Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июлу № 531
Детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдыктан өткөрүүнүн, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун тартибин жана Детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдыктан өткөрүү, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуунун программасын иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө
Детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруу маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдыктан өткөрүүнүн, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдыктан өткөрүү, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуунун программасын иштеп чыгуунун тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 531 токтому менен бекитилген |
Детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдыктан өткөрүүнүн, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасында детективдик жана күзөт ишин жүзөгө ашырган кадрларды атайын даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун тартибин аныктайт.
2. Детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу билим берүү уюмдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасында детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды даярдыктан, кайра даярдоодон өткөрүү жана квалификациясын жогорулатуу үчүн "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келген Кыргыз Республикасынын жараны билим берүү уюмуна төмөнкү документтерди тапшырат:
- жекече детективдерди жана күзөтчүлөрдү атайын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарга кабыл алуу жөнүндөгү арызы;
- өз колу менен толтурулган жана колу коюлган, билим берүү уюму тарабынан белгиленген анкетанын үлгүсү;
- 35x45 мм өлчөмүндөгү жеке сүрөтү;
- салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын берүү менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдыктан, кайра даярдоодон өткөрүүгө жана квалификациясын жогорулатууга тоскоол болуучу ооруларынын жоктугу жөнүндө документ;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын соттолбогондугу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын маалымкаты.
4. Кыргыз Республикасында детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды окутуунун программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдыктан өткөрүү, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуунун программаларын иштеп чыгуунун тартибине ылайык билим берүү мекемелери тарабынан иштелип чыгат.
5. Жекече детективдерди жана күзөтчүлөрдү даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун окуу процесси лекциялар, тренингдик жана практикалык сабактар формасында ишке ашырылат жана алар окутуу программасына ылайык өткөрүлөт.
6. Кыргыз Республикасында детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну ишке ашыруучу билим берүү мекемелеринин практикалык сабактарды өткөрүү үчүн окуу программасында каралган ок атуу, техникалык жана даярдыктын башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү тиешелүү базасы болушу зарыл.
7. Кыргыз Республикасында детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүүчү Кыргыз Республикасынын жараны окутуу программасында каралган багыттар боюнча окутуунун толук курсунан өтүүсү зарыл.
8. Окутуудан өткөндөн кийин, Кыргыз Республикасында детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн адам квалификациялык сынак тапшырат.
9. Квалификациялык сынак аттестация түрүндө өткөрүлөт, анын жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык жыйынтыкка ээ болгон адамдарга Кыргыз Республикасында детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдыктан, кайра даярдоодон өткөрүүнү жана квалификациясын жогорулатууну ырастаган сертификат берилет.
10. Кыргыз Республикасында детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдоодон, кайра даярдоодон өткөрүү жана квалификациясын жогорулатуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
11. Зарылчылыкка жараша, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес Кыргыз Республикасында детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды даярдоодон өткөргөн билим берүү мекемелери тарабынан жеке детективдердин жана күзөтчүлөрдүн алган билими квалификациялык сынактын негизинде тиешелүү сертификаттарды тапшыруу менен ырасталат.
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 531 токтому менен бекитилген |
Детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдыктан өткөрүү, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуунун программасын иштеп чыгуунун ТАРТИБИ
1. Детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдоодон, кайра даярдоодон өткөрүү жана квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуу программасы билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат, билим берүү жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылат.
2. Окутуу программасы билим берүү жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылгандан кийин билим берүү уюму окутуу программасын бекитип, көчүрмөсүн маалымат катары ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
3. Окутуунун ар бир түрү боюнча (даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу) билим берүү уюму өзүнчө окутуу программасын түзөт, аны иштеп чыгууда ушул Тартип жетекчиликке алынат.
4. Окутуу программасы төмөнкү милдеттүү окутуу дисциплиналарынан турууга тийиш:
- укуктук даярдык;
- тактикалык-атайын даярдык;
- ок атуу даярдыгы (жеке гана күзөтчүлөр үчүн);
- техникалык даярдык;
- психологиялык даярдык;
- медициналык даярдык;
- атайын физикалык даярдык.
5. Кыргыз Республикасында детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды окутуу программасы боюнча окуу сааттарынын жалпы саны - 240 сааттан кем болбоого, детективдик жана күзөт иштерин жүзөгө ашыруучу кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча окутуу программасында каралган окуу дисциплиналары - 72 сааттан кем болбоого тийиш.
6. Ушул Тартиптин 4-пунктунда аталган бөлүмдөр (окуу дисциплиналары) боюнча сааттардын саны, ошондой эле негизги темалардын жана суроолордун тизмеги окутуу программасын макулдашууда билим берүү жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан аныкталат.
7. Окутуу программасы түзүлүшү жагынан титулдук барактан, түшүндүрмө каттан (киришүү), окуу-методикалык документтерден (окуу планы, үйрөнүлүүчү маселелердин окуу-тематикалык планы), Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, адабияттардын (негизги жана кошумча) тизмесинен турушу керек.
8. Титулдук баракта төмөнкүлөр чагылдырылат:
- билим берүү мекемесинин аталышы жөнүндө маалыматтар;
- убактысы, шаары, билим берүү мекемесинин жетекчиси окутуу программасын бекиткендиги жөнүндө белги билим берүү уюмунун мөөрү менен;
- окутуу программасынын аталышы;
- билим берүү жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын окутуу программасын макулдашкандыгы жөнүндө белгиси.
9. Түшүндүрмө катта төмөнкүдөй маалыматтар камтылуусу керек:
- жекече детективдерди жана жекече күзөтчүлөрдү окутуу үчүн атайын материалдык-техникалык базанын бар экендиги жөнүндө;
- билим берүү мекемесинде болгон (болжолдонгон) кызматтык жана башка куралдардын түрүн, тибин, моделдерин, санын, ошондой эле аларды ишке ашыруучу ок атуучу объектти көрсөтүү менен окуу ок атууларын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө.