Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 555 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары боюнча ветеринардык зоналаштыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары боюнча зоналаштыруунун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Бажы бирлигиндеги ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу жөнүндө" Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 чечимине ылайык, Жаныбарлардын ден соолугун сактоонун дүйнөлүк уюмунун (мындан ары - МЭБ) сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан жана республиканын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары боюнча зоналаштыруунун тартибин белгилейт.
2. Республиканын аймагын жугуштуу ылаңдар боюнча зоналаштыруу кандайдыр бир жугуштуу ылаң боюнча ветеринардык-санитардык статуска ээ болгон жаныбарлардын ушул региондо орун алган субпопуляциясын жана мындай ылаңдарды жуктуруучу жана алып жүрүүчүлөрдүн болушу мүмкүн болгон продукциялардын коопсуздук даражасын аныктоо максатында жүргүзүлөт, аны даярдоонун жүрүшүндө аларда козгоочулардын жоктугун кепилдеген жол-жободон өткөн продукцияларга жүргүзүлбөйт.
3. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аймагынын ветеринардык-санитардык бакубаттык статусун белгилейт, Кыргыз Республикасынын аймагын зоналаштыруу боюнча эпизоотиялык картасын түзөт жана анын негизинде эпизоотияга каршы иш-чаралардын планына өзгөртүүлөрдү киргизет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагын эпизоотиялык зоналаштырууга ылайык ветеринардык жактан таза эмес аймактарда:
- эпизоотияга каршы иш-чаралардын планына ылайык кошумча эпизоотияга каршы иш-чаралардын жүргүзүлүшү;
- жаныбарларды багып өстүрүү, кармоо, көчүрүү, ташуу, жүгүртүү жана союу, мал чарбачылыгынын биологиялык калдыктарын жана калдыктарды жана башка контролдогу товарларды өндүрүү, кайра иштетүү, ташуу, сактоо жана сатуу боюнча иштердин ушул эрежелерге ылайык жүргүзүлүшү;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык айрым чектөөчү иш-чаралар киргизилиши мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын аймагын зоналаштырууну жүргүзүүдө Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган МЭБдин Жер үстүндөгү жаныбарлардын ден соолугунун кодексинин ченемдерин жетекчиликке алат.
Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аймактык зонанын ветеринардык-санитардык статусун улуттук мыйзамдардын ветеринардык-санитардык талаптарын эске алуу менен белгилейт.
6. Жаныбарлардын кандайдыр бир жугуштуу ылаңы боюнча аймактын ветеринардык-санитардык статусу табигый шарттарды (атап айтканда ылаңды козгоочу же аны алып жүрүүчү жок болгон климаттык зона) жана жасалма шарттарды (атап айтканда мындай субпопуляциянын ылаңды козгоосунун циркуляциясы жок болгон шарттарды талаптагыдай камсыздоо) эске алуу менен ыйгарылат.
7. Жаныбарлардын конкреттүү жугуштуу ылаңы боюнча аймактык зонанын ветеринардык-санитардык статусу диагностиканын маалыматтарынын анализин, мониторингдин натыйжаларын, алдын алуу методдорун, идентификациялоо методдорун жана жаныбарларга байкоо жүргүзүүнү жана аларды колдонууну камтыйт.
8. Эпизоотиялык жактан бакубаттуу аймактык зона анын чектеринде ылаңдын (аны козгоочунун) таралышына жол бербөөгө багытталган тиешелүү эпизоотияга каршы иш-чаралар жүргүзүлгөн зонаны анын чек арасында бардык товарларды жана транспортту контролдоону ишке ашыруу менен зонаны камтышы мүмкүн.
9. Эпизоотиялык жактан бакубаттуу аймактык зона аны башка ветеринардык-санитардык статуска ээ болгон аймактардан бөлгөн коргоо зонасына ээ болот.
