Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июлу № 535
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү суралсын:
- 3-главасынын "2014-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасынын максаттары жана милдеттери" деген 1-таблицасында:
- "Милдет" графасынын 1-пунктунун 1.2.1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.2.1. Сот тутумун каржылоого республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнөн төмөнкүдөй пайыздык үлүштөрдү 2014-жылы - 0,85%, 2015-жылы - 0,96%, 2016-жылы - 1,0% жана 2017-жылы - 1,15% этап менен камсыздоо";
- 4-главанын "2014-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын "1.2.4-милдет. Сот тутумунун бюджетин түзүү процессинде бийликтин аткаруу бутагынын таасирин болтурбоо, контролдук цифраларды белгилөөнү болтурбоо" графасынын 2-пунктундагы "Ар бир жылдын башында" деген сөздөр "Ар бир кварталдын башында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- Мамлекеттик максаттуу программанын бүткүл тексти боюнча "1%" цифрасы жана белгиси "0,85%" цифрасы жана белгиси менен алмаштырылсын, "2%" цифрасы жана белгиси "1,15%" цифрасы жана белгиси менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |