошондой эле, ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимин көңүлгө алуу керек.
Жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн чараларын колдонуу үчүн юридикалык жактардын өкүлдөрүн прокурор тарабынан тартууну алдын ала караган 32-берененин 2-бөлүгүнүн 23-пунктун кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анткени Кылмыш жаза кодексинин жаңы редакциясынын долбоорунун 20-главасына ылайык ушул ыйгарым укуктар соттун компетенциясына киргизилген.
14. 33-берененин 4-бөлүгүндө тергөөчүнүн укуктарын (ыйгарым укуктарын) жана милдеттерин бөлүүнү сунуш кылабыз, анткени ушул бөлүгүнүн мазмунундагы көпчүлүк иш-аракеттер тергөөчүнүн ыйгарым укуктары эмес, милдеттери болуп эсептелет. Мисалы: жабырлануучуга зыяндын ордун толтуруу боюнча чара көрүү; жактоочунун катышуусун камсыз кылуу; жабырлануучу катары таануу жана анын өкүлүнө өндүрүшкө катышууга жол берүү жана башка иш-аракеттер ушул бөлүктүн 14-17, 20-пункттары менен каралган. 32, 34-37-беренелер менен каралган прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, алгачкы текшерүүчү органдын, алгачкы текшерүүчү органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, алгачкы текшерүүчү органдын начальнигинин ыйгарым укуктарына ошондой эле мамиле болушун сунуш кылабыз. Мындай мамиле биздин оюбуз боюнча көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын коррупцияланышын азайтууга жол берет, анткени кызмат адамдары катары алардын милдеттери мыйзам чегинде аныкталат, бул колдонуп жаткан мыйзамдарда жана ошондой эле долбоордо жок.
Долбоордун 33-беренесинин 5-бөлүгүн тергөөчү тарабынан прокурордун чечимине соттук тартипте даттанууга укугу жөнүндө жобо менен толуктоону сунуштайбыз.
15. Жазык процессинде тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин ролун күчөтүү, анын ыйгарым укуктарын жана милдеттерин тактоо максатында долбоордун 34-беренесин төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
“34-берене. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси
1. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тергөө өндүрүшүн уюштурат.
2. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) тергөө өндүрүшүн тергөөчүгө же бир нече тергөөчүлөргө тапшырууга, тергөө тобун түзүүгө, анын курамын өзгөртүүгө же жазык ишин өз өндүрүшүнө алууга;
2) тергөөчүнүн соттун алдында соттун чечиминин негизинде жол берилүүчү бөгөт коюу чарасын тандоо, узартуу, жокко чыгаруу же өзгөртүү тууралуу, же башка процесстик аракетти жүргүзүү жөнүндө өтүнүчүнө макулдук берүү, тергөөчүнүн соттон аталган козгоо жөнүндө өтүнүчүнө макулдук берүү тууралуу маселени кароодо, жазык ишин өзүнүн өндүрүшүнө албастан айыпталуучуну жеке суракка алууга;
3) кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүштүн токтотулушу жөнүндө тергөөчүнүн токтомун бекитүүгө;
4) кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндөгү өзүнүн көрсөтмөлөрү менен кылмыш-жаза ишин тергөөчүгө кайтарууга;
5) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
3. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кылмыш жөнүндө билдирүүнү текшерүү материалдарын же жазык ишинин материалдарын текшерүүгө, тергөөчүнүн негизсиз же мыйзамсыз токтомдорун жокко чыгарууга;
2) баш ийген тергөө бөлүмүнүн өндүрүшүндөгү жазык иштеринин же төмөн турган тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн, жетекчисинин негизсиз токтомдорун жокко чыгарууга;
3) контролду жүзөгө ашырууга жана өзүнчө тергөө аракеттерин өндүрүүдө, жакты айыпталуучу катары тартууга, айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө, айыптын көлөмү жөнүндө жана кылмышты квалификациялоо туууралуу, кылмыш жөнүндө билдирүүнү жеке кароого, кылмыш жөнүндө билдирүүнү текшерүүгө катышуу багыты жөнүндө териштирүүдө тергөөчүгө көрсөтмө берүүгө;
4) тергөөчүлөрдүн өндүрүшүндө турган жазык иштери боюнча алардын иш-аракеттеринин өз убагында болушун, тергөөчүлөрдүн тергөө жана камакта кармоо мөөнөттөрүн сакташын, ушул Кодексте белгиленген учурларда прокурордун көрсөтмөлөрүн, башка тергөөчүлөрдүн тапшырмаларын аткарышын контролдоону ишке ашырууга;
5) тергөөчүгө келтирилген четке кагууларды, ошондой эле анын өз алдынча четтөөсүн чечет;
6) эгер ушул Кодекстин талаптарынын бузулушуна жол берилсе тергөөнүн андан ары өндүрүшүнөн тергөөчүнү четтетүү маселесин карайт;
7) ушул Кодекс менен белгиленген тартипте, төмөн турган тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин мыйзамсыз же негизсиз токтомдорун жокко чыгарууга.
4. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси ушул Кодекс менен белгиленген тартипте кылмыш-жаза ишин козгоого, ошол эле убакта ушул Кодекс менен каралган тергөө тобунун жетекчисинин же тергөөчүнүн ыйгарым укуктарына ээ болуу менен кылмыш-жаза ишин өзүнүн өндүрүшүнө кабыл алууга жана тергөөнү толук көлөмдө жүргүзүүгө укуктуу.
5. Жазык иши боюнча тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин көрсөтмөсү жазуу түрүндө берилет жана тергөөчү тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү, ушул эле учурда ушул Кодекстин 33-беренесинде белгиленген тергөөчүнүн өз алдынчалыгы, анын укуктары чектелиши мүмкүн эмес. Тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин көрсөтмөлөрү жогору турган тергөө бөлүмүнүн жетекчисине же прокурорго даттанылышы мүмкүн. Качан көрсөтмөлөр ишти сотко жөнөтүү же аны токтотуу ошондой эле соттун чечими боюнча гана жол берилген учурларды кошпогондо кылмыш-жаза ишин алып коюуга жана башка тергөөчүгө берүүгө, адамды айыпталуучу катары тартууга, кылмышты квалификациялоого, айыптын көлөмүнө, бөгөт коюу чарасын тандоого, тергөө аракеттерин өндүрүүгө тийиштүү учурларды кошпогондо, көрсөтмөлөрдүн үстүнөн даттануу аларды аткарууну токтотпойт. Муну менен тергөөчү жогору турган тергөө бөлүмүнүн жетекчисине жазык иштин материалдарын жана тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин көрсөтмөлөрү боюнча жазуу түрүндөгү каршы пикирин билдирүүгө укуктуу.
6. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жол берилген тергөөчүнүн мыйзамсыз жана негизсиз токтомдорун жана мыйзамдын башка бузулууларын четтетүү жөнүндө прокурордун талаптарын, ошондой эле көрсөтүлгөн талаптарга тергөөчүнүн жазуу түрүндөгү каршы пикирин 5 күндөн кечиктирбестен карайт жана жол берилген бузууларды жоюу жана тергөөчүнүн мыйзамсыз жана негизсиз токтомдорун четтетүү жөнүндө прокурорго билдирет же прокурорго 5 күндүн ичинде жөнөтүлө турган прокурордун талаптары менен макул эместиги жөнүндө жүйөлүү токтом чыгарат.
16. Долбоордун 35-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз:
35-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун төмөнкү редакцияда баяндоону сунуш кылабыз: “жазаларды аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери”, анткени түзөтүү мекемелердин жана тергөө изоляторлордун начальниктери алгачкы текшерүүчү органдардын бардык укуктарын жана милдеттерин жеке түрдө аткара албайт. Ушул бөлүмдүн 3, 6, 10, 11-пункттары боюнча аналогиялык сын пикир. Андан тышкары, долбоордун редакциясында аталган адамдар үчүн алгачкы текшерүүчү органдын начальниги (долбоордун 37-берене) ким болоору белгисиз.
“Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Куралдуу Күчтөрдүн курамына башкалар менен кошо аскердик башкаруу органдары кирет. Аскер комиссариаттары жергиликтүү аскердик башкаруу органдары болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы аскердик башкаруунун борбордук органы болуп саналат.
Аскердик башкаруу органдарынын аппараттарында ар түрлүү категориялардагы аскер кызматчылары аскер кызматын өтөйт, алар ар кандай жоруктарды жасашы мүмкүн жана алгачкы тергөө органдарына тийиштүү органдардын тизмегинде аскердик башкаруу органдарынын жетекчилеринин жок болушу мыйзамдардагы боштуктарды түзөт, ал эми аскердик башкаруу органдарында кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары бул Кодекстин иштөө аракетине туура келбей калат.
Жогоруда баяндалганды эске алып, 35-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
“3) аскердик башкаруу органдарынын жетекчилери, аскердик бөлүктөрдүн саркерлери, бирикмелердин жана аскер мекемелеринин зардалдары;”.
Ушундай эле эскертүүлөр долбоордун 528-беренесинин 4-бөлүгү боюнча, мында “ ыйгарым укуктуу кызмат адамы” деген сөздөрдөн мурда “аскердик башкаруу органдарынын” деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
“Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кээ бир алгачкы тергөө органдары (мисалы үчүн, геологиялык чалгындоо партияларынын, алыскы жерлердеги экспедициялардын зардалдары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелердин башчылары жана башкалар) изин суутпай издөө ишинин субъекттери болуп саналбастыгына байланыштуу изин суутпай издөө ишин ишке ашыруу укугун берүүнү чектөө менен 35-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктун кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
35-берененин 2-бөлүгүнүн 8-пункту менен алгачкы тергөө органдары бөгөт коюу чарасынын сакталышын контролдошот, ошого байланыштуу, андан ары үй камагынан сырткары бөгөт коюу чарасынын сакталышын контролдоону ченемдик укуктук жөнгө салуу долбоордо каралбагандыгын белгилейбиз. Ага байланыштуу бөгөт коюунун башка чараларын кайсыл баштапкы тергөө органы ишке ашыраары түшүнүксүз болуп калууда.
17. Долбоордун 38-беренесинин 7-бөлүгүндөгү ченем боюнча кылмыштардын кесепетинен жабырлануучу өлүмгө учураган иштер боюнча ушул беренеде каралган укуктар анын жакын туугандарынын бирине, алар жок болгон учурда өкүлдөрүнүн бирине өтөт деген ченем боюнча төмөнкүнү белгилейбиз. Долбоордун 41-беренеси менен жазык ишин жүргүзүүдө жабырлануучунун, жарандык доогердин жана жеке айыптоочунун мыйзамдуу таламдарын билдирүүгө мыйзамдын күчү менен укук берилген адвокаттар жана башка адамдар жабырлануучунун, жарандык доогердин жана жеке айыптоочунун өкүлдөрү деп таанылат деп аныкталган.
Баяндалганды эске алып, жогоруда аталган өкүлдөр катары кимдин чыгаары түшүнүксүз экендигин белгилейбиз.
18. Долбоордун 42-беренесинин 2-бөлүгү менен тергөөчү, алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу адамы сотко чейинки өндүрүштү токтотуу же аны айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом чыгарган учурдан тартып адам шектенүүнүн абалында болуудан калат экени аныкталган. Бирок, шектенүү бышыкталбаган учурда (далил жоктугу, кылмыш (жорук) жасоого тийиштүүлүк жоктугу же кылмыш (жорук) жасоого башка адамдардын тийиштүүлүгү аныкталган учурда өндүрүш кылмыш иш (жорук жөнүндө иш) боюнча токтолбостугун белгилеп кетүү зарыл. Ошого байланыштуу, аталган жагдайларда шектүүнүн абалында болуу зарылдыгы түшүнүксүз жана аталган ченемди кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
19. Шектүү тарабынан акысыз телефондук сүйлөшүүдө жазык ишин териштирүүгө мүмкүн болуучу тоскоолдук кылууну болтурбай коюу максатында долбоордун 43-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун төмөнкү редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
“2) тергөөчүнүн, алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу адамынын катышуусунда бир жолу 5 мүнөттүк акысыз телефон менен сүйлөшүүгө;”.
Мында, берилген акысыз телефондук сүйлөшүү жазык ишин териштирүүгө тоскоолдук кылуу мүмкүн болгон учурда тергөөчүнүн, алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу адамынын ченемдик жактан ушул сүйлөшүүнү жүргүзүүгө укугун аныктоо керек.
Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коррупциялышын жана кыянаттык кылышын болтурбай коюу максатында, ошондой эле шектүү тарабынан өз укуктарын талаптагыдай коргоо мүмкүнчүлүгү үчүн:
- долбоордун 43-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун “кармоо” -деген сөздөн кийин “жеке тинтүүнүн жана медициналык күбөлөндүрүүнүн акты, жазык ишин козгоо жөнүндө токтому” деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз;
- 5-пунктта “кармалганда – факт жүзүндө кармалган учурдан тартып” деген сөздөрдөн кийин “адвокаттардын мамлекеттик реестри менен таанышуу жолу аркылуу анын кызыкчылыктарын коргоо үчүн өз алдынча тандоо жана чакыруу менен” деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.”.
20. Долбоордун 45-беренесинин 2-бөлүгү менен айыпталуучу сотко чейинки өндүрүштүн ыйгарым укуктуу адамынын чакыруусу боюнча келүүгө милдеттүү деп аныкталган.
Ушуга байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, ченемдик укуктук актынын тексти адабий тилдин ченемдерин жана юридикалык терминологияны сактоо менен берилерин белгилейбиз. Ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек.
Баяндалгандардын негизинде “сотко чейинки өндүрүштүн ыйгарым укуктуу адамы” деген түшүнүктү долбоордун 5-берененин 52-пунктуна ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз.
21. Долбоордун 47-беренесинин 2-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүштө жана сотто жактоочулар катары адвокаттардын катышуусу каралган. Сотто жактоочу катары соттолуучунун жакын туугандары, мыйзамдуу өкүлдөрү жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери да катышса болот деп каралган.
Мында, ушул эле берененин 3-бөлүгүндө жактоочу ким экендигин ырастаган документин жана ордерин көрсөткөндөн кийин жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышууга укуктуу.
Ошондуктан ордерди адвокаттар менен көрсөтөөрүн тактоону сунуштайбыз.
22. Процесстин атаандаштык шартында айып коюучу тарап жактоочу тарап менен бирдей укуктарга ээ болушу зарыл. Күбө жөнүндө жоболор каралган долбоордун 56-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 4 жана 5-пункттарына ылайык, судья, коргоочу, адвокат жана адвокаттын жардамчысы күбө катары суракка алынбайт деп аныкталган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Жарандык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 3-1 пунктуна, “Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү мыйзам менен каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланыштуу ага белгилүү болгон жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борборунун кызмат адамы жана координациялык кеӊештин мүчөсү дагы күбө катары суракка алынууга жатпайт.
Баяндалгандарды эске алуу менен долбоордун 56-беренесинин 4-бөлүгүндө ушул бөлүктө саналган адамдардын тизмесинде тергөөчү да күбө катары суракка алынууга жатпастыгы жөнүндө жобону караштырууну сунуш кылабыз.
Ошого байланыштуу, 56-берененин 4-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын улуттук борборунун кызмат адамы координациялык кеңештин мүчөсүнүн тиешелүү мыйзам менен каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда ага белгилүү болгон жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча жана күбө катары суракка алынууга жатпастыгы жөнүндө жобону караштырууну сунуш кылабыз.
23. Долбоордун 69-беренеси, ошондой эле 426-беренеси менен “жекече даттануу”, “жекече сунуш” деген түшүнүктөр каралган, бирок долбоордун түшүнүктөр аппаратында бул түшүнүктөрдүн маанисин ачып берүү каралган эмес.
24. “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында изин суутпай издөө иши - ушул Мыйзам тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан алардын бийлик укуктарынын чектеринде адамдын жана жарандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин, менчикти, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүчү изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү аркылуу маалымдуу жана маалымсыз түрдө жүзөгө ашырыла турган иштин түрү деп белгиленген.
Баяндалганды эске алып, долбоордун 82-беренесинин 2-бөлүгүн мыйзамда белгиленген тартипте алынган, изин суутпай издөө ишинин жыйынтыктары да далилдердин булагы болуп саналаарын караган жобо менен толуктоону сунуштайбыз.
25. Долбоордун 85-беренесинин 3-бөлүгү менен шектүүнү күбө катары баштапкы суракка алуунун жүрүшүндө берген көрсөтмөлөр далилдер катары таанылышы жана айыптоонун негизине коюлушу мүмкүн эмес деп аныкталган. Бирок долбоор менен сурактын мындай түрү каралган эмес.
Ошону менен бирге эле, тергөөнүн жүрүшүндөгү сурактарда айыпталуучу, шектүүлөр чын көрсөтмөлөрдү берет да, анан кайра сотто алар ар кандай себептерден улам өздөрүнүн көрсөтмөлөрүн өзгөртүшөт. Ушул эле беренеге ылайык, айыпталуучу, шектүүлөр тарабынан кылмыш жасагандыгын мойнуна алуу, иш боюнча далилдердин топтому менен анын күнөөсү такталганда гана айыптын негизине коюлушу мүмкүн. Ошондуктан тергөөнүн жүрүшүндө берилген айыпталуучунун, шектүүнүн көрсөтмөлөрү иш боюнча башка далилдер менен чогуу сот тарабынан бааланышы жана кабыл алынышы зарыл.
Долбоордун 85-беренесинин 5-бөлүгүндөгү так эместикти белгилеп кетүү керек, анткени купуя негизде компетенттүү мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүчү адам кылмыш жасаганга шектелген же айыпталган учурда гана шектүү (айыпталуучу) катары суракка алынуусу мүмкүн. Мында ушундай сурак императивдик болуп саналат. Бирок, аталган адамдар кээде шектүү же айыпталуучу катары болбой калышат, ошого байланыштуу аларды аталган сапатта гана суракка алуунун зарылдыгы түшүнүксүз.
26. Заманбап технология буюм далилдерин санариптик булактарга бекитүүгө мүмкүнчүлүк берерин эске алуу менен, долбоордун 88-беренесинин 3-бөлүгүндөгү “видеопленкага же сүрөткө тартылып алынышы” деген сөздөрдү “фото же видео фиксация каражаттары менен бекитилип, фотосүрөттөр же фото булактар же видео маалыматтар” деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз. Долбоордун 120-беренесинин 8-бөлүгү боюнча да ушундай эле пикир, аны “видеотартуу кассеталары” деген сөздөрдөн кийин “фото- жана видеотартуулардын башка булактары” деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
88-берененин 8-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында кылмыштуу жол менен алынган акча жана башка баалуулуктар, пара алуунун же контрабанданын предмети болуп саналган акча жана башка баалуулуктар соттун өкүмү боюнча, ал эми айыпталуучунун каза болгондугуна же ал акыл-эси жайында эмес деп таанылгандыгына байланыштуу иш токтотулганда – алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн токтому менен мамлекеттин кирешесине берилүүгө тийиштиги, ошондой эле пара алуунун буюму мыйзамдуу ээлерине берилери каралган.
Ошого байланыштуу, башка негиздер боюнча жазык иши токтотулган учурларда аталган предметтер боюнча чечимдерге ченемдик укуктук жөнгө салуу жок деп эсептейбиз.
Мисалы, кылмыш-жаза кодексинин долбоорунун 220-беренесинин эскертүүсүндө эгерде адам айыптарды жана туумдарды кошуу менен тиешелүү болгон бажы төлөмдөрүн ыктыярдуу төлөсө, контрабанданын предмети болгон товарларга жана башка предметтерге карата бажы декларациясын аткарса жана бажыдан чыгарса кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу каралган.
27. Кылмыш жана/же жорук жасаган адамдарды процесстик эмес кармоого укукту караган долбоордун 101-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Бул берене белгилүү бир субъект тарабынан кыянаттык кылуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн өтө кенен спектрге ээ. Ошондой эле кармалган адамды канча убакыттын аралыгында өткөрүп берүү зарылдыгы көрсөтүлгөн эмес. Эгерде кылмыштын фактыларын тактоодо бул кармоо жаӊылыштык менен болгону аныкталса, анда кармалган адамдын укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө маселе пайда болот. Жогоруда баяндалганга байланыштуу, бул беренени кылмыш жасаган адамды факт жүзүндө кармагандан кийин өткөрүп берүү зарылдыгын же мүмкүн болгон кыска мөөнөттө компетенттүү мамлекеттик органга жеткирип берүүнү караган жоболор менен толуктоону сунуштайбыз. Муну менен, жалпысынан бул беренени деталдаштырууну жана анын зарылдыгын карап чыгууну сунуштайбыз.
28. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин долбоорунда аскер кызматчылары тарабынан жасалган жоруктар каралгандыктан, аскер кызматчылары кылмыштарды аскер бөлүктөрүнүн, мекемелердин, уюмдардын, аскер кампаларынын жана полигондордун аймагында жасашы мүмкүн экендигин эске алып, долбоордун 103-беренесинин 1-бөлүгүн “убактылуу кармоо изоляторлорунда” деген сөздөрдөн кийин “, ал эми аскер кызматчылары мындан тышкары убактылуу кармалгандардын бөлмөлөрүндө же аскер бөлүктөрүнүн жана аскер мекемелеринин гауптвахталарында” деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
29. Долбоордун 104-беренесинин 3-бөлүгүн, кылмыш жасаганга шектелген жашы жете электерди кармаганда токтоосуз анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө тез арада кабар берилет деген жобо менен толуктоону сунуштайбыз.
30. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн же өкүмдү аткаруу үчүн адамды берүү маселелери долбоордун 549-беренесинен башкалар менен да жөнгө салына турганына байланыштуу долбоордун 107-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 549-беренеге болгон шилтемени 67-главага шилтеме менен алмаштырууну сунуштайбыз.
31. Ошондой эле долбоордун 5-беренеси менен “мыйзамдуу өкүлдөр” деген түшүнүктүн аныктамасы берилгендиктен, “мыйзамдуу өкүлдөр” болуп жашы жете элек шектүүлөрдүн, айыпкердин же жабыркагандын, күбөнүн ата-энеси, асырап алгандар, көзөмөлдөөчүлөрү же камкорчулары эсептелгендиктен, аталган адамдар көзөмөлүндө турган мекемелердин же уюмдардын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү эсептелгендиктен, долбоордун 106 жана 112-беренелеринде жашы жете электер ата-энелеринин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн көзөмөлүнө берилерин караштырууну сунуш кылабыз.
Мында бул берененин 1-бөлүгү менен жашы жете электи көзөмөлгө өткөрүп берүүчүлөр саналган. Аларга ата-энеси, камкорчулар, көзөмөлдөөчүлөр, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери, ошондой эле атайын балдар мекемелеринин өкүлдөрү кирет.
112-берененин 3-бөлүгүндө жашы жете электерди көз салууга алгандар милдеттенмесин аткарбаган учурда аларга карата сот тарабынан ушул Кодекстин 124, 125-беренелеринде каралган тартипте эсептик көрсөткүчтүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө акчалай жаза пул салынышы мүмкүн деп аныкталган. Ушуга байланыштуу, 124-беренеде аталган адамдардын көрсөтүлбөгөндүгүн белгилейбиз. Мындан тышкары, ушул ченем (124-берене) Жоруктар жөнүндө кодексте болушу керек деп да эсептейбиз.
32. Долбоордун 113-беренеси менен күрөө – долбоордун 107-беренесинде аталып өткөн иш-аракеттерди айыпталуучу, соттолуучу жасабай тургандыгынын кепилдиги катары арест салынуучу атайын эсепке айыпталуучунун, соттолуучунун өзү же башка бирөө төлөөчү акчалай сумма же болбосо кыймылдуу же кыймылсыз мүлк деп каралган.
Ушуга байланыштуу, бул ченемде, күрөөнүн суммасы анын атайын эсебине салынуучу мамлекеттик органдын көрсөтүлбөгөндүгүн белгилейбиз.
Булар менен бирге, долбоордо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өндүрүп алууга мүмкүн болбогон мүлк күрөө катары кабыл алынбастыгы жөнүндө ченемди караштырууну сунуш кылабыз.
Ошондой эле, эгер бул кыймылдуу же кыймылсыз мүлк болсо долбоордо күрөөнүн предметин баалоонун, кармоонун, аны башкаруунун жана сакталышын камсыздоонун тартиби жөнүндө жоболорду кароону сунуштайбыз.
Мындан тышкары, долбоордо күрөөгө берилип жаткан мүлккө күрөө берүүчүнүн менчик укугун, жана мындай мүлккө укуктук чектөөлөрдүн жоктугун тастыктаган документтердин түп нускаларын көрсөтүү милдети жөнүндө жоболорду кароо максатка ылайыктуу.
33. Долбоордун 115-беренесинин 2-бөлүгү менен менчикке каршы жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмышты жасады деген айыпталуучу же башка жак зыяндын суммасын жана эсептик көрсөткүчтүн он миң өлчөмүндөгү күрөөнү атайын эсепке төлөгөн шартта жазык мыйзамында каралган жазанын түрүнө жана мөөнөтүнө карабастан ошол айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катарында камакка алуу колдонулбайт деп белгиленген.