Аймактык зонанын ветеринардык-санитардык статусу төмөнкүдөй түрдө аныкталышы мүмкүн:
- козгоочунун болушу боюнча: бакубаттуу аймактык зона, бакубаттуу эмес аймактык зона, статусу белгиленбеген аймактык зона;
- вакцинация жүргүзүлбөгөн аймактык зона, вакцинация жүргүзүлгөн аймактык зона;
- ылаңды (аны козгоочуну) алып кирүү коркунучунун деңгээли боюнча: - коркунучу жогорку аймактык зона, коркунучу аныкталбаган аймактык зона, коркунучу төмөн аймактык зона жана коркунучу аз эске алынган аймактык зона.
2. Негизги терминдер жана аныктамалар
10. Ушул Эрежелердин максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
ылаңды тез кабыл алуучу жаныбарлар - организминде жугуштуу ылаңды козгоочу репродукцияланышы (көбөйүшү) мүмкүн болгон биологиялык түрлөргө кирген жаныбарлар. Мындай жаныбарлар ылаңдын жугушунун натыйжасында мындай ылаңдын ар кандай оордук даражасын көрсөтүшү же ылаңдын клиникалык белгилерине ээ болбой ылаңды козгоочуну жашыруун алып жүрүүчү болушу мүмкүн;
коргоо зонасы - жаныбарлардын ден соолугун жана бакубаттуу аймакты коргоо үчүн жана бул аймакта өндүрүлгөн жаныбарлардан алынган продукциянын жана/же андагы болгон жаныбарлардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн белгиленген зона. Коргоо зонасы бакубаттуу аймактан (зонадан) ылаңды козгоочунун кирүүсүнүн коркунучунун даражасы, вакцинациянын болушу, бакубаттуу зонада жүргүзүлгөн атайын мониторингдик программалардын болушу боюнча айырмаланышы мүмкүн;
өзгөчө зона - бакубаттуу аймактын ичинде же ветеринардык-санитардык статусу белгиленбеген аймакта эпизоотиялык очокту жана (же) жугуштуу объектти камтыган ветеринардык-санитардык статусу белгиленбеген аймактагы ички аймак;
компартментализация - өндүрүштүн практикаларынын критерийлерин аныктоо жана ветеринардык-санитардык өзгөчө статусу менен мүнөздөлгөн субпуляциялардын биологиялык коопсуздук принцибин эске алуу менен алдын алуу максатында же эл аралык соода үчүн жүргүзүлгөн жол-жоболор;
инфицирленген объект - жугуштуу ылаң менен ылаңдаган жаныбарлардын өлүктөрү, жугуштуу жаныбарлардын биологиялык башка калдыктары, жаныбарлардан алынган жугуштуу продукциялар, тышкы чөйрөдө ылаңды козгоочусу бар же курулуш, чарба, өндүрүш объекти, транспорт каражаты жана башка объект;
аймакты зоналаштыруу - кандайдыр бир жугуштуу ылаң боюнча ветеринардык-санитардык статусу менен айырмаланган жаныбарлардын субпопуляциясы орун алган республиканын аймагын аныктоо, ошондой эле жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары боюнча Кыргыз Республикасынын (облустун, райондун, айыл аймагынын айрым аймактык зоналарынын бакубаттуулугу же бакубаттуу эместиги аныкталат;
субпопуляция - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында же белгилүү бир аймактын белгилүү бир компартментинде болгон же байырлаган жаныбарлардын белгилүү бир түрүнүн популяциясынын белгиленген бөлүгү;
эпизоотия очогу - инфекцияны козгоочунун булагы (ылаңдаган жаныбарлар, ылаңдап айыккан же таза микроб алып жүрүүчүлөр) жана ылаңды козгоочунун жугуштуу факторлору (жугуштуу ылаңдарды козгоочуларды жуктурууда мааниге ээ болгон тышкы чөйрөнүн элементтери) орун алган жайлар жана аймак;
эмердженттик ылаң - ылаңдын мурда белгилүү болбогон козгоочусу пайда кылган же козгоочунун мурда белгилүү болгон жаңы түрлөрү (штамдары, типтери ж.б.) пайда кылган ылаңдын кайрадан пайда болушу, жаңы түрлөр андан патогендиги же иммунобиологиялык касиеттери менен айырмаланат.
