Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-июлу № 481
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорттук каражаттын жалпы массасын, октук жүктү, өлчөмүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражатты атайын жана бөлүнбөй турган жүк менен өткөрүү жана жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмалардын сакталышын камсыздоо, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын жүктөрдү ташуу тармагында жүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сакташын контролдоо максатында, ''Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорттук каражаттын жалпы массасын, октук жүктү, өлчөмүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражатты атайын жана бөлүнбөй турган жүк менен өткөрүү жана жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктта:
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
- "Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыянын жана залалдарын калыбына келтирүүнүн жана ордун толтуруунун тартиби";
- токтом ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын:
- Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө багытталган транспорттук каражаттардын максималдуу жалпы массасы, октук жүгү, өлчөмү жана башка линиялык параметрлери деген тиркеме ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражатты атайын жана бөлүнбөй турган жүк менен өткөрүү жана жыйымдарды алуу тартибинде:
10-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10. Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражатты атайын жана бөлүнбөй турган жүк менен өткөрүү үчүн жыйымдарды алуунун өлчөмү Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдын өлчөмүн бекитүүнүн жана ордун толтуруунун тартибинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн методика боюнча эсептелет".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтому менен бекитилген |
Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын өлчөмүн эсептөөнүн жана ордун толтуруу эсебинде эсеп-кысап жүргүзүү жана төлөм алуу тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
- транспорттук каражаттын ээси - транспорттук каражаттын менчик ээси, ошондой эле, транспорттук каражатты чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда же мыйзамдык негизде ээлик кылган жак;
- транспорттук каражат - адамдарды жана/же жүктөрдү ташуучу техникалык түзүлүш;
- чиркегич - механикалык транспорт каражатынын бөлүгү менен кошо кыймылга кирген, кыймылдаткычы жок транспорт каражаты;
- автопоезд - чиркегич (чиркегичтер) кошулган механикалык транспорттук каражат.
3. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунда оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын ээлери жалпы колдонуудагы автомобиль жолдоруна транспорттук каражаттар келтирген зыяндын жана залалдын ордун толтурушат.
4. Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын ордун толтуруу үчүн акча каражаттары салмак-көлөмдү контролдоонун стационардык пункттарынын жана салмак-көлөмдү контролдоонун мобилдик топторунун кызматкерлери тарабынан алынат.
5. Зыяндын жана залалдардын ордун толтуруу үчүн алынган төлөмдүн өлчөмү төмөндөгүдөй формула боюнча эсептелет:
S = С х М х L,
мында, S - зыяндын жана залалдын өлчөмү;
С - 1 км жолдо 1 тонна ашык жүк салып өтүүнүн ставкасынын өлчөмү, сом менен;
М - октук жүктүн орнотулган ченеми менен транспорттук каражаттын ар бир огунун таразага тартуу учурундагы көрсөткүчүнүн ортосундагы айырманын суммасы (ондук үлүшүнө чейин тегеректелет), тонна менен;
L - жүк ташуунун аралыгы (ондук үлүшүнө чейин тегеректелет), км.
6. 1 км жолдо 1 тонна ашык жүк салып өтүүнүн ставкасынын өлчөмү, (мындан ары - ставканын өлчөмү) 2015-жылга 20 сом өлчөмүндө аныкталган.
7. Жүк ташуунун аралыгы, жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражаттын өткөн жолу жана жүк дайындалган пунктка чейинки аралыкка жүккө берилген документтердин коштомо кагаздары боюнча аныкталат.