Ушуга байланыштуу, ушул ченем күрөөнүн башка өлчөмдөрүн белгилеген долбоордун 113-беренесине ылайык келбестигин айтмакчыбыз.
Долбоордун 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өзгөчө учурларда бөгөт коюунун бул чарасы беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталуучуга же соттолуучуга карата төмөнкүдөй жагдайлар болгон учурда тандалып алынышы мүмкүн:
1) айыпталуучунун Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоочу орду болбогондо:
2) анын инсандыгы аныкталбаганда;
3) ал мурда тандалып алынган бөгөт коюу чарасын бузса;
4) ал тергөө органдарынан же соттон качып кеткенде.
Ушуга байланыштуу, “өзгөчө учурларда”, “мүмкүн” деген туюндурмалар ыйгарым укуктуу жактарга субъективдүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана тиешелүү ченемдерди колдонууга мүмкүндүк берип, бул өз кезегинде коррупциялык көрүнүштөргө алып келээрин белгилейбиз.
Ошону менен бирге, долбоордун аталган беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалып алынган адамга туугандары же башка адамдар менен жолугушуу иш өндүрүшүндө турган адамдын же органдын уруксаты менен гана берилиши мүмкүн. Ошентип, жолугушуу берүү жөнүндөгү маселени чечүү белгиленген адамдардын кароосуна гана калтырылат. Мында жолугушууну берүү же көрсөтүлгөн чечимди берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу шарттарынын тизмеги аныкталган эмес, бул укук колдонуу практикасында коррупциялык учурларга алып келүүсү мүмкүн.
Ошондой эле, долбоордун 196-беренеси менен тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы муну зарыл деп тааныса суракты суракка алынып жаткан адам турган жерде жүргүзүүгө укуктуу экендиги жөнүндө ченем киргизүү сунушталган.
Бирок долбоордо биздин көз карашыбыз боюнча дискрециялык жоболорду болтурбоого шарт түзүүчү тийиштүү учурлар жана баш тартуунун негиздери же уруксат берүү жөнүндө жоболор жок.
Баяндалганды эске алып, долбоордун бардык тексти боюнча ушуга окшош жоболорду тактоону же алып салууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз (атап айтканда, 130-берененин, 4-бөлүгү 134-берененин 6-бөлүгү, 195-берененин 5-бөлүгү, 236-берененин 5-бөлүгү, 390-берененин 11-бөлүгү).
34. Долбоордун 120-беренесинин 5-бөлүгүндөгү “ички иштер органы” деген сөздөрдү “сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган орган” деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз, анткени айдап келүү алардын өндүрүшүнө тийиштүү иштер боюнча бардык укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Ушундай эскертүүлөр, долбоордун 303-беренесинин 2-бөлүгү боюнча да бар анда, айыптоочу тараптан адамдардын келүүсүн камсыздоо сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган тарап менен ишке ашырылат деген жобону кароону сунуштайбыз.
35. Мүлккө камак салуу соттук өндүрүштү камсыздоо чарасы менчик ээсинин мүлккө болгон укугун чектөө менен байланышкандыгын эске алып, долбоордун 123-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-сүйлөмүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
“1. Мүлктү камоого алууда сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган адам прокурордун макулдугу менен, айыпталуучунун, шектүүнүн же алардын аракети үчүн мыйзам боюнча материалдык жоопкерчиликти тарткан жактардын мүлкүнө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү тергөө судьясынын алдында козгоо жөнүндө токтом чыгарат.”. Ошондой эле, ушуга байланыштуу долбоордун 125-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-сүйлөмүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
“3. Эгерде тиешелүү бузууларга сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жол берилсе, анда алгачкы текшерүү органы, прокурор же тергөөчү прокурордун макулдугу менен бузуулар жөнүндө протокол түзөт, ал сотко жөнөтүлөт жана анын сотко түшкөн учурунан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде судья тарабынан каралууга тийиш.”.
Долбоордун 122-беренесинин 8-бөлүгүндө камакка алынуучу мүлк жашырылышы же жок кылынышы мүмкүн деген негиздер болгон учурда сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн адам мүлк менен бүтүмдөрдү жана башка аткарымдарды жасоону токтото туруу жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу, же болбосо ал мүлк жыйырма төрт сааттын ичинде прокурорго же сотко билдирүү менен тергөө судьясынын чечими алынганга чейин алынып коюлушу мүмкүн деп белгиленген. Ушуга байланыштуу, ачык, түшүнүктүү укук колдонуу тажрыйбасынын максатында белгиленген соттун чечиминин мүнөзүн аныктоону сунуштайбыз.
36. Долбоордун 123-беренесинин 4-бөлүгү менен мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү колдоо жөнүндө маселени чечүүдө судья мүлккө камак салуу үчүн негиздерди камтыган бардык материалдар менен таанышып чыгууга милдеттүү деп белгиленген. Өтүнүч келип түшкөндөн кийин сегиз сааттын ичинде судья мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү колдоо жана аткаруу үчүн токтомду жана тиешелүү материалдарды тиешелүү органга жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алат деп каралган.
Судьялар көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийээрин эске алуу бул берененин 4-бөлүгүн соттун ушул бөлүктө көрсөтүлгөндөй тиешелүү органга аткаруу үчүн тиешелүү материалдарды жана токтомду жөнөтүү жана мүлктү камоого алуу жөнүндө өтүнүчтү колдоо жөнүндө чечим кабыл албастан, мүлктү камоого алуу жөнүндө өтүнүчтү кароо жыйынтыгы боюнча чечимди кабыл алаары жөнүндө кошумча иштеп чыгууну сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, ушул эле берененин 6-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзгөн адамдын прокурор тарабынан колдоого алынган мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтому материалдар сотко түшкөн учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн жер боюнча прокурордун катышуусу менен сот жыйналышында тергөө судьясы тарабынан каралууга тийиш деп аныкталган.
Ошого байланыштуу, ушул ченемдерде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн шайкеш эместигин белгилейбиз.
Ошондой эле, ушул берененин 8-бөлүгүндө мүлктү камоого алуу жөнүндө токтомдо ошол мүлктүн наркын көрсөтүү зарылдыгын алып салуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө белгилейбиз, анткени ушул эле берененин 3-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзгөн адамдын мүлккө камак салуу тартиби жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтому жана анын материалдары камакка алынууга жаткан мүлк белгиленген учурдан тартып кырк сегиз сааттан кечиктирилбестен тергөө судьясына берилүүгө тийиш деп каралган. 48 сааттын ичинде белгиленген наркты аныктоо мүмкүн эмес. Коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында мүлктү баалоону тиешелүү адистердин жана сот аткаруучунун катышуусунда мүлктү камоого алуу жөнүндө соттун чечими кабыл алынгандан кийин комиссия менен жүргүзүүнү сунуштайбыз.
37. Долбоордун 124-беренесине ылайык, процесстик милдеттерди аткарбагандыгы, ошондой эле сот жыйналышында тартипти бузгандыгы үчүн эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүнө чейин акчалай айып салынышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу, акчалай айыптын минималдуу жана максималдуу өлчөмүн кароону жана анын өлчөмүн жыйырмадан элүү эсептик көрсөткүчкө чейин белгилөөнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
38. Долбоордун 145-беренесинде процесстик мөөнөттөрдү эсептөө маселелерин жөнгө салуу сунушталган.
Долбоордун 145-беренесинин 1-бөлүгүнүн сунушталган редакциясына ылайык процесстик мөөнөттөр саат, сутка (күн), ай жана жылдар менен эсептелет.
Бирок долбоордун текстинде баа берүүчү түшүнүк болуп саналган “Токтоосуз”, “кечиктирбей” деген туюндурмалар колдонулган.
Ушуга байланыштуу, ыйгарым укуктуу жактарга мыйзамдын так ченемдерин жетекчиликке албастан өз ыктыяры боюнча аракет кылуу мүмкүнчүлүгүн берген жоболорду алып салуу максатында долбоор менен сунушталган мөөнөттөрдү тактоону сунуштайбыз.
39. Долбоордун 152-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилген маалыматтар боюнча жазык иши жана жоруктар жөнүндө иш козголгон учурдан тартып башталаары аныкталган.
153-берененин 1-бөлүгүнө ылайык тергөөчү, прокурор, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жасалган кылмыш же жорук жөнүндө арызды, билдирүүнү алган учурдан тартып же кылмыштын, жоруктун жасалгандыгын күбөлөндүрүп турган жагдайларды түздөн-түз байкоого, ошондой эле чет мамлекеттен сотко чейинки өндүрүштүн материалдары келип түшкөндө кийинкиге калтырбастан, 24 сааттан кечиктирбестен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.
153-берененин 4-бөлүгүнө ылайык жазык ишин же жоруктар жөнүндө ишти козгоо же болбосо аны козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим үч күндүк мөөнөттө, ал эми өзгөчө учурларда – он күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынышы керек.
Ошого байланыштуу, аталган Реестрге маалыматтарды киргизген учурдан баштап же жасалган кылмыш (жорук) жөнүндө арызды, билдирүүнү алган учурдан тартып кылмыш ишин козгоо же козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн мөөнөттүн башталышы так эместигин белгилейбиз.
40. Андан сырткары, долбоордун 154-беренесинин аталышын жана 1-бөлүгүн аталган Реестрдин толук аталышы менен ылайык келтирүү зарыл деп эсептейбиз, ал эми бул берененин 2-бөлүгүндө “автоматтык” деген сөз эмнени билдирерин тактоону жана номер кайсыга берилерин – маалыматкабы, кылмышкабы (жоруккабы), кылмыш ишкеби же баш тартуу материалынабы – конкреттештирүү зарыл.
41. Долбоордун 153-беренесинин 7-бөлүгүнүн ченемдерин бири- бирине ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз, аларда “арыз ээсине билип туруп жалган билдирүү бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылаары жөнүндө эскертилет” деп көрсөтүлгөн, ал эми Кылмыш жаза кодексинин (мындан ары - КЖК) долбоорунун 339-беренесинде кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган билдирүү үчүн жоопкерчилик каралган.
42. Долбоордун 158-беренеси боюнча бул беренедеги шилтемелердин Жазык кодексинин долбоорунун беренелеринин нумерациясы менен бирдей эместигин белгилейбиз.
Ушундай эле эскертүүлөр Жоруктар жөнүндө кодекстин долбоорунун беренелеринин номурланышындагы алгачкы таануу органдарынын тергөөгө караштуулугун аныктаган 528-беренеси боюнча да бар.
Жогоруда белгиленген эскертүүлөргө байланыштуу долбоордун 158 жана 528-беренелерине талдоо жүргүзүүнүн татаалдыгын белгилейбиз.
Мында 158-берене боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.
263-беренени (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) баңгизаттарын контролдоо боюнча органдын, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын жана улуттук коопсуздук органынын альтернативдүү тергөөгө караштуулугуна киргизүүнү сунуш кылабыз.
Ошондой эле, улуттук коопсуздук органдарынын ишинин өзгөчөлүгүн жана багытын эске алуу менен, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин артыкчылыктуу тергөөгө караштуулугу катары 246 (Мыйзамсыз куралдуу түзүмдү түзүү же ага катышуу) жана 247 (Кемени айдай качуу же басып алуу), 352-беренелери (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен каралган кылмыштардын курамын кароо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, терроризм жана экстремизм коркунучтарынын көбөйүүсү менен, ошондой эле Ички иштер министрлигинин түзүмүндө экстремизм менен күрөшүү боюнча өзүнчө башкармалыктын болгондугуна байланыштуу, КР Кылмыш-жаза кодексинин долбоорунун 249-беренесинин 1-бөлүгүн (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү), 309-беренесинин 1-бөлүгүн (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондордун ортосундагы кастыкты (кагылышууну) козутуу), 310-беренесинин 1-бөлүгүн (Экстремисттик уюмду түзүү) жана 311-беренесинин 1-бөлүгүн (Экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) улуттук коопсуздук органдарынын жана ички иштер органдарынын альтернативдүү тергөөгө караштуулугуна киргизүүнү сунуштайбыз.
43. Долбоордун 160-беренесинин 4-бөлүгүн “областтын прокурору” деген сөздөрүнөн кийин “Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун орун басары” деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
44. 171-беренеде камтылган ченемдерди эки жактуу чечмелөөнү жана түшүнүүнү четтетүү максаттарында, аталган берененин 1-бөлүгүндө жазык иши үчүн мааниге ээ болгон, кылмыштын издерин аныктоо жана каттоо максаттарында алгачкы тергөөнүн тергөөчүсү, ыйгарым укуктуу органы тарабынан окуя болгон орунду, жерди, турак жайды, өлүктөрдү, документтерди кароо калыс күбөлөрдүн катышуусу менен өткөрүлөөрүн милдеттүү тартипте кароону сунуштайбыз.