3. Аймакты зоналаштыруу жана чек араларды аныктоо
11. Аймактык зонанын чек аралары табигый (дарыялар, тоолор, токой массивдери ж.б.) жана жасалма (автожолдор, каналдар, тосмолор ж.б.) объекттер. тоскоолдуктар жана администрациялык бирдиктер болушу мүмкүн.
12. Бакубаттуу же бакубаттуу эмес зоналардын аймактык чек аралары Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
13. Ветеринардык-санитардык статусу белгиленбеген аймактык зонанын чек аралары Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
14. Кандайдыр бир жугуштуу ылаң боюнча. "бакубаттуу аймактык зона" же "бакубаттуу эмес аймактык зона" катары аныкталган ветеринардык-санитардык статусту белгилөөнү Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын аймактык зоналары:
а) эгерде алардын аймактарында тиешелүү жугуштуу ылаңдын чыгышы катталса же аны козгоочунун циркуляцияланышынын далилдери болсо бакубаттуу эмес аймактык зоналар катары аныкталат;
б) аймактык зоналар төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- ветеринардык-санитардык статусу белгиленбегендерге;
- вакцинациясы менен (эгерде мындай аймактык зонада жаныбарлардын ылаңдарына каршы вакцинация жүргүзүлсө) эгерде аймактык зоналарда тиешелүү жугуштуу ылаңдын чыгышы катталса жана аны козгоочунун циркуляциясынын далилдери аныкталбаса ветеринардык-санитардык статусу белгиленбегендерге;
- вакцинация жүргүзүлбөгөн (эгерде бул аймактык зоналарда жаныбарлардын ылаңдарына каршы вакцинация жүргүзүлбөсө) эгерде аймактык зоналарга тиешелүү жугуштуу ылаңдын чыгышы катталбаса жана аны козгоочунун циркуляциясынын далилдери аныкталбаса, ветеринардык-санитардык статусу белгиленбегендерге киргизилет.
15. Бакубаттуу аймактык зонанын чек араларын белгилөө жаныбарлардын ылаңын диагностикалоонун, мониторингдин натыйжаларын, алдын алуу методдорун жана жаныбарларды идентификациялоонун жана аларга байкоо жүргүзүүнүн жана аларды колдонуунун маалыматтарын анализдөөнүн негизинде жүргүзүлөт. Материалдарды кароодо Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ээлеген башка материалдарда эске алынат.
Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгилүү бир ветеринардык-санитардык статусту аныктоо боюнча материалдарды кароосу материалдарды кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.
16. Бакубаттуу аймактык зонанын чек араларын белгилөө боюнча материалдарды кароонун натыйжасы төмөнкүлөр болуп саналат:
- аймактык зонаны берилген чек араларда белгилөө;
- бакубаттуу аймактык зонанын чек араларын белгилөөдөн баш тартуу;
- "бакубаттуу аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусун белгилөөдөн баш тартуу.
17. Материалдарды кароодон баш тартуу үчүн берилген документтердеги ишенимсиз жана бурмаланган маалыматтардын болушу негиз болуп берет.
4. Аймактык зонанын ветеринардык-санитардык статусун белгилөө жана өзгөртүү
18. Аймактык зонанын бакубаттуулугунун даражасы боюнча ветеринардык-санитардык статусту белгилөө конкреттүү жугуштуу ылаң боюнча жүргүзүлөт.