8. Кийинки жылдарга ставканын өлчөмү төмөндөгүдөй метод менен аныкталат:
Ставканын өлчөмү дизелдик отундун, жол битумунун, шагылдын жана жолчулардын орточо айлык акысынын баасына карата, төмөндөгүдөй пайыздык катышта болот:
- дизелдик отун | 15,7% | - 3,14 сом; |
- битум | 51,1% | - 10,22 сом; |
- шагыл, кум жана гравий | 23,2% | - 4,64 сом; |
- айлык акы | 10% | - 2,0 сом; |
Бардыгы: | 100% | - 20 сом. |
Ставканын өлчөмү республика боюнча ошол жылга (2015-жылга) карата дизелдик отундун, жол битумунун, шагылдын жана орто статистикалык айлык акынын өзгөрүү көлөмүн (пайыз менен) пайдалануу менен төмөндөгүдөй формула боюнча аныкталат:
С = Сб.г. + 9,4*Sд.т. + 30,7*Sд.б. + 13,9*Sщ + 6,0*Sз.п.,
мында Сб.г. - 2015-жылга ставканын өлчөмү;
Sд.т. - 2015-жылга карата жол битумунун орто статистикалык баанын өзгөрүшү, % менен;
Sщ - 2015-жылга карата шагылга орто статистикалык баанын өзгөрүшү, % менен;
Sз.п - 2015-жылга карата орто статистикалык айлык акынын өзгөрүшү, пайыз менен.
9. Транспорттук каражаттын ээси, зыян жана залалдардын ордун толтуруу эсебине төлөмдөрдү төлөө үчүн төмөндөгүдөй документтерди жана маалыматтарды көрсөтүүсү керек:
- транспорттук каражаттын ээсинин паспорту;
- транспорттук каражаттын техникалык паспорту;
- чиркегичтин техникалык паспорту;
- жүктүн коштомо кагаз документтери;
- жүктү жөнөтүү жана дайындоо пункттары жөнүндө маалымат.
10. Транспорттук каражаттын ээси зыяндын жана залалдардын ордун толтурууну төлөөдөн баш тартса, бул сумма сот тартибинде өндүрүлүп алынат.
11. Зыяндын жана залалдардын ордун толтуруу үчүн алынган акча каражаттары республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшөт.
12. Гуманитардык жардамды жеткирүү боюнча ташууларды аткарган автотранспорттук каражаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин автотранспорттук каражаттары оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын ордун толтуруу үчүн төлөмдөрдөн бошотулат.".
2-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө багытталган транспорттук каражаттардын максималдуу жалпы массасы, октук жүгү, өлчөмү жана башка линиялык параметрлери
1. Транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы
1. Транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы төмөнкү көрсөткүчтөргө ылайык келүүгө тийиш:
1.1. Жүк ташуучу автомобилдер:
- эки октуу автомобиль - 18,0 т;
- үч октуу автомобиль - 25,0 т;
- төрт октуу, эки огу тартуучу, ар бири эки катар дөңгөлөктөн турган, аба же ага барабар илмектүү автомобиль - 32,0 т.
1.2. Айкалыштуу транспорттук каражаттын бир бөлүгүн түзгөн транспорт каражаттары:
- эки октуу чиркегач - 18,0 т;
- үч октуу чиркегич - 25,0 т.
1.3. Айкалыштуу транспорттук каражаттар.
1.3.1. Транспорттук каражатка кошуучу автопоезддер:
- эки октуу сүйрөгүч эки октуу жарым чиркегичи бар, жарым чиркегичтин окторунун арасындагы аралык 1,3 метр же андан ашык, бирок 1,8 м көп эмес болсо - 36 т;
- эки октуу сүйрөгүч эки октуу жарым чиркегичи бар, жарым чиркегичтин окторунун арасындагы аралык 1,8 м ашкан кезде - 38 т;
- эки октуу сүйрөгүч үч октуу жарым чиркегичи менен - 38 т;
- үч октуу сүйрөгүч эки октуу жарым чиркегичи менен - 38 т;
- үч октуу сүйрегүч үч октуу жарым чиркегичи менен - 44 т.
1.3.2. Чиркегичтүү автопоезддер:
- эки октуу жүк ташуучу автомобиль эки октуу чиркегичи менен - 36 т;
- эки октуу жүк ташуучу автомобиль үч октуу чиркегичи менен - 42 т;
- үч октуу жүк ташуучу автомобиль эки октуу чиркегичи менен - 42 т;
- үч октуу жүк ташуучу автомобиль үч октуу чиркегичи менен - 44 т;
- үч октуу жүк ташуучу автомобиль төрт октуу чиркегичи менен - 44 т.
1.4. Автобустар:
- эки октуу - 18 т;
- үч октуу - 24 т;
- үч октуу шарнирлүү-бөлүктүүлөр - 28 т;
- төрт октуу шарнирлүү-бөлүктүүлөр - 28 т.
2. Транспорттук каражаттардын максималдык октук басымдары төмөнкү көрсөткүчтөргө ылайык келүүгө тийиш
2. Транспорттук каражаттардын максималдык октук басымдары төмөнкү көрсөткүчтөрдөн ашпоого тийиш:
| Жакындаш октордун ортосундагы аралык (метр) | Октогу дөңгөлөктөрдүн санына жана ченемдик (эсептик) октук басымга жараша транспорттук каражаттардын максималдык октук басымдары (тонна) | |
10 тонна октук басымга эсептелген автомобиль жолдору үчүн | 11,5 тонна октук басымга эсептелген автомобиль жолдору үчүн | ||
Жалгыз октуу | - | 10 | 11,5 |
Эки катар дөңгөлөктүү прицептер же жарым прицептердин эки кат октору үчүн октук салмак басымынын максималдык суммасы төмөнкүдөй октук аралыктарда (тележканын жүк басымы, ок массаларынын суммасы) | 1ге чейин (кошо кирет) | 11 | 12,5 |
1ден 1,3кө чейин (кошо кирет) | 14 | 16 | |
1,3төн 1,8ге чейин (кошо кирет) | 16 | 18 | |
1,8ден чоң | 18 | 20 | |
Эки катар дөңгөлөктүү прицептер, жарым прицептердин үч кат октору үчүн октук салмак басымынын максималдык суммасы төмөнкүдөй октук аралыктарда (тележканын жүк басымы, ок массаларынын суммасы) | 1ге чейин (кошо кирет) | 16,5 | 18 |
1,3кө чейин (кошо кирет) | 19,5 | 21 | |
1,3тен 1,8ге чейин (кошо кирет) | 22,5 | 24 | |
1,8ден чоң | 23 | 26 | |
Үчтөн ашык жакындатылган октору бар жүк ташуучу автомобилдердин, сүйрөгүчтөрдүн, кошуучу автопоезддердин, чиркегичтердин жана жарым чиркегичтердин максималдык октук массасы төмөнкү октук аралыктары үчүн (бир ок басымы) | 1ге чейин (кошо кирет) | 5,5 | 6 |
1ден 1,3кө чейин (кошо кирет) | 6,5 | 7 | |
1,3төн 1,8ге чейин (кошо кирет) | 7 | 8 | |
1,8ден чоң | 7,5 | 9 | |
Ар бир огунда сегиз жана андан ашык дөңгөлөктөрү бар жакындатылган октору тар транспорт каражаттары үчүн (бир ок басымы) | 1ге чейин (кошо кирет) | 9,5 | 11 |
1ден 1,3кө чейин (кошо кирет) | 10,5 | 12 | |
1,3төн 1,8ге чейин (кошо кирет) | 12 | 14 | |
1,8ден чоң | 13,5 | 16 | |
3. Транспорттук каражаттардын максималдык өлчөмдөрү жана башка линиялык параметрлери
3. Транспорттук каражаттардын максималдык өлчөмдөрү жана башка линиялык параметрлери төмөнкү көрсөткүчтөргө ылайык келүүгө тийиш:
3.1. Максималдык узундугу:
- жүк автомобили - 12,00 м;
- автобус - 12,0 м;
- чиркегич - 12,00 м;
- бөлүктүү транспорттук каражат - 20,0 м;
- бөлүктүү автобус - 18,00;
- автопоезд - 20,00 м.
3.2. Максималдык эн-туурасы:
- бардык транспорттук каражаттар - 2,55 м;
- изотермикалык кузовдор - 2,60 м.
3.3. Максималдык бийиктиги - 4,00 м.
3.4. 3-пунктта көрсөтүлгөн транспорттук каражаттардын максималдык ченемдери контейнерди кошкондо, чечилме кузовдордун жана жүк салгычтардын көлөмүнөн турат.
3.5. Ар кандай транспорттук каражат кыймыл учурунда 12,50 м тышкы радиусу жана 5,30 м ички радиусу менен чектелген мейкиндикте бурулууну камсыздоого тийиш.
3.6. Чиркелүүчү түзүлүштүн бекитилген ок менен транспорттук каражаттын арткы бөлүгүнүн ортосундагы максималдык аралык 12,00 м ашпоого тийиш.