Долбоордун 171-беренесинин 5-бөлүгү менен, аларда менчик же башка укукта турган турак жайларды жана башка объекттерди кароо анда жашаган адамдардын макулдугу же прокурордун макулдугу менен жана сот чечиминин негизинде гана жүргүзүлө турганы аныкталган. Эгерде анда жашаган адамдар жашы жете электер же психикалык, же башка оор оорулары менен жабыркагандар болуп саналса, же кароого каршы болушса, тергөөчү мажбурлап кароо жөнүндө токтомду чыгарат, ал сот чечиминин негизинде жүргүзүлүшү керек. Уруксат берүүдөн баш тартылган учурда, кароо жүргүзүлбөйт.
Ченемдерди кайталоо байкалгандыгын эске алуу менен, тийиштүү соттук чечим зарыл болгон, ошондой эле прокурордун макулдугу керек болгон учурларды тактоону сунуштайбыз.
Мындан тышкары, ушул берененин 7-бөлүгү менен турак жайды кароодо анда жашаган жашы жеткен адамдын катышуусу камсыздалышы керектиги каралганын белгилейбиз. Анын катышуусу мүмкүн болбогон учурда, жергиликтүү аткаруу органынын өкүлдөрү чакырылат.
Мында, кайсы орган жөнүндө сөз болуп жатканы түшүнүксүз, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органыбы, жергиликтүү мамлекеттик администрациябы же кандайдыр аткаруу бийлигинин аймактык мамлекеттик органыбы?
45. Долбоордун 173-беренесинин 3-бөлүгүн төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толуктоону сунуштайбыз:
“Таанылбаган адамдын өлүгүн көмүүгө сот чечими боюнча гана уруксат берилет.”.
46. Долбоордун 176-беренеси боюнча, сот өлгөн адамдын туугандарынын макулдугу болбогондо эксгумацияны өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алаарын белгилейбиз. Ушуга байланыштуу, долбоордун аталган 176-беренесинде ар кандай жөндөмө формаларындагы “санкциялоо” деген сөздү тийиштүү жөндөмө формаларындагы “уруксат” деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Ошол эле убакта, долбоордун 176-беренесинин 1-бөлүгүндө өлгөн адамдын туугандарынын эркине каршы өлүктү эксгумациялоого соттун уруксаты даттанууга жатпай тургандыгы жөнүндө ченем жарандардын конституциялык укуктарын буза тургандыгын белгилейбиз.
Ошондой эле туугандары баш тартканда, эксгумация сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдардын демилгеси боюнча өткөрүлө турганын эске алуу менен, мындай учурларда эксгумация жана андан ары өлүктү көмүү менен байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу мамлекеттин эсебинен өткөрүлүшүн кароо керек.
Долбоордун 176-беренесинин 2-бөлүгү менен, эреже болгондой, эксгумацияны санкциялоо жөнүндө өтүнүч материалдар сотко түшкөн учурдан тартып, мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдүн аралыгында тараптардын катышуусу жок, тергөө судьясы тарабынан жалгыз карала турганы каралат. Мыйзамдуу жана негиздүү чечим кабыл алуу үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды изилдөө зарыл болгондо, судья тийиштүү жактардын жана прокурордун катышуусу менен сот жыйынын өткөрүү жөнүндө токтом чыгарат.
Ушуга байланыштуу, “эреже болгондо” туюндурмасы ыйгарым укуктуу адамдарга субъективдүү чечмелөө жана белгиленген ченемдерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн берерин, бул өз кезегинде коррупциялык учурларга алып келиши мүмкүн экенин белгилейбиз.
Мындан тышкары, бул ченемде соттун тийиштүү материалдарды кароосунун мөөнөтүн конкреттештирүүнү сунуштайбыз.
47. Долбоордун 185-беренесинин 4-бөлүгү менен, адамдын медициналык стационарда болуусунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө эксперттин же эксперттер комиссиясынын өтүнүчү сотко стационар жайгашкан орун боюнча, 30 күндүк мөөнөт аяктаганга чейин 3 күн мурда берилиши керектиги аныкталган. Бирок сунушталган долбоордун ченемдери менен экспертиза жүргүзүү үчүн адамды медициналык мекемеге жаткыруунун белгилүү мөөнөтү каралган эмес.
Ошондой эле ушул эле берененин 7-бөлүгү менен соттук экспертизаны дайындаган жана адамды медициналык стационарга мажбурлоо тартибинде жайгаштырган тергөөчү же сот, 24 сааттын ичинде бул тууралуу анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, туугандарынын же анын көрсөтмөсү боюнча башка адамдардын бирөөсүнө кабарлоого, ал эми мындайлар жок болгондо, анын жашаган орду боюнча ички иштер органына билдирүүгө милдеттүү экени белгиленген.
Муну менен катар, долбоордун 177-беренесинин 3-бөлүгү менен медициналык же психиатриялык экспертиза өткөрүү үчүн мажбурлап жаткыруу тергөө судьясынын токтому боюнча жүргүзүлө турганы аныкталган.
48. Долбоордун 190-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүн “шектүүнү” деген сөздөн кийин “айыпталуучуну” деген сөз менен толуктоону сунуштайбыз, анткени айыпталуучудан да үлгүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү каралышы керек, себеби мындай зарылчылык адамга айып тагылгандан кийин да пайда болушу мүмкүн.
49. Долбоордун 198-беренесинин 6-бөлүгүнө байланыштуу, төмөндөгүлөрдү белгилейбиз. Бул ченем менен эгерде протокол айыпталуучу, шектүү, күбө жана жабырлануучу эркин сүйлөй албаган тилде түзүлсө, анда ал оозеки которула тургандыгы белгиленген, бул жөнүндө протоколдун соңунда көрсөтүлөт жана ал оозеки котормонун анын көрсөтмөлөрүнө дал келээрин ырастай турганы жөнүндө сот өндүрүшүнүн тилинде жана суракка алынуучу билген тилде жазылат. Бул учурларда сурак протоколуна оңдоолорду жана толуктоолорду киргизүүдө, аларды суракка алынуучу билген тилден сот өндүрүшүнүн тилине которуунун тууралыгы жөнүндө котормочунун колу менен күбөлөндүрүлөт.
Ушуга байланыштуу, андан ары, укук колдонуу практикасында сот өндүрүшүнүн тилин билбеген адамдарды сурак протоколун суракка алынуучу билген тилге которуунун милдеттүүлүгү жөнүндө талаштарга жол бербөө үчүн, белгиленген ченемди сурактын бардык протоколун которуунун тууралыгын котормочунун колу менен күбөлөндүрүүнүн милдеттүүлүгү жөнүндө жобо менен толуктоону сунуштайбыз.
50. Жашы жете электердин укуктарын толук кандуу коргоо максаттарында долбоордун 202-беренесинин биринчи бөлүгүндө жашы жете элек күбөнү же жабырлануучуну суракка алууда, анын курагынан көз карандысыз, жашы жете электин мыйзамдуу өкүлүнүн милдеттүү катышуусун кароону сунуштайбыз.
51. Долбоордун жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн кароонун тартиби каралган 205-беренесине байланыштуу, бул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу тууралуу судьянын токтомуна даттанууга укуктуу боло турган адамдардын тобун аныктоону сунуштайбыз. Мындан тышкары, биринчи инстанциядагы соттун чечими боюнча даттануу апелляциялык инстанцияга берилерин белгилейбиз.
Андан ары, долбоордун 205-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн алган учурдан тартып үч сутканын ичинде, көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнүчтү судьянын кароосуна байланыштуу ченемдерди кайталоо орун алгандыгы жөнүндө белгилейбиз.
Долбоордун тинтүү жана алып коюу прокурордун макулдугу менен жана тергөө судьясы тарабынан кабыл алынган, сот чечиминин негизинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленген, 213-беренесинин 3 жана 12-бөлүктөрүнүн ченемдерин кайталоого байланыштуу ушундай эле эскертүү бар.
52. Долбоордун 210-беренесинин 3-бөлүгү менен ошол эле тааный турган адам тарабынан жана ошол эле белгилери боюнча адамды же предметти кайталап таануу, төмөндөгү учурлардан тышкары өткөрүлбөй турганы белгиленген:
1) таанылуучу адамдын жоктугуна же оорулуунун абалына же предметтин жоктугуна байланыштуу таануу сүрөт боюнча жүргүзүлүп, андан кийин таанылуучу объектти түздөн-түз көрсөтүү мүмкүндүгү келип чыкканда;
2) мурдагы таануу тааный турган адамдын психикасы, көрүүсү, угуусу убактылуу бузулган, болуп жаткан окуяны туура кабылдай албаган ооруган абалда болгон учурда жүргүзүлгөндүгү аныкталганда;
3) мурдагы таануу зарыл даярдыгы жок өткөрүлүп, анын натыйжасында кабылдоо шарттары таанылуучу адамды же объектти биринчи байкоого караганда начар болгондо. Мындай учурларда таануу үчүн объектти көрсөтүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселе тергөөчү тарабынан чечилет.
Биздин көз карашыбызда, ченемдин өзү менен ошол эле тааный турган адам тарабынан жана ошол эле белгилери боюнча адамды же предметти кайталап таануу жүргүзүлүүчү жагдайлар каралгандыктан, мындай учурларда объектти таануу үчүн берүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени чечүүнү тергөөчүнүн ыйгарым укуктарына калтыруу бул ченемди субъективдүү чечмелөөгө жана колдонууга алып келиши мүмкүн, бул өз кезегинде, коррупциялык учурларга алып келиши ыктымал.
53. Долбоордун 220-беренесинин 2-бөлүгүндө атайын тергөө амалдарын жүргүзүү зарылдыгы болгондо тергөөчү прокурордун макулдугу менен сотко тиешелүү расмий өтүнүч бере турганы каралганын эске алуу менен, долбоордун 223-беренесинин 2-бөлүгүн “тергөөчүнүн” деген сөздөн кийин “прокурор менен макулдашылган” деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
54. Ошондой эле долбоордун 224-беренесинин 1-бөлүгүн төмөндөгүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“1. Кечиктирүүгө болбой турган учурларда атайын тергөө амалдары андан ары 12 саат аралыгында прокурорго кабарлоо менен судьянын чечими жок эле жана ушул Кодекстин 222, 275-беренелеринде белгиленген тартипте бул аракеттердин мыйзамдуулугун же мыйзамсыздыгын аныктоо үчүн жазык ишинин тиешелүү материалдарын андан ары тергөө судьясына берүү менен башталышы мүмкүн.”.
55. Долбоордун 249-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толуктоону сунуштайбыз:
“4) сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө жазык жоопкерчилигин тартууга тийиштүү адамды аныктабоо.”.
Бул ченемдин жоктугу тергөөчүнүн өндүрүшүндө турган кылмыш иштеринин санын көбөйтүүгө алып келет, бул кылмыш иштерин иликтөөнүн сапатына терс таасирин тийгизет жана иликтенүүчү кылмыш иштери боюнча бир тергөөчүгө жүктөмдү көбөйтүүгө алып келет.
Алсак, долбордун 160-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, кылмыштар жөнүндө бардык иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш адам кылмыш жасалгандыгы жөнүндө шектенүүнү билдирген учурдан тартып эки айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен аяктоого тийиш. 160-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн талаптарына ылайык, тергөө мөөнөтү алты айга чейин облустун прокурору, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын прокурорлору тарабынан, тогуз айга чейин – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары тарабынан узартылышы мүмкүн, ал эми өзгөчө учурларда анын мөөнөтүн андан ары бир жылдан ашык эмес мөөнөткө узартуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан жүргүзүлөт.
Мында, эгерде кылмышты жасоого шектенүү ырасталбаган, шектүү адамга карата жазык куугунтугу токтотулган, бирок ошол эле убакта шектүү аныкталбаган кылмыш-жазалануучу жосундун фактысы орун алган учурларда тергөөчүнүн эмне кылышы керектиги каралган эмес. Тергөөчү 160-берененин талаптарын аткаруу менен, тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин тергөөнүн мөөнөтүн узартышы керек, ал жогоруда көрсөтүлгөндөй, бир жылдан ашпашы керек. Муну менен катар, эгерде жазык иши боюнча кылмыш жасаган адам аныкталбаса, бирок бул жазык иши бир жылдан ашык иликтенип жатса, тергөөчү кандай аракет кылышы керектиги ачык маселе бойдон калууда.
