Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июлу № 540
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 «Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 632 токтомуна редакциясына ылайык)
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана карап чыгуу тартибин, ошондой эле аны ыйгаруу боюнча комиссиянын курамын аныктоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
(КР 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 632 токтомуна редакциясына ылайык экинчи абзац күчүн жоготту)
- 2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2001-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигине" деген сөздөр жана цифралар "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги чыгымдардын жыйынды сметасынын долбоорунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "республикалык бюджеттен" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктундагы "билим берүү жана маданият бөлүмүнө" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
(КР 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 632 токтомуна редакциясына ылайык экинчи пункту күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтому менен бекитилген |
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана карап чыгуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын негизги максаты республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчилдик маанайында жаштарды тарбиялоочу чыгармаларды түзүүгө жана демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратууга, салттуу, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарды гуманизм жана рухий-дене бой жактан тарбиялоо принцибин бекемдөөгө тартуу болуп эсептелет.
Сыйлыкты изденип алууга көрсөтүлгөн чыгармалар, иштер менен материалдар көркөм чеберчилик деңгээли боюнча маанилүү болууга, уландар менен кыздардын бай рухий дүйнөсүн ачып берүүгө жана аларды Кыргызстандын элине жан-дили менен кызмат кылууга чакырууга тийиш.
Сыйлыктар төмөнкүлөр үчүн ыйгарылат:
- адабият жаатындагы мыкты чыгармалар үчүн;
- журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгармалар үчүн;
- музыкалык өнөрдүн мыкты чыгармалары жана аткаруучулук чеберчилик үчүн;
- көркөм искусствонун мыкты чыгармалары (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство) үчүн;
- шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоорлор үчүн;
- театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармалары үчүн:
- кино жаатындагы мыкты жетишкендиктер (сценалык, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер) үчүн;
- илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иштер үчүн;
- экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн;
- спорт жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн;
- жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн (лидерлик позицияларды ээлеген жаш жарандарга).
2. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы 11 жеңүүчүгө ыйгарылат.
Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттар лауреаттын дипломун, атайын байге жана 40 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык алышат.
Лауреаттардын аттары жаштар саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ардак китебине жазылат.
Сыйлыктар эки жылда бир ирет ыйгарылат. Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбоосу керек.
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы салттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Жаштар күнүндө - 10-ноябрда, комиссия жыйынтык чыгаргандан жана лауреаттарды аныктагандан кийин тапшырылат. Комиссия жашыруун добуш берүү аркылуу "Алтын диплом" жана атайын байге тапшыруу менен "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты" деген кызыктыруучу байгени тапшыруу үчүн тандоодон өтпөй калган катышуучулардын ичинен ар бир номинация боюнча дипломантты аныктайт.
2. Иштерди көрсөтүү жана кабыл алуу тартиби
3. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
4. Мурда мамлекеттик сыйлык алган чыгармалар менен иштер Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын алууга кайта көрсөтүлбөйт, бирок талапкердин көрсөтүлүп жаткан мезгил үчүн бир нече иши сунушталган учурда алардын катарында эске алынат.
5. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды көрсөтүү жаштар саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү, шаардык, райондук башкармалыктары/бөлүмдөрү, маданият, билим берүү жана илим мекемелери, чыгармачыл союздар, өкмөттүк эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары органдары, радио жана теле берүү редакциялары, ошондой эле демилгечи топтор тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечим ушул Жобонун 1-пунктунда аталган номинациялар боюнча иш жүргүзгөн, талапкердин өнөктөштөрүнөн жана кызматташтарынан турган эмгек жамааттарынын жана демилгечи топтордун кеңейтилген жыйындарында, чогулуштарында кабыл алынууга тийиш.
6. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга сунушталган чыгармалар, иштер жана материалдар комиссияда кароо үчүн жаштар саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан календардык жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат. Эгерде алар аталган эки жылдык мөөнөттөн кийин келип түшсө, талапкерлердин кийинки мезгил үчүн Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга берилген чыгармаларын, иштери менен материалдарын талкуулоодо эске алынат.
7. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу жаштар саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин каражатынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
3. Талапкерлердин чыгармаларын, иштерин жана материалдарын Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга берүү тартиби
8. Комиссия тарабынан номинациялар боюнча конкурстук иштерди берүүнүн төмөнкүдөй тартиби белгиленет:
- адабияттын жарыяланган чыгармалары - басмаканалык тамга менен басылган төрт нускадан кем эмес санда;
- журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы иштерди көрсөтүүдө -телепрограмманын аннотациясы, тартуунун жумушчу учурларынан фото жана видеодиск;
- музыка искусствосунун чыгармалары - клавирдин, партитуранын басылган түрү (бирден нуска) жана электрондук алып жүрүүчүдөгү жазуулар. Андан тышкары программалык музыкалык чыгарма үчүн анын программалары берилиши мүмкүн. Вокалдык чыгармалар үчүн - текст, опералык жана балет чыгармалары үчүн - либретто (бир нускада), афиша жана программа. Аткаруучулук иштер боюнча аудио же видеоматериалдар берилет;
- көркөм искусство чыгармалары - түп нускада, иштердин түп нускасы жок болсо үч нускада фотографиялары берилет. Живопись чыгармалары (айрыкча көп фигуралуу композициялар) боюнча картиналардын фотографиялары менен роспистерден сырткары алардын фрагменттеринин фотографиялары берилет; скульптура чыгармалары боюнча - 5 ар кыл ракурста тартылган фотографиялар. Фотографиялардын саны, өлчөмү жана сапаты чыгармалар жөнүндө жетишерлик толук түшүнүктү камсыздоого тийиш. Монументтик скульптура жана живопись жанрындагы иштерди көрсөткөндө мүмкүн болушунча фото жана видеоматериалдарды берүү керек;
- шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - долбоордон жана объекттен иш тууралуу толук түшүнүк берүүчү фотографияларды, ошондой эле мүмкүн болсо видеоматериалдарды берүү керек;
- театр, цирк искусствосу жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - жарыяланган программа, спектаклдин афишасы, спектакль жөнүндө жетишерлик түшүнүктү камсыз кылуучу спектакль жана аткаруучулар тууралуу фотографиялар;
- кино жана актёрдук иштер жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - аннотация, кинонун башкы титрлеринин тексти, тартуунун жумушчу учурларынан фото жана видеодиск;
- илим жана жаңы технологиялар жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - жарыяланган эмгектер жана окуу китептери, ойлоп табуулардын, конструкциялардын фотоматериалдары жана алардын техникалык документтери, адистердин рецензиялары менен сунуштары, ошондой эле автордук күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, мекемелер менен ишканалардын өндүрүшкө киргизүү тууралуу пикирлери;
- экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы жетишкендиктер менен байланышкан иштерди жана материалдарды көрсөтүүдө - экономикалык жетишкендиктер, бизнес иштери жана меценаттык жөнүндө маалыматтар, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр, меценаттык иштин натыйжаларын далилдөөчү документтер;
- спорт жаатындагы жетишкендиктери үчүн конкурсанттарды көрсөтүүдө - спорттук жетишкендиктери жөнүндө маалыматтар, дипломдорунун көчүрмөлөрү, алган сыйлыктарынын күбөлүктөрү, конкурсанттын ишинин натыйжалары жөнүндө пикирлер;
- лидерлик позицияларды ээлеген жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон конкурсанттарды көрсөтүүдө - конкурсанттардын иш-аракеттеринин натыйжалары жөнүндө пикирлер, маалыматтык, аналитикалык, илимий материалдар, иштеп чыгарылган жана ишке киргизилген долбоорлор, программалар, өткөрүлгөн иш-чаралар (акциялар, форумдар, семинарлар ж.б.у.с.).
9. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармалар, иштер менен материалдар көрсөткөн уюмдун (демилгечи топтун) сунуш каты менен кошо берилет.
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга катка уюмдун (демилгечи топтун) жетекчиси кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрөт (бар болсо). Бир уюмдан (демилгечи топтон) бир нече талапкер көрсөтүлгөндө ар бир талапкерге өзүнчө кат жазылат.
Жамааттык талапкерлерди көрсөтүүдө кат менен кошо ар бир талапкердин көрсөтүлүүчү ишти жаратууга катышканы жөнүндө маалымат берилет.
Көрсөтүү жөнүндөгү сунуш кат менен бирге сөзсүз түрдө төмөнкү документтер берилиши керек:
- чыгармачыл союздун башкармасынын ж.б. чогулушунун, жыйынынын протоколу;
- кыскача өмүр баян (4x6 өлчөмүндөгү 2 фотосүрөт);
- ар бир талапкерге чыгармачылык мүнөздөмө;
- сыйлыктары жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;
- иштин кыска (эки беттен ашпаган) аннотациясы.
Эскертүү:
Көркөм өнөр жана театрдык-декорациялык искусствонун чыгармаларынын түп нускалары каралгандан кийин комиссия тарабынан кайтарылып берилет.
Спектаклдин же кинофильмдин сүрөтчүсүнүн ишин көрсөтүүдө, саналган материалдардан тышкары декорациялар менен костюмдардын фото жана видеоматериалдары сөзсүз берилет.
4. Иштерди кароонун тартиби
10. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга берилген иштер аны ыйгаруу боюнча комиссия тарабынан каралат.
Комиссия ар бир номинация боюнча эксперттерди тартуу менен комиссия мүчөлөрү жетектөөчү чакан комиссияларды коллегиялуу түрдө түзүүгө укуктуу.
11. Комиссия берилген иштерди чакан комиссиялардын (эксперттик топтордун) корутундуларынын негизинде ар тараптан изилдеп жана талкуулайт жана иштерди кабыл алуу аяктаган учурдан тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирбестен лауреаттарга сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат.
12. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга иши көрсөтүлгөн комиссия мүчөсү өз иши каралып жаткан учурда жыйынга катышпайт.
13. Комиссия көрсөтүлгөн номинациялардын чегинде талапкерлердин курамын жана санын өз алдынча аныктоого укуктуу.
14. Комиссиянын жыйынтыктоочу жыйыны жабык өткөрүлөт, акыркы чечим жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алынат жана протоколдоштурулат. Комиссиянын акыркы чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
Расмий жарыялоого чейин комиссиянын бардык мүчөлөрүнө кабыл алынган чечимдер жөнүндөгү маалыматтарды же көрсөтүлгөн талапкерлерди талкуулоо процессин ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
15. Комиссиянын ишинин жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө комиссиянын чечимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткенден кийин жүргүзүлөт.".