3.7. Кабинанын артына жүк орнотуучу кузовдун тышкы алдыңкы точкасынан же платформасынан, чиркегичтин арткы тышкы точкасына чейин, автопоезддин параллелдүү узунан өлчөнгөн огунун максималдык аралыгы сүйрөткүчтүн артык бөлүгү менен чиркегичтин алдыңкы бөлүгүнүн ортосундагы аралыкты эсептебегенде 17,0 м ашпоого тийиш.
3.8. Кабинанын артына жүк орнотуучу кузовдун тышкы алдыңкы точкасынан же платформасынан, жарым чиркегичтин арткы тышкы точкасына чейин, автопоезддин параллелдүү узунан өлчөнгөн огунун максималдык аралыгы 16,40 м ашпоого тийиш.
3.9. Транспорттук каражаттын кузовунда орнотулган жүк автомобилдин же чиркегичтин арткы тышкы точкасынан 2,00 м ашык чыкпоого тийиш.
3.10. Жүк автомобилинин арткы огу менен чиркегичтин алдыңкы огунун ортосундагы аралык 3,00 м кем болбоого тийиш.
3.11. Жарым чиркегичтин шарнирдик бекитилишиндеги ок менен жарым чиркегичтин алдынкы бөлүгүндөгү ар кандай точканын ортосундагы аралык 2,04 м ашпоого тийиш.
3.12. Автотранспорт каражатынын узундугун ченөөдө транспорт каражатына монтаждалган төмөнкү түзүлүштөр эсепке алынбайт:
- айнек тазалоочу жана суу чачыратуучу түзүлүштөр;
- фронталдык жана капталдагы маркирлөөчү пластиналар;
- коргоо шаймандары жана пломба түзүлүштөрү;
- брезентти бекитүү түзүлүшү жана аларды коргоочу шаймандар;
- электр жарыгын берүү үчүн жабдуулар;
- арткы жакты көрүү үчүн күзгү жана автомобилдин артындагы мейкиндикти көрүү үчүн шаймандар;
- аба өткөзүүчү түтүктөр;
- клапандардын жана чиркегичтер же алынып коюлуучу кузовдор менен кошуучу ажыратуучулардын узундугу;
- кузовго чыгуу үчүн тепкичтер, запастагы автопокрышкалар үчүн көтөргүчтөр;
- көтөрүүчү платформалар, чыгуу үчүн тепкичтер жана жумуш абалында 200 мм ашпаган жана автомобилди даярдоочу завод тарабынан белгиленген жүк салмагынан ашпай турган жабдуулар.
3.13. Автотранспорт каражатынын бийиктигин ченөөдө төмөнкү монтаждалган түзүлүштөр эсепке алынбайт: антенналар, көтөрүлгөн абалдагы пантографтар.
Окторду көтөрүүчү түзүлүштөрү бар транспорттук каражаттар үчүн бул түзүлүштүн таасири эске алынышы керек.
3.14. Автотранспорт каражатынын эн-туурасын ченөөдө төмөнкү монтаждалган түзүлүштөр эсепке алынбайт:
- пломба, мөөр үчүн түзүлүштөр жана аларды коргоочу жабдуулар;
- брезентти бекитүү үчүн түзүлүштөр жана аларды коргоочу жабдуулар;
- автопокрышкалардын бузулгандыгын билүү үчүн түзүлүштөр;
- суу чачыратуучулардын чыгып турган бөлүктөрү;
- жарык берүүчү жабдуулар;
- илинген платформалардын тепкичтери жана жумуш абалында транспорттук каражаттын ар тарабынан 10 мм ашык чыкпаган окшош жабдуулар, алардын астыга жана артка айланган баскычтарынын бурчтары 5 мм кем эмес айлануу радиусуна ээ, ап эми алардын узата жээгинин айлануу радиусу 2,2 мм кем эмес;
- артты көрсөтүүчү күзгүлөр;
- шиналардагы басымдуулук индикаторлору;
- транспорттун иш абалында тартылып жыйналуучу же алынып коюлуучу баскычтар жана тепкичтер;
- жол үстүндө баратканда автопокрышканын точкадан чыгып туруучу кыйшайган бөлүгү.".