Долбоордун 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун “башка оор оорулар” деген сөздөрдөн кийин «шектүүнүн» деген сөз менен толуктоону сунуштайбыз, анткени сунушталган долбоорго ылайык, тергөө мөөнөтү шектүүгө кабарлаган учурдан тартып эки айдын аралыгында аяктайт. Бул ченемди толуктаган учурда 249-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен каралган оорулар айыпталуучуда гана эмес, шектүүдө дагы болгондо тергөөчүлөрдө жазык иши боюнча өндүрүштү токтотуу үчүн негиздер болот.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, долбоордун 249-беренесинин 1-бөлүгүн төмөндөгүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“1. Төмөнкү негиздердин бири болгондо сотко чейинки өндүрүш токтотулуп турат:
1) айыпталуучу тергөөдөн жашырынып кетсе жана анын турган жери аныкталбаса;
2) айыпталуучунун, шектүүнүн тергөө же процесстик аракеттерге катышуусуна бөгөт болуучу убактылуу психикалык же башка оор оорусу болсо, ал мамлекеттик медициналык мекемеде иштеген врач тарабынан күбөлөндүрүлсө;
3) айыпталуучунун турган жери белгилүү, бирок айыпталуучуну иммунитеттен ажыратуу же аны чет мамлекетке өткөрүп берүү жана/же чет мамлекеттин өткөрүп берүүсү жөнүндө маселени чечүүгө байланыштуу же кылмышты жазалоону улантуу үчүн иштин материалдарын чет мамлекетке жибергенде анын жазык ишине катышууга реалдуу мүмкүндүгү жок болсо;
4) кылмыш жоопкерчилигине тартууга жаткан адам аныкталбаса.”.
56. Долбоордун 35-главасын тергөөчү бардык далилдерди көрсөтүү менен (иштин барактарын белгилөө менен ж.б.), айыпталуучунун күнөөлүүлүгү жөнүндө өзүнүн пикирин баяндаган, тергөөчүнүн айыптоо корутундусун түзүү зарылчылыгы жөнүндө жоболор менен толуктоону сунуштайбыз. Бул айыптоо корутундусу сотто жазык ишин кароодо жана өкүм чыгарууда чечүүчү ролго ээ болбойт.
Бирок бул чара айыпталуучулардын жана соттолуучулардын укуктарын коргоого жардам берет, анткени далилдер жок болгондо, тергөөчү айыптоо корутундусун түзө албай калат.
57. Долбоордун 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун төмөндөгүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“2) адамдын кылмышты жасагандыгын көрсөткөн жетиштүү далилдер жок болгондо, эгерде кошумча далилдерди топтоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жок калса.”.
Сунушталган өзгөртүү аны жасоого кылмыштын курамынын жоктугунан улам жазык ишин токтотуу ченеми долбоордун 25-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөнү менен шартталган. Ошол эле убакта, долбоордун 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту менен сотко чейинки өндүрүштү токтотууга негиздемелердин бири болуп долбоордун 25-беренесинде көрсөтүлгөн негиздердин бар экендиги эсептелээри көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, долбоордун 245-беренесинин 1-бөлүгү менен адамды айыпталуучу катары тартууга негиз болуучу жетиштүү далилдер болсо тергөөчүнүн тийиштүү токтомду чыгараары каралган. Ушуга байланыштуу, “айыпталуучу” деген сөздү “адам” деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Ошондой эле, жалпысынан, долбоордо процесстик аракеттерди өткөрүүдөгү мөөнөттөрдүн макулдашылбагандыгы байкалаарын белгилейбиз.
Алсак, долбоордун 115-беренесинин 3-бөлүгүндө эгерде камакка алуу жөнүндө өтүнүч ушул Кодекстин 98 жана 99-беренелеринде белгиленген тартипте кармалган айыпталуучуга карата козголуп жатса, анда көрсөтүлгөн материалдар кармоо протоколу түзүлгөн учурдан тартып кырк сегиз сааттын ичинде, бирок кармоонун мөөнөтү бүтөөрүнө эки саат калгандан кечиктирилбестен тергөөчү тарабынан сотко көрсөтүлүүсү тийиш экени аныкталган.
Бирок, долбоордун 99-беренесинин алтынчы бөлүгүндө иш жүзүндө кармалган учурдан тартып 45 саат өткөнгө чейин шектүү адам ушул Кодекстин 139-беренесинде каралган тартипте аны кармоонун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керектиги белгиленген.
Ошондой эле долбоордун 99-беренесинин 6-бөлүгү менен белгиленген жоболорду көңүлгө алып, долбоордун 245-беренесинин 6-бөлүгүндө адамды айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом шектүүнү иш жүзүндө кармаган учурдан баштап 48 сааттан кеч эмес чыгарылууга тийиштиги белгиленгенин айтмакчыбыз.
Ушундай эле эскертүүлөр мөөнөттөргө карата да белгиленет, алар каралган ченемдер:
- долбоордун 115-беренесинин 4-бөлүгү жана 272-беренесинин 1-бөлүгү;
- долбоордун 116-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрү жана 272-беренесинин 10-бөлүгү;
- долбоордун 114-беренесинин 4-бөлүгү, 116-беренесинин 10-бөлүгү жана 272-беренесинин 12-бөлүгү;
- долбоордун 116-беренесинин 4-бөлүгү жана 325-беренесинин 5-бөлүгү.
Белгиленген ченемдердин мүнөзүн эске алуу менен, көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү өз ара шайкештикке келтирүү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
58. Тергөө судьясынын ыйгарым укуктарын белгилөөчү долбоордун 269-беренесине байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет.
Ушуга байланыштуу, жазык ишин козгоо үчүн зарыл болгон жетиштүү негизди алуу үчүн багытталган изин суутпай издөө чараларын мыйзам чегинде өткөрүү максатында долбоордун 269-беренесин төмөндөгүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз:
“8. Инсандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү, аракеттерди жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн соттук контролдоону ишке ашыруунун алкагында, тергөө судьясы ыкчам-издөө ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам менен каралган учурларда жазык ишин козгогонго чейин ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө уруксат берет.”.
59. Долбоордун 284-беренесинин 1-бөлүгүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн шектүүгө, айыпталуучуга карата өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүш ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, жалпы тартипте өткөрүлө турганы көрсөтүлгөн. Бул берененин маанисинен улам, кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн шектүүгө, айыпталуучуга карата жазык иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүшү керек. Бирок долбоордун 150-беренесинде бул ченем, башкача айтканда, кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн шектүүгө, айыпталуучуга карата жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү каралган эмес.
Ушуга байланыштуу, аталган ченемдерди бири-бирине ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз.
Жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүүдө жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө көрсөткөн долбоордун 289-беренесинин 6 жана 8-бөлүктөрү боюнча, бирөө акыл-эси жайында эмес абалда жосунду жасагандыгы же психикалык бузулуудан улам кылмышты жана/же жорукту жасагандан кийин ооруп калганы белгиленген болсо, ага карата иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнөөрүн караган долбоордун 502-беренеси боюнча ушундай пикир бар.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде долбоордун 150-беренесин долбоордун 284, 289 жана 502-беренелеринде каралган жагдайларда кылмыш иштерин өзүнчө өндүрүшкө бөлүүнү аныктоочу жоболор менен толуктоону сунуштайбыз.
60. Долбоордун 317-беренесинин 5-бөлүгүндө бул берененин ушул эле бөлүгүнө шилтемеге байланыштуу бул бөлүктүн мазмунунун түшүнүксүздүгүн белгилейбиз.
Муну менен катар, бул ченемге шилтемелердин натыйжасында долбоордун башка беренелеринде бул беренелердин аракеттер механизми түшүнүксүз. Аталган шилтемелер 300-берененин 2-бөлүгүндө, 305-берененин 4-бөлүгүндө, 309-берененин 4-бөлүгүндө, 323-берененин 7-бөлүгүндө, 326-берененин 2-бөлүгүндө, 336-берененин 4-бөлүгүндө, 432-берененин 3-бөлүгүндө, 475-берененин 2-бөлүгүндө каралган.
Долбоордун 307-беренесинин 5-бөлүгү менен бөгөт коюу чарасын колдонуу, ишти соттук таандыктыгына жараша жиберүү, иш боюнча өндүрүштү токтото туруу, же аны токтотуу (толук же жарым-жартылай) жөнүндө, жазык ишин прокурорго кайтаруу жөнүндө алдын ала угуунун натыйжасында кабыл алынган соттук чечимге үч сутканын ичинде аппеляциялык тартипте даттануу берилиши мүмкүн экендиги белгиленген.
Бирок мында ушул эле берененин 1-бөлүгүндө алдын ала угуулардын натыйжалары боюнча кабыл алына турган чечимдер саналган, алардын санына бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө чечим кирбейт.
Ушуга байланыштуу, аталган ченемдерди бири-бирине ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз.
Долбоордун 308-беренесинин 1-бөлүгүн төмөндөгүдөй мазмундагы 10-пункт менен толуктоону сунуштайбыз:
“10) сотто мурда тагылганга караганда оор айыптоо аныкталганда.”.
Бул жагдай тергөөнүн кемчиликтерин толтуруу үчүн ишти прокурорго кайтаруу үчүн негиз болуп саналат жана ал ишти токтото туруунун негизи катары, 309-беренеге жаңылыштык менен киргизилген. Ушуга байланыштуу, 309-берененин 1-бөлүгүнөн 7-пунктту алып салууну сунуштайбыз. Мындан тышкары, долбоордун 316-беренесинин 6-бөлүгүн төмөндөгүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“6. Сотто мурда тагылган айыптоого караганда кыйла оор айып аныкталса, сотко чейинки өндүрүштүн кемчиликтерин толуктоо үчүн иш прокурорго жиберилет.”.
Ошондой эле долбоордун 309-беренесинин 3-бөлүгүн төмөндөгүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“3. Ушул берененин биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда судья жазык иши боюнча өндүрүштү токтотуп турат жана камакта кармалган айыпталуучу качып кетсе жазык ишин прокурорго кайтарат жана айыпталуучуну издөөнү камсыз кылууну ага тапшырат, ошондой эле камакка алынбаган айыпталуучу качып кетсе, ага издөө жарыялоо менен, аны камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандайт, ал эми жазык иши бул чечимди аткарууга көзөмөл кылуу үчүн прокурорго жиберилет.”.
Долбоордун 316-беренесинин 5-бөлүгүндө, прокурор айыптоону кыйла жеңилине өзгөртүшү же айыптоодон толугу менен же жарым-жартылай баш тартышы мүмкүн экени белгиленген. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочунун айыптоодон толук же жарым-жартылай баш тартуусу жазык ишин толук же анын тиешелүү бөлүгүн токтотууга алып келет.
Ал эми жеке айыптоочу жөнүндө ченемди караган 39-берене менен жеке айыптоочу мамлекеттик айыптоочу айыптоодон баш тарткан учурда ачык жана жекече-ачык айыптоо иштери боюнча айыптоону сотто өз алдынча колдогон жабыркаган адам болуп саналаары белгиленген.
61. Апелляциялык тартипте соттун чечимин жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, соттун чечимдерин кассациялык тартипте гана жокко чыгарууну алдын ала караган долбоордун 317-беренесинин 6-бөлүгүнүн редакциясын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Долбоордун 371 жана 376-беренелеринде “алдын ала корутунду” атоосун колдонуу каралган, бирок бөгөт коюу чараларын караган долбоордун 106-беренеси менен мындай бөгөт коюу чарасы белгиленген эмес.
62. Сот арачыларынын коллегиясынын тыянагынын милдеттүүлүгүнө байланыштуу (долбоордун 413-беренеси), бул берененин биринчи бөлүгү менен сот арачылар коллегиясынын тыянагы төрагалык кылуучу үчүн милдеттүү экени жана алардын актоочу же айыптоочу өкүмдү чыгаруусуна алып келээри шартталган.
Бирок, андан ары, ушул эле берененин 4-бөлүгүндө эгерде төрагалык кылуучу күнөөсүзгө карата айыптоочу вердикт чыгарылганын, соттолуучу вердикт менен күнөөлүү деп табылган жосунда кылмыштын курамы жоктугун жана актоочу өкүмгө токтом кылууга жетиштүү негиздердин бардыгын тааныса, анда ал сот арачыларынын коллегиясын таркатуу жана алдын ала угуу стадиясынан тартып жазык ишин соттун башка курамында жаңыдан кароого жөнөтүү жөнүндө токтом чыгараары белгиленген. Бул токтом даттанууга жатпайт.
Баяндалганды көңүлгө алуу менен, долбоордун 413-беренесинде каралган ченемдердин ички карама-каршылыгын белгилейбиз.
Мында долбоордо долбоордун 413-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген кырдаалды чечүүнүн башкача механизмин кароону сунуштайбыз.
