Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-августу № 555
Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары боюнча ветеринардык зоналаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагынын ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыздоо, жаныбарлар жана жаныбарлар продуктуларынын тоскоолдуксуз эл аралык соодасы үчүн шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары боюнча ветеринардык зоналаштыруу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык-экономикалык негиздөөсү менен ветеринардык-санитардык зоналарды түзүү жана алардын иштөөсү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2016-жылдагы республикалык бюджеттин долбоорунда Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык-санитардык зоналарды түзүү жана алардын иштөөсү боюнча иш-чаралардын планын ишке ашырууга байланыштуу чыгымдарды каржылоону караштырсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |