Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 9-январындагы № 1
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
5-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 536 токтому менен бекитилген |
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго карата тобокелдик индикаторлорун колдонуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Товарлар жөнүндө маалымат топтоо жеке тескөөсүндөгү, ошондой эле ушундай булактардан түшүүчү маалыматтардын негизинде бажы органы тарабынан жүргүзүлөт. Айрым маалыматтарды иштеп чыгуу тобокелдиктин деңгээлин жана тобокелдиктин алдын алуу жана (же) минималдаштыруу үчүн жетиштүү болгон бажы контролунун даражасын аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
2. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго карата тобокелдик индикаторун колдонуунун максаты болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго карата тобокелдиктерди аныктоо;
2) тобокелдиктин даражасын (деңгээлин) баалоо;
3) анын негизинде тобокелдиктин багытын иштеп чыгуу;
4) бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөдөн баш тартуу (БТжС) тобокелдигин минималдаштыруу.
2. Пайдалануучу маалыматтардын булагы
3. Тобокелдиктин индикаторлорун эсептөөдө төмөнкүдөй маалыматтар булагы пайдаланылат:
1) товарларга декларациянын электрондук көчүрмөсүнүн маалымат базасы;
2) тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасы жана Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы тарифи (мындан ары - ЕТТ ЕАЭБ);
3) маалыматтын башка булактары.
3. Маалыматтарды тандоонун жана иштеп чыгуунун тартиби
4. Тобокелдиктин индикаторлорунун көрсөткүчтөрү:
1) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келүүчү товарлардын нетто салмагынын бир килограммына (кг) бажы алымынын жана салыктын орточо суммасы (БТжС);
2) жүктөрдүн ар түрдүүлүгүнө түзөтүүчү коэффициент.
Тобокелдиктин айрым индикаторлорун эсептөө товарлардын декларациясынын маалымат базасында болгон маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
5. Тобокелдиктин индикаторлорун эсептөөдө ички керектөө үчүн чыгаруу жол-жобосу боюнча декларацияланган товарлар боюнча маалыматтар, ошондой эле товар чыгарылган өлкөнү жана жөнөткөн өлкөнү эске алуу менен ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору боюнча бажы төлөмдөрүнүн жана салыктын факты жүзүндө төлөнгөн суммасы боюнча маалыматтар эске алынат.
6. Тобокелдиктин индикаторлорун эсептөө боюнча маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу төмөнкү ырааттуулукта аткарылуучу төрт этапты камтыйт:
1) товарлардын категориясы аныкталат;
2) белгилүү бир өлкөдөн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылуучу товарлардын аныкталган категориясы боюнча чыгарылган өлкөсүнө жараша маалыматтарды жеңилдетүү жүргүзүлөт;
3) БТжСти эсептөө бардык ташылып келген товарлардын жалпы көлөмүнөн факт жүзүндө төлөнгөн жана аныкталган категориялары боюнча жүргүзүлөт жана товардын ар түрдүүлүгүнө түзөтүү коэффициентин эске алуу менен мындай жүктүн нетто салмагынын бир кг үчүн орточо БТжС суммасы аныкталат.
7. Бир кг нетто салмак үчүн БТжС суммасын эсептөө төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) товардын категориясы ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык аныкталат;
2) товарлардын бул категориясы боюнча бир кг товардан орточо өндүрүп алуунун көрсөткүчү аныкталат;
3) товардын нетто салмагы аныкталат;
4) өндүрүп алуунун орточо көрсөткүчүн эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
БТжС = БТжС х салмак х ТК, мында:
БТжС - бажы төлөмдөрүнүн жана салыктардын суммасы;
Эсептөө БТжС - бир өңчөй жана окшош товарлардын базасы боюнча бажы төлөмдөрүн жана салыктарды өндүрүү боюнча болгон көрсөткүчтөргө негизделген бажы төлөмдөрүнүн жана салыктын суммасы;
салмак - декларациялоого берилген товардын факты жүзүндөгү нетто салмагы;
ТК - товардын ар түрдүүлүгүнө түзөтүү коэффициенти.
ТК төмөнкүчө эсептелет:
ТК = орточо маани (товарлардын категориясындагы максималдуу БТжС: товарлардын категориясындагы минималдуу БТжС) мында:
"товарлардын категориясындагы максималдуу БТжС" "1" үчүн алынат, "товарлардын категориясындагы минималдуу БТжС" - "товарлардын категориясындагы максималдуу БТжС" карата "товарлардын категориясына минималдуу БТжС" мамилеси катары 100 көбөйтүлгөн.