63. Долбоордун 422-беренесинде соттун өкүмү же башка чечими чыгарылгандан тартып, ал эми камакта кармалган соттолгон адам тарабынан – ага өкүмдүн, аныктаманын, токтомдун көчүрмөсү тапшырылган күндөн тартып аталган соттун өкүмүнө же башка чечимине апелляциялык даттануунун мөөнөтүн колдонулуп жаткан мыйзамдагы 10 күндөн бир айга чейин көбөйтүү каралып жатат.
Ушуга байланыштуу, камакта кармалган соттолгон адамдардын даттануусунун мөөнөтүн көбөйтүү аларды камакта кармоо мөөнөтүн узартаарын белгилейбиз. Аталган түзөтүү тергөө изоляторлорунда жана алар жок болгон жерлерде убактылуу кармоо изоляторлорунда камактагы адамдардын санынын көбөйүшүнө алып келет жана ошого байланыштуу кошумча каржылоону талап кылып, республикалык бюджетке оорчулук алып келээрин белгилейбиз.
Апелляциялык инстанцияда ишти кароо мөөнөтүн бир айдан эки айга чейин көбөйткөн долбоордун 430-беренеси боюнча да ушундай эле пикир.
Мындан тышкары, аталган жоболор апелляциялык инстанция тарабынан актоо өкүмү чыгарылган адамдардын абалын начарлатат.
Ушуга байланыштуу, апелляциялык даттануунун жана сунуш берүү мөөнөттөрүн, ошондой эле апелляциялык инстанцияда иштин кароо мөөнөтүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
64. Белгиленген жазадан соттолгон адамды бошотуунун укуктук процесстик механизмин белгилөө максатында 457-берененин 1-бөлүгүн төмөнкү мазмундагы экинчи-төртүнчү сүйлөмдөр менен толуктоону сунуш кылабыз:
“Сот отурумунда соттолгон адамды белгиленген жазадан бошотуу пробация органынын корутундусунун негизинде ишке ашырылат. Пробация органынын корутундусунда баяндалган көзөмөл талаптарын жана пробациялык милдеттерин аткарбаган учурда сот аталган корутундуну соттолгон адамдын катышуусу менен сот отурумунда карайт. Пробация органынын корутундусун кароонун жыйынтыгында сот соттолгон адамды белгиленген жазаны өтөө үчүн жөнөтүүгө же соттолгон адамды белгиленген жазадан бошотууга укуктуу.”.
Мындан тышкары, 457-беренеде баяндалган процесстик карап чыгуу маселеси так эместигин белгилейбиз, анткени алар Кылмыш-жаза кодексинин 85-беренесинин ченемдерин кайталайт.
65. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбоорунун 84-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келтирүү жана укук колдонуу практикасында кайчылаштыкка жол бербөө максатында, долбоордун 462-беренесинин 5-бөлүгүндө “контроль” деген сөздү “көзөмөл” деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
66. Долбоордун 472-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, кассациялык инстанциянын соту биринчи же апелляциялык инстанциядагы соттун чечимдерин толук бойдон же айрым бөлүктөрүн жокко чыгарууга же болбосо өзгөртүүгө жана ишти жаңыдан кароого бербестен жаңы чечим кабыл алууга укуктуу. Долбоордун 472-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, кассациялык инстанциядагы соттун чечими токтом түрүндө чыгарылат. Ушундан улам кассациялык инстанция төмөн турган соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарууну жана токтом түрүндө иш боюнча жаңы чечим чыгарууга укуктуу деген жыйынтык чыгарууга болот.
Бирок, бул долбоордун 17-беренесинин ченемине карама-каршы келет, ага ылайык ар бир адам анын айыптуулугу мыйзамда каралган тартипте далилденип жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен белгиленмейинче кылмыш жана/же жорук жасагандыгына күнөөсүз деп эсептелет.
Баяндалганды эске алуу менен, долбоордун 5-беренесинин 28-пунктун төмөндөгүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“28) өкүм – соттолуучунун күнөөлүү эмес же күнөөлүү экендиги жана биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы сот тарабынан чыгарылуучу жаза дайындоо же болбосо аны жазаны өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим;”.
Ошондой эле, кассациялык инстанциянын сотунун чечими жөнүндө жоболор каралган долбоордун 472-беренесине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз. Бул ченем менен кассациялык инстанциядагы соттун чечими токтом түрүндө чыгарылаары каралган.
67. Долбоордун 27-беренесинин 6-бөлүгүндө сот кылмыш жасоого түрткү болгон жагдайларды аныктаган, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштө жол берилген башка мыйзам бузуулар орун алган учурда сот жеке аныктамага чыгарууга укуктуу, анда тиешелүү уюмдардын жана кызмат адамдарынын көңүлүн зарыл чараларды көрүүнү талап кылган ушул жагдайларга жана мыйзамды бузуу фактыларына бура турганы каралган. Сот зарыл деп эсептесе, башка учурларда дагы жеке аныктама чыгарууга укуктуу. Жеке аныктама тергөө тарабынан же төмөн турган сот ишти териштирүүдө жол берген мыйзам бузуулар аныкталганда жогору турган сот тарабынан да чыгарылышы мүмкүн.
Баяндалганды эске алуу менен, долбоордун 474-беренесинин 1-бөлүгүн аталган сотко алгачкы текшерүү органы, тергөө, прокурор тарабынан же ишти сот тарабынан териштиргенде жол берилген мыйзам бузууларды аныктаганда жеке аныктама чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берген жоболор менен толуктоону сунуштайбыз.
68. 487-берененин 2-бөлүгүн төмөндөгүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“2. Жашы жете электи сотко жеткирүү алдында, кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн прокурор анын өзүн сураганга милдеттүү. Суракка алуу прокурор тарабынан жекече, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексинин 490-беренесинде каралган тартипте ишти өзүнүн өндүрүшүнө кабыл алуусуз өткөрүлөт, ал эми протокол иштин материалдарына тиркелет.”.
Ушул долбоорго ылайык суракка алуу процесстик аракет болуп саналгандыгын эске алсак, анда жашы жете электи суракка алуу үчүн прокурор жазык ишин тергөөчүдөн алып, өзүнүн өндүрүшүнө алып, ушундан кийин аны иликтөөнү кайрадан тергөөчүгө тапшыруусу керек. Мындай кырдаалдан качуу үчүн жогоруда белгиленген туюндурма сунушталат.
Мында аталган сурактын укук натыйжалары жок болсо ушул сурактын зарылдыгы так эместигин белгилейбиз. Ошондой эле, айып коюу үчүн далилдерди чогултуу жана кылмыш жасаганга шектүү болгон адамды кармоо үчүн тергөөчүгө берилген аз убактысын ушул процедура алып жатат.
69. Жашы жете элек балдарды камкордукка алууга берүү жана камакка алынгандын мүлкүн коргоо боюнча чараларды көрүү каралган долбоордун 488-беренесине байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдиребиз.
Аталган берене менен тергөөчү, сот төмөндөгүлөргө милдеттүү экени аныкталган:
1) камакка алынган адамдын кароосуз калган жашы жете элек балдары болсо, аларды тиешелүү адамдарга же уюмдарга камкордукка алууга берүүгө;
2) камакка алынган адамдын кароосуз калган мүлкү же турак жайы болсо, аны коргоого алуу чарасын көрүүгө.
2. Көрүлгөн чаралар жөнүндө тергөөчү, сот айыпталуучуга, камакка алынып жаткан соттолуучуга кабарлайт.
Бирок 488-берене камтылган 59-глава жашы жете электердин кылмыштары жана жоруктары жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүн аныктоого багытталган.
Ошентип, долбоордун 488-беренеси мааниси боюнча долбоордун 59-беренесинин өзгөчөлүктөрүнө дал келбейт.
Мында долбоордун 488-беренесинин мазмунун эске алуу менен, бул беренени бөгөт коюу чаралары жөнүндө ченемдерди караган, алардын катарында камакка алуу да аныкталган, долбоордун 13-главасында кароону сунуштайбыз.
70. Мыйзамдын долбоорунун терминологиясын Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында долбоордун 489-беренесиндеги “атайын балдар мекемеси” деген сөздөрдү “менчик түрүнөн көз карандысыз, интернат тибиндеги балдар мекемеси” деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
71. “Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Координациялык кеңештин мүчөлөрү, Улуттук борбордун кызматкерлери ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте Координациялык кеңештин макулдугу менен сот тартибинде тагылуучу жазык же административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу, долбоордун 514-беренесинин 1-бөлүгүн Координациялык кеңештин мүчөсү жана Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкери кылмыш иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн өзгөчө тартиби колдонула турган адамдардын категориясына кире тургандыгы жөнүндө жобо менен толуктоону сунуштайбыз.
72. 516-берененин 2-бөлүгүнө ылайык Судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш Судьялар кеңеши тарабынан каралат жана сунуш киргизилген күндөн баштап бир айдан кечиктирбестен чечим чыгарылат.
Ал эми “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, судьяны жазык же административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштама Соттор кеңеши тарабынан каралат жана чечим сунуштама берилген күндөн тартып он күндөн кечиктирбестен чыгарылат.
“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна ылайык аталган мөөнөт 30 күн болот.
Ушуга байланыштуу, долбоорлордогу аталган ченемдерди бири-бирине ылайык келтирүү зарыл деп эсептейбиз.
“Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Координациялык кеңештин мүчөлөрү, Улуттук борбордун кызматкерлери Координациялык кеңештин макулдугу менен, сот тартибинде жазык же административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Башкача айтканда, Координациялык кеңештин мүчөсүн же Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерин жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн прокурор Координациялык кеңешке сунуштама берет, анда иштин жагдайы жана жосундун жиктемеси берилет. Координациялык кеңештин мүчөсүн, Улуттук борбордун кызматкерин жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим, эгерде сунуштама берген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбей ал үчүн Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн 9дан кем эмеси добуш бергенде кабыл алынат.
Баяндалганды көңүлгө алуу менен, долбоордун 516-беренесин Координациялык кеңештин мүчөсүн же Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерин жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн прокурор Координациялык кеңешке сунуштама берет, анда иштин жагдайы жана жосундун жиктемеси көрсөтүлөт деген жобо менен толуктоону сунуштайбыз. Координациялык кеңештин мүчөсүн, Улуттук борбордун кызматкерин жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим сунуштама берген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбей алынат.
“Координациялык кеңештин мүчөсүн же Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Координациялык кеңештин мүчөсү, Улуттук борбордун кызматкери өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилде жана аткарып жаткандыгына байланыштуу, ал кылмыш жасоо ордунда кармалган учурлардан тышкары, Координациялык кеңештин макулдугусуз кармалбайт жана камакка алынбайт, тинтүүгө жана жеке кароого алынбайт.
Административдик кармоого кабылган же кылмыш жасагандыгына шектенүү боюнча кармалган Координациялык кеңештин мүчөсү, Улуттук борбордун кызматкери анын өздүгүн аныктагандан кийин дароо бошотууга жатат.
73. Жоруктар жөнүндө кодекстин долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жорук үчүн жоопкерчилик кылмыш жоопкерчилиги болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 516-беренесин аталган ченемге ылайык келтирүү зарыл деп эсептейбиз.
74. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутатын жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартуусуна байланыштуу ошол депутатка карата иш боюнча өндүрүштү токтотуу долбоордун 25-беренесине ылайык келбейт жана ишти токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.
Ушул учурда, биздин оюбузча, ушундай иштер боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык токтошу керек.
Ушуга байланыштуу, 517-беренени Координациялык кеңештин мүчөсү же Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкери өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилде жана аткарып жаткандыгына байланыштуу, ал кылмыш жасоо ордунда кармалган учурлардан тышкары, Координациялык кеңештин макулдугусуз кармалбай жана камакка алынбай, тинтүүгө жана жеке кароого алынбай турганын караган жобо менен толуктоону сунуштайбыз.
75. Долбоордун 520-беренеси менен реабилитациялоого укуктардын пайда болуусунун негиздери каралган, мында ушул берененин 4-бөлүгү менен бул берененин эрежелери жоопкерчилик башталган куракка жетсе да, бирок психикалык бузулууга байланыштуу эмес психикасынын өнүгүүсүнүн артта калгандыгынын айынан өзүнүн аракеттеринин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучун жана иш жүзүндөгү мүнөзүн толук түрдө билбей калган жана аларды мыйзамда каралган жосун жасаган учурда башкара албай калган жашы жете электерге карата же жосундун кылмыштуулугун жана жазаланышын жокко чыгарган мыйзам кабыл алынган учурларга карата колдонулбай турганы белгиленген.