Жаныбарлардын конкреттүү жугуштуу ылаңы боюнча "Бакубаттуу аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу төмөнкү учурларда белгиленет:
а) бул аймактык зонада мындай жугуштуу ылаң, аны козгоочунун циркуляциясы учурлары болбосо, табигый-климаттык өзгөчөлүктөрдөн улам мындай ылаңды козгоочунун таралышынын мүмкүнчүлүгү жок болсо, алып жүрүүчүлөр же башка табигый себептер жок болсо, ошондой эле аймактык зонада ылаңга жакын үй жана жапайы жаныбарлардын (эгер болсо) продукцияларын мониторингдөө программасы жүргүзүлсө;
б) же аймактык зона төмөнкү критерийлерге ылайык келсе:
- бул аймактык зонада жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары жана патогендүүлүккө, тышкы чөйрөгө ылайык белгиленген аны козгоочунун циркуляциясы табылбаган учурларда;
- аймактык зонада ылаңга жакын үй (эгер болсо) жана жапайы жаныбарлар (эгер болсо) болсо алардын арасында ылаңды козгоочунун циркуляциясынын мониторингинин программасы жүргүзүлсө;
- аймактык зонада анда кармалган ылаңга жакын үй жана жапайы жаныбарлардын (эгер болсо) продукцияларын мындай ылаңды козгоочунун геномун, анын антигендерин табуунун, аймакта анын болушунун башка далилдеринин продукцияларынын (анын ичинде чийки заттын жана даяр продуктулардын) мониторингинин программасы жүргүзүлсө;
- аймактык зонада ылаңга жакын жаныбарларды тайпалык же болбосо жекече (жаныбарлардын түрлөрүнө жана аларды кармоонун типтерине жараша) идентификациялоо жүргүзүү камсыз кылынса;
- аймактык зонада биологиялык коопсуздукту камсыздоо программасы ишке ашырылса, анын ичинде аймактык зонага башка ветеринардык-санитардык статуста келген транспорт каражаттарын тазалоо жана дезинфекциялоо боюнча чаралар системасы, ылаңга жакын жаныбарларды жана мындай ылаңды козгоочуну алып кирүү коркунучун жаратышы мүмкүн болгон башка контролго алынуучу товарларды (продукцияларды) алып келүү коопсуздугунун кошумча жол-жоболору камсыз кылынса;
- аймактык зонада мындай ылаң боюнча калк, ылаңга жакын жаныбарлардын ээлери, юридикалык жактар жана макулдашуулар түзүлгөн жекече ишкерлер, ошондой эле ылаңга жакын жаныбарлардан продукцияларды өндүрүүчүлөр менен түшүндүрүү (окутуу) иштеринин программалары ишке ашырылса.
Конкреттүү жугуштуу ылаң боюнча "Бакубаттуу эмес аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу төмөнкү критерийлердин бирине ылайык келген учурда конкреттүү аймактык зонага ыйгарылат:
- аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңынын таралышы белгиленгенде;
- аймагында жаныбарлардын мындай ылаңын козгоочунун циркуляциясы белгиленгенде;
- аймакта кармалган ылаңга жакын үй жана жапайы жаныбарлардан алынган продукцияларды мониторингдөөдө ылаңды козгоочунун генетикалык материалынын же анын антигендерин же антителдеринин (бул же башка аймактык зонада) болушу аныкталса.
Конкреттүү жугуштуу ылаң боюнча "Ветеринардык-санитардык статусу белгиленбеген аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу эгерде зоналаштыруунун жүрүшүндө ал бакубаттуу же бакубаттуу эмес аймактык зоналарга киргизилбесе конкреттүү аймактык зона ыйгарылат.
19. Бакубаттуулук даражасы жана конкреттүү жугуштуу ылаңга каршы вакцинациянын болушу же жоктугу боюнча аймактык зонага ветеринардык-санитардык статус ыйгарылат:
конкреттүү жугуштуу ылаң боюнча "Вакцинациясыз бакубаттуу аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу төмөнкү критерийге ылайык келген аймактык зонага ыйгарылат:
аймактык зона бакубаттуу аймактык зонага киргизилсе жана анда үй жана/же жапайы жаныбарларга (эгер болсо) бул жугуштуу ылаңга каршы вакцинациялоо пайдаланылбаса.
Конкреттүү жугуштуу ылаң боюнча "Вакцинацияланган бакубаттуу аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу төмөнкү критерийге ылайык келген аймактык зонага ыйгарылат:
аймактык зона бакубаттуу аймактык зонага киргизилсе жана анда үй жана/же жапайы жаныбарларга (эгер болсо) бул жугуштуу ылаңга каршы вакцинациялоо пайдаланылса.
Конкреттүү жугуштуу ылаң боюнча "Вакцинациясыз бакубаттуу эмес аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу төмөнкү критерийге ылайык келген аймактык зонага ыйгарылат:
аймактык зона бакубаттуу эмес аймактык зонага киргизилсе жана анда үй жана/же жапайы жаныбарларга (эгер болсо) бул жугуштуу ылаңга каршы вакцинациялоо пайдаланылбаса.