Түзөтүү коэффициенти товардын категориясына жана анын мезгилдүүлүгүнө жараша квартал сайын актуалдашат, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Товарлардын, транспорт каражаттарынын, жана импорттоочу өлкөлөрдүн түрүнө жараша ушул Эрежелерге ылайык тобокелдик индикаторлорун жана профилдерин түзүү жана аларды бажы органдарына жеткирүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Талдоонун жыйынтыгы
8. Маалыматтарды тандап алуунун жана иштеп чыгуунун жыйынтыгында өзүнө тобокелдиктин индикаторлорунун комбинациясын жана тобокелдиктин алдын алуу жана (же) минималдаштыруу боюнча чараларды камтыган тобокелдиктин профили түзүлөт.
9. Тобокелдиктин индикаторлору:
1) багыт;
2) бажы жол-жобосу;
3) алуучу;
4) финансылык жөнгө салуу үчүн жооптуу адам;
5) транспорт каражатынын түрү;
6) ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча товарлардын коду;
7) жөнөткөн өлкөнүн коду;
8) чыгарылган өлкөнүн коду;
9) БТжС бир транспорт каражатынан/бир кг.
5. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык декларациялоодо бажылык контроль
10. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык декларациялоодо бажылык контролдоо жүргүзүү максатында бажы органынын кызмат адамдары төмөнкү иш-аракеттерди аткарышат:
1) тобокелдиктин профилдеринде жана тобокелдиктин индикаторлорунда камтылган маалыматтар менен бажылык тазалоого берилген бажы декларациясында жана башка документтерде билдирилген маалыматтарга тобокелдиктин иштелген профили бар экендигине салыштырып текшерүү жүргүзүшөт;
2) тобокелдиктин иштелген профили болгон учурда тобокелдиктин профилдеринде жана тобокелдиктин индикаторлорунда камтылган тобокелдиктин алдын алуу жана (же) минималдаштыруу боюнча чаралар көрүлөт.
Потенциалдуу тобокелдик болгон учурда бажы органдарынын кызмат адамдары бажы органынын начальнигинин же анан милдетин аткаруучунун жазуу жүзүндөгү уруксаты менен тобокелдиктин профилдеринде жана тобокелдиктин индикаторлорунда аталган тобокелдиктердин алдын алуу жана (же) аларды минималдаштыруу боюнча чараларды көрөт.
Тобокелдиктин профилдеринде жана тобокелдиктин индикаторлорунда камтылган маалыматтар менен бажылык декларацияга берилген бажы декларациясында жана башка документтерде билдирилген маалыматтарга тобокелдик профилинде жана тобокелдик индикаторунда иштелген тобокелдик профили бар экендигине салыштырып текшерүү жүргүзүүдөн кийин бажы декларациясына өзгөртүү киргизген учурда иштелген тобокелдик профилинин бар экендигине кайрадан текшерүү жүргүзүлөт.
Жүргүзүлгөн бажы контролунун формасынын жыйынтыгы боюнча тобокелдиктин алдын алуу жана (же) минималдаштыруу боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы жөнүндө отчёт толтурулат.
11. Бажылык контролдоодо тобокелдикти башкаруу жана баалоо маалымат системасын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
6. Бажы органдарында эсепке алуу жана мониторинг тартиби
12. Мониторинг жана эсепке алуу бажылык контролдоодо тобокелдиктин алдын алуу жана (же) минималдаштыруу боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы жөнүндө отчётторду талдоону караштырат.
Тобокелдик профилдеринин жана тобокелдик индикаторлорунун иш-аракетин андан ары ишке ашыруунун максаттуулугун аныктоо, майнаптуулугун болжолдоо жана санын кыскартуу максатында бажы органдары аларды колдонуунун жыйынтыктарына талдоо жүргүзөт.
Болгон тобокелдик индикаторлорун жана тобокелдик профилин андан ары колдонуунун майнаптуулугун талдоонун жана болжолдоонун жыйынтыктары, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тобокелдиктин алдын алуу жана (же) минималдаштыруу боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыктарын талдоо боюнча колдонуудагы тобокелдик индикаторлорун жана тобокелдик профилин актуалдаштыруу жөнүндө чечим кабыл алат.