Жоопкерчилик башталган куракка жетсе да, бирок психикалык бузулууга байланыштуу эмес, психикасынын өнүгүүсүнүн артта калгандыгынын айынан өзүнүн аракеттеринин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучун жана иш жүзүндөгү мүнөзүн толук түрдө билбеген жана аларды мыйзамда каралган жосун жасаган учурда башкара албаган жашы жете электер үчүн артыкчылык баланын укуктарын бузууга алып келет жана курактык жана социалдык белгилери боюнча басмырлайт. Бардык жашы жете электер, ал эми психикалык өнүгүүдөн артта калган жашы жете электер андан бетер реабилитацияга укуктуу. Мындай адамдар оор жашоо шартындагы балдардын тобуна кирет жана мамлекеттин өзгөчө коргоосу астында болушу керек. Басмырлоочу факторду жокко чыгаруу максатында, бул ченемди алып салууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, жашы жете электердин аталган категориясы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоорунда кылмыш жоопкерчиликтен бошотууга жаткан адамдар катары көрсөтүлгөн эмес.
Долбоордун 520-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун “акталган” деген сөз менен толуктоону сунуштайбыз, анткени долбоордун 44-беренесинин экинчи бөлүгүндө, мыйзамдуу күчүнө кирген актоо өкүмү чыгарылган айыпталуучу акталган деп аталат.
Бул ченем укук коргоо органдары процесстик аракеттерди жасаганда алардын жоопкерчилигин олуттуу күчөтөт. Мындан тышкары, ал регресстик доолорду берүү бөлүгүндө механизмдин иштөөсүн шарттайт, анткени Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган, регресстик доону берүүнү караган ченем практикада иштебейт.
76. Жоруктар жөнүндө кодекстин долбоору менен «Аскер кызматчыларынын жосундары» главасы каралгандыгын эске алуу менен, 528-берененин 4-бөлүгүн төмөндөгүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“4. Аскер кызматчыларынын жосундары жөнүндө иштер боюнча (Жоруктар жөнүндө кодекстин 181-181-беренеси) сотко чейинки өндүрүш аскердик бөлүктөрдүн, кошундардын жана аскер мекемелеринин, чек ара бөлүктөрүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.”.
Долбоордун 528-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык наркотик каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштер (Жоруктар жөнүндө кодекстин 129, 130-беренелери) боюнча сотко чейинки өндүрүштү ички иштер органдарынын, баңги заттарды контролдоо боюнча кызматтын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жүргүзүшөт.
Бирок бажы органдарынын ишинин негизги түрү болуп товарлардын жана башка предметтердин контрабандасына жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга каршы күрөшүү эле эмес, баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү да эсептелет. Ушуга байланыштуу долбоордун 528-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган жоруктардын түрлөрү боюнча сотко чейинки өндүрүштү бажы органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын компетенциясына берүүнү сунуштайбыз.
Ошондой эле, долбоордун 528-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бажы органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тергөөгө караштуулугуна Жоруктар жөнүндө кодекстин долбоорунун төмөндөгү беренелерин киргизүү жаатындагы жоболор менен толуктоону сунуштайбыз: 102-берене (Акциздик маркалары жок тамекини, алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү), 111-берене (Баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү), 117-берене (Жардыргыч, оңой жалындоочу заттарды жана пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз жүгүртүү), 130-берене (Порнографиялык мүнөздөгү предметтерди жайылтуу), 145-берене (Мыйзамсыз кармалган балыкты ташып чыгаруу, ташуу, сатуу максатында сатып алуу, сатуу), анткени Жосундар жөнүндө кодекстин бул беренелеринде жоопкерчиликке тартуу үчүн негиздердин бири аталган укук бузуулардын түрлөрүн контролдоо жана жол бербөө бажы органдары тарабынан ишке ашырылган, мамлекеттик (бажы) чек арасы аркылуу товарларды жана башка каражаттарды ташуу, импорт, өткөрүү болуп саналат, ошондой эле 107-берене (Коммерциялык, банк сырларын, салык төлөөчүнүн сырларын жарыялоо), товарларды жана башка предметтерди ташып келүүдө же ташып чыгарууда алардын көлөмү, аталышы, баасы жөнүндө маалыматтар жана башка маалымат бажы органдарында түзүлөт.
77. Долбоордун 534-беренесинин жоболоруна ылайык, жосунду жасаган адамды Кыргыз Республикасынын Жосундар жөнүндө кодексинин беренелеринде каралган жоопкерчиликтен бошотуунун негиздери болгондо, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы алгачкы текшерүү органынын начальнигинин макулдугу менен өндүрүштү токтотот жана материалдарды аксакалдар сотунун кароосуна берүүгө укуктуу.
Мында долбоордун 25-беренеси менен жазык ишинин сот өндүрүшүн токтотууга тийиштүү учурларды аныктоо сунушталганын эске алуу менен материалдарды аксакалдардын сотунда андан ары кароого өткөрүп берүүнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө белгилей кетүү керек.
Аны менен катар, аксакалдар соттору талаштарды жер-жерлерде чечүүнүн эң жеткиликтүү механизми экендигин белгилей кетүү зарыл, анткени аларда талаштарды кароо мамлекеттик сотторго салыштырмалуу бир катар артыкчылыктарга ээ: талаштарды ыкчам кароо жана ишти кароонун катуу формалдуу жол-жоболорунун жоктугу. Ошондой эле, дагы бир маанилүү жагдай - ишти аксакалдардын сотунда кароо акысыз жүргүзүлөт.
Ушуга байланыштуу, долбоорду кылмыштардын белгилүү категориялары боюнча айыпталуучу менен жабыркагандын ортосунда макулдашууга жетишилген учурда иш козгоодон баш тартууга жана материалдарды аксакалдардын сотуна кароого өткөрүп берүү менен жазык ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга шарт түзгөн жоболор менен толуктоо сунушталат.
534-берененин 2-беренесинде прокурор кылмыш жөнүндө иштер боюнча айыптоо актын бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга жана иштин материалдарын алдын ала тергөө органына кошумча өндүрүшкө жөнөтүүгө укуктуу экени аныкталган. Долбоордун 160-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык кылмыш жөнүндө иштер боюнча алдын ала тергөөнүн мөөнөтү адамга кылмыш жасоого шектенүү жөнүндө билдирилген учурдан баштап жыйырма күндөн ашпоосу керек.
Бирок долбоордо прокурор айыптоо актын бекитүүдөн баш тарткан жана ишти кошумча өндүрүш жүргүзүү үчүн артка кайтарган учурда кылмыш жөнүндө иштер боюнча мөөнөттөрдү узартуунун тартиби каралган эмес, башкача айтканда, жыйырма күндүк мөөнөт өткөндөн кийин кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү өтүп кеткен учурда алдын ала тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы кандай кылуусу керектиги жөнүндө маселе ачык бойдон калган.
78. Долбоордун 537-беренеси боюнча жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укук мамилелери жөнүндө конвенцияларга (Минск жана Кишинев конвенциялары), БУУнун Конвенциясынын укуктук жардам берүү бөлүгү, ошондой эле кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын башка эл аралык макулдашууларына ылайык, борбордук органдар катары прокуратура органдары көрсөтүлгөн. Көрсөтүлгөндөрдү эске алуу менен, 537-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пунктун төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
“3) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын – Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өндүрүшүндө турган кылмыш иштери боюнча.”.
Аны менен катар 537-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
Ошондой эле 541-берененин 5-бөлүгүн төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
“5. Эгер суроо-талап аткарылышы мүмкүн эмес болсо, анда алынган документтер аны аткарууга жолтоо болгон себептерди көрсөтүү менен тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти аркылуу сурамды берген чет мамлекеттин компетенттүү органына кайтарылат. Эгер сурам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келсе, же аны аткаруу өлкөнүн суверендүүлүгүнө же коопсуздугуна зыян келтирүүсү мүмкүн болсо, анда ал аткарылбастан кайтарылат.”.
Долбоордун 537-беренесинин 4-бөлүгүндө чет мамлекеттин аймагында сурак, кароо, алып коюу, тинтүү, экспертиза же ушул Кодексте каралган башка айрым тергөө же соттук аракеттерди жүргүзүү зарыл болсо, сот, прокурор, тергөөчү укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишими бар чет мамлекеттин тиешелүү органынан же өз ара жардамдашуу принциптеринин негизинде аларды жүргүзүүнү өтүнөт. Бул учурда сурам мамлекеттик, расмий тилдерде таризделип, ал жибериле турган чет мамлекеттин тилине которулат, эгер эл аралык келишимде башкача каралбаган болсо.
Процесстик жана соттук аракеттердин өндүрүшү жөнүндө сурам бир учурда мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделээрин эске алуу менен бул сурам жибериле турган мамлекеттин тилине которууда, же мамлекеттик тилден расмий тилге, же расмий тилден мамлекеттик тилге которууда кошумча финансылык чыгымдарга алып келет деп эсептейбиз.
Жогоруда берилгендердин негизинде 537-берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн сурактар сот өндүрүшү жүргүзүлгөн мамлекеттик же расмий тилде таризделүүсү керек экендигин кароону сунуштайбыз.
79. 544-берененин 1-бөлүгүнүн мазмуну түшүнүксүз болгондуктан көрсөтүлгөн бөлүктү төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
“1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда жана тартипте, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдин негизинде, же өз ара көмөктөшүү принцибинин шарттарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы чет мамлекеттин компетенттүү органына Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген, Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адамды, эгер бул адамга карата айыптоо өкүмү чыгарылган же аны айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө токтом чыгарылган болсо, аны өткөрүп берүү жөнүндө сурам менен кайрылат.”.
Мындан тышкары, 544-беренесинин 3-бөлүгүн өткөрүп берүү жөнүндө сурамда Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка маалыматтар камтылгандыгы жөнүндө жоболор менен толуктоону сунуштайбыз.
80. Долбоордун 546-беренесинде чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасоого айыпталган же соттолгон чет мамлекеттин жаранын өткөрүп берүү жөнүндө сурамды кароо Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басарлары тарабынан эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара жардам принцибинин негизинде жүргүзүлөөрү каралган.
Бирок, андан ары, адамды өткөрүп берүү жөнүндө бир нече мамлекеттин сурамдары болгон учурда, адам кайсы мамлекетке берүүгө жатаары жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кабыл алаары көрсөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу, долбоордун 546-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө Башкы прокурордун орун басарлары да бул жободо көрсөтүлгөн чечимди кабыл алууга укуктуу экендигин кароону сунуштайбыз.
81. Мындан тышкары, долбоордун 555-беренеси боюнча да ушундай эскертүү бар, 2-бөлүгүн “Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору” деген сөздөрдөн кийин “же анын орун басарлары” деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Практикада жогоруда көрсөтүлгөн өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер токтом түрүндө таризделээрин, ал андан ары адамга тапшырылаарын эске алуу менен, долбоордун 548-беренесинин 1-бөлүгүндөгү “чечим” деген сөздү “токтом” деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
82. 548-берененин 9-бөлүгүн “жогору турган сотко” деген сөздөрдөн кийин “ал чыгарылган күндөн баштап 10 сутканын ичинде” деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
83. Долбоордун 549-беренеси боюнча, өткөрүп берүүнү сураган компетенттүү органда экстрадициялык текшерүүнүн жүрүшүндө өткөрүлүп берилип жаткан адамга тиешелүү кошумча маалыматтардын талап кылынуусу мүмкүндүгүн, алар берилбесе өткөрүп берүүнү кароо мүмкүн эместигин белгилейбиз. Мында көп учурда көрсөтүлгөн компетенттүү органдар мындай маалыматтарды беришпейт, же узак мөөнөт өткөндөн кийин беришет.
Мындан тышкары, эгер ал мамлекетте ага кыйноолорду колдонуу коркунучуна олуттуу негиздер болсо 1984-жылдын 10-декабрындагы Кыйноого жана башка ырайымсыз, адам жасагыс же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы Конвенциянын 3-беренесине ылайык, бир дагы катышуучу мамлекет кандайдыр-бир адамды башка мамлекетке чыгара, кайрып бере ("refouler"), же өткөрүп бере албайт.
Ушуга байланыштуу, 549-берененин 1-бөлүгүн эгер чет мамлекеттин компетенттүү органы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын талабы боюнча өткөрүп берүү жөнүндө сурам боюнча чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды же маалыматтарды бербесе, ошондой эле, эгер адам сурам берген мамлекетте кыйноолорду колдонуу коркунучуна кабылуусу мүмкүн деп болжолдоого негиздер бар болсо, өткөрүп берүүгө жол бербөө каралган жоболор менен толуктоону сунуштайбыз.