Конкреттүү жугуштуу ылаң боюнча "Вакцинациялоо менен бакубаттуу эмес аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу төмөнкү критерийге ылайык келген аймактык зонага ыйгарылат:
аймактык зона бакубаттуу эмес аймактык зонага киргизилсе жана анда үй жана/же жапайы жаныбарларга (эгер болсо) бул жугуштуу ылаңга каршы вакцинациялоо пайдаланылса.
Конкреттүү жугуштуу ылаң боюнча "Вакцинациясыз ветеринардык-санитардык статусу аныкталбаган аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу төмөнкү критерийге ылайык келген аймактык зонага ыйгарылат:
аймактык зона ветеринардык-санитардык статусу белгиленбеген аймактык зонага киргизилсе жана анда үй жана/же жапайы жаныбарларга (эгер болсо) бул жугуштуу ылаңга каршы вакцинациялоо пайдаланылбаса.
Конкреттүү жугуштуу ылаң боюнча "Вакцинациялоо менен ветеринардык-санитардык статусу аныкталбаган аймактык зона" төмөнкү критерийге ылайык келген аймактык зонага ыйгарылат:
аймактык зона ветеринардык-санитардык статусу белгиленбеген аймактык зонага киргизилсе жана анда үй жана/же жапайы жаныбарларга (эгер болсо) бул жугуштуу ылаңга каршы вакцинациялоо пайдаланылса.
20. Коркунуч деңгээли боюнча ветеринардык-санитардык статусту белгилөө региондордун конкреттүү жугуштуу ылаң боюнча бакубаттуулугуна карата жүргүзүлөт:
"Вакцинациясыз коркунучу жогорку бакубаттуу аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу төмөнкү критерийлерге ылайык келген аймактык зонага ылайыкталат:
- аймактык зона бул ылаң боюнча бакубаттуу;
- бакубаттуу эмес аймактык зона менен коңшулаштык;
- бул аймактык зонанын чек араларында биологиялык коопсуздукту камсыздоо чаралары жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңына каршы үй жана жапайы жаныбарларды вакцинациялоо пайдаланылбайт.
"Вакцинациялоо менен коркунучу жогорку бакубаттуу аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу төмөнкү үч критерийге ылайык келген аймактык зонага ылайыкталат:
- аймактык зона бул ылаң боюнча бакубаттуу;
- бакубаттуу эмес аймактык зона менен коңшулаштык;
- бул аймактык зонанын чек араларында биологиялык коопсуздукту камсыздоо чаралары жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңына каршы үй жаныбарларын вакцинациялоо пайдаланылат.
"Вакцинациялоо менен коркунучу төмөн бакубаттуу аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу төмөнкүдөй учурда аймактык зонага ыйгарылат:
- эгерде аймактык зона жаныбарлардын ылаңы боюнча бакубаттуу болсо жана мындай жугуштуу ылаңга каршы үй жаныбарларын вакцинациялоо пайдаланылса жана ал бакубаттуу эмес аймактык зона менен коңшулаш болбосо;
- эгерде аймактык зона бакубаттуу эмес аймактык зона менен коңшулаш болсо, бирок ылаңга жакын жаныбарларды жана контролго алынган товарларды (продукцияларды) бакубаттуу аймактык зонага алып келүүдө ылаңды козгоочуну алып келүү коркунучу менен байланышкан иш-чаралардын комплекси жүргүзүлсө жана анда мындай жугуштуу ылаңга каршы үй жаныбарларын вакцинациялоо пайдаланылса.
"Вакцинациясыз коркунучу төмөн бакубаттуу аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу төмөнкүдөй учурда аймактык зонага ыйгарылат:
- эгерде аймактык зона бул ылаң боюнча бакубаттуу болсо, анда жугуштуу ылаңга каршы үй жаныбарларын вакцинациялоо пайдаланылбаса жана ал бакубаттуу эмес аймактык зона менен коңшулаш болбосо;
- эгерде аймактык зона бакубаттуу эмес аймактык зона менен коңшулаш болсо, бирок ылаңга жакын жаныбарларды жана контролго алынган товарларды (продукцияларды) бакубаттуу аймактык зонага алып келүүдө ылаңды козгоочуну алып келүү коркунучу менен байланышкан, зарыл болгон комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлсө.
"Аялуу коркунучу аз бакубаттуу аймактык зона" ветеринардык-санитардык статусу төмөнкү критерийлерге ылайык келген аймактык зонага ыйгарылат:
- жаныбарлардын ылаңы боюнча бакубаттуу аймактык зона;
- бакубаттуу эмес аймактык зоналар менен коңшулаштык;
- бакубаттуу аймактык зонага ылаңга жакын жаныбарларды жана контролго алынган товарларды (продукцияларды) алып келүүнү ишке ашыруу процессинде ылаңды козгоочуну алып кирүү коркунучу менен байланышкан жана анда жаныбарлардын ылаңына каршы вакцинациялоо жүргүзүлбөйт.
"Вакцинациясы аныкталбаган коркунучтуу бакубаттуу аймактык зона ветеринардык-санитардык статусу төмөнкү үч критерийге ылайык келген аймактык зонага ыйгарылат:
- мындай ылаң боюнча бакубаттуу аймактык зона;
- анда мындай ылаңга каршы вакцинация жүргүзүлөт;
- ал жогорку, төмөнкү жана аялуу коркунучу аз аймактык зоналарга киргизилбейт.
21. Конкреттүү аймактык зонага ветеринардык-санитардык статусун ыйгаруу анын чек араларын белгилөө менен бир эле убакта жүргүзүлөт.
22. Конкреттүү аймактык зонанын ветеринардык-санитардык статусун өзгөртүү ага мурда ыйгарылган ветеринардык-санитардык статусуна ылайык эместиги жөнүндө маалымат алынган учурда Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
5. Коргонуу зонасын жана чыгаруу зонасын белгилөөнүн критерийлери жана жол-жоболору
23. Коргонуу зонасын белгилөө эгерде мындай зона төмөнкүлөр менен чектешсе Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына;
- жаныбарларды жана жаныбарлардын продукцияларын түшүрүү же жүктөө жүргүзүлгөн биологиялык коркунучу жогору транспорттук инфраструктура объекттерине (аэропорттор, темир жол станциялары) чектелсе;
- биологиялык коркунучу жогору башка объекттерге (мисалы, бул ылаңды козгоочулар, патологиялык материалдар ж.б. менен иш жүргүзүлгөн изилдөө жана башка мекемелер).
24. Коргонуу зонасынын чек аралары республиканын бир аймагын же бир нече аймактык зоналарын камтышы мүмкүн.
25. Коргонуу зонасынын чек араларын аныктоодо ушул Эрежелердин 6-главасында каралган ыкмалар пайдаланылат.
Коргонуу зонасынын чек аралары коргонуу зонасында ишке ашырылуучу жана коргонуу зонасы чектешкен бакубаттуу зонада ишке ашырылбоочу эпизоотияга каршы иш-чаралар комплекси колдонулушу мүмкүн.
26. Бакубаттуу аймактык зонаны башка ветеринардык-санитардык статустагы аймактык зоналардан бөлгөн коргонуу зонасында эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнүн тизмесин жана режимдерин аныктоону төмөнкү учурларда Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт:
- зона Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына танапташ болсо;
- жаныбарларды жана жаныбарлардын продукцияларын түшүрүү же жүктөө жүргүзүлгөн биологиялык коркунучу жогору транспорттук инфраструктура объекттерине (аэропорттор, темир жол станциялары) чектешсе;
- зона биологиялык коркунучу жогору башка объекттерге (бул ылаңды козгоочулар менен иш жүргүзүлгөн изилдөө жана башка мекемелер) туташса;
- зона (облустун) бирден ашуун аймактык зоналардын аймагын камтыса.
Калган учурларда коргонуу зонасында эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнүн тизмесин жана режимдерин аныктоону Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүнүштөрү жүргүзөт.
27. Чыгаруу зонасын белгилөө Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча же аны менен макулдашылган чечим боюнча ишке ашырылат.
28. Чыгаруу зонасын белгилөөнүн себеби бакубаттуу аймактык зонанын ичинде же ветеринардык-санитардык статусу белгиленбеген аймактык зонада эпизоотия очогун, ошондой эле ылаң жуккан объекттин чектеринен эпизоотиялык очок тышка таралбаган ылаң жуккан объектте эпизоотиялык очокту же ылаң жуккан объектти табуу болуп саналат. Эгерде мындай таралуу орун алса ал жалпы эле аймактык зонанын ветеринардык статусунун өзгөрүшүнө алып келет.
29. Чыгаруу зонасында эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү тизмесин жана режимдерин аныктоону чыгаруу зонасын белгилеген мамлекеттик бийлик органы ишке ашырат. Ошол эле учурда Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүнүштөрү чыгаруу зонасы белгиленгенден кийин жана андагы жүргүзүлүүчү эпизоотияга каршы иш-чаралардын тизмеси аныкталгандан кийин Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт.
6. Аймактык зонанын ветеринардык-санитардык статусун кармоо чаралары
30. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын таралышынын коркунучу пайда болгон учурда жаныбарлардын мындай ылаңын жана контролго алынган товарларды (продукцияларды) алып келүүнү (алып чыгууну) чектөө же алып кирүүнүн (алып чыгуунун) шарттарын белгилөө жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн, аларды аймактык зонага алып келүү мындай облуста, райондо, айыл аймакта төмөнкүдөй которуу жана ташуулар учурунда ылаңдын козгочусун алып келүүгө кириптер кылышы мүмкүн:
- бакубаттуу эмес аймактык зонадан статусу аныкталбаган аймактык зонага алып келүүдө;
- бакубаттуу эмес аймактык зонадан бакубаттуу аймактык зонага алып келүүдө;
- ветеринардык-санитардык статусу белгиленбеген аймактык зонадан бакубаттуу аймактык зонага алып келүүдө;
- вакцинацияланган аймактык зонадан вакцинацияланбаган аймактык зонага алып келүүдө;
- коркунучу жогорку аймактык зонадан коркунучу төмөн аймактык зонага алып келүүдө;
- коркунучу жогорку аймактык зонадан коркунучу аныкталбаган аймактык зонага алып келүүдө;
- коркунучу жогорку аймактык зонадан коркунучу аз аялуу аймактык зонага алып келүүдө;
- коркунучу аныкталбаган аймактык зонадан коркунучу төмөн аймактык зонага алып келүүдө;
- коркунучу аныкталбаган аймактык зонадан коркунучу аз аялуу аймактык зонага алып келүүдө;
- коркунучу төмөн аймактык зонадан коркунучу аз аялуу аймактык зонага алып келүүдө;
- чыгаруу зонасынан алып чыгууда;
- коргонуу зонасынан алып чыгууда.
Мындай чечим кабыл алынган учурда ташылуучу жүктөрдү ветеринардык сертификатташтырууга жүргүзүүгө жол берилбейт.
31. Жаныбарларды жана мындай ылаңды козгоочуну алып жүрүүчүсү бар башка контролго алынуучу жүктөрдү (товарларды) ташууга тыюу салынат.
32. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аймактык зонанын ветеринардык-санитардык статусун кармоо боюнча чараларды ишке ашырууда жеке жана юридикалык жактардын зыян келтирүүсүн минималдаштыруу менен аймактык зоналардын жетишилген ветеринардык-санитардык статусунун биологиялык коопсуздугун камсыздоонун жана сактоонун зарылдыгына таянууга тийиш.
7. Аймакты зоналаштыруунун натыйжалары жөнүндө маалымдоо
33. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аймагын аймакты зоналаштыруунун натыйжалары жөнүндө маалымдоону "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармагынын расмий сайтына жарыялоо менен ишке ашырат.
34. Аймакты зоналаштыруунун өзгөрүшү жөнүндө маалымат берүүнү Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алардын өзгөрүшү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 12 сааттан кечиктирбестен жарыялайт.
35. Аймакты зоналаштыруунун натыйжалары жөнүндө маалымат ачык жана бардыгы үчүн жеткиликтүү болуп эсептелет жана акысыз берилет.