84. Долбоордун эркинен ажыратууга соттолгон адамды ал жараны болуп эсептелген мамлекетке жаза өтөө үчүн өткөрүп берүү үчүн негиздер каралган 553-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Бул беренеде Кыргыз Республикасынын соту тарабынан эркинен ажыратууга соттолгон адамды жараны болуп эсептелген мамлекетке жаза өтөө үчүн өткөрүп берүүгө, аны менен катар чет мамлекеттин соту тарабынан эркинен ажыратууга соттолгон адамды Кыргыз Республикасында жаза өтөө үчүн өткөрүп берүүгө негиз болуп жаза өтөөчү органдын сунуштоосун кароонун жыйынтыгы боюнча соттун чечими, же соттолуучунун же анын өкүлүнүн, аны менен катар чет мамлекеттин компетенттүү органынын Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык кайрылуусу, же Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынын чет мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара жардамдашуу принцибинин негизиндеги жазуу түрүндөгү макулдашуусу каралган.
1998-жылдын 6-мартындагы Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду андан ары жаза өтөөгө өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга ылайык, көрсөтүлгөн компетенттүү орган катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аныкталган.
Ошондой эле, жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга ылайык которуу жөнүндө өтүнүч менен өлкөнүн аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адам дагы кайрыла алат.
Жогоруда берилгендердин негизинде долбоордун 553-беренесин төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
“Кыргыз Республикасынын соту тарабынан эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды жараны болуп эсептелген мамлекетке жаза өтөө үчүн өткөрүп берүүгө, аны менен катар чет мамлекеттин соту тарабынан эркиндигинен ажыратууга соттолгон Кыргыз Республикасынын жаранын же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамды Кыргыз Республикасында жаза өтөө үчүн өткөрүп берүүгө негиз болуп Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, аны менен катар чет мамлекеттин компетенттүү органынын мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимге ылайык сунуштоосун кароонун жыйынтыктары боюнча соттун чечими эсептелет, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынын чет мамлекеттик компетенттүү органы менен өз ара жардамдашуу принцибинин негизиндеги жазуу жүзүндөгү макулдашуусу эсептелет.”.
85. Ошондой эле, жогоруда айтылгандарга байланыштуу, долбоордун 554-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
“1. Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасынын, чет мамлекеттин компетенттүү органдарынын эркинен ажыратууга соттолгон адамды, ал адам жараны болуп эсептелген мамлекетке жаза өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө сунуштоосу ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттө каралат.”.
86. Ошондой эле 1998-жылдын 6-мартындагы Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду андан ары жаза өтөөгө өткөрүп берүү жөнүндө конвенциянын 6 жана 7-пункттарынын талаптарын эске алуу менен долбоордун 556-беренесин төмөнкү мазмундагы 6-9-беренелер менен толуктоону сунуштайбыз:
“6) эгер бул Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирүүсү мүмкүн болсо;
7) соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч алынган учурда өтөлө элек эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү алты айдан аз эмес убакытты түзсө;
8) эгерде чет мамлекеттин соту же компетенттүү органы Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмүн тааныбаса;
9) эгер соттолгон адамдын жазуу жүзүндө макулдугу болбосо, же соттолгон адам жаш курагын, физикалык же психикалык абалына байланыштуу өзүнүн оюн эркин билдире албаса, - анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу.”.
87. Кошумча жогоруда белгиленген эскертүүлөрдүн негизинде долбоордун 557-беренесин төмөндөгүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“557-берене. Кыргыз Республикасынын жаранынын жазаны өтөөсү жөнүндө өтүнүчтү карап чыгуу.
1. Чет мамлекеттин соту эркиндигинен ажыратууга соттогон, анын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны же жарандыгы жок адам, анын мыйзамдуу өкүлү же жакын туугандары, ошондой эле чет мамлекеттин компетенттүү органдары соттолгон адамдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына соттолгон адамдын жазаны Кыргыз Республикасында өтөөсү жөнүндө өтүнүч менен кайрыла алат.
2. Башкы прокуратура жазаны андан ары өтөө үчүн соттолгон адамды Кыргыз Республикасына берүү жөнүндө маселени карап чыгуу үчүн зарыл болгон документтерди чет мамлекеттин компетенттүү органдарынан суратууга укуктуу.
3. Өтүнүч канааттандырылган учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басарлары чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна киргизет.”.
88. Чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу менен байланышкан маселелерди соттун чечишинин тартибин караган долбоордун 559-беренесине байланыштуу төмөндөгүлөрдү белгилейбиз.
Бул берененин 3-бөлүгүн эгерде чет мамлекеттин сотунун өкүмү баары эле Кыргыз Республикасында кылмыш болуп саналбаган эки же андан көп жосундарга тиешелүү болсо, анда сот чет мамлекеттин өкүмү боюнча дайындалган жазанын кайсы бөлүгү кылмыш болуп саналган жосунга карата колдонула турганын аныктаган жоболор менен толуктоону сунуштайбыз.
89. Ошондой эле долбоорду кабыл алынган соттолгон адамдарга карата жазаны аткарууну уюштурууну караган, төмөндөгүдөй редакциядагы 560-берене менен толуктоону сунуштайбыз:
“560-берене. Кабыл алынган соттолгон адамга карата жазаны аткарууну уюштуруу.
1. Кыргыз Республикасында жаза өтөө үчүн соттолгон адамды кабыл алуу жөнүндө суроо-талапты канааттандырып жана чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын мындай берүүгө макулдугун алгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жазык-аткаруу тутумунун органына бул адамды берүүнүн ордун, убактысын жана тартибин, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемесине берүүнү уюштурууну макулдашуу жөнүндө жазык-аткаруу тутумунун органына тапшырма берет.
2. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата Кыргыз Республикасында жазаны аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
3. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана мыйзамдуу тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен каралган тартипте, шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу, мунапыс колдонулушу же ырайым кылуу, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу же өзгөртүү каралышы мүмкүн.”.
Мындан тышкары, жазанын эркиндигинен ажыратууга альтернативдүү түрлөрүнө соттолгон адамдарды берүү маселеси долбоордо ачылбаганын белгилейбиз.
Жалпысынан долбоор боюнча долбоордун түшүнүк аппаратында “жакын туугандар” түшүнүгү берилген, ал жубайын, күйөөсүн, ата-энелерин, балдарын, асырап алуучуларын, асырап алынгандарды, бир тууган же аталаш ага-инилери жана эже-сиңдилерди, чоң атаны, чоң энени, неберелерди түшүндүрөт. Бирок, муну менен катар долбоордун текстинде үй-бүлө мүчөлөрү, туугандар (атап айтсак, 79-берененин 1-бөлүгү, 176-берененин 10-бөлүгү, 197-берененин 10-бөлүгү, 312-берененин 2-бөлүгү, 453-берененин 1-бөлүгү) сыяктуу түшүнүктөр пайдаланылган.
Ушуга байланыштуу, долбоордо аталган түшүнүктөрдү колдонууну тактоо максатка ылайыктуу болот деп эсептейбиз.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Конституциянын беренелериндеги пункттардын, башка ченемдик укуктук актылардагы пункттардын аталышы болбойт жана чекиттүү араб цифралары менен белгиленет. Ушуга байланыштуу, долбоордун 22-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүндөгү “экинчи” деген сөздү “2” саны менен өзгөртүүнү сунуш кылабыз, 23-берененин 3-бөлүгүндөгү “үчүнчү” деген сөздү “3” деген цифра менен алмаштырууну сунуштайбыз. Долбоордун бүткүл тексти боюнча да ушундай эле пикир.
Мындан тышкары, Кодекстин долбоорунда атоолорду колдонууну тактоого байланыштуу, долбоордо «камакка алуу» сыяктуу бөгөт коюу чарасы каралганын, бирок долбоордун текстинде «камакта кармоо» атоосу пайдаланылганын белгилейбиз.
Кошумча, сунушталган долбоордун текстинде «медиация» атоосу пайдаланылат, мында бул атоого аныктама долбоордо каралган эмес, ушуга байланыштуу аталган атоого аныктама берүүнү сунуштайбыз.
Долбоордун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү «балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөрдү тийиштүү жөндөмөлөрдөгү «балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү» деген сөздөр менен алмаштыруу керек.
Долбоордо жазык процессинде «сотко чейинки баяндаманы» пайдалануу каралган, бирок долбоордо бул атоонун аныктамасы белгиленген эмес, аны пайдалануунун механизми жазылган эмес, башкача айтканда бул баяндаманы түзүүнүн максаты, аны түзүүгө ким укуктуу экени түшүнүксүз.
Кошумча, жалпысынан, долбоор боюнча ушул эле долбоордун беренелерине туура эмес шилтемелер көп колдонулганын белгилейбиз, алсак, 99-берененин 6-бөлүгү, 148-берененин 5-бөлүгү, 177-берененин 4-бөлүгү, 206-берененин 1-бөлүгү, 242-берененин 1-бөлүгү, 276-берене, 277-берене, 278-берене, 414-берене, 437-берененин 1-бөлүгү, 529-берененин 3-бөлүгү, 531-берененин 1-бөлүгү.
Жалпысынан, Жазык-процесстик кодекстин долбоору боюнча жоруктар боюнча иштерди кароонун сунушталган концепциясы оор эмес укук бузуулар (колдонуудагы административдик укук бузуулар боюнча) адамды жоопкерчиликке тартуу процессин олуттуу даражада татаалдаштыраарын белгилейбиз.
Ошону менен бирге, укук бузууга мамлекет тарабынан өз убактысында чара көрүү, башкача айтканда жоопкерчиликти жорукка максималдуу жакындатуу, биздин оюбуз боюнча мамлекеттин укук системасынын негиздүүлүгүнүн негизги факторлорунун бири болуп эсептелет.
Андан сырткары, долбоордун сунушталган редакциясындагы жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүшүнүн редакциясы биздин оюбуз боюнча укук коргоо органдарына күч келүүнүн көбөйүшүнө алып келет, ал тийиштүү түрдө штатты жана башка ресурстарды көбөйтүүнү талап кылат.
Ошондой эле, Жазык-процесстик кодексинин долбоорун кабыл алуу укук коргоо органдарынын иштеп жаткан кызматкерлерин укуктун жаңы ченемдерине кайра окутууну талап кылаарын белгилеп кетүү абзел.
Ошондой эле, “2015-жылга республикалык бюджет жана 2016-2017-жылдарга болжол жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасын жүзөгө ашыруунун алкагында 2015-жылы Кыргыз Республикасынын сот тутумунун бюджетинин керектөөсү 99,9%га канааттандырылганын белгилейбиз.
Бирок 2015-жылга карата сот тутумунун бекитилген бюджетинде долбоорду жүзөгө ашырууга чыгымдар каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбооруна финансылык-экономикалык эсептөө жана мүмкүн болгон чыгымдар боюнча корутундуга ылайык долбоорду каржылоого жалпы керектөө 342, 0 млн сомду түзөт.
Бирок, аталган корутундуда көрсөтүлгөн эсептер Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоорун ишке ашыруу менен байланышкан бардык керектөөлөрдү көрсөтпөй турганын белгилеп кетүү абзел. Мисалы, сотко чейинки баяндама, медиация, апелляциялык даттануу мөөнөтүн көбөйтүү сыяктуу новеллалар боюнча финансылык керектөөлөр чагылдырылган эмес.
“Сотко чейинки өндүрүштү өркүндөтүү” деген үчүнчү маселе боюнча көрсөтүлгөн: сотко чейинки өндүрүштү жакшыртуу маселесин ишке ашыруу үчүн 6,3 млн. сом керек (4,6 млн. сом – бир жолку чыгымдар; 1,7 млн. сом – жыл сайынкы чыгымдар). Даярдалып жаткан жана жасалган кылмыштарды каттоо порталын жана бирдиктүү call-борборун түзүү үчүн кызматтарды жана товарларды сатып алууга байланыштуу киргизүү үчүн чыгымдар (бир жолку) туруктуу чыгымдардан бир топ ашат.”. Бирок, биздин оюбуз боюнча аталган эсеп жогоруда белгиленген укук коргоо органдарынын штаттык санын көбөйтүү жана жоруктар боюнча сунушталган тергөө механизмин ишке ашыруу үчүн кажет болгон башка ресурстарга керектөөнү эске алган эмес.
Бюджеттик каражаттардын чектелүү экенин көңүлгө алуу менен орто мөөнөттүү келечекке карата республикалык бюджеттин жогорку тартыштыгында азыркы убакта каржылоонун булактарын табуу мүмкүн эмес.
Ушуга байланыштуу, аталган мыйзамдын долбоорунун чегинде жаңы институттарды натыйжалуу киргизүү мамлекеттик органдардын институциалдык даяр болуусун жана өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен долбоордун айрым жоболорун этабы боюнча колдонууга киргизген учурда гана мүмкүн деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоорун айтылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алып, өлкөнүн реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен айрым институттарды этаптуу ишке киргизүүнү караштырган мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан шартта кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.